Классташ

"Аида мектептин эркеси болчу"
Бала чагынан ыр дүйнөсүнө кадам шилтеп, кыргыздын үч кыл комузу менен фольклордук жанрда обон созуп келаткан жаш ырчы Аида Кулуева "Классташ" аттуу рубрикабыздын жаңырган жылдагы алгачкы коногу болуп, ырчынын окуучулук күндөрүн эскерип берүү үчүн классташы Нурлан Кадыровду кепке тарттык. Белгилей кетсек, Нурлан менен Аида борбор шаарыбыздагы №69 гимназияда чогуу окуган.

Сабактан качам деп машина сүзүп кеткенде...
- Нурлан мырза, гезитибиздин "Классташ" рубрикасынын төрүнө куш келипсиз. Айтсаңыз, сиз үчүн "Классташ" деген ким?
- Рахмат. Мен үчүн классташ деген ата-энем, бир туугандарымдан кийинки орунда турган өмүрүмдөгү алгачкы эң жакын санаалаштарым. Ойносоң оюнга, күлсөң күлкүгө тойбой турган жашоонун таттуу даамын дал ушул классташтар менен бирге татасың. Андыктан алар бир үй-бүлөдө чоңойгон бир туугандай болгон унутулгус адамдар. Азыр да классташтарымды ойлоп өткөн күндөрдү эстесем эх ошол күндөр кайда калды деп бир үшкүрүнүп алам.
- Биз мына ошол сизди үшкүрүнтүп сагынычка батырган классташтарыңыздын бири Аида Кулуева жөнүндө сөз кылабыз. Кадырман калкыбызга таланты менен таанылып келаткан Аиданын бала кезин эстегениңизде кайсыл элес көз алдыңызга тартылат?
- Аида дайыма чачын төбөсүнө тикчийтип байлап жүргөн кара тору , көзү жүлжүйгөн, чуркагандай тез баскан зирек кыз болчу. Биз 1-класска барганда мектеп жаңыдан бүтүп, класстар акиташ, краска жыттанып турчу. Ошондо Аида класстын ичи жыттанат экен деп апасын ээрчип жерге отуруп алып ыйлаганы эсимде . Эжейибиз сумкасынан конфет берип атып араң сооротуп алып калган. Кызыгы, эртеси күнү да конфет бер деп эжейди кыйнап бир топко чейин ызы-чуу салып ыйлаган. Кичинекейинде аябай чыр кыз эле. Төрөт үйүндө чогуу төрөлгөн Талгат деген бала менен бир партада отурчу. Ал карап койсо, "мени карабай отур"- деп шалк эттирип бетине чабат эле. Ошентип Талгатты 3-класска чейин салгылап жүрдү.
- Сабакты кандай окуйт эле?
- Андай кежир болгону менен 1-класстан баштап эле жакшы окуду. Сабакты уруксатсыз калтырчу эмес. Айрыкча кыргыз тил, адабият,музыка сабактарын катырып окуйт эле. 2-3-класстан тартып комуз кружогуна катышып, комуз боюнча ар кандай кароо-сынактарда ийгиликке жетишип, гимназиянын желегин желбиретип келчү. Ар линейкада Аида Кулуева азамат! - деп мугалимдер мактап, мактоо баракчаларына ээ болчу.
- Жогоруда кежир эле айтып кеттиңиз. Ошол мүнөзү кийин өзгөрүлдүбү же..
- Ооба. 6-класска барганда кежирлигин таштап эркек мүнөз кызга айланды. Классыбыздагы ар бир иш Аиданын чечими менен жасалчу. Абдан кайраттуу кыз болгондуктан анча-мынча балдарыбызды коркутчу. Бирок, башка кыздарга салыштырмалуу адептүү, ыймандуу тырышчаак кыз эле.
- Сабактан качам деп кармалып калып стул көтөргөн учурлары болот беле?
- Оо. Андай учур бардык эле окуучунун башынан өтөт болуш керек.
Аида информатика сабагын жаман көрөт эле. Бир жолу информатикадан качып баратып, шашканынан светофорду карабай калып машина сүзүп кетип, бир топ убакытка чейин ооруканада жаткан. Ошондон кийин сабактан качкан мага жакпайт экен деп сабактан качпай мектепти бүттү.

Тажик баладан келген кат
- Көпчүлүк кыздарга сүйүү каттары окуучулук кезинде берилет. Сурайын дегеним Аидага келген сүйүү каттарынан кабарыңыз барбы?
- Туура. Биз классташтар бири-бирибизди эле жактырышып, сүйлөшө берет элек. Каныбек деген классташ балабыз мектепти бүткүчөктү Аидага кат жазып сүйүүсүн арнагандан тажаган жок. Андан сырткары Аида классташым комуз боюнча чет өлкөлөргө фестивалдарга барчу. 8-класста окуп жүргөнүбүздө тажикстандык тажик баладан Аидага кат келгенин билем. Бирок, Аида ага эмне деп жооп кайтарганынан кабарым жок. Анан да бир классташыбыздын агасы ашык болуп жүрчү. Аида өзү эркек чалыш болгондуктан кызга окшоп кылыктанып жигиттерге жагынышты деле билчү эмес. Балдар Аиданын лидерлигине, талантына аябай суктанышчу.

Классташын атырга уулап...
- Эми Аиданын эсте калган кызыктуу окуяларынан айтып берсеңиз?
- Аиданын дагы бир жакшы жагы аябай колу ачык берешен кыз болчу. Ата-энеси Москвада иштегендиктен эки күндүн биринде эле ар түрдүү атырларды алып келип классташтардын баарына сээп берип, сураганына белек кылып кармата койчу. Куудул Күмөндөр Абыловдун Рахатбек деген иниси биздин класста окуйт эле. Бир жолу Рахат класста оозун ачып уктап атса Аида оозуна атыр чачып жиберип, тиги балабыз какап-чакап өңү бозоруп бир топто өзүнө келген. Азыр Рахат ошону эстеп "Аида мени атырга уулап койгон" деп күлүп калат.

Колготкичен сабакка келип...
- Анда кыш мезгили болчу. Сабактан такыр кечикпеген үлгүлүү окуучубуз Аида Кулуева бир үнү шашмалап кечигип кирип келди. Анан эжейибиз кийимиңди чечип тез отур деди. Баарыбыз Аиданы карап турганбыз. Бир маалда ал сумкасын илгичке илип, үстүндөгү шубасын чече койсо эле юбкасы жок колготкичен жүрөт. Классты дуу көтөрүп күлүп жиберсек дароо шубасын кие койду. Көрсө эртең менен уктап калып, шашканынан юбкасын унутуп кийбей баса берген экен. Ошол күнү сабак бүткөнчө шубасын чечпей жүргөнү эсимде.

Кыска юбканын жаңжалы
- Директорубуз Аиданын аяш атасы болгондуктан Аида мектептин эркеси болчу. Көбүнчө директордун машинасы менен сабакка келчү. Анан да дайыма кыска юбка кийип жүрөт эле. Бир жолу мугалимдер узун юбка кийип кел деп Аиданы мектепке киргизбей коюшкан. Анан атасын ээрчитип барып Аламедин базарынан узун юбка сатып алып бир жумадай чалынып-чулунуп кийип жүрүп, кайра эле үйрөнгөн кыска юбкасы менен келе баштады. Класс жетекчибиз кирип: "узун юбка кана?"-десе "жууп койдум" деди. 2-3 айдан кийин линейка болуп завучубуз линейкага чыгарып алып Аиданы узун юбка кийбейсиңби десе жууп койдум деди эле сенин юбкаң 1 жылдан бери кургай элек деп окуучулардын алдында бетинен чымчып, уяткарып урушкан. Негизи Аида ошол кыска юбкасынын айынан көп уруш укчу.




Мектеп шиңгилдери
Шайырбек Арапов, "Капкан-шоу" программасынын алып баруучусу:
"4-классымда вино ичип, классташымдын бетинен өпкөм"

- Ойлоп көрсөм кызыктын баары окуучулук кезде болот тура. Азыр бир окуя эсиме келип жатат. Анда 4-класс элек. Биринчи жолу классташтар отуруш уюштурдук. Болгондо да күндүзү. Бизден бир күн мурда аяш атабыз туулган күнүн белгилеп ошондон арткан жарым бөтөлкө вино бар экен. Аны классташыбыз уурдап чыгып балдар вино ичтик. 20 балага ал эч нерсе деле болгон жок. Балабыз да, бизге баары кызык. Өзүбүздү мас элестетип,көзүбүздү сүзүп, телтең-телтең этип алабыз. Анан мастыкка салып кыздарды чыркыратып вальска тартып кирдик. Алар качып терезелерге чыгып кетишти. Анан төрт бала өзүбүздү эр сезип бирден кызды чапкылаганына койбой терезеден кучактап көтөрүп чыгып вальска түштүк. Эки жай музыка болуп эки жолу бийледик. Экинчисинде төртөөбүз тең кыздардын бетинен өбөбүз деп сүйлөшүп алып, калтырап-титиреп атып өпкөнбүз. Өөп алып сүйүнгөнүбүздү айтпа. Кыйратып койгонсуп ошону 4-5-айга чейин талкуулап, мактанып жүрдүк. Ошентип 4-классымда биринчи жолу классташымдын бетинен өпкөнмүн.




Роза Шакирова, ырчы:
"Агайымдан өч алганда..."
- Бизде бир жакшы окуган окуучунун жанына бир жаман окуган окуучуну отургузат эле. Мен Азиз деген бала менен акыркы партада отурчумун. Кыргыз тилинен берген агайыбыз аябай катуу болчу, такыр аячу эмес, кыздарды чымчып, балдардан какамуш алчу. Бир күнү адаттагыдай эле көнүгүү жазып отурганбыз. Бир маалда агай акырын басып келип эле эмне уктап отурасың деп жанымдагы Азизди бир чапты эле чоочуп кетип, "сен акмаксың" деп кыйкырып жибердим. Агайым ачуусу келип мени доскага чыгарып стул көтөртүп койду. Классташтарымдан аябай намыстандым. Анан 20 мүнөттөн кийин коңгуроо болуп калды. Танапис убагында мени классташтарыма уят кылган агайды мен да окуучуларга уят кылайын деп агайды сыртта эшикке жашынып күтүп туруп, агай эшикке чыгып келатканда (өзү да шашып басат эле) бутум менен чалып туруп үйгө качып кеттим. Агай болсо көмкөрөсүнөн жатып калды. Өжөрлүгүмдөн мына ушинтип агайдан өч алгам. Ошондон кийин 1 жума сабакка келбей жүрүп, анан атамды эрчитип келгем.









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan