Окумал

Сандан-санга
Асанбек Кулманбетов
Түбүң түшкүр дүйнө ий!
Селсаяктын ыйы
(трагедиялуу окуялардан турган баян)
Автордон:
Окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн айтарым... Бул чыгарманын башаты-жол жүрүп келаткандагы селсаяк абышканын айтып бергени боюнча окуя көркөмдөлүп, сандан-санга берилип жатат. Анткени, абышканын өзү көмүскөдө калып, абышка селсаяк - Токуштун кенедейинен азыркы абалына чейинки тагдыры ар бир учурдагы окуя менен сүрөттөлүүдө.

Башы шылк эте, колу "шалак" дей түштү. Баары чурулдап кайра тегеректеп калышты.
- Кой балам, кетип калалы-деди Айымбүбү.
- Бегимайды калтырбайм! Мага демектен мени бышырып жесин!-деп ызырынган Токуш түз эле тигилерге жетип, Зуураны кошо кармалашып аткан Бегимайга жетти. Аны колдон ала өзүн көздөй тартты:
- Бас дейм, Бегимай!
- Барбайм, байке, барбайм! Кете бериңиз өзүңүз! Зуура апам ушинтип жатса мен кетип калмак белем! Токуш Бегимайды таарына тиктеп алды да:
- Болуптур. Бирок башка убакта алып кетем!-деп алып, шыпылдай басып жөнөдү. Айымбүбү экөө ээрчише басып, дарбазадан чыгып кетишти.
Чоң жолго чыгышып, келаткан машинага кол көтөрүштү.
Балээ башталды
Токуш жалгыз үйүндө уктап жаткан. Дарбаза катуу тыкылдаганынан улам көзүн ушалай сыртка жөнөдү. Калитканы ача берип көзү чакчая түштү. Анткени маңдайында эки милиционер турган. Жанында Айымбүбү апасы, бир-эки кошуна бар эле.
- И, "бандит", шек билгизбей уктап жатасың?!-деп "бурк" этти бир милиционер. Ошондо гана кемшеңдеген Айымбүбү апасы ый аралаш минтти:
- Ол-да айланайын балам ай! Кайдагы балээни гана башыңа үйдүң экен!.. Ошондо эле айткам бөөдө теңелбей кетип калалы,-деп!.. Мына!.. таякелериң милийсага бериптир!..
Токуш эмне айтаарын билбей тилин жутуп калгансыды. Мукактана:
- Мен.. Эмне кылыптырмын?..
- Эмне кылыптырмын деп коёт! Ишенбей атса чындап эле букадай бар турбайсыңбы! Өз таэжеңеңди жыга чаап коюп кантип качып кеттиң? Давай кийин! Бас!-деген милиционер Токушту үйдү көздөй түртүп жөнөдү.
- Машинага Токушту түртүп кийирген милиционерге жалынычтуу айтты Айымбүбү:
- Балам, айтпадымбы, эмчек сүтүмдү берип бакпасам да өз уулумдан артык бөпөлөп өстүрдүм эле. Жетимсирете көрбөгүлө, кагылайындар. Силер да эстүү балдар экенсиңер. Анда эч кандай күнөө жок. Ал сабаган эмес...
- Аны биз териштирбейбиз. Башкаларга жооп берет. Биздин иш тиякка жеткирип барыш!..-деп "корс" эткен милиционер машинанын эшигин "тарс" эттире жаап, адыраңдата айдап жөнөдү. Артынан карап бышактап ыйлап калган Айымбүбүгө абышкасы минтти:
- Ошондо эле айткам ээрчитип барбай эле кой, таякелери кабыл алаарын кудай билет деп. Чоң муштум немеге сооп болот! Жөн кой, кылганын мойну менен тартсын!
- Койчу абышка, ал сага эмне кылды эле? Кенедейинен колубузда чоңойду. Өз балабыздан эмнеси кем? Сен эле, ушул баланы жек көрүп калдың?
- Айтып эле жүрбөймүнбү бул бир башкача бала деп. Он төрт жашта деп муну ким айтат, жыйырма жаштагыдай болуп турат. Көздөрүчү, тим эле жырткычтай.
- Ай, абышка ай! Сенин ушундайыңан байкуш бала жалгыз жашап атат. Өзүң эле ал экөөң ит менен мышыктай эле болуп калбадыңарбы. Болбосо сени кенедейинен өз атасындай "атакелеп" турчу эмес беле. Байкуш бала жаштайынан жаманатты мойнуна илинмей болду го, кудай кууратканда!..
- Айымбүбүнүн бышактаганы басылбай, Токуштун короо-жайын бекитип жүрдү.

**
"УАЗ-69" маркасындагы милициянын машинасы Долондун кырына келип токтоду. Машинадан түшкөн эки милиционер Токушка кайрылды:
- Эй, бандит, сен да туалетке барасыңбы?
- Бандит дебеңизчи байке. Эмне кылып бандиттик кылыптырмын?..-деп кобуранган Токуш түшүп келатканда олбурлуу милиционер "корс" этти дагы:
- Бас жаагыңды! Сенин тилиң да узун неме окшойт э! Көрөм тиякка барганда каяша айтканыңды. Тилиңди бурап, бир аз кыскартып коюшса анан!..
- Байке, мага эмне эле асылып калдыңыз?! Кылган күнөөм болсо ошол жактан жооп берем. Эмнеге эле сиз мени кемсинтип атасыз?! Кемсинтпеңиз!..-деген Токуш туалетти көздөй жөнөгөндө олбурлуу милиционер беркиге унчукту:
- Азыр келгенде колуна кишенди салып туруп, унчуккус кылып ийлеп койсомбу, энеңди!..
- Койсоңчу, кийин акталып кетсе дагы...
- Энесин урайын!.. дегиче Токуш туалеттен басып келди.
- Тос колуңду!-деди олбурлуу милиционер. Колундагы кишенди көргөн Токуш:
- Салбай эле коюңузчу байке. Жөн эле келатам го, деп жиберди жалооруй.






Анын эмне ойлоп отурганын билбейм, а мен болсо ушинтип сабакка кирбей эле коёт болчумун деп, оюмда улам кайталап жаттым. Зор кыйынчылык менен сабакты бүткөрдүм. Көңүлүң келбеген учурда убакыт өтпөй калат эмеспи, бүгүн мага ошондой болду. Бирок Бахиддин мында отурганын эстегенде көкүрөгүмдү бир жылуулук аралап, качантан бери жан дүйнөмдү эзип келген букту бирөө алып салгандай жеңилдей түшөм. Кызык дейм өзүмчө, адам баласынын жашоосуна таң калып, бул пенделерди бири-бирине жипсиз байлап коюп, анан аны эмне менен аныктоого болбогон табигый бир кызыкчылыкка багындырып койгонуна айран болуп.
"Муну сүйүү деп айтууга болобу? Бир караганда болот, анткени мен ансыз жашай албасымды сезип турам, бирок ошол эле мезгилде жек көрүп, андан соң, кайра аны аяп, деги кандай себептерден улам минтип отурганыма так жооп жок. Жакшы көрүүмдү сүйүү дейин, ал эми жек көрүүмдү эмне менен тушүндүрөм, айта албайм".
Менин байкашымда кыздар артта калышат да балдар сыртка эрте чыгышат. Бахид да балдардан бөлүнбөй чыгат да, анан эшиктен мени күтүп тураар эле. Бул жолу да ошентти. Ырас, азыр ал мени менен чогуу чыгышын каалаган болчумун, бирок ал антпеди. Адаты боюнча сырттан күтүп алды да, сагынганын жашырбай бек кучактап чачымдан жыттады. Ага эркелеп бир карап алдым да, ошол эле мезгилде жан дүйнөмдү эзген суроолорго жооп алууга ашыктым.
- Бахид, бая ооруп жатканыңда эмнеге мени чакырттың элден уялбай? - Ал мени саамга тиктеп ушул суроону чын эле сен берип жатасыңбы дегендей ормоё тиктеди да, кайра мага:
- Эмне, сага жакпай калдыбы?-деп, сурады. Мен анын кучагында туруп башымды чайкадым жана ошол эле мезгилде ага кайрадан суроо узаттым.
- Сен тиги чогуу жашагандарыңдан уялган жоксуңбу? - Чынында мени алардан уялганы-уялбаганы кызыктырбайт болчу, менин минтип сурап жатышым анын аялы бар же жок экендигин тагыраак билсем деген ой эле. Сөз эмне жөнүндө баратканын түшүнүп турса да Бахид байкамаксан болуп:
- Ооруп жатсам, мен анан өзүмдүн сүйгөн кызымды чакыргандан эмнеге уялышым керек? Алар мага ким болуп кетиптир?! - Дал ушул нерсе менин кийинки суроолорума жол ачып берди. Башымды чагып келген көптөгөн суроолорго жооп алгым келди.
- Тигил жердегилер сага эч ким эмес болсо, анда эмне үчүн сен алар менен чогуу бир үйдө жашайсың? Кантип ал үйдө жашап калып жүрөсүң? Салават деген ким? Тиги чоң аял сага ким болот?.. Бахидге тике карадым. Баятан бери жүзүндө жайнап турган кубанычтарынын баары бир заматта жоголду, абдан жүрөктү мыгжый тургандай оор дем алды да:
- Анын баарын мен сага айтып бере албайм. Ошондой эле мен алардан бөлүнүп да кете албай жатпаймынбы. Ал жерде бир мүнөт да тургум келбейт, бирок бараарга башка жер жок да менде. - Бахид катуу кыйналып жаткандай ушул сөздөрдү айткандан кийин пендечиликтен, андагы оош-кыйыштан, деги эле аргасы жоктон ушунчалык бул жашоодон тажагандай оор үшкүрүндү. Анысы мага жөн гана шылтоодой сезилип кетти. "Кантип жашоого болбосун деп ойлойм өзүмчө, элдин көбү эле баш калкалаар үйү жок батирлерде, орустардын эки бөлмөсүн ижаралап жашап жүрбөйбү. Бахиддин алардан бөлүнбөй жашашынын башка себеби бар. Демек, аялынын тигилер менен тууганчылыгы бар, ошондуктан аларга көз каранды болуп анда жашап жатат. Эгер аялы мында болсо экөө тигилерге кор болбой бөлүнүп кетмек".
Мен өзүм ушул оюмду туура деп эсептедим. Анткени апам дайыма эле өздөрүнүн жаш курагын айтканда, эрте үйлөнүшкөнүн, батирлерде көчүп-конуп оокат кылышканын айта бере турган. Ал эми Бахиддин минтип бирөөнүн үйүндө кор болуп, аргасыз жашап жатышы анын квартирага жашабай калышынын башка себебин аныктап жатты. Болбосо айылдан келген көпчүлүк студенттер деле квартиралап коркпой-үркпөй эле жашап жатышканын мен ал мезгилде көп көргөм. Башкасын айтпаганда деле Арзыканды мисал келтирсем болот. Ушундай ойлор менен бир топко алаксып, ал эми Бахид деле өз ойлорунан кутула албай бир далай жер бастык.
Маанисиз ойлордон тажай баштадым, Бахид болсо кыялдын тереңине түшүп кеткенсип, таптакыр баш көтөрбөй жер тиктеп барат. Жанында киши барбы, же жокпу маани бербей, өз ою менен алек боло бергени чынында куйкамды куруштуруп жиберет. "Бу жолу да эки анжы болуп турдум, ойлонуп алсын, анан оюн жыйынтыктап алып мага айтат. Жок дейт, экинчи оюм буга ишенип болбойт, ушинтип акыркы чекке чейин кете берет. Башка учурда канча кааласа ошончо кыялдана берсин, эгерде кыялдана турган болсо, мында менин жанымда эмнеге турат, кетип калбайбы".
Ушул ой мени жеңип кетти. Чынында Бахидди жайына койсом, ал мени такыр унутуп калчудай. Ачуум көкүрөгүмдү кысып чыкты.
- Сен менин жанымда эмнеге басып келе жатасың, ы-ыя? Белектер тууралуу менин жанымда кыялданып келе жатканына аябай кыжырым кайнады. Мынчалык деле ачууланбайт болчумун, анын эмне жөнүндө ойлонуп жатканын билбейм, тимеле оозу жалжайып өзүнчө өте кубанычтуу. Менин минтип эч себепсиз ачуулана баштаганымдан ал да чочуп кетти денеси жыйрылып.
- Сага эмне болду, жөндөн-жөн ачууланып?- деп сурады ал себебин билүүгө ашыгып. Мына ушул жерден мен ызамды жашыра албай:
- Уялбай кайра сага эмне болду деп коёт. Менин берген суроолорума жооп берүүнүн ордуна кайра мени шылдыңдап кетип баратат жанымда. - Ызам башыма чыгып, бир топко көз жашыма муунуп барып токтодум. Өз "күнөөсүн" эми гана сезген адамдай ал акырын мени колтуктап, жүзүмөн сүйдү да:
- Мен сага күлгөн жокмун. Сен мага туура түшүн, сени менден бөлүп салууга жөндөн жөн аракеттенген тигилерге күлкүм келип жатат, -деди. Анын минтип айтканы мени ого бетер таңдант-










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan