"Обон"-почта

ОП-48-01. Салам Назика, эмнеге ооруканада жатасың , телефонуңа чалсам эжең алды, сурасам ооруканада дейт. Айгөлөк

ОП-48-02. Салам "Обондун СМСчилери мен силер менен таанышып достошкум келет. 0772602351 Гуля88

ОП-48-03. Таш-Көмүрлүк Азамат жаңы жылың менен. Азыр кайдасың, эсимде сен 22-майда 23кө чыгасың. Мен азыр Ноокаттамын. Жыпар

ОП-48-04. Чынгыз Мырзаев сизге эч ким жетпейт. Сизди чексиз сүйөм. Настя

ОП-48-05. Кыргыз элим кирип келген жаңы жылыңыздар менен. Баарыбызга албан-албан ийгиликтерди тартууласын. Айгөлөк

ОП-48-06. Ыймандуу балдар менен дос болгум келет. 0772714511

ОП-48-07. Лейлектик Санжарга салам. Ализ

ОП-48-08. Оштогу жетпей калган сүйгөнүмө салам жолдойм. Жанара бактылуу бол, мен сени эч качан унутпаймын. Нурмухамед

ОП-48-09. Супер смсчилер Хан-Шай, Канжар, Кербен-Куба, Жака-Жазгүл, Айдана Анту, Абда, Мемо силер супер. Өзүңөр эле эмес смсиңер да супер, мен эми силер менен Гүлзина 92

ОП-48-10. Элзат жаным, жанымдай жакшы көрөм. Мага таарынба, бактылуу болобуз. Сен менин эч кимге алмаштыргыс сүйүүмсүң. Жаның Азамат

ОП-48-11. Жаным Азамат сиз менин унутулгус бактымсың. Сиз бар үчүн жашап келем. Сизсиз бул дүйнө мага кызыксыз. Сонколова Элзат

ОП-48-12. Жигиттер менен таанышкым келет. 0773934158

ОП-48-13. Жаңы келди кол жайып, балыкчы келди тор жайып. Эми келдим мен дагы, аяз кыз болуп кол жайып. Жаңы жыл баарын жеңет ак болуп, аяз келет баарысына так болуп. А мен келдим баарысына бал болуп. Булут жаят баарысына кар болуп, аяз ата сунат колун сиздерге, аяз кызы берет белек сиздерге. Салам айтат жалпы кыргыз элиме, суктанабыз кыргыз тоолуу жергеме. Жаңы жылыңар менен! 0773410263

ОП-48-14. Кыздар менен таанышам. 16-18 жаштагылар 077749-92-54 чалгыла же смс жазгыла. 100% жооп берем. Прикол кармайбыз. Папугай

ОП-48-15. Жалал-Абад шаарындагы 14-лицей мектебинин парламентине супер салам. Тинатин

ОП-48-16. Салам "Обонтай" баарыңарды жаңы жылыңар менен куттуктайм. Жаңы жылда түгөнгүс бакыт, ырыскы берсин. Ой-максатыңарга жеткиле. Маанайыңардан күлкү кетпесин. Урматым менен Макуся

ОП-48-17. Салам Алихан, Даниел, М.Атабеков кандайсыңар? Рианна

ОП-48-18. Кызыл-Кыядагы жалгыз сулуу Гүлкайырга чоң салам. Шумкар

ОП-48-19. Кандайсыңар кыргыз элим, Сокулук районундагы жашаган апама, атама ысык салам. Чолпонай

ОП-48-20. Кыздар менен таанышам. 0773593231

ОП-48-21. Кадамжай районундагы Алга айылында жашаган досум Чынарага салам. Жаңы жылың менен. сени сагындым. Досуң Өрнөк

ОП-48-22. Аида эже, эрке Малик жезде үйлөнүү тоюңар кут болсун. Айдана Анту

ОП-48-23. Жанымдай көргөн жарым Рахат мен сени түбөлүк сүйөм. Жаным мага эртерээк төрөп берчи. Экөөбүздүн сүйүүбүздүн мөмөсү болоор болочок наристебизди чыдамсыздык менен күтөм. Жаның Абаз

ОП-48-24. Кудайым! Адамдар кандай гана караниет! Достор мен эмне кылсам көралбастар мени намысынан ажыраган кыз деп ушак таратышыптыр. Биз көрдүк дегенине балээ барбы? Мага кеңеш бергилечи. Иллианна

ОП-48-25. Кыргызымдын ыймандуу, түшүнүктүү, жөнөкөй жигиттери менен таанышам. 0773193090 Нази

ОП-48-26. И.Абдыразаков, сага чыгармачылык ийгилик. Кундуз

ОП-48-27. Чын жүрөктөн сүйдүм сени жан эркем, тунук сезим жана берет сага деген. Кетсең дагы башка менен түбөлүккө, сүйөм сени өмүр бою сүйө берем, акжол мен сени эч качан унутпайм. 07739938хх

ОП-48-28. Мен баарынан тажадым. Жашоодон да тажадым. Бул дүйнөдө жашагым келбейт. Мен үчүн бул дүйнө тозоктун тозогуна айланды. Баарынан тажадым... 07773513хх

ОП-48-29. Жалпы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтуна салам. Кундуз

ОП-48-30. Жакшы көргөн курбуларым Миргүл , Пери, Нази, Бека, Кани, Гуляга ысык салам. Баарыңарды сүйөм. Эртерээк ырдап чыгалычы. Кундуз

ОП-48-31. Сүйүктүү байкеме чоң салам. Келе жаткан жаңы жылыңар менен! Бар болгула, бай болгула. Гүлкайыр

ОП-48-32. Кыпкыргыз эле жигиттер, кызгалдактай кыздарды жамандап кагаз бетине. Каралап жазып коюптур. Супсулуу болгон жигиттер сулуу кыргыз кызын суктанышып карабай, жамандап элге жайыптыр. Тоо кызын коргоп сүйбөгөн, акылсызды кимдер жаратты? Баксерка Дина

ОП-48-33. Ноокаттагы Крупская мектебинде 10-б класста окуган Гүлмайрамга салам жолдойм. Элнура

ОП-48-34. "Обон" сиздерди жаңы жылыңыздар менен куттуктайм. Саадат

ОП-48-35. Жаңы жылым жаңырсын, тазартып пейил абасын. Жоготуп ичтин аласын. Туура чеч элдин талашын, түбөлүк тынчтык орносун, ар дайым колдоп Манасың. Бакай

ОП-48-36. Сапар сени сүйөм. 07738892хх

ОП-48-37. Базар-Коргон районунун Көк-Алма айылында жашаган ата энемдин келе жаткан жаңы жылы менен куттуктайм. 07771775хх

ОП-48-38. "Обондун" достукка бекем СМСчилери менен достошом 0772410054 Саламат

ОП-48-39. Кыргыз калкымды келе жаткан жаңы жылыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Элиме токчулук, бакубат жашоо, Алла Таалам ыймандуу инсандарды көбөйтө берсин. +770235275хх

ОП-48-40. Алыскы Өзгөн районунун Ара-Көл айылынын тургундары атабыз Кубанычбек, апабыз Үпөлгө, сиңдилерим Чынара, Уулкан, Зирек, Кенжегүл, Айгеримге, инибиз Нуртилек менен Адилетке, жездем Мирбек, эжем Айнура баарыңардын келе жаткан жаңы жылыңыздар менен! Бишкектен Элмира

ОП-48-41. Досум Аселди жаңы жылы менен куттуктайм. Түбөлүккө бактылуу бол! Адылбек кызы Жылдыз

ОП-48-42. Болот, мен сени жакшы көрөм. Айка

ОП-48-43. Жалал-Абадда жүргөн досум Мирбек, аяшым Кайыргүл Астанага качан келесиңер? Жалал-Абад силерден тажагандыр? Досуң +770230556хх

ОП-48-44. Сүлүктүлүк жаштарга салам. Айрыкча 92ге. Бар болгула! 07736647хх

ОП-48-45. Эжемдин өтүп кеткен туулган күнү менен жана жаңы жылы менен куттуктайм. Кыздарыңыз Дилбар, Бурул

ОП-48-46. Анекдот: Жакып алгачкы жолу уюлдук телефон алат. Шашылып жанына досу келип, - Ээ дос телефон алдыңбы? Жакып: - ооба, алдым, жазып аласыңбы же жаттап каласыңбы? Досу: жазып эле алайын унутуп калам... Мм.. Жакып телефон алды"-деп досу жазып алган экен. +77026541047

ОП-48-47. Айдай, Кейси, Илианна, рахмат мени түшүнүп достошконуңарга. Делвира

ОП-48-48. Шайыр кыздар менен таанышам. 0777506550

ОП-48-49. Хан-Шай сен суперсиң, сенин СМСтериң мага аябай жагат. Оштон Омар

ОП-48-50. Саламым КУУнун 8-корпусунда эконом,Ю бухучет жана контролер факультетинде окуган 0813 группасына чоң салам. Алардын ичинен Нурзадага, Тимурга, Ж.Нурсултанга, К.Нурсултанга, Жакшылыкка, Азатка ж.б. чоң салам. Балдар талантыңар өркүндөсүн. Зайка

ОП-48-51. Урматтуу супер СМСчи Аку мен сени менен таанышкым келип жатат. 0772410054кө номериңди жазып жиберчи? Мен сенден жооп күтөм. Саламат

ОП-48-52. И.Абдыразаковго салам жолдойм. Сен лидерсиң. 077240004хх

ОП-48-53. Мери Шакулина сени бир көрүп, уялчаак кыздай сезилдиң, кээ бир жылдыздарга окшобой. Өз жашооңдо да уялчаак бекенсиң, ушунуңдан жазбасаң ээ. Сага ийгилик каалайм. Кемрэ

ОП-48-54. Өзгөн районунун Көлдүк айылында жашап жаткан апам Тотунун Жаңы жылы менен куттуктайм. Сизди урматтап уулуңуз. Элернур

ОП-48-55. Саламат сага телефон чалсам албайсың. Кыжырыңа тийдимби? Аксыдан сени сүйгөн Н...

ОП-48-56. Келгиле, кыргыздар киргиз боло электе ойлонолу. Урпактарды ойлонолу. Немистер кыргыз болуп жатканда келгиле нукура кыргыз сөздөрүн үйрөнөлү, туугандар. Арбаңыздар деп саламдашалы. Ойлон кыргыз. Гүлистан

ОП-48-57. "Обон" сиздерге жаңы жылда талыкпаган эмгекти каалайм. Нускаңар көбөйүп, гезиттин барагы көбөйтүп чыгарышыңыздарды тилейм. 05558240хх

ОП-48-58. Салам Айперишка Калыкова, сахнанын ажары жана көркү эң сулуу менин кумирим сизге чыгармачылык ийгилик. Ата-энеңиз менен бирге болуңуз. Рианна 05500352хх

ОП-48-59. ЖАМУнун педагогика кафедрасынын мугалимдерине ысык салам. Сиздерге башымды ийип таазим кылам. Берген тарбияңыздардын билимиңиздерден ушул эрезеге жетип отурабыз. Гүлистан

ОП-48-60. "USS" группасы жөнүндө жазгылачы? Жази

ОП-48-61. Саламатсызбы Айпери, сиз менин чүрөгүм Аселге окшош экенсиз. Сизди көргөндө Аселимдин жаркын элеси көз алдыма тартылат. Аселим келбес сапарда. Бар болуңуз, бактылуу болуңуз. Мен сизди терең урматтайм. Окурман

ОП-48-62. Бардык гезит, радиокызматкерлерди жаңы жылы менен куттуктайм. Жаңы жылда талыкпас эмгек бекем күч кубат, эл алдында күлүп жайнап жүрүңүздөр. Гүлистан

ОП-48-63. "Обондун" жалпы жамаатына ошондой эле Астана шаарында иштеп жүргөн досум Марленге да салам. Дос, Канышай менен бактылуу бол. Жаңы жылыңар менен! Мили Жан

ОП-48-64. Салам Айпери, жаңы жылда сага каалоорум бекем ден соолук, узун өмүр, чексиз бакыт каалайм. Анан да чыгармачылык ийгилик. Кыргызстанды дүйнөгө тааныт. Сенин ырларыңды жан дилим менен угам. Ильяз 05500411хх

ОП-48-65. "Обон" силерди окуп жатканыма 4 ай болсо дагы бир да санын калтырбай окуйм. Силерге ийгилик. Анжелина

ОП-48-66. Мезгил өтөт, жылдар өтөт арадан. Өткөн өмүр келбейт билем кайрадан. Ошондуктан менин сага кааларым, сен калбагын бакыт, жыргал, таалайдан. Жази

ОП-48-67. Кыздардын секелеги, сен үчүн деп келемби? Кара көз бермет чачын, мен реп жазган акын. Менин классымда ишенсеңер А.Джоли окуйт. Бирок 15те, ал ушунчалык боорукер, түшүнүктүү адеми кыз.

ОП-48-68. Тельман айылында жашап жаткан досторум Анара жана Махабатка салам жолдойм. Айпери

ОП-48-69. Бакай сенин жазган ырларың жакшы, бирок менин Барчынай досума асылбачы. Ушул номерге СМС жазчы сураныч 87013529221

ОП-48-70. Канат Култаевдин эрке балдары Мирбек Атабеков, Даниель, Алихан жана "Стар-денс" бий тобуна салам. Назгүл

ОП-48-71. ОП-47-168 өтүнүчүн аткарайын. Ай чырайлуу Самара, жаның чабып садага. Сүйүүсүн арнап сага да, Нурик болду тамада. Ыраазы болбой ага да, оозго сүйкөп помада. Даңазалап ыйык сүйүүсүн, жар салууда Бишкек калаада. Эртең так өзүңдөй сулууну, таап бермек болду мага да. Бакай

ОП-48-72. Сүйүктүү сиңдим Махбуратты 5-январь туулган күнү менен куттуктайм. Алматыдан эжең К…

ОП-48-73. Айпери талантыңа таазим, атаңа окшогон улуу ырчы болушуңа тилектешмин. Чыгармачылыгыңа чоң-чоң ийгилик каалайм. Бар бол, бай бай бол. Аку93

ОП-48-74. Сүйүктүү гезитибиз "Обонду" жана жалпы жамаатын жаңы жылыңар менен куттуктайбыз. Калемиңер курчуп, окурманыңар көбөйө берсин. Сиздерге ийгилик. Айзада, Акбары

ОП-48-75. Саламым сүйүктүү ырчым М.Иманбековго, ага чексиз бакыт, аруу махабат каалайм жана досум Токторбаева Акылайды 24-декабрь 20 жашка толушу менен куттуктайм.Досум дайыма бар бол, бактылуу бол, сени терең урматтап досуң Мунара

ОП-48-76. Айпери сени менен достошкум келет. Алина

ОП-48-77. О-о Мемо рахмат, буюрса баары 4-5 болот (алгебрадан башкасы). Сага да сессияда ийгилик. Саматик

ОП-48-78. Наргиз, Дина, Нурдин байке, Үсөн байке жаңы жылыңар менен. Жаңы жыл жомок болсун. Саматик

ОП-48-79. "Обондун" жалпы жамаатын жана окурмандарын жаңы жылы менен куттуктайм. Эл сүйүп окуган гезиттердин бири болуп жүрүшүңөргө тилектешмин. Гүлжаз

ОП-48-80. Урматтуу Кыргыз калкым, калайык калк жаңы жылыңыздар менен уй жылы майлуу-сүттүү, баласыздарга бала берип, оорулууларга дем берип, бактылуулукка жол берсин Гүлзина92

ОП-48-81. Жаңы жылым жаныма жакшылык жана жүрөгүңө жайчылык, жүзүңө жылмаюу жагымдуу жыргал жашоо жана жанымда жүрөрүңдү жазам. Айдана Анту

ОП-48-82. Салам Айпери, Сенин концертиң жаман болду го, а сен ойлоп жатасыңбы сага бирөө барат деп. Ушунчалык мени сагынсаң барайын. Баястан 07772656хх

ОП-48-83. Жалал-Абаддагы Жашасын айылынын тургундарына салам. Жаңы жылыңар менен. Жердешиңер

ОП-48-84. Саламым "Обондун" көркүн ачкан супер СМСчилерге. Саламат

ОП-48-85. Жашасын айылындагы 91-жылдагыларга бир тонна салам. Жаңы жыл баарыбызга ийгилик алып келсин. 07726133хх

ОП-48-86. Венера күтөм дедиң, күтө албадың. Западный

ОП-48-87. Салам Делвира, Канжар, Тинатин силер менен тааныш болуп калганым абдан эле жакшы болду. Силер менен достукту бекем кармайм. Саламат

ОП-48-88. "Обон" гезити сиздерге рахмат Айперини чакырганыңарга. Аккуу болуп учуп, жетип баргым келет, сен келгенде "Обондун"редакциясына. Айдана Анту

ОП-48-89. Мени сүйүп, мен үчүн баарына даяр жигит бар, качан болсо да кел десем келип калат. Бирдик сал десем салат, кыскасы айтканымдын баарын кылат. Сен үчүн гана жашап келем деп эч бир кыз менен сүйлөшпөйт. Көп жолу сынасам да сыноомдон өткөн. Көп жолу таарынткам, анда да өзү кечирим сурайт. Бир жолу кышында ызгаардуу суукта таңкы 5те келип үч саат үшүпкүтүп туруптур, анда да жакшы сүйлөбөй койгом. Сүйүүмдүн кадырына жетпедиң деп көп айтат. Ал бала менен жүргүм келбейт же сүйүүмдү таба албайм. Кыз сүйсө калат, бала сүйсө алат дегени чынбы? Мен ишенгим келбейт, анткени мен да сүйгүм келет. Кыздардын да жүрөгү бар эмеспи, СМСчилер өз кеңешиңерди бергиле, сүйүп жашаганга не жетсин, чынбы? 07776773хх

ОП-48-90. Салам Тахмина, Айкөкүл, Айгерим жаңы жылыңар менен куттуктайм.Бар болгула алтындарым, мен силерди жакшы көрөм. Сюзана

ОП-48-91. "Трио" группасынын күйөрмандары мага чалгыла же СМС жазгыла. 0550035244 Рианна

ОП-48-92. Канат Култаевге салам. Назгуля

ОП-48-93. Салам Атантай байке, жаңы жылыңыз менен куттуктайм. Дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Айка91

ОП-48-94. Айпери эже саламатсызбы, сиздин чыгармачылыгыңызга ийгилик, чың ден соолук каалайм. Айназик

ОП-48-95. Саламым супер ырчы Мирбек Иманбековго жолдонот. Жаңы жылыңыз жана мүчөл жашыңыз менен куттуктайм. Жадырап жердин бети гүлгө толсун, таалайлуу турмушуңузга бакыт консун. Ар дайым келечегиңиз кең болуп, өмүрүңүз аккан суудай узун болсун. Сюзана

ОП-48-96. Супер кыргыздар, акыйнек жазгандар Кербен Куба, Батина, Мемо, Улья, Эля жана башкаларга салам. 07739545хх

ОП-48-97. Салам сулуу, пери Айпери, окууларың кандай? Келе жаткан жаңы жыл сага жалаң Гана жакшылыктарды алып келсин. Билесиңби, сени концертиңде көрүп алып, оозум ачылып калды. Чоткий бийлейт экенсиң. Суроом: Бул дүйнөдө эмне түбөлүктүү, экинчи концертиңди качан бересиң? Мына сага тамаша, радиодон да сенин үнүңдү берип жатат, ушул Ата-эне деген ырыңды Ким жазган? Эмне концерттерге катышпай калдың? Сени менен достошсо болобу? Бактылуу бол ээ, алтышка. Гүлзина 92

ОП-48-98. Сүйүү, сүйүү деп коёт, сүйүү башты жеп коёт. Кыргызымдын кыздары, Алихан сулуу деп коёт. Рианна

ОП-48-99. Ассаллому аллейкум "Обондун" жалпы жамааты жана СМСчи достор кирип келген жаңы жылыңыздар менен. Бул жыл баарыңыздарга ийгиликтин, жакшылыктын жылы болсун. Алматыдан Аясал

ОП-48-100. Менин саламым сүйгөнүм Алмазга жолдонот. Мен сени абдан сүйөм, экөөбүз бактылуу болобуз. Сүйгөнүң

ОП-48-101. Сүйүктүү кесиптештерим Алмаз байке, Эрлан, Айкөкүл, Айжигит, Мирлан, Нурай силерди кирип келген жаңы жылыңар менен куттуктайм. Жаңырган жыл баарыңарга ийгилик алып келсин. Ата-энеңердин маңдайында жанып жүрө бергиле. Жүрөгүмдүн ээси Султан Садыралиевге да алтыным аман бол, сенин ар бир айткан сөздөрүңдү эч качан унутпайм демекчимин. Гүлкайыр

ОП-48-102. КТМУда 2-курста окуган Омарга ысык салам. Мага чалып койчу 0550026045 Зилан

ОП-48-103. Ассалому алейкум кыргыз калкым, баардыгыңыздарды кирип келген жаңы жылыңыздар менен куттуктайм. Аллахым ар бир инсанга ыйман берсин. Журтубузда тынччылык болсун. Таланттуу ырчы, адамгерчиликтүү инсан жигит Ильяз Абдыразаковго чыгармачылык чоң жетишкендик, темирдей ден соолук, арчадай өмүр, бактылуу болуңуз. Адамдык сапатыңыз сакталып калсын. 05551418хх

ОП-48-104. Эх, суперлердин супери Иманбеков Мирбек байке сыйлыгыңыз кут болсун. Колуңуз ар дайым ачык болуп, эмнени гана тилесеңиз мен да Алладан ошону тилеймин.Кудайым сизди колдосун. Мирбеке жаным, көп уктайсыз уйкуңуз таттуу, түшүңүз аябай кооз болсун. Ал түшүңүздө түркүн түстөгү гүл терип, бири-бирибизге арнап жатсак, анан кантип сонун болбосун ээ? Сюзана

ОП-48-105. 136-маршруткада таанышкан "Обондун" окурманы Самарага салам жолдойм. Бизге кошулуп СМС жазып тургула демекчимин. Жалпы СМСчилерге да салам. Барби

ОП-48-106. Менин сүйүктүү гезитим "Обонго" салам. Жамаатыңыздарга бакубат жашоо каалайм. Эң өкүнүчтүүсү концертиңиздерге бара албай калдым. Сиздерди жакшы көрөм. Барби

ОП-48-107. Мүдөр Касымовдун чыгармачылыгына ийгилик, ырларың сонун экен. Гуля

ОП-48-108. Салам Айпери, сенин жакын күйөрмандарыңдын бири болом. Ар дайым бар болуңуз, Кудайым сизге өмүрдүн узунунан, түйшүктүн кыскасынан берсин. Билесиңби сен бул дүйнөнүн периштесисиң. Сени сыйлап Меда

ОП-48-109. Үй-бүлөмдү жана жаным Микини жаңы жылы менен куттуктайм. Айдана Анту

ОП-48-110. Кеминдик Наргиз мен сенин айткандарыңа кошула албайм. Себеби жалган дүйнөдө эч нерсе түбөлүктүү эмес. Баары учкан куштай артта калат. Абда

ОП-48-111. Кейсиге салам, мен да сен жаман көргөн сабактарды жаман көрчүмүн, бирок азыр окуучулук күндөрүмө кайрылып баргым келет. Ошондуктан мектепти бүткөнгө шашылба, ар бир нерсенин убакыт сааты бар. А сулуулук бетте эмес, жүрөктө. Бар бол, алтын кыз. Абда

ОП-48-112. Б.Бадыева менен Нелянын элдешкенин өз көзүм менен көрсөм жакшы болот эле. Айдана Анту

ОП-48-113. Апакем Ахмедова Наринисо Журабаевнаны жаңы жылы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Апаке, сизге дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Наргиза

ОП-48-114. Бардык кыргыз элимди жаңы жылы менен куттуктайм. Чың ден соолукта болуп, эч качан оорубагыла. Мен силерди жакшы көрөм, кыргыз элим. Айпери

ОП-48-115. ОП-47-31 Улаш сиз менен таанышсам болобу? Мен Лейлектин Достук айылынан болом. Жообун "Обондон" күтөм. Наргиза

ОП-48-116. "Эң мыкты эл ырчысын" алган ырчыларыбызды алган сыйлыктары менен куттуктайм. Мындан ары да бийиктикке көтөрүлө бериңиздер. Сиздерди кыргыз элинин атынан эл аралык конкурстардан көргүм келет. Абда

ОП-48-117. Супер СМСчилер Кейси, Макуся, Эрке кыз Эля мага чалып койгулачы. Досуңар Рианна

ОП-48-118. Аксылык Арстан жердеш сен кыргызымдын кыздарына тийишпе. Кыздар эрге тийсе, эмен балдар аял албай жатасыңарбы? Кыздардын намысын ойлобой кыргыздын келечегин ойло. Терең урматым менен Зайка

ОП-48-119. Айпери эже мен сизге кааларым чың ден соолук, узун өмүр, иштериңерге ийгилик, Жаңы жылыңыз менен куттуктайм. Элнура

ОП-48-120. Саламым Дастанга, мен сени сүйөм жаным, Сени сагындым качан келесиң? Жаңы жылың менен. Дамира

ОП-48-121. Жаным Руслан, кайнежем Айдана, иним Эдикке чоң салам. Жаңы жылыңыздар менен. Элнура

ОП-48-122. Кубик кызы Айпери эже мен сизге кааларым чың ден соолук, узак өмүр, арчадай жаштык, айрандай актык каалайм. Ар дайым Ак куу болуп учуп жүрө бериңиз. Бактылуу болуңуз, ишиңизге ийгилик. Өркүндөй бериңиз, көп-көп элдин батасын алыңыз. Жаңы жылыңыз менен куттуктайм. Сизди бир көргүм келет. Чакырыңызчы, суранам. Саадат

ОП-48-123. Саламым Ильяз Абдыразаковго, чың ден соолук, жаңы жылда чыгармачылык ийгилик, токчулук, молчулук, байлык, берекелүү жылдардан болсун. Жаңы жылыңыз менен. 07775335хх

ОП-48-124. Айпери чыгармачылыгыңа ийгилик, сен чыныгы кыргыздын кызысың. Жүзүңдөн эч качан күлкү кетпесин. Наргиза

ОП-48-125. Мемо качан мультфильм көрөбүз, же сени Дисней клуб кууп жибердиби? Клео

ОП-48-126. "Обон" гезитинин жалпы жамаатына салам жана Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм. Уй жылы майлуу-сүттүү, жаңы жетишкендиктерди алып келсин. Гуля

ОП-48-127. Мирбек Иманбеков аппак жоолук салынып, чоң көз айнек тагынсаң сонун чоң эне болуп калат экенсиң. Этият бол кыздар ала качып кетпесин. Зайка

ОП-48-128. Нурлан мен сени сүйөм. Жаның

ОП-48-129. Урматтуу Абдыкаримович, Жаңы жылыңыз менен сүйгөн жүрөгүм аркылуу куттуктайм. Сага ден соолук, узун өмүр, ишиңе жетишкендик ошондой эле жүрөгүңдүн ээсин табышыңды каалайм. "Обон" гезити аркылуу сени гана жакшы көрөөрүмдү, чечкинсиздигим үчүн, сендик боло албагандыгым үчүн кечирим сурайм. Арманымдан убайым чектим мендей сага каалабас бакыт эч ким. Ардагым менен бактылуу бол, сенин бактың менин бактым. Айласызың

ОП-48-130. Султан Таразга концерт койгону келе жатканыңда Меркеде балдар уруп, курткасын алып качып кетиптир дешти ошол чынбы? Эми качан келесиз, биз сизди чыдамсыздык менен күтөбүз. Жаңы жылыңыз менен. Тараздан күйөрманыңыз

ОП-48-131. Сен менин жүрөгүмдүн жарымы, сен менин жашоомдун жарыгы, Ильяз Абдыразаков мен сени сүйөм. 07730201хх

ОП-48-132. Ильязчик мен сени эч бир жанга бербейм. Мен сени түбөлүк сүйөм. Сен асмандагы ай болсоң, жаныңда жанып турган жалгыз жылдыз мен болом. Бизди карап суктанышкан кийинки муундар болсун. Алтыным биз экөөбүз гана бактылуу болобуз. Эрке кыз Эля

ОП-48-133. Салам алейкум Гүлзина92, жаным бул дүйнөдө эч нерсе түбөлүктүү эмес, бардык нерсенин соңу бар. Жалгыз Аллах гана түбөлүктүүдүр. Бул дүйнөдө 2 секунддук жашоого сыналуу үчүн, ибадат кылуу үчүн келгенбиз. Аллах ыраазы болсун. Мерве

ОП-48-134. Шайыр, ак көңүл, жакшы кыз Айдеми Айкага ысык салам. Жаңы жыл көп бакыт, сүйүү ала келсин. Мага кылган жакшылыгыңды эч унутпайм досум. Мен сени жакшы көрөм. Баарыңарды жаңы жылыңар менен куттуктайм. Мемо

ОП-48-135. Амир сураныч мага чалчы? Жази

ОП-48-136. Саламым "Обондон" тапкан алтындай досторума жолдонот. Достор ар дайым асманыңар ачык, көңүлүңөр шат, жүзүңөрдөн күлкү, жүрөгүңөрдөн сүйүү кетпесин. Жаңы жылыңар менен. Эрке кыз Эля

ОП-48-137. Салам Айпери, сен аябай таланттуу, ай чырайлуу ырчы экенсиң. Ата-энеңдин сыймыгы болуп жүрө бер. Жаңы жылың менен. Аида

ОП-48-138. Сүйүктүү атам, апам жана эжелерим Майрам, Жаку, агаларым Миралы, Уранды жаңы жылы менен куттуктайм. Силерге ийгилик. 07775688хх

ОП-48-139. Байкем Азамат, жеңем Наргиза, эжем Аида, жездем Медер, эжем Медина жана жездем Нурланга салам. Бар болгула кара жандарым, мен силерди жакшы көрөм. Жаңы жылыңар менен. Саламат

ОП-48-140. Шабдан-Ата айылынын 10-а классына ысык салам. Жаңы жылыңар менен. Шабдандан классташыңар

ОП-48-141. Бакай менин быйтыйган колдоруму көргөн окшойсуң ээ, кел андан көрө дос болуп калалы. Балдар менен урушканды жаман көрөм. Барчынай

ОП-48-142. Салам Кейси, анын аты Мээрим эмес, ооба мен Виканын жигитимин. Саша

ОП-48-143. "Эң мыкты эл ырчысы" болгон сүйүктүү ырчым, бал тилдүү ди-дижей Мырзаев Чынгызды жана айдай жүздүү кумирим Акулова Динара эжени Жаңы жылдары менен куттуктайм. Сиздер үчүн Жаңы жыл мөмөлүү жылдардан болсун. Жаңы жашоо, жаңы бакыт алып келсин. Лазат

ОП-48-144. Саламым жакында эле турмуш жолуна аттанган сүйүктүү эжем Райханга жолдонот. Эжеме бактылуу өмүр, соолубас көңүл каалоо менен бирге жездем Алтын менен түбөлүк бир болушуңа тилектешмин. Нурзат

ОП-48-145. Жалгыздык жан дүйнөмдө кусалык, жалгыздыктын тузагында тушалып, жагымсыз күндөр өтүп башымдан, жалынсыз түтөп жаттым тунарып. Сансыз түндөр көз ирмемсиз уйку жок, сенсиз күндөр өтүп жатат көңүл жок. Сыздап келем кусалыктын дартынан, суук шамал, жылуулук жок айланам. Шумкар

ОП-48-146. Айпери салам. Жаңы жылың менен! 0777415670

ОП-48-147. Күндөн-күнгө келем минтип кыйналып, жаным Бурул кабарыңды билдирчи, сени сүйөм. Саша

ОП-48-148. Жамаатыңарды жана супер СМСчилерди жаңы жылы менен куттуктап заманыбыз тынч, элибиз ыймандуу болушун каалайм. Ошондой эле Аку эжеге салам айтам, Кудайдан өтүнөөрүм ден соолугуңуз чың болсун. Жаштар менен достошкум келет. Шамалды-Сайдан Гүлмира

ОП-48-149. Салам Кыргызстаным, жаңы жылыңар менен! Акиш кандайсың ден соолук, окуулар жакшыбы? Макиш

ОП-48-150. Өзгөн районуна караштуу Большевик айылында жашаган Карашевдердин үй-бүлөсүнө салам. Жаңы жылыңар менен! Алматыдан Мээрим

ОП-48-151. Айпери сага опол тоодой бакыт-таалай каалайм. Жаңы жылда ишиңе ийгилик, Ар дайым бар бол, белгилүү бол. Ж.Ло

ОП-48-152. Айка мен 21-кылымдан реп окуган кыздардын арасынанмын. Эки атым бар "Ярая ангелочка" анан "Кейси". Өзүмдү сулуумун деп айта албайм. Окуганым реп, бийлегеним степ. Гетта Догс менен айтышам. Кейси

ОП-48-153. Икрам эртерээк үйлөн же Москвага кет жүрө бербестен. Назира сен эртерээк турмушка чык жигиттердин башын айлантпай. Гүлистан

ОП-48-154. Айпери сага кааларым айдын алдыңкы перисиндей, кыргыздын эң кызыктуу, жагымдуу, жакшы ырчысы болушуңду, ден соолук каалайм. Нургазы

ОП-48-155. Менин жүрөгүм боп-бош. Жигиттер чалсаңар болот. Жашым 17де 0550026045. Маяк бербегиле. Зилан

ОП-48-156. Камады сүйүү мени өз торуна, кыйналдым көтөрө албай мен оюмда. Өзүм эмес чогуу түшсөк ошол торго, бактылуу болбойт белек бул жашоодо, эмнеге калып калдың түшпөй торго. Эмнеге мени салдың ушул шорго, мага да бирөө ушинтип жазат экен, тобоо. Канжар

ОП-48-157. Айпери сен суперсиң, Сенин сүйүүң менин сүйүүм бир дайрага бириксе, бир бешикке бөлөнсө, сүйүүбүздөн ыйык бөбөк төрөлсө, ошол бөбөк сүйүүбүздүн мөмөсү, ошол бөбөк сүйүүбүздүн төрөсү. 07736485хх

ОП-48-158. Саламатсыңбы Айпери жаңы жылың менен, сага чын жүрөгүмдөн дүйнөдөгү бардык жакшылыкты каалайм. Мени чакыр сөзсүз күтөм. Женя

ОП-48-159. Айпери жаным мен сени чексиз сүйөм. Сенсиз мага жашоо кызыксыз. Улли 07737727хх

ОП-48-160. Шамалды-Сайдагы №2 орто мектебинин мугалимдерин, окуучуларын жана ата-эненелерибизди жаңы жылы менен куттуктайбыз. Гүлгаакы, Жыпара

ОП-48-161. Өзгөн районундагы Кальта айылындагы ата-энем, инилериме салам жолдойм. Жаңы жылыңар менен. Орунай, Айка

ОП-48-162. Ат-Башы районунун Казыбек айылында жашап жатышкан атам Олжобаев Байызбек апам Алиева Алиманга ысык салам жолдойм. Ошондой эле жаңы жыл менен кошо жаңырып атамдын 60 жашка толушун чын жүрөктөн куттуктап дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалап, тезирээк таяксыз басып кетишиңизди Кудайдан тилейм. Жаркуша

ОП-48-163. Алыстагы эжем Мунираныннаристелүү болушу менен куттуктайм. 07737018хх

ОП-48-164. Абдыразаков Ильяз дүйнө жүзүн багындырган чыгаан ырчы мырзасы болуңуз. Венера

ОП-48-165. Атам Маматжан, апам Чачикейге тилегеним өмүрлөрү узун, төрүбүздүн куту болушсун. Москвадан Венера

ОП-48-166. Неля жана Урмат куш бооңор бек болсун. Кармашкан колуңар үзүлбөсүн. Нурай

ОП-48-167. Кыздар менен достошом. 0772472023кө СМС жазгыла.

ОП-48-168. Кара-Март айылындагы Динарага салам. Айка

ОП-48-169. Неля эже менен Урмат байке ар кайсы тоскоолдуктарга, ушактарга карабай баш кошушту. Кармашкан колуңуздар үзүлбөй түбөлүк бирге болуңуздар. Аська

ОП-48-170. Кыргыз калкыма, СМСчилерге, окурмандарга, үй-бүлөмө туугандарыма ысык салам. Ден соолук, бакыт каалайм. Фирдаус

ОП-48-171. Мага СМС жазган, таанышкан кыз-жигиттерге чоң рахмат. Достор азыр мен өскөн жерим Нарында эс алуудамын. Асюка

ОП-48-172. Ошто окуп жаткан Бемага чоң салам. Москвадан Аселя

ОП-48-173. Тилек мен сени чексиз сүйөм. Сырдуу кыз

ОП-48-174. Жигиттер менен таанышкым келет. 0777824058

ОП-48-175. Курбум Жылдызга, сүйүктүү ырчым Неляга ысык салам. Мен силерди жакшы көрөм. Перизат

ОП-48-176. Зайнура мен сени сүйөм. Самат

ОП-48-177. Менин саламым Неля менен Бакуляга. Экөө менен таанышкым келет. 0543119317 А...

ОП-48-178. Жаңы Маданият айылында жашаган Авазкан мен сенсиз жашай албайм. Рус

ОП-48-179. Гүланда жиберген сүрөттөрүңө рахмат. Бар бол, аман бол. Барчынай

ОП-48-180. Бегимай Эсенгулова 2009-жыл сага көп ийгиликтерди алып келсин. Досуң Саида

ОП-48-181. Мирбек Иманбековду жаңы жылы менен куттуктайм. СССР

ОП-48-182. Алайдын Гүлчө айылындагы Муса Адышев атындагы орто мектебин 200-жылы бүтүргөн классташтарымды, досторумду 2009-жаңы жылы менен куттуктайм. Бактылуу болуп, жүзүңөрдөн күлкү кетпесин. Астанадан Нурлан

ОП-48-183. Бакай-Атанын 1-май айылындагы эжем Мунира, жездем Сүймөн, кудачаларым Эльнура, Элмира, кудаларым Изат, Исродин жана кудагыйым Гуля, кудам Сексенбайга салам жолдойм. Буюрса 19унда барып калам. Меку

ОП-48-184. Бакай кел дос болуп калалы, бирок ыраазы болсоң. Барчынай

ОП-48-185. Сенин сүйүүң мага жагымсыз, Актилек түшүнчү... Айжамал

ОП-48-186. Айпери эже сиз мага абдан жагасыз, сизди ар дайым колдойбуз. Сизге эч ким жетпейт, сиз суперсиз. Сиз менен байланышса болобу? Нарындан күйөрманыңыз

ОП-48-187. Россияда акча жаап жатат десе ишенип келиптирмин. 1 үйгө 20 адам түнөгөндө эсим ооп, атам салган тамды сагындым. Суугуна тоңгондо апам жапкан нанды сагындым. Екатеринбургдан окурман

ОП-48-188. Кара-Кулжа районуна караштуу Сары-Бээ айылында туулган Билал жана Гузел эгиз инилеримдин 14-январь туулган күндөрү менен куттуктайм. Ошондой эле ата-энелерине күйүмдүү жаштардан болушсун деп Асылай

ОП-48-189. Бек 2-08 группасында окуган бардык сутденттерге салам жолдойм. Жалал-Абад, Элмира

ОП-48-190. Чаектик 91-жылкы Сеин уулу Азат, мен сени чексиз сүйөм. Мага чалчы. Бегай

ОП-48-191. Жаным Айгүл, мен сени сүйөм. 79 мектепте сен үчүн эле окуп келем. Айгүл өмүр бою менин жүрөгүмдө жашайсың. Менин сүйүүмө ишенчи суранам. Мен сени сүйгөндөй сени эч ким сүйө албайт. Ооба, сени көптөр өпкө дешет. Бирок, мен айтаар элем Айгүл өпкө эмес. Айгүлдүн ички дүйнөсү булактай таза, 79 мектептин 8-классынын периси. 0773484371

ОП-48-192. Ат-Башынын Калинин айылында жашаган атам Асекке, апам Сурмаканга, эжелериме, байкелериме, бөбөктөрүмө, жеңеме салам жолдойм. Таттыбүбү

ОП-48-193. Дамир, сен меникисиң. Ноокаттан Күнгөй-Кожокелик 89-жылкы кыз. Бирок, биз Москвадабыз. Бакай+Дамира +79269242426

ОП-48-194. Кербен-Куба, сиз менен таанышсак болобу? Нарындан Асема

ОП-48-195. Кылым Айгүл, Карина, Айзат, Адинай, Айжан, Кундуз, Иман, Канат, Айдар, Мырза, Эшим, Адилет, Нургазы, Расул, барыңарга бакыт жана ден соолук. Ардак

ОП-48-196. Т.Адыранов мектебинин 10-б классында окуган Асел, Гүлмира, Алтынай, Майрамкүлгө, эң жакын адамым Кубага ысык салам. Таттыбүбү

ОП-48-197. Красноярскийдеги эжем Заринага, досум Рысбекке жолдонот. Москва шаарында иштеп жүргөн агам Бектурга, эжем Назгүлгө, жездем Уланга жолдонот. Ишиңерге ийгилик каалайм. Тараз шаарынан Таттыгүл

ОП-48-198. Мен жакын курбум Жазгүлдү 18-январь туулган күнү менен куттуктайм. Ага бардык жакшылыктарды каалайм. 2009-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө ийгилик. Настя

ОП-48-199. Урмат, Неля өмүрүңөр узун болсун. Эч качан оорубагыла жана бактылуу болгула. Чыгармачылыкты эч качан таштабагыла. Экөөңөр жакшы түгөй болуп калат экенсиңер, дагы дуэт ыр чыгаргылачы. Неля, сен сулуусууң жана назиксиң. Сага бардык нерсе жараша берет. Урмат болсо чыгармачыл болгодуктан бири-бириңерге төп келесиңер. Кудай буюрса Неля Урматка балдай ширин бөбөктөрдү төрөп берет. Неля башыңдан ак жоолук түшпөсүн. Силерге ийгилик каалап, терең урматтап Гүлжан Аку

ОП-48-200. Оштогу 87-жылкы балдар Нургазы, Нурик, Рахман, Уланга салам. Дайым алга мен силерге ишенем. Бакай

ОП-48-201. Алматыда иштеп жаткан досторум аяштарым чоң салам жолдойм. Иштериңерге ийгилик, ар дайым аман болгула. Атырау Афон

ОП-48-202. Бишкек шаарында окуп жаткан Заремага чоң салам. Ден соолугу чың, өмүрү узун болсун. Ар дайым жүзүңдөн күлкү кепесин. Сени сагынуу менен Атыраудан Афончик

ОП-48-203. Кыргызымдын ыймандуу жана сүйүүнү, достукту баалаган жигиттер менен таанышам. Өзүм метискамын, 0555162676.

ОП-48-204. Атам Каныбекти, апакем Канымайды, байкем Рахатты, эжем Лазатты, жеңем Жылдызды, иним Максатты үйүбүздүн эркетайы Дианочканы 2009-жаңы жылы менен кутттуктайм. Апа ишиңе ийгилик каалоо менен бирге ден соолукта болушуңду тилейм. Эжекем Лаззат кышкы сессияларын жакшы тапшырып алышыңыз. Ийгилик. Элизат Каныбековна

ОП-48-205. Акмаанай, акылдуу кыз болуп чоңоё бер, мен да сени сагындым. Айдар куш бооңор бек болсун, жеңешка менен бактылуу болгула. Гүланда

ОП-48-206. Ат-башылык жигиттер меенн таанышам. 16-20 жашка чейин. Перизат 0777559139

ОП-48-207. Ислам Акматов, мен сиздин ырларыңызды сүйүп угам. Сиз жөнөкөйсүз, сизди урматтап күйөрманыз Бегимай92

ОП-48-208. Ойго салат кышкы түндүн керемети, оорутуп назик канат жүрөгүмдү, обдулуп ордунан издеп жүрөт. Сезимим татынакай бир жигитти, достор айткылачы мен сүйө турган жигит кайда, ким болду экен? Мен аны ырларыма ороп, бүт оюмду ыр менен билгизмекмин. Асюка

ОП-48-209. Урмат менен Неля эжеге үй-бүлөлүк бакыт ден соолук каалайбыз. Куш бооңор бек болсун. Таластан Нуризат жана Перизат

ОП-48-210. Саламым Талас облусунун Манас районунун Көк-Дөбө айылына. Нази92

ОП-48-211. Мен өзүм менен тең кыздар менен таанышкым келет. Жашым 16 да, ыймандуу кыздар. Атым Аиза 0773196672

ОП-48-212. Жашоомо жарык берип, шам чырак болгон ардактуу апакем Айгүл Акиналиевнага жалгыз көз мончогум Кубанга салам. Менин жан шоолаларым. Асюка

ОП-48-213. Казарманда жашап жана окуп жаткан карындашымды келе жаткан туулган күнү куттуктайм. Ыймандуу кыздардан бол. Москвадан Рысбек

ОП-48-214. Неля, урмат бактылуу болгула. Салтанат

ОП-48-215. Папан айылында жашаган жаным Сыргак дайым жанымда бол. Мен сен түбөлүк сүйөм. Мерка

ОП-48-216. Шамын таптым шеренкени таппадым, куту таптым бирок ичин ачпадым. Балдар менен канча жолу таанышпайын, жүрөк сүйгөн жан адамды таппадым. Мадина

ОП-48-217. Бир башкача жүрөк согот дүкүлдөп, алоолонгон көкүрөктө өрт өчүп. Калем алып оңдон солго шилтеймин, жүрөк сыры калем учуна төгүлөт. Бакытка батып турган сезимим,Ал жетим баладай, сезим эмес, үмүтүм да соолуду гүлдөй. Эми суу куярга адам таба аламбы? Толкун

ОП-48-218. Кыргызымдын кыздарына Москвадан салам. Элдияр

ОП-48-219. Ош шаарында окуп жаткан досум Гүлданага салам. Досум бар бол, сени урматтап Бишкектен досуң Жийдегүл

ОП-48-220. Алтындай болгон эжем Гита, жездем Азамат силерди кыздуу болушуңар менен куттуктайбыз. Бешик бооңор бек болсун. Ынтымакта оорубай узак өмүр сүргүлө. Урматым менен сиңдиңиз.

ОП-48-221. Бир туугандарым Элнура, Айтурган, Айнура деген татынакай сиңдилериме салам жолдойм. Мен силерди абдан жакшы көрөм. Эжеңер Элмира

Куттуктоо
Врач - терапевт Ибрагимов Бакытбек Гапыровичти жаңырган жаңы жылы менен куттуктап, бекем ден соолук, талыкпаган эмгек талап кылган ишине ийгиликтерди каалап, терең ыраазычылык менен Кыдыралиевдин үй бүлөсү.

P.S. Урматтуу окурмандар гезит бети чакталуу болгондуктан айрым СМСтер жарыяланбай калды. Сиздерден кечирим сурайбыз. Бир абоненттен бир гана СМС жарыялай турган болдук.












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan