Кумир менен баарлашуу

Сапар Сопубеков:
"Сонямдын балдарын артисттерге таратып бердим"
Жыл тогошоор алдында чычкан жылын жыйынтыктап "Кумир менен баарлашуу" аттуу рубриканын босогосун ырчы Сапар Сопубеков аттап, күйөрмандары менен жолугушту. "Сүйүктүү ырчым менен жолуктуруп койгулачы" деп суранган смс ээлери алыста болуп калдыбы же жолдун тайгактыгынан коркуштубу айтор, чакырылган күйөрмандардын көпчүлүгү белгиленген күнү келе алышкан жок. "Мен үчүн бир күйөрмандын пикири да кымбат" деген ураанды туу туткан Сапар мырза келген конокторду жылуу маанай менен тосуп алып кенен убакытта баарлашты.

Жанара
- Сапар байке, сиз өзүңүздү толук кандуу ырчымын деп айталасызбы?
- Толук кандуу ырчы дегенди чыгармачылык бийиктикти багынтуу деп ойлойм. Ал бийиктикке чыгуу оңой-олтоң иш эмес. 30-40 жыл эмгек кылган "Мен" деген чыгармачыл адамдар да антип айтуудан жалтанат. Ал үчүн мен дагы далай-далай белестерди ашып, көптөгөн көпүрөлөрдөн өтүшүм керек. Азырынча мен толук кандуу ырчымын деп төш каккылагандан алысмын.
- Биз билгенден сиз Айчүрөк Иманалиева менен сахнага чыктыңыз эле. Азыр иштешпей калдыңызбы?
- Иштешип эле атам. Айчүрөк эженин кеп-кеңеши, жардамы керек болгондо кайрылам, эже мага колунан келген көмөгүн көрсөтүп, колдоп турат.
- Чыгармачылыктан башка дагы жумушуңуз барбы?
- Азыр "радио 31" деген Казакстандын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүндө жаңылыктар бөлүмүндө иштейм.
- Жигиттик милдетиңизди аткарып аскерге бардыңыз беле?
- Чынын айтсам, аскерге барып кызмат өтөгөн жокмун. Бирок, чыгармачылыкка келгенден кийин Коргоо министрлиги менен Улуттук биринчи канал тарабынан уюштурулган "Жоокер жылдызы" теледолбооруна катышып, аз да болсо аскердик жашоону көрүп, ошол жерден "Эң мыкты жоокер" деген мактоо баракчасына ээ болдум.

Анара
- Ар бир эле адам жылдын аягында өзүнө-өзү отчёт берет эмеспи. Сиз өткөн чычкан жылында кандай ийгиликтерге жетишип, кандай тилектериңиз орундалбай калды?
- Абдан жакшы суроо. Мен үчүн өткөн жыл жемиштүү жылдардан болду. Айта кетсем, жылдын башында Назми экөөбүз Кытай жергесине атайын чакыруу менен барып гастролдоп келдик. Ал эми жылдын аягында көптөн бери максат кылып, пландаган отчёттук концертибизди ийгиликтүү өткөрүп алдык. Эң эле кубанычтуусу маданият министрлиги тарабынан "Жылдын мыкты кызматкери" деген медалдын ээси болдум. Чыгармачыл адамдар үчүн мындай көңүл буруп, колдоп-коштоолор чоң стимул болот.
- Өзүңүз ыр жазып, обон саласызбы?
- Жок, ыр да, обон да жазбайм. Белгилүү композиторлор, акындар менен иштешем. Көбүнчө Жыпара Исабаева, Сейит Жээнбаев деген акындардын калемине таандык ырларды аткарып жүрөм. Анан да элдик ырларды кайрадан жаңыртып иштеп чыкканга аракет кылам.
- Элдик ыр демекчи, азыркы жаш ырчылар эски ырларды жаңыртып артык кылабыз деп тыртык кылып алып жатышат. Назми менен Сапар да Атай Огомбаевдин "Эсимде" деген чыгармасын таптакыр бузуп салышыптыр деп улуу муундардан угуп калам. Сиз буга эмне дейсиз?
- Мындай пикирди биринчи жолу сизден угуп жатам. Бизге чейин бул ырды "Элес" тобу майын чыгара ырдап келген. Билбейм, тескерисинче аталган дуэтибиз ырларыбыздын эң алдыңкысы, дуэттердин "хити" болуп келатпайбы. Эми ар кимдин табити, көз карашы ар кандай да.
- Эстрада ырчысы болуу бала кезден көксөгөн максатыңызбы же...
- Бала чагымда ырчы болом деп ойлогон эмесмин. Негизи Самара Токтакуновадай комузчу болсом деген тилегим бар болчу. Максатым орундалып кичинекей кезимден эле колго комуз алып, комузду жакшы өздөштүрдүм. Бирок, тилекке каршы эстрада багытына ооп кеттим. Буюрса, кайрадан жакынкы күндөрдө комуздун коштоосунда ырдап чыгайын деп турам.

Тилек
- Сиз Кытайда болуп келдим дебедиңизби. Айтсаңыз, кытайлык кыргыздар менен Кыргызстандык кыргыздардын айырмасы бар бекен?
- Кытайлык кыргыздардын кыргыз тилин нукура, таза бойдон сактап калганы жүрөгүмдү жылытты. Салыштыра турган болсок алардын маданият тармагы жакшы өнүккөн. Ал эми социалдык абалын айтканда бизден артта. Билими жагынан аксап турат. Анан да кытайлык кыргыз кыздар Кыргызстанга турмушка чыкканды каалашат экен.
- Чет өлкөгө иштөө жөнүндө сунуш түшсө барат белеңиз?
- Эмне үчүн жок. Албетте, келишимдин негизинде барып иштеп келмекмин. Чыгармачыл адамдар үчүн келишим менен иштегендин пайдасынан башка зыяны жок.
- Кантип эс аласыз?
- Телефонумду өчүрүп, караңгы бөлмөдө жалгыз жатып ойлонгонду жакшы көрөм. Же болбосо "мончого" түшүп эс алам.
- Китеп окуйсузбу?
- Жигиттик сөзүмдү айтсам китеп окуганга нервим чыдабайт.
- Өзүңүзгө кантип мүнөздөмө бересиз?
- Мен ачуусу чукулдардын катарын толуктайм. Анан да бир таарынсам көпкө чейин жазылбай койчу көк беттигим бар. Бул менин терс сапаттарым. Жакшы жагымды мактанып айтпай эле коёюн.

Наргиза
- Кыздарга белек бергенде өзүңүзгө жакканды аласызбы же кызгабы?
- Көп учурда өзүң каалаганды сатып ал деп акчалай эле берип коём.
- Сизди сүйүп сиз сүйбөй калган учур болду беле?
- Ооба. Бир кезде жоопсуз сүйүүгө кабылган бир кыргыз кызынын ыйлаган күнү да болгон. Анын көз жашын аяйын десең сүйбөгөн адам менен кантип кыз-жигит болосуң. Бирок, азырга чейин ошол селкиге жүрөгүм ооруп жүрөт.
- Жашыңыз 30дан ашып калыптыр. Качан үй-бүлө күтөйүн деп жатасыз?
- "Убакыт учкан куш" демекчи көз ачып жумганча эле 30га кирип келдим. Эми турмуш курбасам болбойт. Буюрса ушул жылы "той" жедирем го.
- Жүрөгүңүздө сизге жар болчу селки бар бекен?
- (Күлүп) Кандай десем. Мурда бар болчу. Учурда таарынышып жүрөбүз. Өмүрлүк жарым ушул кызбы же башкабы аны убакыт көрсөтөт.
- Кайсы жаныбарды жакшы көрөсүз?
- Мышыкты. Үйдө Соня деген мышыгым бар. Күндүзү менин эрмегим, кечинде мышыгым менен жатам. Жакында мышыгым мени "неберелүү" кылып бир баласын "Рахат" бий театрынын жетекчисине, дагы бирөөнү ырчы Айгүл Чаловага белек кылып Сонямдын балдарын артисттерге таратып бердим. Дагы бирөөнү Замир Мырзага дайындап багып отурам.
- Жакын адамына мышык берсе пикир келишпестиктер болот, мышыктын тилеги жаман деп айтышат го...
- Мен андай ырым-жырымдарга ишенбейм. Ким мышыктын ичине кирип жашап чыгыптыр. Эң негизгиси өзүңдүн оюң түз болсо болду.
- Кайсы жаныбардан коркосуз?
- Сөөл жанды көргөндө аябай итиркейим келет.
- Ичимдикке кандайсыз?
- Артынан кууп ичпесем да, иччү жерде ичип коём.
- Мас болгондо кантип каласыз?
- Сүйлөбөстөн уктап калам.

Ж. Калдарова

Блиц-анкета
Туулган жери - Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары
Туулган жылы - 1977-жыл
Жашоодогу урааны - "Барга көппө, жокко чөкпө"
Сүйүктүү чыгармасы - "Сынган кылыч"
Баалаган саясатчысы - Исхак Масалиев
Сүйгөн баалуу ташы - Бермет
Эңсеп жеген тамагы - Беш бармак
Ишенгени - Кудай
Кейигени - Кароосуз калган балдардын арбындыгы
Сыймыктанганы - Кыргыз болуп жаралганы.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan