presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Атактуулардын ааламында

Ким кандай үйдө жашайт?
Бүткүл ааламга атагы тараган атактуулар кандай жашоону башынан кечирип келишет. Эмне менен дем алаары сизге кызыкпы? Ал эми дүйнө жылдыздары кандай үйдө жашаарын билгиңиз келсе төмөндөгү макалага көз жүгүртүңүз.

Бред Питтин үйү жардын жээгинде жайгашканынын себеби бар. Орточо эсеп менен бул өзгөчө кооптуу жерде жайгашкан үйдүн баасы 4.5 млн долларды түзөт. Мурда дал ушул жерден 3.5 миллионго алган үйүн катрина атуу шамал талкалап кеткен. Дале сүткө оозу күйсө да жаны тынбаган Питт Луизианада Бенджамен Батон менен киного тартылып жатканда кээ бир эпизодду дал ушул азыркы үйүндө аткарган. Үйдүн ичинде атайын орнотулган лифти, ашканасы, унаа токтотуучу жайларына көзү түшкөн актёр дароо бул "керемет жайды" өздөштүргөн. "Катуу шамал дагы талкалап кетет-деп коркпойсузбу?"-деген кабарчылардын суроосуна "Ошол корккон үчүн бул үйүмө үй-бүлөм менен эс алганы келбей, качан гана жашоодон тажап, эч кимди көргүм келбей калганда дал ушул үйүмө келип каалаганымдай эс алам",-деп жооп берген. Албетте, дүйнө жүзүн дүңгүрөткөн актёрдун чет жакадагы үйлөрү бир нече, бирок көзгө көрүнөөрлүгү ушул Луизианадагы тамы болуп саналат.

Голди Хуан жана Курт Рассел баласы хоккей менен алектенгендиктен улам ага колдоо көрсөтүү ниетинде Канададан атайын 1875000 долларга үй сатып алышкан. Бир чоң бөлмөдө атайын хоккей ойногонго бардык шарттар толук түзүлгөн. Бирок, кийинчерээк баласы башка хобби табып, анан Рассел ал тамга шарт түзүүгө каражаты тартыш болгон үчүн канчалык кыйылса да сатууга аргасыз болгон. Ал эми Курт Рассел бардык шарты менен баш калкалоочу жай тапкан.

Эркектерден кем калбаган актриса Сандра Боллак аралдан өзүнө арнап алган тамынын суммасы 1 млн долларды түзөт. Үч кабат тамынын тегерегин айланта "чеп" тургузуш үчүн эле бир топ каражат жумшаптыр. Өз жанынын коопсуздугу үчүн актриса албетте эч нерсесин аябайт. Мындан тышкары Сандра Боллаккага түштүк Калифорниядагы төрт үй тиешелүү. Кээ бир маалымат булактарына караганда "Силы природы" (жаратылыштын күчү) аттуу тасмага тартылгандан кийин ити чөп жеп, материалдык абалы бир топ жакшырган.

Таланты таш жарган актёр Джордж Клуни Италиядан 25 бөлмөдөн турган вилла сатып алган. Джордж Клуни мотоциклдердин коллекциясын чогулткандыктан жер жайнаган темир тулпарына да кайдыгер карабайт. Ал тургай өзүнүн шартынан да "алардыкын" жогору коёрун баса белгилейт. Ошондуктан бул вилласында ар бир мотоциклин токтотконго ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Италиялык журналисттердин берген маалыматына таянсак дал ушул досунун вилласында Бред Питт менен Ажелина Джоли баш кошуп, үйлөнүү тоюн өткөзүшкөн. Клунин жакын кошуналары-белгилүү модельер Донателло Версаче жана ырчы Аврил Ловин. Белгилей кетчү нерсе Клуни көп учурда конокко Кетрин-Зета-Джонс менен Майкл Дугласты көп чакырат экен.

440 гектар аянтты Англиядагы Сесила Беатондун үйү ал каза болгондон кийин аукционго коюлган. 9 млн долларга сатып алууну поп-жылдыз Мадоннанын гана колунан келиптир. Ушул үйүнө келгенде ырчы аң улаганды, атка мингенди мыкты өздөштүргөн. Ал эми Лондондогу турагын экс-жолдошу Гай Ричи белек кылган. Эми аны менен ажырашып эки башка жолго түшкөндөн кийин берген "белегин" өзүнө кайтарып берем деген чечим чыгарган экен. Англиядагы дагы бир үйүн 12 млн.го сатып, ал каражатты чыгармачылыгына жумшап, калган "тыйындарын" балдар үйүнө которгон. Ырчынын мындай кайрымдуулугуна төбөсү көккө жетип сүйүнгөн балдар үйүнүн жетекчилери атайын ага ыраазычылык билдирүү ниетинде балдарды ырдатып, бийлетип Мадоннага концерт коюп берип, көңүлүн ачышкан. Мадоннанын сахналаш достору да ар дайым анын марттыгы менен боорукерлигин баса белгилеп келишет.
Башка мүлкү деле башынан ашаарын, материалдык жактан кудай аны таарынтпаганын Мадонна тамашалап айтып келет.

Кээ биринин мүлкү чөнтөгүн тээп, кайрымдуулук иштери менен алек болуп келишсе, кээ бири өз баласын каржылаганга акча табуунун аракетин көрүп келишет. Энн Хеч жакындан бери жумуштан жолу болбой, мыйзамдуу түрдө баласына ай сайын бөлүп бере турган 15000 долларын бере албай бушайман болуп келүүдө. Жолдошу Коли Лафон менен 6 жашар уулу Гомерге мыйзамдуу түрдө бере турган акчасы жок. Ал эми Энн жумуш издөө менен алек, бирок өзү айткандай ойлонткудай деле олуттуу сунуштар түшпөптүр. Атактуулардын арасынан Энн Хеч, "чөнтөгү жукалардын" тизмесинде турат.

Сахнанын каролу Майкл Джексон 1987-жылы ранчо алган. Питер Пендин урматына арналган ранчо кичинекей достор үчүн сатылып алынган экен. Бирок, салыктарын төлөгөнгө кудурети жетпей калганда бул ранчо жабылып калган. Ырчы муну аукционго койгонго аракет кылып, тилекке каршы өзү каалагандай жакшы жыйынтык чыккан эмес.

Жылдыздардын кирешеси
oГолливудда кайсыл жылдыз эң кымбат бааланган Бред Питтпи же Том Крузбу? Материалдык байлыгы жагынан алдыга озуп, Круз менен Питти артка калтырган Тим-Селтундагы актёр Уилл Смит болуп саналат. Анын бир жылдык кирешеси 80 млн долларды түзөт. Андан тышкары кара терилүүлөр арасынан хип-хоптун королу Джей-Z 83 млн киреше тапкан. Ал эми анын жубайы Бейонс да Смиттен кем калбай 80 млн доллар менен капчыгын толтуруп, жолдошу экөө "эң бай түгөйлөр" наамына ээ болушкан.
oМэл Гибсон "Эң бай жер ээси" деген титулга арзыган. Анткени анын Малибудагы 37 миллионго бааланган чиркөөсү менен Коста-Рикодогу жайгашкан 25 млн суммадагы Ранчосун санабаганда анын Фиджи деген аталыштагы жеке аралы бар. Ал эми Коннектикутедеги үйүн 38 млн долларга сатып алыптыр.
oЛиндси Лохан жарнамаларга тартылып, бир жылдык кирешеси 15 млн долларды түзсө, сулуулугун сактаганга, боёнуп-жасанганына 1 млн долларын жумшайт. Ал эми пластикалык операция жасаганга канча каражат жумшаары маалым эмес, ал тургай "Мен табият берген сулуулугум менен жашап келем" деген сөзүн айтуудан тажабайт экен. Ал эми жакшы санаалаштарынын айтуусунда тапкан акчасынын дээрлик баарынын пластикалык операцияларга жумшайт.

Анара Дүйшөналиева









??.??