presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Шумдугуң кур

Тиричилик буюмдарынын жаралуу тарыхы
Күнүгө көзгө урунуп, тиричиликке пайдасын тийгизген буюмдардын качан, кайда, ким тарабынан ойлонуп табылганы көпчүлүккө белгисиз. Ал эми ошол майда, бирок зарыл буюмдардын да өзгөчө басып өткөн жолдору бар экен.

Убакыт кантип өлчөнгөн?
Адам баласы саат пайда болгонго чейин убакытты ар кандай жолдор менен өлчөп келишкен. Мисалга алсак күндүн чыгып, батканынан улам таң атып, кеч киргенин болжолдошкон. Андан тышкары жылдыздар да адамдарга убактысын өлчөгөнгө жардам берчү. Анткени адам баласы мурда эле түн ортосунда ар кайсы убакта ар башкача жылдыздар чыгып тураарын байкашкан. Андан башка убакытты өлчөгөнгө шам менен сууну колдонушчу. Шамды жагып коюшуп анын жээгинин ээрип күйгөнүнөн улам убакытты тактаганга мүмкүн болгон. Ал эми чыныгы механикалык сааттар качан, ким ойлоп тапканы тууралуу так маалымат жок. Болжол менен Х кылымда Орилактан монах Герберт чыгарган деген маалыматтар бар.



Парашюттун пайда болушу
Бийиктиктен ылдыйга бир калыпта, коопсуз түшүү үчүн адам өзүнө ыңгайлуу шарт түзгөн. Парашют жөнүндө алгач 1514- жылы Леонардо да Винчинин дептерлеринде ушул сөз кездешет. 1595-жылы Фаусто Веранцио парашюттун пайдасы жана зыяны тууралуу маалымат жазган. Ал эми парашютту практика жүзүндө алгачкылардан болуп 1785-жылы франциялык Блоншар колдонгон. Анын айтымында өзү биринчи жолу парашюттун жардамы менен секирип, бутун сындырып алып көңүлү калган экен. 1797-жылы дагы бир француз Гарнери акылдуулук кылып, 600 метр бийиктиктен алгач кол чатырдын формасына окшош парашюттан итин коё берип көргөн. Андан соң гана өзүнүн тагдырын "тобокелге" салган. Самолеттон алгачкы парашюттан секирүү 1912-жылы ийгиликтүү өткөн. Биринчи дүйнөлүк согушта 1914-жылы парашютту жан сактоо үчүн пайдалана башташат.



Римдиктер үчүн ырымга айланган күзгү
Бир күндө сансыз жолу каранчу кадимки күзгү качан пайда болгонун билесизби? Биз күзгү тууралуу так маалыматты эч качан ала албайт экенбиз. Себеби аны ким ойлоп тапканы белгисиз болгон. Күзгүнү чыгаруу жөнүндө ой эң алгач бир аялдын башында уялаптыр. Байыркы римдиктер ар бири чөнтөгүндө кичинекей күзгү салып жүрүүнү ырым кылышкан. Кичинекей бала өзүн күзгүдөн келбетин көргөндө дал ошондой таң калышып, бакырып качып эсин жоготкондор да болуптур. Күзгүдөн көрүнүп ар жактан көрүнгөн адамды алар жан сакчысы катары кабыл алышып, кокус күзгү сынып калса жамандыкка жооруу ырымы да ошондон калыптыр.



Шахмат кантип таралган?
VI кылымда Индияда баарыбызга белгилүү "Чатуранга" деген оюн пайда болгон. Бул оюн шахматка "бир тууган". Болгону бул оюнга төрт оюнчу катышчу экен. Мындан туптуура бир кылым өткөндөн кийин бул оюнду арабдар да мыкты өздөштүрүп, бирок бир аз өзгөрүүлөрдү киргизишкен. Тагыраак айтканда төрт адамдын ордуна эки адам ойноп, кезектешип жүрүшкөн. Мына ушул таптан баштап көпчүлүктүн көңүлүнө жаккан шахмат оюну элге кеңири тараган.



Кино качан пайда болгон?
Адам баласы алгач жаныбарлардын кыймыл аракетине байкоо жүргүзүү үчүн гана 1893-жылы киноскопту Томас Эдисон ойлоп тапкан. Бирок, ал бул жаратуусун жөн гана көңүл ачуу катары кабыл алган экен. Кандайдыр бир маанини өзүнө камтыган эң алгачкы кино 1903-жылы "Великое ограбление поезда" деген аталыштагы кино жарык көргөн. Ал эми АКШда 1905-жылы ноябрь айында гана кино деген түшүнүк пайда болгон. Эң алгачкы режиссёр жана продюсер Гриффит болгон. Ал "Рождение нации" тасмасын тартып, анын бюджети 750 000 долларды түзгөн.



Япониялыктардын жаңы жаратуулары
Төмөндөгү сүрөттү карап эмне экенин түшүнбөй турсаңыз керек. Япониялыктардын бул жаратуусу-тамак ичип жатканда чачтар тамакка түшүп тоскоол болбош үчүн атайын айымдарга арналып чыгарылган. Албетте мындай буюм көпчүлүккө маанисиз туюлушу мүмкүн. Бирок, япониялык айымдардын 90% бул буюмга зар экендерин белгилешкен.

Дааратканада колдонуучу кагаз менен бет аарчыны элестете аласызбы? Көзгө жат көрүнүп, кулакка жагымсыз угулганы менен эки гигиена буюмун бириктирип япониялыктар башына тагып жүрүшөт. Бир чети карасаң өтө ыңгайлуу, бир жагынан караганда жинди келтире турган бул нерсе японияда өтө чоң суроо талапка ээ.

Мырзалар тагынып жүрүүчү галстук жарашыктуу көрүнгөндөн тышкары, пайдалуу буюмдарды чогулткан баштыкча катары да кызматын кылат. Тактап айтканда үй-шартында, кеңсеге кереги тийчү буюмдарды дал ушул галстуктун аркасында атайын тигилген чөнтөктөрүнө ирети менен жайгаштырып алса болот. Белгилей кетчү нерсе Японияда бул галстук эң кымбат баада гана сатылат.

Даярдаган А. ДүЙшөналиева








??.??