күүгүмдөгү сырдашуу

Cьездбек Искеналиев:
"Сүйгөнүмө тарак белек кылганмын"
Өзү теңдүү жаш ырчылардан айырмаланып репертуарындагы салмактуу, олуттуу кыргыз жыттанган ырлары менен эл оозуна алынган көп кырдуу таланттын ээси ырчы Сьездбек Искеналиев бүгүн бизде мейманда.

Чыгармачылык
- Сьездбек, маегибизди жаңырган жаңы жылдагы сенин жаңылыктарыңдан баштагым келип турат...
- Жакшы болот. Алгач учурдан пайдаланып жалпы кыргыз журтумду жаңы жылы менен куттуктайм. Ылайым ушул жыл майлуу-сүттүү жылдардан болуп, берекесин төксүн. Ал эми жаңылыктардан айта турган болсом, быссымылда дегенде эле уй жылын концерт менен баштадым. Тактап айтканда, 13-январь күнү "Айыл өкмөтү" гезитинин эки жылдыгына карата "Азия-Ордо" ресторанында өзүмдүн жеке концертимди бердим.
- Сөзүңө аралжы, бул сенин чыгармачылыкка келгенден берки канчанчы жолку концертиң?
- Бешинчи, буюрса жакында жаңы ырларды жазып, жаңы клиптерди тарттырайын деп жатам.
- Музыка сага эмне берди?
- Музыка-менин бала кезден көксөгөн максатыма жеткирди. Экинчиден аздыр-көптүр сый-урмат, чоң дөөлөт алып келди. Кыскасы, мен ушул жолду тандап алганыма өкүнбөйм.
- Кыргыз маданиятына канчалык деңгээлде өз саламымды кошуп жатам деп ойлойсуң?
- Эми колдон келишинче ар тараптан өзүмдү сынап келатам. Аман болсок, кыргыз маданияты үчүн кызмат кылчуу күндөр алдыда.

Үлкөн байлык-үй-бүлө
- Биринчи жолу балаңдын "ата" деген үнүн укканда кандай сезимдер болду эле?
- Аябай деле укмуш деп айталбайм. Анткени, балалуу болгонго чейин агаларымдын балдары мени папа дешчү. Анан өзүмдүн кызымдын тили да папа деп чыкты. Бирок, барибир өзүңдүкү башкача туюм калтырат экен. Аны ар бир ата-эне сезсе керек.
- Алыста жүргөндө ким биринчи эсиңе келет. Кызыңбы, жубайыңбы же ата-энеңби?
- Тилекке каршы, атам жаныбызда жок. Буюрса, жакында арбагына куран окутайын деп турам. Ал эми апам-мен үчүн эң ыйык табылгыс адам. Кызым менен жубайымдын да жолу башка. Алыста жүргөндө баарын эстеп, баарын сагынам. "Балам балалуу болгондо билесиң" деп бекер айтылбаптыр. Айрыкча, кызымдын кылыктары көз алдымдан кетпейт.
- Жубайың кылыктанабы?
- "Кыз кылыгы менен" дегендей аялзаты табиятынан ошондой жаралат да. Башкалар сыяктуу эле менин келинчегим да назданып, эркелеп кылыктанат.
- Түгөйүңдөн сыр жашырасыңбы?
- Чынын айтсам эч нерсе жашырбайм. Болгонун болгондой кылып төкпөй-чачпай айтам. Ал менин өмүрлүк шеригим болгондон кийин андан жашыра турган сырым деле жок.
- Уруша кеткен учуруңар болобу?
- (Күлүп) Ансыз жашоо кызыгына чыкпайт го. Чабышып, салгылашкандан кудай сактасын, анча-мынча кыжыңдашып кеткен учурлар болот.

Жан дүйнө
- Жашоонун маңызын эмнеде деп ойлойсуң?
- Жашоо-ак карасы, ачуу-таттуусу, өйдө-төмөнү, жакшы-жаманы менен кызык. Күндүн чыкканы, күндүн батканы, күндүн ачылганы, бүркөлгөнү, көңүлдүн чөккөнү кыскасы бу жарыктыкта түркүн түстүү жашоону көрүп, тирүү жүргөндүн өзү бакыт.
- Ишеничиң акталбай калган учур болду беле?
- Ишенчээк, көңүлчөөк мүнөзүмдүн айынан мындай жагдайга көп дуушар болом. Бир жолу бала чагымдан бирге чоңойгон эң жакын кан досум бирөөнүн сөзүнө кирип менин башымдан аттап, оор абалга таштап кеткен. Ишеничимдин өлгөнүн ошондо сездим. Тообо кылдым, "Кимге көр казсаң, өзүң ошол көргө түшөсүң" демекчи жанагы досум кийин меникиндей абалга өзү туш болду.

Сүйүү,Махабат, ашыктык
- "Сүйүүсүз турмуш-пайдубалсыз курулуш" дегенге кошуласыңбы?
- Кошулам. Жакшы көрүп, сүйбөгөн адам менен кантип үй-бүлө курасың. Менимче сүйүү-турмуштун негизги булагы. Ошондуктан сүйүүнү туура баалап, туура тандаш керек.
- Эң алгачкы сүйүү катын жазган күнүң эсиңдеби?
- 7-класста окуп жүргөнүмдө айылыбызга менден бир жаш кичүү Гүлзат деген шаардык кыз барып, өмүрүмдө биринчи жолу ошол кызга кат жазгам. Гүлзат туулган күнүнө чакырса өзүмдү коёрго жер таппай, сүйүнгөнүмдү айтпа. Анан дүкөндөн бир тарак сатып алып, тарактын бетине "Сени сүйгөн Сьездбектен эстелик" деп мык менен жазып белек кылганым эсимде. Андан көп өтпөй дагы бир Кыял деген шаардык кыз келип, ошого кат жазгам.
- Анда сен тоок сүйүү болгон турбайсыңбы?
- Ха-ха-ха. Анда эмне, сүйүү эмне экенин билет дейсиңби. Алардын баары жөн гана ойноок мезгил балалык кездеги сезимдер да. Биз ал кезде сен айткан тоок сүйүүнү- турна сүйүү деп койчубуз.
- А түбөлүк сүйүүнүчү?..
- Түбөлүк сүйүүнү болсо ак куунун сүйүүсү дейт элек.


Сахнадагы кызыктардан...
- Бир жолу Бегимай Бекбоеванын концертинде ырдап атып, ырдын орто жерине келгенде кана эмесе чогуу кол чабабыз деп колумду чабайын десем эле микрофондун башы ыргып барып залдагы элдин арасына түшүп калды. Бешенеме жакшы микрофон иштеп жатыптыр. Анан кызарып-татарып ичегиси чубалган микрофон менен ырымды уланта бердим. Ыр бүткөндөн кийин элдин арасынан бир кичинекей бала микрофондун башын алып чыгып берген.




Съездбектин сахналаштары эмне дейт?
Салима Балтаева, ырчы:
- Съездбекти жакындан жакшы деле билбейм. Бирок, чыгармачылыкта эмгекчил, аракетчил ырчы катары баалайм. Жаш ырчылардын арасында бир топ ийгиликтерге жетишти. Бул да болсо анын талыкпаган эмгегинин үзүрү.

Сейит Жээнбаев, акын:
- Съездбек өзү обон жазат. Мен Съездбектин профессионалдуулукка умтулганын сыйлайм. Ал башкаларга окшоп эптеп-септеп өзү текст жазып албай, көрүнүктүү акындар менен иштешип, поэзияга өзгөчө мамиле жасайт. Анан да унутулуп бараткан акыныбыз Түмөнбай Байзаковдун көпчүлүк ырларына жан киргизип, эл алдына алып чыкканы жүрөгүмдү жылытып келет. Съездбекке даңгыр жол!

Мээрим Мураталиева, ырчы:
- Съездбек келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш ырчылардын бири. Чыгармачылыкты, улууну урматтап, кичүүнү сыйлай билген кең пейил жигит. Ага ийгилик гана каалайм.

Кенже Дүйшеева, ырчы:
- Мен Съездбекти Айжамалдын жеке концертинде жакындан билип, эң негизгиси адам экенин бааладым. Ал эми чыгармачылыкта "яркий жүз" болбосо да кээ бир жаштарга караганда өзүнүн ордун таап, чыгармачылыкты бир нукта алып бараткан таланттуу ырчы. Дагы да көп-көп изденип иштесе бир иштин өтөөсүнөн чыгарына ишенем.

Даярдаган Ж. Калдарова










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan