presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Билгениң оң

Жакшы көргөн тамагыңыз сиздин ким экениңизди аныктайт
Жер жемиштерди жакшы көргөндөр аябагандай кыраакы жана адамдардын сөзүн кунт коюп укканды жакшы билишет. Атаандашканды жаман көрүшөт. Карьера тургузууга көп деле умтулушпайт. Тубаса талантынын негизинде көп ийгиликтерге жетишкени менен көп жерден калп айтып оор кырдаалдардан чыгууга эптүү болушат.

Жашылчаларды же болбосо жашылчалардан жасалган тамакты жакшы көргөндөрдүн энергиясы ашып-ташыгандар. Көп учурда чынчыл келишет, кылган аракети айланадагылардын көз жаздымында эч качан калбайт. Меймандос, уруш-талаштан четтеп жүргүлөрү келет. Өзүнүн ден соолугуна кылдаттык менен кам көрүшөт.

Эттен жасалган тамакты жактыргандар темпераменттүү, көп жерден ийгиликке жетише алышат. Бирок алдыдагы иштерин пландашпай шашмалыкка алдырышат. Сүйүүгө анча деле туруктуу келишпейт. Мындай тамакты жакшы көргөндөр көбүнчө ичеги ооруларынан көп жабыркашат экен.

Балыктан жасалган тамактарга басым жасагандар табиятынан токтоо, көтөрүмдүү жандар. Чыдамкайлыгынын аркасы менен досторунун арасында чоң кадыр-баркка ээ болушат. Үй-бүлөдө ишенимдүү жар болуп саналышат. Буларга бир аз ачык-айрымдуулук жетишпейт. Адамдарга болгон ыраазычылыгы менен нааразычылыгын айта албай ичине сактап жүрүп өз ден соолугуна зыянды көп келтирип алышат.

Ачуу, курч тамактарды жакшы көргөндөр жашоодо ар кандай окуяларга туш болгонду жактырып, кыйынчылыктарга көтөрүмдүү келишет. Сүйүү жаатында эрдиктерди жасап, оозго алынууну көздөшөт. Булардын жалгыз кемчилдиги өзүмчүл болушат. Беттегенин бирөөнө эч убакта беришпейт.

Майлуу тамакты сүйүүчүлөр жалгыздыктан жабыркап, жашоодо таяныч издөө менен алек болушкандар. Бетке чабар ачык мүнөзүнүн кесепетинен көпчүлүк жакын адамдарын таарынтып алышат. Жумуш жаатында карьерасында өтө жай көтөрүлүшөт.




Пайдалуу кеңештер
Организмге зыяндуу азыктар
Дээрлик баарыбыз колдонуп жүргөн кээ бир азыктардын организмге канчалык зыян экенине маани бербей келебиз. Алар төмөнкүлөр: сагыз аралашкан таттуу конфеттер, чупа-чупстар, чипсилер. Аларга шекердин көп өлчөмдө кошулганынан тышкары химиялык кошулмалар да бар. Албетте мунун баары ден соолукка чоң зыян алып келет. Таттуу суусундуктар (фанта, кока-кола) ичкен сайын ичкиңди келтирип, ошол эле учурда организмге чоң залакасын тийгизет.
Майонез ден соолукка көп коркунуч келтирбегени менен каллориясы, углевод жана май бул азыкта өтө көп. Колбасалардын да пайдасынан зыяны көп экен. Ал эми тамактын даамын чыгарган туз адамдын кан басымын түшүрөт. Эгерде тузсуз тамак ичүүгө мойнуңуз жар бербесе, туздалган тамактарга көп басым жасабаганга үйрөнүңүз. Ичимдиктин канчалык деңгээлде зыян экенин айтпасак да белгилүү. Боор, бөйрөк, жүрөктүн душманы-дал ушул спирт ичимдиктери болуп саналат.

Эске тутууну кантип жакшыртса болот?
Адам уктап жатканда анын мээси да кошо эс алат. Кичинекей балдар көп уктагандыктан алардын акылы дайым таза, эске тутуусу жакшы экен. Чоң адамдарга бир күндө 8 саат уктаган туура болот. Ал эми адамдын эске тутуусу анын тамактануусуна да көз каранды. Глюкоза - мээге энергия бергендиктен колдон келишинче глюкозанын кошулмасы бар азыктарга басым жасоо керек. Ал эми эске тутуу жакшы болуу үчүн бир күндө 2 литр суу ичип туруу керек деген туура эмес.
Мээге күнүгө төмөндөгүдөй көнүгүү жасап турса болот. Башыңыздан өткөргөн жагымдуу окуялардын эң майда-чүйдөлөрүнө чейин эстегенге аракет жасаңыз, колдон келсе даталарга басым жасоо керек. Эски жазууларды, китеп-журнал, гезиттерди жоготпоо керек. Ал эми күнүгө эртең менен үйдөн чыгаарда кайда, эмне жумуш менен бара жатканыңызды ичиңизден бир нече жолу кайталап, өзүңүздөн-өзүңүз үтүктү, светти, газды өчүрдүмбү деген суроону бергенди үйрөнүңүз.

Жагымсыз жыттан арылуунун жолдору
Балык жана сарымсактын жагымсыз жытын колуңуздан кетирүү үчүн алгач кадимки туз менен жакшылап сүртүп андан соң гана самындап жууганга болот. Ал эми оозго сиңген сарымсактын жытынан арылганга петрушка жардам берет. Бир нече мүнөт гана чайкоо керек. Бөлмөнүн ичине тараган тамекинин жытын кетирүүгө терезени ачуу аздык кылат. Эки-үч сүлгүнү суулап ар кайсы жерге коюп койсоңуз жыт бат тарайт. Анткени сууланган сүлгү чылымдын жытын бат сиңирип алат. Мындан тышкары дал ушул жагымсыз жытты кетириш үчүн бөлмөгө эки-үч шам жагып койсоңуз да болот. Ашканага тараган жагымсыз жыттан арылгыңыз келсе, плитага жөнөкөй эле мискейге суу менен уксус кошуп кайнатуу керектелет. Капкагын ачык койсоңуз буу менен кошо жыт жоголот. Сүт ташыган жерге кургак тузду сээп туруп, үстүнөн кагазды суулап жаап койсоңуз жыты бат кетет.

Тынч уйкуга умтулуңуз
Адам тынч, жакшы уктаганда кеч картайып, ден соолугу чың болот. Бирок ар бирибиз эле тынч уктай албайбыз. Мындай учурда уйкунун дарысын ичип өзүңүздү алдоого такыр болбойт. Андан көрө жатаар алдында таза абага 30 мүнөт сейилдеп, чөп-чардын кайнатмасы кошулган ваннага түшкөн пайдалуу. Ромашканын тундурмасынан 200 грамм ичип койсоңуз жакшы жыйынтык берет. Ал эми эртең менен саат чыңгыраганда дароо чочуп ойгонмой адатыңыздан арылыңыз, анткени психологияга зыян.









??.??