------WebKitFor "Обон", 23.12.08 - 6-бет: • Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Адабият айдыңы

Айсулуу Эсен кызы, "Калемгер" адабий клубунун мүчөсү, жаш акын:
"Мен үчүн эне - бүтпөс тема"
- Айсулуу, ыр саптарыңды канча жашыңдан баштап чогулта баштадың?
- Менин алгачкы ырларым 7-классымда жаралганы менен мен аларды кагазга түшүрүп атайын жыйнаган эмесмин. Мектепти бүтүрүп жатканда өзүмдүн атамдан айрылып, ошол жылдары мен үчүн катуу сокку болгон. Жүрөгүм биринчи жолу жамандыкты сезген. "Кайгысы жок жүрөктөн каалагандай ыр чыкпайт" дегендей, шаарга келгенден кийин ырларымдын артынан түшүп, өзгөчө маани бере баштадым. Менин эң биринчи ырым "Атама" деген аталышта чыккан.
- "Калемгер" адабий клубуна кандайча мүчө болуп калдың?
- Мындан беш жыл мурун чыгармачылыкты аркалап жүргөн эжелеримдин жардамы менен "Калемгер" адабий клубуна барып калдым. Өзүмдүн казанымда өзүм кайнай бербей, чыныгы таланттардын дүйнөсүнө аралашып, чыгармачылыктын даңгыр жолуна түштүм десем болот.
- Азыркы учурда "Калемгердин" абалы кандай? Жаш акындарга кандай мүмкүнчүлүктөр бар?
- Калемгердин учурдагы алып барып жаткан иши абдан жакшы. Жума сайын баарыбыз чогулуп автордук чыгармаларыбызды талкуулап, поэзиянын сырларын үйрөнүп, акындыкка талапкер болгон жаштарга жардам берип келебиз. "Көп түкүрсө көл болот" дегендей ынтымактуу түрдө иш алып барабыз. Биз өзүбүз дагы акындыкка талапкер таланттарданбыз. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мыкты ыр жазган таланттуу жаштарды биздин адабий клубка чакырабыз.
- "Бүткөн ишке сынчы көп" дегендей жан дүйнөңдөн чыккан ырларыңды ар ким өзү каалагандай кабыл алат эмеспи. Деги эле сынга кандай карайсың?
- Негизи адам калыс айтылган сынды туура кабыл алыш керек деп ойлойм. Туура айтылган сын жаман сапатты жокко чыгарат. Өз жүзүңдү көрүш үчүн күзгүнү карагандай эле, чыгармачылыгыңа күзгү боло турган мыкты адам болушу керек. Тактап айтканда сын сөзсүз айтылып турса өзгөрүү жана жаңыланууу болот. Мага айтылган сынды ичимден таразалап жакшы эле кабыл алам.
- Ырларыңда кайсы тема көбүрөөк басымдуулук кылат?
- Мен эле эмес бардык жаш акындар өлбөс тема сүйүүгө басым жасашса керек. Бирок, патриоттук темадагы ырларым акыркы убакта басымдуулук кылып келатат. Ошондой эле менин бүтпөс темам "эне" тууралуу болмокчу. Ушул күнгө чейин апамдын мыкты сапаттарын, энелердин мээримдүүлүгүн жазып бүталбай келем. Бул теманы өмүр бою жаза бермекчимин.
- Сүйүү өлтүрбөгөнү менен айыкпаган дарт деп айтып калышат го. Сүйүүнү кандай элестетесиң?
- "Мен сүйүүнү күн деп билем асманда" деген сүйүүгө арналган ырым бар. Бул чыгармада сүйүүнү күнгө теңеп, андан алыстасаң тоңуп каласың, жакындасаң күйөсүң, деген маанини бергим келген. Жашоодо төрт мезгил болгон сыяктуу сүйүү бирде муз болуп тоңот, кээде аптапта ысыйт, жаз болуп ээрийт, күз болуп берекесин төгөт. Дайыма сүйүүнүн ысыгында жүргөн эч бир адам жок. Күндүн нурундай ар бирибиз сүйүүнүн жарыгы менен жашап, анын нуруна жылынып келебиз. Сүйүүгө кабылган жүрөк сөзсүз оңолот жана жакшы жолду тандап алганын өзү байкабай калат.
- Казакстанда өтүлүүчү "Шабыт" эл аралык фестивалга катышып келгениңди билебиз. Кандай сезимдер болду?
- Бул фестивалга төрт-бешөөбүз чыгармаларыбызды жөнөтүп, андан Алтынбек Исмаилов экөөбүзгө чакыруу келген. Фестивалдын жүрүшү, уюштуруучулук маселеси жогорку деңгээлде өттү десем болот. Ал жакка баруу менен өзүмө чоң стимул алып келдим. Бирок, кемчилик бардык жерде болот да. Казак эли калыстык жагынан бизди нааразы кылып койду. Өзүбүздү мыкты акын дегенден алыспыз. Ошентсе да белгилүү болуп калгандай мыкты болсоң да фестиваль кайсыл жерде өтсө, ошол өлкөнүн эли байгени алаары бышык экен.
Маектешкен Айнура Султанова




Сиз үчүн сизге мен бармын
Жалынсыз туруп жалындап оттой жан жагым,
Жан дүйнөм дагы жалбырттап күйгөн от жалын.
Жаңылса акыл жаңылбай жүрөк сезчү эле,
Жаралган мен деп мен үчүн сиздей жан барын.

Жаңырган баары жаңырган азыр жаңырган,
Жактырып жүрөк жашоодо канча жаңылган.
Жазыксыз күндөр жагымсыз күндөр жалтанат,
Жалт карап жанган көзүңүз болсо чагылган.

Буйруктуу тагдыр буюккан күндөн куткарып,
Бук болгон кездер бушайман күндөр бүт карып.
Бакытка тунган бааланбай турган күндөрдү,
Бар кылып теңир буйруптур бизге кут даарып.

Жарышкан сөздөр, жарышкан көздөр кезигип,
Жагымдуу кечтер жаңырган таңдай сезилип.
Жапжарык болуп жаркырап турат бүт дүйнө,
Бактыбыз бизден калбаган үчүн кечигип.

Сиз барсыз анан сиз үчүн сизге мен бармын.
Сезимдер чанды өзүңдөн башка бүт баарын.
Сурайсыз сиз да сурайын мен да теңирден,
Түбөлүк бакыт терметип бизди бүтпөөрүн,
Сиз барсыз анан сиз үчүн сизге мен бармын.

Башканы билбейм...
Апакем менин апакем, менин апакем,
Апаке сени көргөндө кубат алам дем.
Асманың эмес ай, күн да эмес жашоодо,
Өмүрүң улап өзүң бар үчүн аалам кең.

Баркыңды сенин байкабас менден башкалар,
Бак таалай, ырыс өмүр да сизден башталаар.
Мээримиң төгүп мен үчүн өзүң болбосоң,
Асманым кулап аңгырап аалам бош калаар.

Сиз жашап апа сеземин жашоо жыргалын,
Күлкүгө күнүм жыргалга толот жылдарым.
Байлык же бакыт башкалар эмес болгону,
Өмүрдө менин өзүңсүң апа жыргалым.

Кудайдан деле сурабайм башка бактыны,
Сен болсоң апа бактымдын ошол актыгы.
Башканын баарын жасаса болот бир гана,
Сураарым жалгыз дениңди сенин сактыгы.

Сен бар бол апа, сен бар бол менин кашымда,
Сен болсоң анда көтөрөм көбүн азын да.
Тагдырдын койгон сыноосун апа сен үчүн,
Талкалап өтөм айлантып кумга ташын да.

Бактымдын сизсиз баш аты десем калетсиз,
Өмүрдө мага кан, жаным жүрөк, карексиз.
Баарынан ыйык, баарынан кымбат апакем,
Башканы билбейм, мен үчүн кандай керексиз,
Мен үчүн апа, мен үчүн апа керексиз.




  Сандан-санга

Асанбек Кулманбетов
Түбүң түшкүр дүйнө ий!
Селсаяктын ыйы
(трагедиялуу окуялардан турган баян)
Автордон:
Окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн айтарым... Бул чыгарманын башаты-жол жүрүп келаткандагы селсаяк абышканын айтып бергени боюнча окуя көркөмдөлүп, сандан-санга берилип жатат. Анткени, абышканын өзү көмүскөдө калып, абышка селсаяк - Токуштун кенедейинен азыркы абалына чейинки тагдыры ар бир учурдагы окуя менен сүрөттөлүүдө.

Канат да, алардын балдар-кыздары да Зуурага жетип, тегеректеп калышты. Канат колтуктап тургузуп атканда эмнегедир Зууранын көзү аңтарылып, башы шалактап, эсинен танып калды.
- Токуш, туура эмес кылбадыңбы. Кутулбас куяга, басылбас балээге кабылбасак экен. Аял кишини да ушунча кыласыңбы. Ай, балам ай! Ачууга алдырбай койсоң эмне? Карачы, эсинен танып калды... -деген Айымбүбү Токушка өкүнө шыбырады.
- Сооп болот!-деп алды, дагы эле тиштенген Токуш.
Тили уу болсо тиштеп калат! Күчү кыйын болсо шал болот. Мага эмне! Айымбүбү апа, кеттик Бегимайды ээрчитип. Эптеп жетээрбиз! Жүрүңүз.
- Токуш, өлгөнгө көмгөн кылган болбойт го. Ансыз да жетиштүү болду. Мобу кебетеси менен тигилер Бегимайды алып кетсек соо коюшпайт. Күүгүм кирип калды. Даана бизди "ким көрдү" кылышпасын! Бир колуңдун ачуусун бир колуң менен бас балам. Бегимайды кийин алып кетели.
- Жок! Бегимай экинчи булардын колунда калбайт! Алып кетебиз! Жүрү Бегимай!-деп Токуш Бегимайды колдон ала жетелеп, сыртка жөнөдү. Ушул кезде Зуура эсине келип, көзүн ачып калган. Бегимайды жетелеп бараткан Токушту байкай:
- Бегимай...-деп үн чыгара колун сунду. Бегимай аны уга, кетенчиктеди:
- Байке, коё туруңузчу...

Түтпөй турду
Токушту бир карап, араңжан кол сунуп аткан Зуураны бир карап, кадамдай албай туруп калды, Бегимай,
- Бегимай дейм, кылчактаба, кеттик! Бас дейм!
- Бегимай таштап кетпе, суранам...-деген Зууранын дагы алсыз үнү угулду.
- Байке, бүгүн эмес... Башка күнү келип алып кетиңизчи. Тигинтип жатса кантип таштап кетем, байке!...-деп ыйламсыраган Бегимай кадам таштай албай, Токуштун колунан колун тартып алды.
- Бегимай, ушинтет белең?! Мен сени атайын бир тууганым деп... Жаныма караан болсун деп издеп келбедим беле. Жалгыз жашабай сени менен бирге болом деп ойлоп келбедим беле. А сен өзүңдү деле карап көрчү. Жөн эле күңдөй болуп жүргөн турбайсыңбы. Анан, дагы эле буларга күң болуп жүрө бергиң келип атабы, Бегимай?!
- Байкебай!.. Бирок, бүгүн эмес. Айтып атам го, башка убакта. А, азыр таштап кеталбайт экенмин...-деген Бегимай тигилерди көздөй басты.
Бул кезде Зуура көзүн албай Бегимайды карап турган. Анын келатканын көрө, боюн таштап жибергенсиди.









??.??