Обонтөр

Күйөрмандарын Ким канчалык деңгээлде сыйлайт?
Жердеги жылдыздар менен күйөрмандарды жолуктуруп, баарлашууга, сүрөткө түшүп, кол тамга алганга мүмкүнчүлүк түзүп берип алтын көпүрөгө айланган гезитибиздин "Кумир менен баарлашуу" рубрикасы популярдуу болуп келет. Жыл башында сиз жактырып, барктап күткөн кумирлердин кимиси кантип күйөрмандарына жолукканы келгенине саресеп сылап көрдүк.

Эң алгачкы кумир
Ушул рубриканы бысымылда деп жеңил колу менен селкилердин сүймөнчүгү "малыш" деген кличканын ээси, коңур үндүү Ильяз Абдыразаков ачып, алгачкы кумир болгон. Ильяздын популярдуулугун ушундан байкаңыз. Редакциянын дарегине ушул күнгө чейин ырчы мырзаны баарлашууга чакыргылачы деген өтүнүчтөр мөндүрдөй жаап жатат.

Кечигип келген кумирлер
Оу, кечигип келген кумирлердин тизмесине көз салсак бир топ эле экен. Жылдыздардын чын эле убактысы тарбы же бир аз "жылдыз" оорусу менен сыркоолоп калышканбы айтор, көздөрүн жалдыратып күткөн күйөрмандарына белгиленген убакыттан бир топ эле кечигип келген жылдыздар бар. Алар Динара Акулова, ай чырайлуу Анжелика, немистерче так жүрүп тилинен чаң чыккан ди-джей, ырчы Чыңгыз Мырзаев, Караколдун кара көздүү, кара каштуу мырзасы Ильяз Андаш, сулуулугу менен суктандырган, көпчүлүк жигиттерди тамшандырган Бактыгүл Бадыева. Белгилей кетсек жогорудагы өнөр адамдарыбыз шаардын ичинде биринин үнүн бири жеген машиналардын көптүгүнөн автотыгынга туш болушуп, канчалык убагында келгенге аракет кылышса да, ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңээрин айтып, күйөрмандардын алдында өздөрүн бир аз ыңгайсыз сезип жакшы эле актанышты кечигип келген кумирлер.

Эрте келген кумирлер
Гүлшайыр эженин темирдей катуу тартиби канына сиңгенби же күйөрмандарын ушунчалык барктайбы, айталы дегенибиз "Кыз Бурак" тобунун көкүрөк күчүгү Сайкал Садыбакасованы конокко чакырганыбызда, Ошто жүргөнүнө, жердин алыстыгына карабай дароо келээрин билдирген эле. Чынында эле "эрдик кылсаң сүрө кыл" дегендей атайын күйөрмандары үчүн Ош жергесинен учуп келгенин баса белгилебесек болбойт. Өз кызматын аткарган соң Сайкал ошол эле замат кичи мекенине сапар тарткан. Ошондой эле көп эле жылдыздарды капканга түшүрүп ал жагынан жакшы эле такшалып "тажрыйба" топтогон алып баруучу Шайырбек Араповдун күйөрмандары өзүн капканга түшүргүлөрү келишкен өңдөнөт. Бул жолу өзгөчө баарлашуу болгон окшойт. Тагыраак айтканда Шайыр тескерисинче күйөрмандарын бир топ убакытка чейин күтүп отурду.
Ал эми башка кумирлердей эрте келбесе да белгиленген убакыттан кечикпей убагында так келгендер бар. Алар Темир Назаров, Асема, Урмат Усенов, Неля, Жаным Айзат, Кубаныч Сатаев, Султан, Кайрат, Алихан жана башкалар.

Күттүрүп келген кумирлер
Аяш атасынын кызына ашык болгон арген үндүү ырчы жигит Замир Арыкбаев күттүрүп, кайра-кайра чакыртып жатып 2 жума дегенде араң келди го, чиркин. Күйөрмандарынын зарыгып күтүп отургандарын көрүп бери жактан биз жаман болдук. Ал эми сакадай бою сары алтын куудул Борончу белгиленген күндөн туура бир күн кечигип келди. Анткени тамадалык кызматын аркалап Нарындан келе албай калган экен.

Келбей койгон кумир
Көлөкөдө өскөн ырчы Азиз Жетигенов таптакыр эле келүүдөн баш тартты. Айтор, окурман ушундан улам ырчылардын күйөрмандарына кандай мамиле жасашаары алаканга салгандай эле көрүнүп калат тура.

А. Дүйшөналиева




  Жаңы ысым

Урматтуу окурман!
Бүгүндөн тартып жаңыдан чыгып келаткан жаш таланттарга колдоо көрсөтүү максатында "Жаңы ысым" аттуу "сип-свежий" рубрика ачтык. Андыктан үнүн угуп, чыгармасын жактырып өзүн көрүүгө ашыгып жүргөн болсоңуз аталган рубрика сиз үчүн кызмат кылат. Байланыш үчүн телефон: (0312)449821

Талпына бер жаш талант!
Бүгүн биз жакындан бери жагымдуу үнү, жылдыздуу жүзү менен жаш ырчылардын катарына кошулган ырчы кызыбыз Наристени тааныштыра кетмекчибиз. Репертуарында "Бульварым", "Ыр десте" аттуу ырлары бар.

- Наристе, чоң сахнага чыгып, ыр дүйнөсүнө аралаша баштаганыңа күбө болуп атабыз. Ырчылык жолду өзүң тандадыңбы, же?..
- Кичинекей кезимден эле ыр-бийге жакын болуп, мектепте окуп жүргөн учурумда кароо-сынактарга көп катыштым. Анан албетте Гүлнур эжемдин (Сатылганова-М.М.) ырлары менен чоңойдум. Алла Пугачева эжем үчүн мектеп болсо, менин мектебим Гүлнур эжем болуп калды. 9-классты бүтүп, М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырып, комуз бөлүмүн аяктадым. Азыр музыкалык билимимди жогорулатып Улуттук Консерваторияда 3-курстун студентимин.
- Ырчы болом дегениңди ата-энең кандай кабыл алышты?
- Ыраазымын, ата-энем колдошту. Анткени мен айтып өткөндөй кичинемден эле ырдап, Индиянын кинолорунун таасири менен бийлеп жүрсөм "бул ырчы болот, ай" деп калышчу. Эми "Эжеңдей болуп жолун жолдо" деп атышат.
- Гүлнур эже сага кандай кеңеш берет?
- Өзү тарбиялап, жакшы сөздөрүн айтып келет. Ырдаганга жеңил мамиле жасабай бир ырдын үстүндө көп эмгектенип, жакшылап иштеп, сөзүнө, музыкасына да абдан көңүл бөлүү керектигин үйрөнүп, жаңы ырларды буюрса даярдап жатам.
- Анда ийгилик сага! Көптөгөн күйөрмандары бар чоң талант болушуңа тилектешпиз.
- Учурдан пайдаланып мен да ага туугандарым, ата-энем, Гүлнур эжемдерди, дос-тааныштарымды жаңырган жаңы жылы менен куттуктай кетейин. Баарына жакшылык каалайм.
М. Молдобекова




Күндөлүк
Биз буга чейин "Күндөлүк" рубрикасында сахна жылдыздарынын эң алгачкы окуяларын даталары менен азил-чыны аралаш сиздерге тартуулап келгенбиз.
Аталган рубрика сиздердин суроолор боюнча кирип келген уй жылында да өз кызматын аткара бермекчи. Демек, жылдын башталышында жүрөгү кыргыз деп соккон патриот ырчы Кубаныч Сатаевди төрүбүзгө өткөрмөкчүбүз.

Кыздарча тырмагын боёгон
Кубаныч
1981-жылы 24-ноябрда Талас облусунун Боотерек айылында төрөлгөн.
1 жашында "ата" деп тили чыккан. Жаны тынбаган тентек Кубанычты ата-энеси бала бакчага алып барган эмес.
3,5 жашында автобустун астына кирип кетип, аман-эсен калган. Ага деле болбой бир топ ээн баштык кылып апасынан уруш менен токмокту жетишээрлик алган экен.
5 жашында айылдагы эжелери тамашалап ойнойбуз деп тамеки тарттырып көрүшкөн. Аны билбеген болочоктогу ырчы жөтөлүп, түтүнгө ышталган. Кызыгы эжелери да тентек окшобойбу, Кубанычтын тырмактарын кыпкызыл лак менен боёп, анын айынан байкесинен тил уккан.
6,5 жашында Наматбек орто мектебине барып тентек окуучулардын катарына кошулат.
5-классына чейин чүкө, жашынмак оюндарын моокуму канганча ойноп, автомат, мылтык оюнчуктарын колунан түшүрбөй аскер кызматкери болгон. Атасы боорукер, баласаак болгондуктан бир да жолу Кубанычка катуу сөз айткан эмес. Болгону "ээ балам токтолсоң боло" деп айтып койчу экен.
11 жашынан баштап токтоло баштайт.
11-классты бүтүргөнчө химия менен математика сабактарын жек көрүп, айласы жок гана сабактарды окуса, дене тарбия жана тарых сабактарын эки көзүн төрт кылып күтүп, жакшы көрүп катышкан.
7-классында сүйүү сезимдери ойгонуп, балалык сүйүүсүнө жолугат.
9-классында 1-жолу отурушка барып, винону оозуна алган. Бирок, таптакыр мас болбой койгон.
15 жашында алгач ирет рулга олтуруп байкесинин "Москвич" машинасына досторун олтургузуп, айылды кыдырып айдаган.
11-классында мектеп бүтүрүүчүсү аталып кыздардын көз жоосун алган "Красавчик Кубаныч" одеколон, бет кремин колдоно баштаган. Азыркы күндө да бул буюмдар ырчынын эң сүйүктүү каражаттары болуп саналат экен.
1994-жылы 7-классында цирк имаратында атасын эскерүү кечесинде алгач ирет "Энекем" аттуу атасынын ырын аткарган.
2006-жылы август айында "Түштүк кызы" ырына клип тарттырып 2007-ж КТРдин концерттик студиясында тушоо кесүү концерттин берген.
2008-жылы "Эстедим" аттуу экинчи жеке концерттин тартуулаган.
Эсинде калган белеги белгилүү модельер Ольга Ирхинадан алган жашыл түстөгү кыргыздын улуттук кийими экенин айтып берди.
1997-жылы Манас ордо комплексинде өткөн сынактан эң мыкты орун алып, алгачкы сыйлыгын жууганы эсинен кетпейт экен.
1-жолку гастролунда РАФ машинасы менен Караколдун так ортосундагы жол чырактан өчүп калып, достору менен РАФты түртүп аябай жүдөшкөн. Узакка созулган машина түртүү көнүгүүсүнөн улам элдер чогулуп, Кубанычты таанып күлүшкөн. Ошондо биринчи жолу ыңгайсыз абалда калдым дейт-Кубаныч.
2008-жылы февраль айында Москвалык кыргыздарга белек катары "Кыргыз жери" деген аталыштагы ыр жыйнагын тартууласа, май айында "Эстедим" атту жыйнагын чыгарган.
2008-жылы 7-октябрда бойдокчулукка биротоло чекит коюп, өмүрлүк жарын Таласты көздөй алып кетет. 8-октябрда Боотерек айылына дүңгүрөтүп той берип, апасын келиндүү кылган.
Келинчеги Кундузду-жаным, алтыным, өпкө жүрөгүм деп эркелетет экен. Бала кезинен жакшы көрүп жасаган тамагы куурулган картошка болгондуктан, өзү үйдө жалгыз болгондо картошканын мазесин чыгара кууруп калам дейт.
Ушул күнгө чейин үч жолу автомашина алмаштырса, 2005-жылы алгачкы уюлдук телефонуна ээ болот. Төрт жылдын ичинде төрт телефон жоготуптур.
2008-жылы март айында обончу жана аткаруучу катары Кыргыз патентинен биринчи жолу 3000 сом гонорар алган. Обонунун акчасын кайрадан жаңы обон жаздырууга жумшаганын жылмаюу менен айтып берди. Кантсе да маңдай акы менен табылган эмгек жугумдуу болоору белгилүү эмеспи.
Быйылкы 2009-жаңы жылда ырчыбыз бир тууган, кайын журтун куттуктап, эл катары үй-бүлөсү менен бирге тосту. 1-январда жубайы менен "Тогуз Булак" лыжа тебүүчү эс алуу борборунда аппак карга оролуп, ак тилек, мыкты пландары менен тосконун билдирди. Демек, жаңы жылды жаңы үй-бүлөсү менен тосуп, бактылуу көз ирмемдерди өткөрүп жаткан ырчыбызга ушул жыл наристе тартууласын деп тилек кылалы.

Даярдаган Акыл Карачач









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan