presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Арсобол

Тентек пикиробон
Мас абалыңызда кафеден кийимдериңизди жоготконуңуз чынбы?
Айгүл Чалова: - Жок, бул сөз калп. Болгону менин кийимдеримди курбу кызым кийип кетип, кафеге таштап коюптур. Негизи кийимдерим жоголгон эмес, мен кафеге кийимдеримди издеп баргам. Балким ошол жерде иштегендер бул сөздү чыгарышы мүмкүн. Эми эл оозунда элек жок да.

Эл ичинде Сапар менен Назми жакында баш кошот экен деген имиштер бар. Ишенсек болобу?
Сапар Сопубеков: - Ой жок ай, Назми экөөбүз бири-бирибизди чыгармачылык жактан аябай колдойбуз. Чогуу иштешебиз. Ушул аралыкта бири-бирибизди жакшы түшүнүп, жакын достордой, бир туугандай болуп калдык десем да болот. Жакында эле концертибизди ийгиликтүү өткөрүп алдык. Негизи Назми экөөбүз бири-бирибизге жакшы эле жөлөк- таяк болобуз, бирок ортобузда сүйүү жок.
Назми: - Уф... Сапар экөөбүз эң жакын достордонбуз. Мындайча айтканда бир тууганбыз. Ал эми баш кошуу жөнүндө айта турган болсом, эч кандай мындай көрүнүш болбойт. Сапар экөөбүздүн ортобузда сүйүү болгон эмес, болбойт дагы.

- Теректей бойдон көрө, теменедей акыл артыкпы?
Кубик Калыков:
- Балким артык болушу мүмкүн. Кыргыздарда ар бир айтылган сөз, макалдар тегин жерден чыккан эмес да. Бул жерде бою кыскалардын кээде бою узундардан акылы артыгыраак болот деген маанини билдирет. Ошол учурда буга каршы "ою пастын бою пас" деп да айтып жүрүшөт. Карап турсаң зоңкойгон боюң болуп туруп, кичинекей нерсеге акылың жетпесе, узун бойдун кереги не.

Сизди кыз жандуу дешет...
Жолдошбек Жанжигит уулу: - Жок, жок, жок мунун баары калп. Эгер ким ошондой ойдо болсо, мага келип жолуксун. Я сам покажу и докажу, ха-ха-ха.

Интервью берүүдөн баш тартканыңыздын сыры эмнеде?
Лунара Мамытова: - Билбейм, мен эмнегедир көп интервью берип, өзүмдү ашыкча реклама кылууну каалабайм. Кээ бир адамдардын гезит беттерине улам-улам интервью берип чыккандарын көрүп, таң калам. Мен өмүрүмдө бир жолу "Агым" гезитине интервью бергем. Ошондо да өзүмдү-өзүм кыйнап, араң барган болчумун. Балким мындай көрүнүш адамдын табиятынан, өзүнөн эле болот окшойт. Анын үстүнө мен өзүм жөнүндө айтып бергенди көп жактырбайм.


Көп аял алууга көз карашыңыз кандай?
Нурлан Мотуев: - Мен бул маселени колдойм. Шариятта да буга жол берилген. Бага алсаң мага демектен төрт аял алса да болот.




Күндөлүк
Кездеме кат алган
Темир Назаров
4,700кг салмакта төрөлүп , ага ысым ыйгаруу чоң талашты жараткан. Тактап айтсак, врачтар Манас болсун дешсе, атасы Бакыт болот деп өзүнүкүн бербей көгөргөн. Акырында апасы кенже баламдын атын өзүм коём, темирдей бекем, күчтүү бала болсун деп Темирбек деген атты ыйгарган экен.
1,5 жашында кыйынчылык менен апасы эмчектен чыгарса, 2,5 жашында упчуну таштап, былдырыктаган таттуу тили ата-энесине бир топ кубаныч тартуулаган.
3 жашында бала бакчага барып, 6 жашка чейин машина, автомат оюнчуктарын коюнунан түшүрбөй кучактап уктачу экен. Жаңы жылдык балатыда коёндун формасын кийип, өзүнө куп жарашып элдин баары аны менен сүрөткө түшсө, кийинки жылы жолборстун формасын тиктирип, балдардын жүрөгүн түшүрүп ыйлаткан.
4 жашында автобуска түшүп кеткен апасы менен эжесин ээрчип, автобустун артынан кубалап, жыгылып бети-башы чаң болуп болушунча ыйлаганын айтып берди.
Темир төрөлгөндөн ушул күнгө чейин ата-энесинин "Тимкасы" экен. Башкача айтканда "Тимка, Тимучка" деп эркелетип келишет. Үйдүн кенжеси болсо да, эркелегенди жана эрке балдарды жаман көрөм дейт.
Окуучулар 1-сентябрь күнү мектеп босогосун атташса, Темир 16-сентябрь күнү атасын, апасын жана эжесин ээрчитип биринчи жолу мектепке келген экен. Кызыгы мектепке көнө элек Темир ыйлабастан, ата-энеси баласынын мектеп окуучусу болуп чоңоюп калганына сүйүнүп ыйлашкан тура. Ошол күндөн баштап Гагарин атындагы №17 гимназиянын окуучусу болуп калат.
4-классындагы экзаменди төрткө тапшырып, мугалимдерин сүйүнткөн. Себеби, Темир "бардык бааны капа кылчу эмесмин, өзгөчө "2" менен "3" деген баалардын көңүлүн алган мага жакчу" дейт.
6-классында ырчыбыз бардык нерсеге жетишиптир. Эң негизгиси алгачкы сүйүүсү жана азыркы учурдагы келинчеги Мунарага кат жазганын эстеп өзүнө-өзү таң калды. Анткени, ал катты чоң класстагы байкелерине кайра-кайра оңдотуп, көгүчкөндүн сүрөтүн жүрөктүн жанына кошуп тарттырып, ыр жазган балдарга ыр чыгартып анан бетин кызартып, өзүн ыңгайсыз сезип катты араң берген. Ал эмгегине жараша каттын жообу дароо келбей, жарым жылдан кийин макул деген жооп келген. Темир менен Мунаранын сүйүүсүнө кыз жак каршы болуп, "ал бала сени таштап кетет, жөн эле сени алдап жүрөт" деген сыяктуу сөздөрдү Гүлнара Калдарова көп айтчу тура. Темир ага ызаланып ата-энесине айтып кызга сөйкө салдырып, алгачкы махабатыма жеттим деп кубанычын жашырган жок.
12 жашында мектепте тентектиги менен атагы чыккан балдардын атаманы боло баштаган. Ашыкча тентектиги, мектеп линейкаларына Темирди көп чыгарган. Чоң муштум болсо да, патриот, чынчыл окуучулардан болгонун, гимназия үчүн ыр жаратып маданият жагын көтөргөнүн байкасак болот.
6-классында биринчи жолу "Кара көз" виносунан ооз тийип, тамекини түтөтүп көргөн. Жакшысы ошол күндөн ушул күнгө чейин тамеки тартпайм, өпкөм кабыл алган жок дейт.
7-классында тамактануу үчүн кезекте турган окуучулардын алдыда барып кезексиз кирип кетишкен досу Мирлан экөө мугалим агайы менен мушташып кеткен. Мирланга болушам деп агайды бир муштап эс алдыргам деп өзүн ыңгайсыз сезип жылмайды. Эки-үч жолу мектептен айдалып кете жаздаган.
Мектептен балдарды уруп, мугалимдердин жинине тийгени менен кечинде үйүнө барганда апасынан ошондой токмок жечү экен. Ушул күнгө чейин атасынын колу тийип катуу сөз айткан эмес болсо, апасы далай ирээт денесине көк мөөрлөрдү баскан экен.
8-класста ВАЗ-2106 (шоха) машинасын Оштун көчөлөрүндө зуулдатып айдап кыздарды таң калтырган. Ал эми 9-классында биринчи жолу сименс А-35 уюлдук телефонун көтөрүп, кан досу Мирланга "Кандай эй" деген алгачкы смс катын жөнөткөн.
15 жашында биринчи жолу кой мууздап өзүн баатыр сезген. Кой сойгон ырчыга абдан жагаарын билдик.
17-жашында сынакка катышып, "телевизор" утуп алып, биринчи жолу өзүн телевизордон көрүп алып катуу сүйүнгөн.
2003-жылы мектепти аяктап, Ош мамлекеттик университетинин "бизнес-менеджмент" факультетине тапшырып, бир жылдан кийин музыка факультетине тапшырат.
20 жашында Канат байкенин жардамы менен Спорт ордосуна биринчи жолу "Туулган жер" ырын аткарып чыккан. Алгачкы дуэти "Ак кептер" ыры болуп Гүлнур Сатылганова экөө ырдаган.
2004-жылы күйөрман кызынан саймага кооз жиптер менен сайылган "Мен сени сүйөм" деген кездеме кат алган.
2004-2008-жылдар аралыгында Темир көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон. Быйылкы жыл жыйынтыгын "Обон" гезитинин "Эң мыкты эл ырчысы" наамы менен жыйынтыктады.
08.08.08 бактылуу датада бойдокчулукка чекит коюп, өзүнүн кичи мамлекетинин президенти болгон. Келинчеги Мунараны "козум" деп эркелетет. Айта кетсек Темир ачуусу келип атырылганда Мунара момпоюп калат экен. Ошол сапатын Темир аябай жактырып, кайра боорум ачып кетет. Негизи менин ак көңүл сапатым бар дейт.
2000-жылкы жаңы жылды тосоордо түнкү саат 12ден кийин кызык окуя болгон дейт. Кошуналарымдан өзгөчөлөнүп салютту бийик аттырам деп катуу суукка бети-колумдун, кийимдеримдин тытылганына карабай, чатырга жанталашып чыгып колумдагы 15 салютту аттырып меники бийик болгонуна кудуңдап, өзүнчө эле кыйын болгом. Быйылкы 2009-жаңы жылды үй-бүлөм, ата-энем менен бирге Ош шаарынан тосом. "Обон" гезитинин жалпы жамаатын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктайм! Ар дайым эл сүйгөн гезит болуп, калемиңиздер курчуп, чындыктын изин кууган сыяңыздар түгөнбөсүн!

Даярдаган Акыл Карачач










??.??