presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Кумир менен баарлашуу

Байыш Момунов:
"Балам үчүн баарына даярмын "
Бу сапар "Кумир менен баарлашуунун" ардактуу коногу эстрада ырчылары Жаныш, Байыш Момуновдор болду. Жолдун тайгагына карабай күйөрмандарын сыйлаган эки бир тууган белгиленген убакыттан алда канча эрте келип, өздөрүнүн жоопкерчиликтүүлүгүн көрсөтүшүп,окурмандар менен ой бөлүштү. Айта кетсек, чакырылган коноктордун көпчүлүгү алыскы региондордо болгондуктан телефон аркылуу сүйүктүү кумирлерине каалоо-тилектерин билдирип жатышты.


Чынара
- Байыш байке, саламатсызбы. Мен сизди чыгармачыл адам катары сыйлайм. Биз менен сиздерди жолуктуруп отурган "Обон" гезитине рахмат. Жакындан бери сизди "Замана" студиясынан көрүп жатабыз. Айтсаңыз, ырчы менен алып баруучунун айырмасы бар бекен?
- Биринчиден ушул жерде отурган күйөрмандарым менен жакшы күндө жолугуп жатканыма абдан кубанычтамын. Сурооңузга жооп берсем ырчы менен алып баруучунун айырмасы асман менен жердей экен. Анын үстүнө "Заманада" суфлёр жок, кагаздан окуйбуз. Кыскача айтканда ырдаганга караганда теле алып баруучулук 2 эсе жоопкерчиликтүү.
- Эфир убагында сөзүңүздөн жаңылып калган учурларыңыз болдубу?
- Ооба. Болгондо да жаңылыктарды окуп атып жаңылдым. Негизи ошол күнү эфирге чейин жаңылыктар менен таанышып, жакшы эле даярдангам. Анан эфир башталганда Россия мамлекетинин президенти Дмитрий Медведев дейм деп Владимир Путин деп алгам. Жанымдагы Жанара Атабекова буту менен түртүп жиберди эле ошондо адашканымды сезип, дароо эфир аркылуу кечирим сурап оңдоп кеттим. Эгерде эфир учурунда адашып калып, ошол бойдон сөзүңдү улап кете берсең бул журналисттин чоң катачылыгы болот. Ошондуктан журналист кандай учур болбосун кырдаалдан чыга билүүсү зарыл. Мен да ар убак эфир эрежесин бузбаганга аракет кылып келем.
- Журналистика тармагында билим алайын деген оюңуз барбы?
Төрт ай академиядан мыкты журналисттерден аз да болсо билим алып, ошонун негизинде телеге бардым. Буюрса, билимимди андан ары улантып, Жогорку окуу жайынан билим алсамбы деген планым бар.
- Бир учурда тамада, ырчы, теле алып баруучу болуп келесиз. Мунун баарына кантип жетишесиз?
- Чынында бир убакта 3-4 багытты алып кетиш кыйын экен. Кээде үй-бүлөм менен сүйлөшүп олтурганга да убакыт болбой калат. Эртең менен кетип, кечинде бир убакта келип балдарым мени көрбөй деле калат. Башкача айтканда үйдө квартирант эле болуп калдым.
Венера
- Жаныш байке, кантип эстрада ырчысы болуп калдыңыз?
- Мукаш Абдраев атындагы музыкалык окуу жайда окуп жүргөнүмдө спорт ордосунда концерт болуп барып калдым. Анан антракт учурунда рояль чертип атсам Абдумалик Шерматов менен Динара Акулова мени көрүп калып, "Биздин топко кирбейсиңби" деп сунуштап калышты. Ошолор аркылуу эстрадага келдик. Негизи биз кесибибиз боюнча классикалык музыканттарбыз.
- Азыр классикалык музыкага кайрылгыңыз келеби?
- Жакында эле "Кыялдануу" деген чыгарма жаратып, азыр аталган ыр "Миң Кыял" радиосунан берилип жатат. Мындан сырткары дагы бир Чыңгыз Айтматовду эскерүү деген күү жараттым. Буюрса жакынкы күндөрдө угуп каласыздар.
- Канча аспапта ойной аласыз?
- Барабанда, бас гитарада, ритм гитарада, баянда, флейтада, сыбызгыда, чопо-чоордо ойной алам.
- Үй-бүлөңүз жөнүндө кененирээк айтып берсеңиз?
- Куудулдар айтмакчы 1 штук аялым, 2 штук балам бар. Жубайымдын аты Жеңишгүл, мен аны Гуля деп эркелетип коём. Кесиби-мугалим. Бирок, азыр энелик милдетин аткарып, үй кожойкеси. Үйүбүзгө жарык берген Актан, Баатыркан аттуу эки уулубуз бар.
- Эки аял алууга көз карашыңыз кандай?
- Эки аял албайын деп артисттен үйлөнгөн жокмун да. (тамаша) Мен эки аял алууга таптакыр каршымын. Эркек үчүн экинчи аял-проблема. Эки аял алгандарды көрүп эле атпайбызбы. Акыры барып жүрөк оорулуу болуп атат. Менимче балдарыңа жаман көрүнүп, аялыңдын көңүлүн калтырбай бир нике менен эле жашаган жеңил деп ойлойм.
Кербен-Куба
- Эл ичинде Байыш Кларага үйлөнүп, анын арты менен аты чыккандан кийин Клараны таштап койду деген сөздөр бар. Сиз буга эмне дейсиз?
- Клара менен Байыш Алла Пугачева менен Филипп Киркоровдой болушту деген сөздөрдү өзүм да угуп келем. Мен буга мындай деп жооп берээр элем. Кларанын өзүнчө Клара деген, менин өзүмчө Кларага чейин Жаныш-Байыш деген атым болгон. Биз жогорудагы орус ырчыларына окшоп атыбызды чыгаралы деп тагдырыбызды тобокелге салып үйлөнгөн жокпуз. Мен дайыма эле айтып келгендей эки чыгармачыл адамдын бир үйдө жашашы кыйын экен. Экөөбүздүн оюбуз, фантазиябыз дал келбей койду. Ошон үчүн эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт деп бекер айтылбаптыр. Анан да атын чыгарып алып Клараны таштап койду дегенге кошулбайм. Мен аны пайдаланып таштап койгудай ал оюнчук эмес да. Ал да бирөөнүн алпештеп баккан алмончоктой кызы. Мен туура эмес кылсам бул дүйнөдө болбосо да Кудай алдында жооп беришим керек... Эч качан бир адамдан күнөө кетпейт. Эки тараптан тең кетет.
- Азыр балаңыз таякесинин колунда тарбияланып жатыптыр. Менимче ата мээримин, ата тарбиясын көргөн бала баары бир башка да. Балаңыздын тагдыры, эртеңки келечеги жөнүндө ойлоносузбу?
- Жакшы суроо. Айла жок мен баарына жооп беришим керек. Наристеде эмне күнөө. Бала меники болгондон кийин анын эртеңки келечеги мени кантип ойго салбасын. Болгондо да эркек бала. Баламды мен таштап койгон жокмун. Кудайга шүгүр кабарлашып, жардамымды берип турам. Баламды окутуп, үй-жай күттүрүш менин милдетим. Кандай кырдаал болбосун аталык милдетимди аткарууга, балам үчүн баарына даярмын.
- Балаңызды өзүңүз тарбиялайын деген оюңуз жокпу?
- Мындай ой болгон. Эгер мага берсе чын көңүлүм менен канатыма калкалап багып алмакмын. Мыйзам боюнча да 17 жашка чейин бала энесинин колунда тарбияланат экен. Баелди ымыркай кезинен эле таянеси багып алды. Учурдан пайдаланып таянесине ыраазычылык билдирем.
Венера
- Байыш байке, Кыргызстандын келечегин кандай элестетесиз?
- "Үмүтсүз шайтан жашайт" дегендей адам баласы дайыма үзүлбөгөн үмүт менен жашап келебиз. Анын сыңарындай киндик кан тамган жерибиз өнүгүп-өсөт деген эле максат. Ал үчүн ар бирибиз күрөшүшүбүз керек. "Өз бактысын өлкө башчыларына байлаган эл бактысыз эл" демекчи жогор жакты карап эле алма быш, оозума түш деп отура бербей ар бирибиз мен Кыргызстан үчүн эмне салым кошуп жатам, эмне жасашым керек деп ойлонгонубуз оң. Кыргызстан бир маданияты менен, бир спорту менен, бир илими менен дүйнөгө таанылышы мүмкүн. Ушул тараптан бизде шанс бар. Андыктан өнүгүүнү өзүбүздөн баштообуз шарт.
- Сиздер (өнөр адамдары) мекенибизге кандай салым кошуп жатасыздар?
- Биз ушул жылдын эсебинен 2 жолу балдар үйүнө барып колдон келишинче белек-бечкектерди берип, бекер концерт коюп келдик. Буюрса эми карылар үйүнө барып кой союп, кан чыгарып, карылардын батасын алалы деген оюбуз бар. Өтө чоң салым кошалбасак да кудуретибиз жетишинче кайрымдуулук иштерин жасап жатабыз.
- Жер бетиндеги түбөлүктүү тема болгон сүйүүгө кандай аныктама бересиздер?
Байыш: - Сүйүү деген - дудукка тил бүтүрүп, ташка үн бүтүрүп, акынга калем карматып,айрым адамдарга көз жаш жайнаткан ыйык сезим.Сүйүүнү көз менен көрүп,сөз менен айтууга болбойт, аны бир гана жүрөгүң менен сезип, туя аласың.
Жаныш: - Мен сүйүүгө Байышчалык аныктама бералбайм го. Менин түшүнүгүмдө сүйүү деген эки адамдын ортосундагы баа жеткис ыйык сезим.

Чынара
- Эркектер кайсы учурда ыйлайт?
Жаныш: - Өтө көп ичип, мас болуп калганда ыйлайт.
- Сиз мас болгондо баштан кетесизби же буттанбы?
- (Күлүп) Мен эки жактан тең кетпейм. Ошол кезге жеткенче токтотом.
- Байыш байке экөөңүздөрдүн ортоңуздарда пикир келишпестиктер болобу?
- Мурда бала кезде такыр эле отубуз күйүшчү эмес. Эки күндүн биринде эле бири-бирибиздин мурдубузду канатат элек. Азыр эми үй-бүлө күтүп чоң киши болуп калбадыкпы. Кээде музыка жаатынан сеники туура, меники туура деп тартышып калабыз.

Уюштурган Ж.Калдарова.










??.??