presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Сахна дүйнөсү

Эң мыкты эл ырчысы-2008
15-16-декабрь күндөрү Спорт ордосунда "Обон" гезити тарабынан уюштурулган "Эң мыкты эл ырчысы" наамынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи болуп өткөнү күйөрмандардын көңүлүн көккө учурду. Сегиз ай жүргөн сынактын негизинде 167 ырчынын арасынан тандалып, элдин элегинен өткөн 13 ырчыга келген меймандардын, күйөрмандардын, көрүүчүлөрдүн, окурмандардын колдоосу менен "Эң мыкты эл ырчысы" наамын ыйгардык. Демек, бул концертке баралбай калган сүйүктүү окурмандарыбыз үчүн концерттин жүрүшү жөнүндө кыскача маалымат берели деген чечимге келдик.
Бардык иште кемчилик кездешпей койбойт эмеспи, "Обон" гезити эл үчүн кызмат кылып ишке киришкенине тогуз гана ай болсо да, шоу-бизнесте өз ордуларын тапкан өнөр адамдарына колдоо көрсөтүп, максатын орундатты. Алгачкы күнү залдын 75пайызы толуп көрүчүлөр кумир туткан ырчыларынын жаңы ырларын угуп кайтышса, концерттин экинчи күнү элдин агымы, концерттин жүрүшү эң жогорку деңгээлде өтүп, ар бир көрүүчүнүн эсинде кала турган аншлаг концерттен болду десек жаңылышпайбыз.
Концерттин өзгөчөлүгү мыкты сахна жасалгасы жана жеңүүчү ырчылардын репертуарындагы жаңы ырлары, куйкум сөздүү куудулдардын сатиралары ошондой эле алып баруучулар "Кыргызстан обондорунун" булбул үндүү ди-джейи Эдил Эркинбаев менен Назира Айтбекова концерттин көркүн чыгарып, элдин назарын өздөрүнө бурушту.
Ал эми ар бир жеңүүчү өз күйөрмандарына ыраазычылык билдирип каалоо тилектерин айтып, ошол эле учурда "Обон" гезитинин окурмандары белек-бечкек куттуктоолору менен келишип, ырчылар күйөрмандары менен сүрөткө түшүп, жайылган дастаркондон даам татып, кубанычтарын биз менен тең бөлүштү. Ошентип сахнадагы кызыктуу концерт шаңдуу музыкалар менен коштолуп мыкты маанай жаратса, сахнанын арты өзүнчө майрамдык шаңга айланып жаңы жылдын алдындагы эсте калган күндөрдөн болду.
















Гүлнур Сатылганова КЫРГЫЗ эл артисти
- Мен алгач жалпы кыргыз элимди келе жаткан жаңы жылы менен куттуктайм. Ар бир үйгө токчулук, бакыт каалайм. Ошондой эле мени ушул сыйлыкка көргөзгөн күйөрмандарыма чоң рахмат дегим келет. Анан албетте "Обон" гезитине да терең ыраазычылык. Таштаган кадамыңар байсалдуу болсун. Бул сыйлык-статуэтка мага абдан жакты.

Кенже Дүйшеева
- Негизи 2008-жыл биз үчүн жемиштүү болду. Албетте бул "Кыз бурак" тобундагы 278 кыздын эмгеги. Анан албетте күйөө балдардын да эмгеги бар деп айтаар элем. Биздин эл үчүн кылган жумушубузду баалап, ушундай сыйлыкка татыктуу деп эсептеген элиме рахмат. Бул сыйлыкты Айжамал Кабылова алып жатканы бизди кубандырат жана мындан ары да Айжамал сиздер үчүн эмгектене бермекчи деп сөз берип өтөйүн. Ошондой эле бизге стимул болуп, күйөрмандарыбызга ушундай керемет концертке күбө болгонго шарт түзгөн сиздерге рахмат. Ылайым күйөрмандар менен биздин ортобузда алтын көпүрө болуп жүрө бериңиздер.

Бактыгүл Бадыева
- Мен бул сыйлыкка ээ болом деп күткөн эмесмин. Ошондуктан мага абдан жагымдуу болуп жатат. "Эң мыкты эл ырчысы" деп эсептеген элиме рахмат. Бул сыйлыкка ээ кылган сиздерге рахмат. Бар болуңуздар.

Неля
- Абдан толкунданып жатам. Чынында мен үчүн бул сыйлык чоң сыймык болду. Ушул сыйлыкка татыктуу деп эсептеген күйөрмандарыма да, "Обон" гезитинин жамаатына да бакубат жашоо, иштерине ийгилик каалайм. Бул сыйлык менин текчемдин ардактуу жеринен орун алат деп ишендирип өтөйүн.

Темир Назаров
- Мен бул убакка чейин Бишкектик күйөрмандарыма бир аз таарынып жүрчү элем, бирок ушул мүнөттөрдөн тартып оюмду өзгөрттүм. Бул сыйлык мен үчүн чындыгында абдан сыймыктуу, кубанычтуу болуп отурат. Бардык күйөрмандарыма чын ыкластан ыраазычылык билдирүүдөн сырткары сиздерге да рахматымды айтам. "Обон" сенин гезитиң!-деген ураан менен көкөлөй беришиңиздерди каалайм.

Мирбек Иманбеков
- Алган сыйлыктарымдын арасындагы эң жагымдуусу болду дээр элем. Күйөрмандарыма айтаарым бул баарыбыздын, сиздин, биздин сыйлыгыбыз. Ошондуктан күйөрмандарымды да куттуктап кетем. Ал эми "Обончулардын" мындан ары да созгон обонуңуздар тунук жана бийик болушун каалайм.

Бек Борбиев КРнын эмгек сиңирген артисти
- "Обон" гезити алгач чыкканда биздин эң жактырып окуган гезитибиз болчу. Сиздер мен үчүн сүймөнчүлүктүү басылмалардансыздар. Ишиңиздерге ийгилик. Мени "Эң мыкты эл ырчысы" кылган элге алкышымды айтам.

Урмат Усенов
- Жыл аягында эле эмес, ар күнү кечинде ар бир адам өзүнө "Бүгүн эмне кылдым?" деген суроо коёт эмеспи. Анын сыңары бул жылды ушундай жагымдуу нерсе менен жыйынтыктап жатканыма кубанычтамын. Мындан ары да элимдин ишеничин актап эмгектенем деп сөз берем. Ал эми сиздерге болсо ар күн сайын окурманыңыздар көбөйө берсин деген тилекти билдирем.

Чынгыз Мырзаев
- "Эң мыкты эл ырчысы" болуу абдан жагымдуу экен. Бар болуңуздар кыргыз калкым. "Обончуларга" таазим.

Мирбек Атабеков
- Ырчы үчүн элдин колдоосунан артык нерсе жок го. Андыктан мени колдогон элиме жаратканым жакшылыгын аябасын. Эл ичинде сиздер да окурмандардын сүймөнчүлүгүнө арзып, бар болуңуздар.

Ильяз Абдыразаков
- Быйыл эле "Эң мыкты эл ырчысы"-деген сыйлыкка ээ болом деп күткөн эмесмин. Андыктан абдан сүйүнүп турам. Аябай кооз анан салмактуу да экен. Ылайым ургаачы болсун. Артына да көптөгөн жакшылыктарды ээрчитип келсин. Жамаатыңыздарга чыгармачылык бийиктик каалайм.

Султан Садыралиев
- Бүгүн өмүрүбүздө алтын тамгалар менен жазылып кала турган күн болуп турат. Ушул күндү бизге ыйгарган күйөрмандарга жана сиздердин жамаатка рахматымды айтамын. Албетте, "Эң мыкты эл ырчысы" болуу чоң стимул берип, жаңырган жылда да калкым үчүн албан-албан иштерди жасаганга өбөлгө түзөт. Андыктан баарыңыздарга терең ыраазычылык.

Анжелика
- Сиздердин окурмандарыңыздар, менин күйөрмандарым ушул ийгиликке, сыйлыкка татыктуу кылып отурганына абдан кубанычтамын. Ылайым ишиңиздер илгерилеп, ар бир саныңыздар Ала-Тоодой бийиктикти багындырсын. Эл менен ырчылардын ортосунда алкыш гана алып жүрө бериңиздер.

Даярдаган А. Сатиева











??.??





??.??