presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  дарамет

Алихан:
"Банянын парында олтуруп сырдашканды жактырам"
Белгилүү продюсер Канат Култаевдин ичпей, чекпей "ангелочек" атка конгон ыймандуу баласы Алихан бизде конокто.

- Алихан, жүрөктү өйүтүп кышкы сессия дагы эшик каккылап кирип келбедиби, даярдыктар кандай?
- Даярдыктар аябай жакшы деп айта албайм. Анткени чыгармачылык менен алектенип жүрүп сабактардан көп калдым. Ошол үчүн азыркы учурда калтырган лекцияларымды көчүрүп акырын даярдык көрүүдөмүн.
- Шибегени капка салып ката албагандай окуу жайларда сессия учурунда акча алгандарды да тана албайбыз. Ушул убакка чейин канча сабагыңды акча берип бүтүрдүң эле?
- Чынын айтыш керек, бүгүнкү күндө окуу жайлардын көпчүлүгүндө акча менен бүтүрүп калышкан. Бирок, мен бир да акча берген эмесмин. Азыркы учурда сабакты калтырганым болбосо орто эле окуйм. А мурда таптакыр калтырбай сабакты да абдан жакшы окугандыктан азыр анчейин кыйынчылыктар жок. Анын үстүнө мугалимдер менден сабак сурап калышса, "ал ырчы ырдап берсин" деп күлүп калышат.
- Анда ырдап берип баа алат турбайсыңбы? Чоң аудиторияларда ырдаган учурлар болду беле?
- Жок, сабак учурунда, аудиторияда ырдай элекмин. Ал эми мугалимдердин тойлоруна барып ырдаган учурларым болгон.
- Кечинде тойго барып, эртеси лекцияда уктап калган күндөрүң көп эле учураса керек?
- Ишенесизби, мен сабак окуганды ушунчалык жакшы көрөм. Анын үстүнө сабакты көп калтырып, анча баралбагандыктан лекцияларды кунт коюп угуп, жетишкенге аракет кылам. Мугалимдер "алгыла" деп берип койгон китептер бар, ошолорду окусаң аябай кызыктуу да. Аларга көз жүгүртүп отуруп эле өзүмө керектүү терминдерди таап алып, бул жери мындай болот турбйбы деп түшүнүп алууга аракет кылам.
- Балалык чагың да аябай кызыктуу өтсө керек, кыз талашып досторуң менен урушуп дегендей...
- Балалыктын өзү эле кызыктуу көрүнүш эмеспи. Ал күндөрдү эске салсам менин балалык чагым Токтогулда, анан шартка байланыштуу Россияда өттү. Кыз талашып, мушташкан учур болгон эмес десем да болот. Тескерисинче алар мени талашкан учурлар көп. 1-2-класска чейин Токтогулда окуп, ата-энем Россияга кеткенине байланыштуу мен дагы Россияда окуп калгам. Ошол жакта мени талашып кыздардын урушуп жатканын өз көзүм менен көргөм. Жогоруда айткандай ушул убакка чейин кыз талашып, урушкан эмесмин. Балким, эми ошондой жагдайга туш келип калсам кызым үчүн баарына даярмын.
- Баарына даяр боло турган жүрөгүңдү багынткан селки ким болду экен?
- Азырынча жүрөгүм бош. Бирок, жүрөктүн ээсин тапсам аябай жакшы болмок.
- Сага жага турган кыздар кандай сапаттарга ээ болушу керек? Балдар көзү менен сүйүшөт дейт го...
- Көзүбүз менен сүйөт бекенбиз ээ. Ал болуп турган көрүнүш да. Мисалы, азыр көчөдө татынакай кыз бара жатса, аны бир эле мен эмес, бардык балдар көзү менен сүйүп коюшу мүмкүн. Ар бир кыздын өзүнө жараша сүйкүмдүүлүгү, сулуулугу болот эмеспи. Ал эми мен үчүн эң негизгиси ата-энемди сыйлап, ысык чай куюп берсе жетиштүү. Менин жамандыгымды жашырып, жакшы жагымды ашырып, чарчап келсем күлүп-жайнап тосуп алса кимге эле жакпайт.
- Балалык сүйүүңдү эстей кетпейсиңби?
- Алгачкы сүйүүмө бала бакчада жолуккам. Ал экөөбүз кайда болбосун чогуу жүрүп, коңшу жашагандыктан бирге келчүбүз. Кийин мектепте окуп жүргөндө бир класста окудук. Шартка байланыштуу мен Россияга кетип калдым. Ал бул жакта кол булгалап кала берди. Россиядан келип, 7-8-9-класстарды айылдан окуп, ал экөөбүз жакшы мамиледе жүрдүк. Кайра эле экөөбүз айрылып, мен Бишкекке окууга баса бердим. Кийинчерээк жолугуп, кыз-жигит катары эмес, дос, айылдаш катары эски күндөрдү эске алып, күлүп калчубуз. Жакында эле телефон чалып, "Мени ала качып кетти"-деп ыйлактайт. Мен эмне демек элем, бактылуу болуп, барган жериңден баар таап, а мен болсо тоюңда барып ырдап берем деп тим болдум.
- Кантип эс алганды жакшы көрөсүң?
- Убакыт таап калсам эле Токтогулга карай сызып жөнөйм. Негизинен мен аябай мал жандуумун. Айылда өзүмдүн да жылкыларым бар. Ошолорду карап, чөп берип, айылдагы байкемдерге жардам бергенди аябай жакшы көрөм. Анан да ал жакта төрөт үйүндө бирге төрөлгөн азыркы убакка чейин жакшы санаалаштардан болуп жүргөн досторум бар. Токтогулга бараар замат өзүбүздүн ар дайым барчу айранды сонун даярдаган кафе бар. Ал жактан айран ичкенче, бирөөсү баняны даярдап коёт. Парда олтуруп сырдашканды жакшы көрөм. Андан чыгып уктайбыз же диск алып келип, кино көрөбүз.
- Маникюр, педикюрга да барасыңарбы?
- Ушул убакка чейин педикюр биякта турсун маникюрга да барган эмесмин. Өзүмдүн тырмактарым сонун эле.
- Жаңы жыл да кирип калбадыбы. Даярдыктар кандай? Ким менен тососуң?
- Былтыр Канат байкелер менен чогуу тосконбуз. А быйыл эмне кылышымды билбей башым катып жатат. Эжем да Токтогулга кетсе, квартирада жалгыз тоспойм го. Апамдар Россияга келип, бул жактан кыштап кет деп чакырып жатышат. Билбейм, быйыл деле Канат байкелер менен тосом го.
- Аяз атадан эмне белек сурамаксың?
- Аяз ата келип эмне белек берейин десе хит ырлардын ачкычын бериңизчи дээр элем.

Маек курган Нурзат Жусупова









??.??