presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Атактуунун арзуусу

Кыргыз Эл сүрөтчүсү, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, Көркөм сүрөт музейинин жетекчиси Юристанбек Шыгаев:
"Мага өбүшкөндү классташ кызым үйрөткөн"
Түрдүү боёктор менен дүйнөнү сүйлөткөн алтын калем сүрөтчүлөр жергебизде саналуу гана. Алардын ичинен өзгөчө таланты менен айырмаланган Юристанбек Шыгаев. Биз бул кишинин иш ордуна барып, маекке тартаардан мурда улуу башын кичүү кылып дасторкон даярдатып, даам ооз тийгизип, дүйнөнү дүңгүрөткөн атактуу адамдар босогосун аттаган куттуу орду менен, андагы эмгектери менен тааныштырып чыкканы чыныгы кыргыздын уулу экендигинен кабар берет эмеспи. Анан да 16-жылдагы Үркүндү чагылдырып иш жасасам деген ой-тилеги менен бөлүшүп, "Бул менин эл алдындагы парзым" деп билиши мени өзгөчө кубандырды.
- Юристанбек агай, башка чыгарылыштарыбыздан өзгөчөлөнүп,бул жолку сиз менен болгон маекти үй-бүлөңүз жөнүндө баштасак. Жубайыңыз менен кантип табышып калдыңыз эле?
- Студент кез болчу. Каныбек деген жакшы досум бар эле. Бир күнү айтып калды "Юристанбек, менин жакшы тааныш кызым бар. Мен жактырып сөз айтсам,боюң кичинекей деп болбой жатат, сен таанышып көрбөйсүңбү, абдан жакшы кыз"-деди. Мейли таанышайын деп тааныштык. Рима деген татынакай, мүнөзү бир аз чукчуңдаган, орус пейил кыз экен. Деле кыргызча сүйлөбөйт. Анан досума айттым: "Ээ, Каныбек, мен айылдык бала болсом, бул кыз орусча сүйлөп ата-энеме жүгүнгөндү билбей турса, уят болом го"-дедим. Бир күнү Риманын туулган күнү болуп, жанагы досум экөөбүз бир бөтөлкө шампанды көтөрүп, куттуктап бардык. Чакан гана топ конок болдук. Дүйүм тамак үйүлгөн дасторкондо отуруп, жакын курбусу Гуля, ата-энеси менен тааныштым. Абдан жакшы адамдар экен. Ошентип мамилебиз жакшырып, кыз-жигит болуп жүрүп калдык. Анан мен Ленинградга окууга кеттим. Ал жактан кат жазышабыз, ал орусча жазат, мен кыргызча жазам, үйрөнсүн деп. Рима болсо менин каттарымды курбусу Гуляга окутуп, котортчу экен. Аны мен кайдан билейин, ошентип менин бардык сырларымды курбусу да билип алыптыр. Бирок чындыгын айтыш керек, Рима экөөбүздүн баш кошуп калганыбызга анын салымы чоң. Себеби мен Ленинградда окуп жүргөнүмдө, артымдан ата-энесинен акча алып барып да келген. Ушундай бактылуу күндөрдү өткөрүп, төрт жыл кыз-жигит болуп жүрүп үйлөндүк. Мен азыр Римага жолуктурган тагдырыма чексиз ыраазымын.
- Бардык эле үй- бүлөдө казан-аяк кагышат деп коёт го. Сиздерде да мындай учурлар болобу?
- Албетте. Үй-бүлөлүк жашоону ансыз элестетүү кыйын го. Жаңы үйлөнгөн жылдарыбызда мен аспирант, стипендия алам, жубайымдын айлык акысы, ошентсе да жетпейт. Өзгөчө менин бир даана кичинекей эле боёгум 10-20 сом. Ал убакта бул акча чоң сумма болчу. Ал эми тарткан сүрөттөрүмдү азыркыдай сата албайсың. Ошол кездерде кыйынчылыктар болду. Рима кетип калам дегенге чейин барды. Бирок кыйынчылыкка сынбай, баарын бирге көтөрүп ушул күнгө жеттик. Элибизде жакшы сөз бар го "жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү" деген. Анын сыңары мен Ленинградда окуп жүргөндө ата-энеме оорчулук келтирбейин деп көчө шыпырып иштегем. Жатаканада жашачубуз.
Мен үй-бүлөдө жети бир туугандын кичүүсүмүн. Атам кесиби боюнча юрист болгондуктан мени да ата кесибин аркаласын деген тилекте ушундай ысым ыйгарган экен. Атам жогорку билимдүү адам болсо да ошол кездеги сүрөтчүлөргө деген тескери көз караштардагы адамдардан болчу. Бирок, кийин менин ийгиликтеримди көрүп ыраазы болду. Кудайга шүгүр, учурда менин жеке көргөзмөлөрүм жыйырмадан ашуун өлкөлөрдө, ал эми группалык көргөзмөлөр да бир топ мамлекеттерде болуп өттү, болуп жатат.
- Агай, биринчи жолу үйүңүзгө чоң киреше алып келгениңиз эсиңиздеби?
- Ооба, мындан 15-20жыл илгери өмүрүмдө биринчи жолу Америкага келишим менен эки айга барып, сыйлыктарымдан сырткары ак эмгегим менен 7миң доллар алып келип, 3 бөлмөлүү үй, 1 машина алгам. Ошондо уулум "ата, эми биздин өз ваннабыз болот ээ"- деп ваннанын ичине түшүп алып, курсагыма бою араң жетет да, курсагымдан кучактап алып өөп кубанганы эсимде. Ошондо үй- бүлө үчүн биринчи кезекте чатыры бүтүн болуш керек экен да деп бактылуу болгом.
- Юристанбек агай, эми суроонун нугун бир аз артка бургум келип турат. Бала чагыңызга кайрыла кетсеңиз?
- Кичинекейимде тентек болчумун. Бирок жумушту тыкан жасачумун. Карындаштарым үй жыйнасын деп иним экөөбүз сахна жасап, иним менин келинчегим болуп аларга оюн койчубуз. Алар биздин оюнду көрөбүз деп үйдөгү жумуштун баарын бүткөрүшчү. Анан да бир кызык окуя, биздин үйгө аяш аталарым же башка коноктор келсе эле келгенде түз келишет, кетип атканда эле кыйшайып калышат. Бир күнү байкемден сурадым. Ал мага бөтөлкөдөгү аракты көрсөтүп, мобул жинди сууну ичкенде ушундай болуп калат деди. Анан мен аракты алып, тоокторго куюлган суунун ордуна куюп койдум. Бир убакта тооктор топ-топ эле кулап башташты. Ата-энем буларга эмне болду деп дүрбөлөң түшүп жүрүшөт. А бир жолу ата-энем жаңы гарнитур алып келип, аны кагазынан чыгарбай эле жумуштарына шашып кетишти. Мен эмеректи карасам сыпсыйда болуп анча кооз эместей көрүндү. Мен калемди алдым да түрдүү фигураларды тартып, кесип чыктым. Чааралакей болгон эмеректи көрүп атам мени үйдү айланта кубалаган. Ушундай бейбаш бала болсом да классташ кызымды жактырып, аны менен сүйлөшүп жүрчүмүн. Мага өбүшкөндү ошол кыз үйрөткөн. Бирок, ал кызды эки классташ бала жактырсак да тагдырдын буйругу экен ал башка жигитке турмушка чыгып кетти.
- Өкүндүңүз беле?
- Башында бир аз өкүнгөм. Анан менин да чын сүйүүм башталып Римага жолукпадымбы.
- Агай, кайрадан үй-бүлөңүзгө келсек. Жаңы жылда жакшы белек алып же жубайыңызга өзгөчө белек берип кубанттыңыз беле?
- Ооба. 1995-жыл жаңырып жаткан. Уулум үйгө аяз ата чакырсак деп калды. Аны угуп мен сандыктагы чоң атамдын тонун кийип, сакал-мурут жабыштырып үйгө келдим. Алгач аялым да тааныбай калыптыр. Үйдөн чыгып карындаштарымды куттуктаганга жөнөдүк. Алар да таанышпайт. Мен болсо орусча сүйлөп туруп алдым. Бир убакта мага шампан куюп сунуп калышты, аны ичип жатсам мурутум түшүп калса болобу, ошентип таанып алышты. Уулум "это же папа"-деп кыйкырып жүрөт. Ушундай өзгөчө жаңы жылды тосконбуз.
- Быйыл үй-бүлөңүзгө кандай белек кылайын деп турасыз?
- Азырынча сыр болуп турсунчу...
- Маегиңизге рахмат.

Маектешкен
Айтурган Сатиева










??.??





??.??