сырдуу дүйнө

Кандуу "Акбекет" жолунда мүрзө барбы?
Мурун-кийин деле угуп жүргөндөй, айрыкча ушул жыл башында Нарынга каттап билгенимдей, Кемин (Быстровка) шаарчасынан бери бир топ келген кезде "Акбекет" деген айылдын кире беришиндеги имерилиш жол аябай "кандуу" дешет. Өтө деле чукул болбосо да 50-60 градустагы бурулуш 200-300 метрдей жол бар. Ал жерди билбеген эл аз болуш керек.
Мына ошол жерде айрыкча кышкысын жол кырсыгы көп болот. Анын айынан далай адамдын өмүрү кыйылып келет. Айрым айдоочулар менен ошол жердин жашоочуларынын сөзүнө караганда мурун ошол жерде мүрзө болгон экен. Жол өткөрүш үчүн ал жерди түздөп салган дешет. Ошондон баштап ал жерде ушундай жол кырсыгы үзүлбөй келет экен.
Ушундан улам (мүрзөнүн түздөлүп калгандыгына байланыштуу-А.К) чындап эле арбактардын ыза болгону жол кырсыгына кириптер кылып атканына аргасыз ынанасың. Андыктан ар бир жүргүнчү, айдоочу жолго чыгаарда арбактарга куран окуп, жолунун шыдыр болушун тилесе дегиң келет.
Бул, демек сырдуу жер экенинен кабар берилгендегиси. Ал жер бурулуш жер болгондуктан кээ бир жиникендей айдаган айдоочулар рулга ээ боло албай калып өзү эле кырсыкка учурабастан, көз көрүнөө башкалардын да убалына калып, өмүрүнүн кыскарышына себепчи болуп атпайбы.
Ал эми ушул учурдагы "Акбекеттин" кырсыктуу жолу дагы бир себептен "кандуу" аталып атканы белгилүү. Себеби, ошол эле ар дайым "канга" себепчи болгон имерилиште, жолдун эки капталында (300-400 метр) тирелген бак-дарак өсүп турат. Башка жагын айтпаганда ошол эле ар дайым кырсык болуп турган күн тийген жээгиндеги бактарды кыркып салышса жакшы болмок. Себеби, ошол бактар кыштын күнү жолго күн тийгизбей тосуп тургандыктан жол ар дайым көк жатаң болуп турат.
Ошондуктан дагы бир айтаарым ошол жердеги бактарды кыйып салуу менен көптөгөн кырсыктан, кан аккан ыйлардан алыс болуп, кыйылган өмүрлөрдү сактап калууга өбөлгө болмок деп ойлойм.
Менимче, майдадай көрүнгөн менен маанилүү "сырды" ачып, "чырды" жабат элек.

Асанбек Кулманбектов, Бишкек ш.




Болгон окуя
Убалдан коркпогонзөөкүр
Баягы Мамыт дагы бошоп келиптир, шүмшүк дагы бирдин ичинен чыгып бирөөнүн башын ала жатпаса экен. Бул келди эл тынч болбойт го,бирөө жарым көчөдө кенен баса албайт-деген кептер айыл ичин аралап, чындап эле бир желмогуз пайда болгондой үрпөйүп, коркуп кеп кылып атышты.
Көрсө, бала кезинен атасыз өсүп, эне тарбиясын "чымын чакканча көрбөй чоңойгон Мамыт айылдын жеткен көпкөн баласы болуп "эр" жетиптир. Кайда чыр, кайда мушташ, сабап-тоноо болсо - Мамыттын кылганы болот. Канча жолу милицияга түшөт. Таасир бербейт.
Бир жолу араң оокат кылган абышка-кемпирдин үйүнө маска тагынып кирип, экөөнү сабап, байлап, биртке чогултумуш болгон пенсиясын таптырып алып, короосундагы абышка минип жүргөн кулундуу бээни алып кетет. "Улуктун укуругу узун" демекчи анысы билинип, "капканга" түшүп, үч жыл балдар колониясында болуп келет.
Айыл адамдарын, аксакалдардын акыл-насааты кулагына кирмек түгүл тоотуп койбогон немени балдар колониясы дагы тарбиялай албаптыр. Айылга келген бирин-сериндердин тонолгонун кой, чоочун машиналарды тоногон каракчыга айланат.
Кыштын кычыраган чилдесинде, түндүн бир маалында шаардан тамтуң баскан баласы менен жаш үй-бүлө, болгондо да ошол эле айылдын уул-келини машина менен келаткан экен. Чоң жолдон бурулганда, айылга кирчү үч-төрт чакырымдык жолдон караңгыдан суурулуп, мылтыкчан, атчан эки караан машинанын алдынан чыгат. Караандардын бетинде кара топудан кийген маска. Айдоочу, өз айылдык кылып тигилерге опулдап бир тиет. Каракчынын олбурлуусу колундагы кесилген мылтыктын кундагы менен эки-үч жолу башка чабат. Кан жая берип, кара кушу талкаланган жигит ошол жерден жан берет. Зөөкүрлүгү, мыкаачылыгы ашынган олбурлуу каракчы тигилердин акчасын, келиндин алтын сөйкө-шакектерин алганы аз келгенсип, баштыгын аңтарып, бир бөтөлкө аракты алып оозунан эле жанындагы караан экөө бөлө тартат. Ээн жердин ооздуксуз жырткычы болуп калган неменин арам ою козголуп чыгат да, чырылдап ыйлаган балага карабай, каршылыгын тоготуп койбой келиндин кийимин тытып, машинанын ичинде муштагылап коркутуп зордуктайт. Ит кумарын кандырып, эч нерсе көрбөгөн, билбеген немелердей гана караңгыга сүңгүп кетишет.
Эртеси эле коңурукту кош тартып уктап жаткан жеринен колуна кишен салынып, элдин каргышы менен айылдан узайт. Өзү эле эмес, коркутуп шерик кылып жүргөн баланы кошо ала кетет.
Акыры минтип он эки жылдан кийин келип отурбайбы, элдин үшүн алып.
***
Ай, акмактын кылыгы ай! Бир жыл болуп болбой мыкаачы Мамыт кырчындай эки баланын өмүрүн соолутту. Көз көрүнөө балдарынан ажыраган ата-эне мүңкүрөп, боздоп кан какшап атты. Колдорунан келсе Мамытты эки чайнап бир жуткандан кайра тартышмак эмес, эгер милиция болбосо.
Көрсө, бир баланы армияга узатып аткан жаш балдардын отурушуна барган Мамыт аларга арак алдырып ичет. Улам-улам кыйнаганда "арак жок" деп кетиргиси келген эки баланы чакырып алып бирөөнү көкүрөккө катуу урат. Экинчисин да катуу чаап, экөө тең кулап түшөтда райондук ооруканага жетип-жетпей каза болушат.
***
Зөөкүр Мамыт он беш жылга кесилип кетип атып аны "кетиргендерди" атып ийчүдөй карап кетти дешет.
Ушул жерден бир ой туулат, биздин "гумандуулугубуз" кылмышка болгон жеңил жазанын айынан кылмыштуулукка ого бетер жол ачып атабы деп. Себеби, өлүм жаза деген жок, оңой менен "өмүр бою түрмө" кесилбейт. Демек, жедеп канына зөөкүрлүк сиңген кылмышкердин оюнда: "Көп болсо кайра түрмөгө барам" деген ишеним калыптанып калат да, кайрадан кылмыш кылуу алар үчүн "тикенек сууругандай" болбой калат.
Сиз кандай дейсиз окурман?

А. Кулманбетов




  Крим-инфо

Кайым айтышуунун кайгысы
Москва шаарындагы "Бауманская" метро станциясынын жанында мушташып жаткан кишилер кармалган. Москванын үч жараны менен бир кыргызстандын жараны мушташып жатып жыйынтыгында кыргызстандык адам бирөөсүн бычак менен сайып экинчисине оор жаракат келтирген. Мындай кырсык болбогон эле кайым айтышуудан башталып, ушундай деңгээлге келип жеткен. Кылмышкерди ошол жерден кармап, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Башты айланткан баңгизат
2008-жылдын ичинде мыйзамсыз түрдө 13 тонна 711 килограмм 177 грамм баңги затты кармашкан. Бул жыл ичинде өзгөчө баңги зат менен кылмыш дүйнөсүнө аралашкандардын саны өтө арбын болгону маалым болду. Коңшу өлкөлөргө баңгизаттын түрүн ташып соода кылган эргулдар мамлекетке 260 миллион сом же 6,5 миллион доллар чыгым келтиришкен.

Оңой олжого тунгусу келген кылмышкер
Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун тургуну 1972-жылы туулган И. Сарымсаков Америка Кошмо Штаттарынан машина айдап келип сатуу менен алектенген. Адал жол менен акча табуудан тажаганбы же оңой олжого тунгусу келгенби ким билсин, жакында эле Бишкек шаарынын тургунунан "Лексус" маркасында машина айдап келип берем деген куру убадага тойгузуп 13 100 долларын алып баса берген. Ушул күнгө чейин же акчанын же машинанын дайыны болбогондон кийин ээси арыз жазып тиешелүү жерге кайрылган. Учурда кылмышкер кармалып сурак берип жаткан кези.

Москвада кыргызстандын жараны каза тапты
Москвада төрт кабат үйдүн башынан кыргызстандын жараны каза тапты. Үйдүн башына чыгып алып музду тазалап жаткан жумушчу жерге кулап кетип, ошол жерден дароо каза болгон. Бул жөн гана кырсык эмес кылмыш болушу дагы мүмкүн деген божомолдор бар. Окуянын чын төгүнүн билүү үчүн тергөө иши башталды.

Атасына кол салып...
Чүй обласына караштуу Аламедин районунда денесинде бир нече көгала тагы менен 76-жаштагы М. Черновдун сөөгү табылган. Маркумдун сөөгүн экспертизага жөнөтүшүп катуу таяктан каза болгону аныкталды, ал эми бул кылмышка өзүнүн эле баласы 43-жаштагы В. Чернов шектүү деп кармалган. Экөөнүн ортосундагы көптөн берки уруш талашка баласы ушундай жол менен чекит коюууну туура көрүптүр.

А. Дүйшөналиева









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan