Күлкү жана тамаша

Ассалом-алейкум айран!
Ээ, ботом! Сен кайдан?
Илгерки бир күндөрдө айтылуу акын Абдыкалык Чоробаев жайлоодо бээ байлатып коюп эс алып жүргөн экен. Бир күнү боз үйдүн эшигинин алдында турса эки жигит ат минип бара жатат. Байкабай калышкан окшобойбу салам беришпептир. Абдыкалык акебиз күңкүлдөп коё берет: "Ай ушул азыркы замандын балдары! Саламга да жарашпайт",-деп. Уялып калган балдар аттан түшүп салам беришет.
Ошондо бакылдап жаткан үй ээси кыйкырат: "О, кемпир, балдарга кымыз алып чык!"-деп. Кемпири жооп берет: "Кымыз жок эле, чал!"-деп.
- Айран болсо да алып чык!
Кемпир-чалдын бир топ узакка созулган кырааттуу кыйкырык менен коштолгон диалогунан кийин айран көтөрүп кемпири чыгат. Анысы көк сүткө уюткан айран экен. Ага да суу кошуп коюптур. Аны бир жигит алып туруп тартып жиберет. Экинчиси бир ууртап туруп айткан экен:
Ассалом-алейкум айран!
Ээ,ботом! Сен кайдан?
Актыгың эле болбосо,
Айланып кет карандай чайдан!
Абдыкалык акебиздин шаштысы кетет. Өзүн Тоголок Молдо менен да айтышкан акын катары сезип, акындын акынымын деп жүргөндө 19-20 жаштагы мадыра баш ушинтип сөзгө жыгат деген укмуш да. Кайталап айтчы деп сурайт. Тиги жигит кайталап берет.
- Кимдин баласы болосуң?
- Алыбайдын
- Атың ким?
- Мидин.
- Ээ балам, сөзгө жыгылдым. Кечинде келип, бир козу жеп кет,-деген экен Абдыкалык Чоробаев.




Шах-мат...
Эки бука тоорушканда...
Айрым шахматчылар шахмат ойногондо бирин-бири кекетип-мокотуп: "Мен минтип жиберем, антип жиберем" дей беришет. Токтогулдун Караган Жайык деген тоосунда эки интеллигент жигит шахмат ойноп жатышып алар да ушинтип бирин-бири опузалап жатышса, аларды карап турган Байжан Жумаев айтат дейт:
- Бир кара бука уу-уу-уу деп өкүрүп жер чапчып атыптыр. Ага бир кунаажын жакындап келип: Ой сен эмне мынча өкүрүп атасың?-деп сураптыр.
- Тээтиги кырдагы кызыл буканы көрдүңбү?
- Ии көрдүм,-дейт кунаажын.
- Дал ошол кызыл буканы коркутуп атам.
- Анда эмнеге суюк чычып атасың?
- Бир жагынан өзүм да коркуп атам,-деп коёт дейт кара бука. Анын сыңарындай силер да бири-бириңерди коркуткан менен экөөң тең эле начарлап суюк чыча баштапсыңар,-деп Байжан судья болуптур.




Кел анда, алып ийели...
Тосттор
"Сүйүү деген эмне?" дешкен үч дос олтурушуп. Сүйүү-бул гүл!-дейт бирөөсү,-ушундай үлбүрөк, назик, сезимтал. Кокустан желаргы жүрүп кетсе күбүлүп түшүп, тез соолуп, жок болот,-дейт.
- Жок,-дейт экинчиси. - Сүйүү-бул кооз бөтөлкөдөгү сонун ичимдик! Аны өзүң каалашыңча куюп алып, аз-аздан ууртап татып, ырахаттанып көпкө чейин ичсең болот же тескерисинче шарт алып ийип, түгөнүп калдыбы деп бош бокалдын түбүн тиктеп олтуруп каласың.
- Мен макул эмесмин,-дейт үчүнчүсү ордунан туруп, колуна идишин кармап. Сүйүү-деген бул -сүйүү. Көзгө көрүнбөйт, колго кармалбайт! Күтүүсүз да күттүрүп да келет. Көз ирмелген гана убакытка келип кетиши мүмкүн, же жүрөктө түбөлүк жашап калат. Келгиле ошол сүйүүнүн керемет күчү үчүн ичели!
***
Жашоо оор болуп, үйдө тамак-аш жок, улуу уулу атасына келип:
- Ата, биздин жашоо качан оңолот. Ушинтип жетпей жүрүп эле өтүп кетебизби?-десе атасы уулуна бор карматып, - Бул күндөр да өтүп кетээр,-деп дубал бооруна жаздырып коёт. Жылдар өтүп баягы уулу бала-бакыралуу болуп, жакшы бардарчылыкта жашайт. Бир күнү анын уулу атасына келип: - Ата, бизде баары бар, үйүбүз эки кабат, тигил жаман кепе тамды эле эмне буздурбай атасың?-дейт. Анда ал уулун ээрчитип барып, баягы дубалдагы жазууну окутат. - Бул күндөр да өтүп кетээр,-деп окуйт уулу үн чыгарып. Андыктан азыр көңүлүңөр чөгүп, санаа басып турса ойлонбой "Бул күндөр да өтүп кетээр" деген ураан менен жашап ар дайым бар бололу, ошон үчүн ичели да ичели, үзүлүп кетсин ичеги.
***
Жүрөктө алгач сагыныч, күтүү жашайт. Анан алып учуп сүйүү келет. Жүрөк жашарып... Кокустан кылтыйып-ып кызганыч баш багат да сүйүүнү сүрүп чыгарат. Кызганыч орун алган жүрөк тез картаят. Келгиле, биздеги жүрөктө сүйүү гана жашап, кызганычка орун жок болсун үчүн аппак алып ийели!
***
Акча болгон жана боло да берет. Бирок азыр жок! Келгиле акчанын ар дайым: бүгүн, эртең, бүрсүгүнү болуп турушу үчүн ичели.
***
Тосттордун аралыгы канчалык алыс болсо жакшы сөздөр айтылбай өмүрүң ошончолук тез картаят дешет экен. Келгиле, тосттор биринен сала бири айтылып, өмүрүбүздүн узун болушу үчүн чөйчөктөр кагышса да өзүбүз кагышпайлы деп чөйчөктөрдү кагыштыралы!
***
Мен силерге бардык жакшылыкты өзүнө камтыган бакыт каалайм.Бакыттын "Б"сын алып- бактылуу,"А" сын алып- ардактуу, "К"сын алып-кадырлуу, "Ы"сын алып- ынтымактуу, "Т"сын алып- таалайлуу бололу.

Жерде өскөн гүл үчүн,гүлдү үзгөн кыз үчүн, кызды өпкөн жигит үчүн, асмандагы жылдыз үчүн,ааламдагы кыргыз үчүн алалы!





Анык жинди сенсиң го...
"Айтпай жүрчү "жинди суу"
деп аракты,
Арак качан "жиндимин"-
деп сага айтты?"

Ичкилик да, тамак дагы чек менен,
Ичи көбөт этти деле көп жеген.
Ашык ичип акыл-эсин жоготкон,
Анык жинди сенсиң го деп шектенем.

Калыс болгун эл тегиз...
Кайдан чыктың, эй жегич?

Өзүң жоон өгүздөй,
Өнөкөтүң жеп ичмей.
Курсагыңды кучактап,
Кулак салчы терикпей.

Ушул опкок курсакка,
Кредит кирди миң чака.
Уй, жылкы, кой дагы бар,
Урунар эле сыйпаса.

Калыс болгун эл тегиз,
Кайдан чыктың, эй жегич?
Калк көзүнө жарашпайт,
Элиң кедей, сен семиз.






Соргок ак кулак...
Сыр бербеген мал догдур
Тээ 1975-80 жылдары Нарын өрөөнүнө чарбаларды кыдырып, чабандардын жашоо шарттары менен таанышуу үчүн Бишкек шаарынан өкүлдөр барып калышат. Арасында аттын кашкасындай таанымал мал догдур Евгений Курпунов да бар экен. Чарбаларды кыдырып бүтүп бир чабандын үйүнө семиз кой союлуп, конокторду жолдоп ферма башчысы боз үйгө алып келет. Эт тартылып ортодогу ак молдо кайра-кайра куюлат. Кудай көзүңө жамандыкты көрсөтпөсүн эт жеп жатып эле баягы мал догдур көзүнөн жаш агып, уркулдап-муркулдап калат. Кыраакы башкарма көрө коюп далыдан ары муштап-муштап алат. Оозунан муштумдай эт ыргып кетет. Аны кыргызча билбейт деп ойлошкон табакташтары:
- Кудай сактады ээ, "ак кулакты" аз жерден арам өлтүрүп ала жаздадык,-дешип акырындан күлүп отурушат. Эч нерсени билмексен болуп отуруп этке тойгондон кийин орус мал догдур:
- Эч нерсе эмес, жолдоштор. Солтон-Сарыдан мындан да сонун какагамын. Анда да башкарма муштаганга үлгүрүп калып, Кудай чоң сактаган,-деп таза кыргызча сүйлөп, тигилерди тамак эмес таш жегендей кылыптыр.
Абды Куймакулак









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan