presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Улуу адам унутулбайт

"Чыңгыз алгачкы чыгармасын 4-класста жазган"
Карт тарыхы бар кыргыз эли не деген кыйынчылык күндөрдү башынан кечирбеди! Мына эми тирүүлүктүн дөңгөлөгү тынбай чимирилип, 2008-жылга да "кош"-деп кол булгалап турган учурубуз. Муну менен эмне айтмакчыбыз?! Анда азга аярлай артта калган тарых барактарына көз чаптырсак.
Кыргызстан компартиясынын областтык комитетинин секретары - Төрөкул Айтматов кырчындай жаштык кезин кыргыз элинин келечеги, жаңы заман, жаңыча турмушу үчүн арнап, жан аябай иштеген адам болгон. Анан эле кыргыз интеллигенциясынын алдыңкы өкүлдөрүнөн болгон Төрөкул Айтматов да 1937-жылы күч алган Сталиндик репрессияга дуушар болуп, "эл душманы", "улутчул" деген жалган жалаа менен ак жеринен караланып, камакка алынат. 1938-жылы 5-ноябрда "Өзүмдү күнөөлүмүн деп эсептебейм"-дегенине карабай атууга өкүм чыгарылат. Бирок үй-бүлөсүнө билдирилбей, жашыруун бойдон калат. Учурунда жолдошу менен ээрчише жүрүп, жаңы орногон ал заманда кыргыз аялдарынын келечеги үчүн кам көрүп, кат сабаттарын жоюуга жардам берип, көптөгөн маселелерин чечишип жүрүп, акыры төрт баласы менен күйөөсүнөн эч кабары жок калган Нагима Хамзаевна кайра-кайра жогору жактагыларга кайрылып атып, акыры жооп алат.
1957-жылы 15-июнунда СССРдин Жогорку Сотунун аскер комиссиясы Айтматов Төрөкулду актаган өкүм чыгарышкан. А бирок, Нагима Хамзаевнага күйөөсүнүн, балдарынын атасынын мүрзөсү кайда экени билинбеген бойдон калат. Чыңгыз Айтматов "Саманчынын жолу" чыгармасында: "Ата, мен сага эстелик тургуза албаймын. Сенин кай жерге көмүлгөнүңдү да билбейм. Мына ушул эмгегимди атам Төрөкул Айтматов, сага арнаймын"-дегени эрксизден эске түшөт. 1991-жылы гана Чоң-Таш айылынан 1938-жылы атылган 137 адамдын сөөгү табылат. Өзүнө карата чыгарылган өкүм кагазын ок тешип өткөнү менен чөнтөгүндө сакталып калган сары кагаз аркылуу ал киши Төрөкул Айтматов экендиги аныкталат. Ардакталып Ата-Бейитке сөөгү коюлат.
2008-жыл - 38-жылы репрессиянын курмандыктары болгондорго 70 жыл жана атагы ааламга тарап, акырында Ата-Бейитке атасынын жанына кете берген Чыңгыз Айтматов жылы! Мына ушунун негизинде "Атанын уулу" академик Ильгиз Төрөкулович Айтматов атасы жана агасы жөнүндөгү эсте калган эскерүүлөрү менен бөлүшөт.

Баёо кыял балалык күндөрүнөн...
Атабыз Төрөкул Айтматов билимдүү, учурунда партиялык, мамлекеттик кызматтарда иштеп, өзгөчө өлкөбүздүн түштүгүндө жүрүп аткан жер-суу реформасын уюштурууга чоң салым кошкон. Ошол кезде өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда да колхоздоштуруу уюшулуп жаткан учур экен да. Өлкөдө болуп аткан өзгөрүү, жаңы турмуш жөнүндө анча түшүнүктөрү жок карапайым, жөнөкөй калкка түшүндүрүп, алар менен аралаша жүрүп, жаш экенине карабай көптөгөн жоопкерчиликтүү иштерди жүргүзө алган. Эсимде, бир күнү биз турган үйгө кичинекей бала кайыр сурап келип калды. Курсагы ач да. Анын: - Мамочка, мамочка! Курсак пропал!-деп апама айткан сөздөрү унутулбайт. Ошондо атам, апам менин же Чыңгыздын колуна нан, тамак-аш карматып "бергиле, бала ачка калбасын" дешчү. Мунун өзү бизди кичинебизден боорукер болууга, адамдарга жардам көрсөтүп, жардам берүүгө тарбиялаганы да.
Кийин атам Москвадагы Кызыл профессорлук институтуна угуучу катары окууга жөнөтүлүп, биз да атамдан кийин барып, чогуу жашадык. Мына атам жөнүндө жакшы эскерүүлөрүм ошол жылдарга таандык. Бул 35-37-жылдар эле. Биз жашаган үйдүн жанында гезит-журнал саткан күркө бар эле, мен барып алып келчүмүн. Өзүм да окуганды эрте үйрөндүм.
Ата-энебиз бизди тарбиялоодо жер шарында эмне болуп жатканынан кабар берип, айтып, окуп беришээр эле. Ошондой эле биз жашаган үйгө жакын кино актёрлор үйү орун алган. Бизди ээрчитип алышып киного көп барчубуз. Бул фильмдерди көрүп өскөнүбүз биздин адам катары калыптануубузга чоң таасирин тийгизди. "Капитан Гранттын балдары" деген батыш жазуучуларынын чыгармасынын негизинде коюлган бул фильмдеги ырлар: "Над страною гремела гроза, Я на подвиг тебя проважала. Но слезы сдержала, и сухими были глаза"-деген ыр саптары али күнчө эсимде калыптыр. Мындай ырларды радиодон да угуп, аскер оюндарын ойноп чоңойдук. Балким ушунун баары Чыңгыздын чыгармачыл адам болуусуна таасирин тийгизген чыгаар.
Анан да жайкы каникул учурларында Москва шаарынын четиндеги кыштактарга поезд менен барып, ата-энебиз бизди эс алдырып келишчү. Биз ал кыштактын жаш балдары менен аралашып ойноп, токойлорун кыдырып, жаратылыш менен жакындан тааныш болгонубуз да Чыңгыздын чыгармаларында байкалып атпайбы. Биз шаарда ак нан жеп жүрүп, кыштакта болсо ак нан жок, элдин баары кара нан жешет экен. Ошондо атам "Силер да булар менен аралашып чогуу жашап жүргөн соң, булар жегендей нан жегиле" деп айтаар эле. Бул да тарбия да. Бөлүнбөй, жөнөкөй эл менен аралаша жашай билүүгө үйрөткөн чоң тарбия!
Ата-энеме дагы бир баа бергеним, балдарына ат коюуда да чоң маани беришкен экен. Анткени өзүмдүн атым Ильгиз-бул татарча. Балким апамдын сунушу менен коюшкан чыгаар. Кыргызча алганда Элгез-эл менен аралашып, эл арасында жүрсүн деген маани экен да. Ал эми карындашым Люция төрөлгөндө уул-кыз эгиз төрөлгөн экен... Уул балага Рева-деген ат берип, кызга - Люция, бириктире келгенде "Революция" болуп атпайбы. Ал эми кичүү карындашым Розанын аты, ошол жылдары Испанияда граждандык согуш жүрүп, испан элинин көрүнүктүү, республикачыл, патриот Розетта деген кызынын атынан коюлган. Анти коммунисттик же анти социалисттик идеялар менен жашаган адам болсо мындай аттарды маани берип, балдарына койбойт эле го! Өзү да үйгө дайыма толтура Маркстын, Лениндин ВКП (б)нын тарыхы деген китептерин көтөрүп келип окуур эле. Мына ушул тынч, жакшынакай жашообуз 37-жылы август айында бузулуп, биз Кыргызстанга жөнөдүк. Апам менен төрт баласын Казань вокзалына узатып келип, поездге салып атам сыртта жалгыз кол булгалап калганы эсимде. Экинчи атамды көрбөй калам деген такыр ой жок менде, баягы жайкы каникулдагы поезд менен шаар четиндеги кыштактарга баргандай, Кыргызстанга да убактылуу барып кайра келебиз деп ойлоп жүрбөйүмбү! Атам жалгыз калган... Көрсө атам өзүнө карата козголуп аткан иштерден кабары болуп, бирок өзүнүн ак, күнөөсүз экенин билип, өзү калып, бизди гана ойлоп, бизге кам көрүп, туугандарыбызга Шекерге жөнөтүп ийген турбайбы! Чынчылдыгын карачы!

"Ак жерден караланган туугандарым"
Чыңгыз экөөбүздүн колдорубузда бирден чемодан, анан бир түйүнчөк. Болгон байлыгыбыз ушул. Апамдын колунда алты айлык карындашым Роза, анан Люция. Түн оокумда Маймак станциясына келип түштүк... Анан туугандарыбыз араба менен Шекерге алып кетишти. Алгач Алымкул деген акебиздин үйүнө келип түшүп, ал бизди карап, багып жүрүп бирок көп өтпөй эле аны алып кетишип, камалып кетти. Ага удаалаш эле Өзүбек деген акебиз да камалды. Бизди болсо атамдын бир тууган карындашы Карагыз апа менен Досаалы жездебиз үйүнө көчүрүп алып кетишти. Эки бөлмөдөн турган чакан үйүнүн чоңураагын бизге бошотуп берип, кичинесинде өздөрү жашап турушту. Ал адамдардын бизге жасаган жакшылыктарын унутууга мүмкүн эмес! Менин эсимде жакшы элестер менен сакталып калган дагы бир адам-атамдын кичүү иниси акем Рыскулбек эле. Бизге каралашып, багып, биз менен ойноп, тыяк-быякка алып барып, биз аны аябай жакшы көрчүбүз. Бир күнү эртең менен ойгонсом эле апам менен Карагыз апабыз экөө ыйлап олтурушуптур. Көрсө, түн ичинде милициядан келишип алып кетишкен экен. Биз аны ошол бойдон көргөн жокпуз. "Эл душманынын тууганы" деп караланып атат да жөн жерден. Кийин- кийин билсем Монголияга айдап жиберишкен экен. Ошондо бир кат жибериптир, акыбалынын өтө оор экенин, ачка экендерин жазып, мүмкүнчүлүк болсо бир пуд ун же буудай берип жиберсеңер балким дагы бир жылдай жашап калаармын дегендей мааниде экен ал каты. Аябай кыйынчылык көргөн экен. Ошол камалып кеткен боюнча туугандарыбыз кайткан жок. Балким согуш башталып калып согушка алып кетиштиби...

"Мектеп дубалында Чыңгыз экөөбүздүн сүрөтүбүз илинип турчу"
Биз болсо Шекерде жашап, окуп жүрдүк. Москвадан эки классты бүтүп келген Чыңгыз 3-класска окуп, мени болсо апам сүйлөшүп 1-класска окутуп койду. Бирок, катталбай эле жөн гана окуп жүрдүм. Анткени ал кезде мен болгону алты жаштамын, мектепке алганга эрте эле. Жаңы курулган айылдын сырт жагында жайгашкан чакан жакшы мектеп бар эле. Официалдуу каттоодон өтпөсөм да жакшы окудум.
Кийинки жылы апам бизди багыш үчүн иштеш керек деп райондун борбору Кировкага барып, райкомдон жумуш сураган экен. Колумда төрт балам бар, багышым керек, ылайыктуу жумуш болсо деп айтса, "Эл душманынын" аялы дегендей мамиле жасап, "балдарыңды балдар үйүнө өткөрүп бер да, өзүң каалаган жагыңа кете бер"-деген экен. Андан чыгып Райисполкомго келет. Ал жерден да оң жооп ала албай, бирок ошол жерден улуту башка бир адам токтотуп калат. Көрсө ал "комитет по заготовкамдын" начальнигинин орун басары экен. "Учётчик керек" деп жумушка чакырып, жашаганга үй берет. Биз ошентип Кировкада да окуп, жашап калдык. Апам учурунда гимназияда окуп билим алып, иштеп жүргөн аял болгон да. Ошентип иштеп, жети сотых бөлүнгөн жери, туугандарыбыздын жардамы менен бизди багып кетти. Мен болсо 39-жылы кайра 1-класска кирип, окуп калдым. Таң калыштуу нерсе, административдик кызматтарда иштеген адамдар бизге "мобул контрдун баласы" деп мамиле жасашканы менен жөнөкөй эл, анын ичинде мектеп мугалимдери аябай жакшы көрүшүп, жакшы мамиле жасашаар эле. "Отличниктердин" сүрөтү илинген мектеп дубалында Чыңгыз экөөбүздүн да сүрөтүбүз илинип турчу. Бала кезде болбой койбойт да, кичинекей экенине карабай бейбаштык кылып, тамеки чеккен балдарга мугалимдер Чыңгызды баш-көз кылып "Чыңгыз сен айт, жакшы окугула, тартиптүү болгула де" деп кадимкидей ишеним көрсөтүшчү. Ушул жылы Чыңгыздын алгачкы чакан чек арачы жөнүндө чыгармасы жазылган,. Ошол кезде Никита Карацупа деген чек арачы Советтер Союзунун баатыры болгон, жасаган эрдиги үчүн ал жөнүндө радиолордон уктурулуп, гезиттерге жазылган. Мына ошонун негизинде анан Чыңгыз башкача окуяны сүрөттөп, көркөмдөп, биринчи чыгармасын жазып, мектептен башталгыч класстар арасында окулуп, айтылып калган. Бирок анысы басылып чыккан жок.
Бул 39-жылы дагы бир айта кетүүчү нерсе, апам атамдан кабар болбогон соң улам-улам жогору жакка кат жөнөтсө "Күйөөңүз 10 жылга соттолгон. Кат жазышууга укугу жок, алыскы лагерлерге айдалган" деген маанидеги жооп алган. А чындыгында атам биз Москвадан кеткенде 1937-жылы декабрда камакка алынып, Фрунзедеги түрмөдө кармалып, 1938-жылы 5-ноябрда эле атууга өкүм чыккан экен да. Аны болсо туугандарынан, үй-бүлөсүнөн жашырып коюп атышат.1957-жылы кайра-кайра кат жазып, кайтыш болгон деген жооп алганбыз. Бирок кайсы жылы, кай жерде, кандай абалда кайтыш болгондугунан эч кабарыбыз болгон эмес. 1991-жылы гана билип олтурабыз.

"Апамдын бир айлыгы бир бөлкө нанга жетчү"
Балалык күндөрүбүз согуш учуруна да туш келип калды. 41-жылы август айында биз жашаган короодон 12-15 жаштардын ортосундагы жети бала жоголуп кетти. Алардын арасында Чыңгыз да бар эле. Ата-энелер аябай издешип, ар кимден сураштырып атышты. Короодогу ал балдардан 9-10 жаштардагы үчөөбүз: мен, Керээзбек, Шурка Новиков эле калыптырбыз. Алардын каякка кеткенин биз да билбейбиз. Анан ал балдарды Жамбулдан вокзалдан алып келишкен. Көрсө алар "бизди да аскерлер менен чогуу согушка алып кеткиле, биз да эл-жерибиз үчүн согушабыз", -деп барышкан турбайбы. Жашсыңар, болбойт дешкендерине карабай көшөрүшүптүр. Алар үйгө келишкенде үчөөбүз аларга таарынып жүрдүк "бизди да ала кетпейсиңерби" деп. Анда алар "Силер эмес бизди албай жатышса, кичинекейсиңер" дешкендери эсимде. Патриоттук духта тарбияланган балдар болуп атпайбызбы.
Согуш жылдарындагы тамак-аш тартыш, оор жашоо биздин үйдө да болду, анткени апамдын алган бир айлык айлыгы бир бөлкө нанга жеткидей эле болчу экен. Анан апама Жийде колхозуна бухгалтер болуп бер дешкенинен макул болуп, Жийдеде жашап калдык. Бирок мен бир чабандын бош турган үйүндө жатып окуп, 4-классты Кировкадан бүтүрдүм. 12 жашымдан баштап Жийде айылында кат таратып, почточу болуп иштедим. Согуш бүткөндө 14 жашымда согуш учурунда көрсөткөн көрүнүктүү эмгеги үчүн деп медаль беришкен. 42- жылы болсо Чыңгыз Шекерге кетип, сельсоветтин секретары болуп 14 жашар бала кезинен иштеп жүрбөдүбү. Кичинекейинде чоң энебиздин жомоктору менен Шекерде өсүп, кийин да балалыгы, өспүрүм курак күндөрү Шекер менен байланыштуу болгон Чыңгызга Шекер ыйык жер эле! Бизди чачыратпай, үй-бүлө катары сакталып калуубузга апамдын эмгеги баа жеткис болсо, Чыңгыздын да салымы чоң болгон. Апамдын колунда, бир туугандарым менен жакшы тарбия алып, 49-жылы мектепти 10 - классты аяктагам. Өзүмдүн жаратылышка жакын болуп чоңойгонум түрткү болдубу, Москвадагы геологиялык-чалгындоо институтуна Фрунзеден экзамен тапшырып өтүп, турмуштук чоң жолго түшкөм. Ыраазы болгонум, бир туугандарым аты чыккан илим-билимдүү болушту, жолдошум Розалия Жаманкуловна да геолог, профессор, КРУИАнын мүчө корреспонденти, уул-кыздарым да жакшы билим алып чоңоюшту. Неберелерим кубандырып турат.

М. Молдобекова








??.??