Куттуктоо!
"Миң Кыял FM" радиосу кыска аралыктын ичинде өз угармандарын таап, эл оозуна алына баштады. "Обон" гезитинин жалпы жамааты 103.7 жыштыгын карманган кесиптештерибизди туулган күнү менен куттуктайбыз. Ар дайым эл сүйгөн радиолордон болуп, угарманыңыздар саат, мүнөт эмес, көз ирмем сайын көбөйсүн.


"Кыргызстан обондору" 10 жашта
Кыргызстанда биринчи жолу "Жашоо керемет" деген ураан менен жалаң кыргыз ырларын 106.5 жыштыгында жаңырткан эң популярдуу, кыргыз тилдүү "Кыргызстан обондору" радиосу 2009-жылдын 24-январында 10 жашка чыгат. Бул күнү обондорунун жалпы жамааты Ала-Тоо аянтында угармандары үчүн кыз-куумай, жөө күлүк жана башка кызыктуу оюндарын ойнотуп, болуп көрбөгөндөй майрамдык эфир тартуулашат. "Кыргызстан обондорунун" 10 жылдык маарекеси менен "Обон" гезитинин жалпы жамааты куттуктап, февраль айында Спорт Ордосунда боло турган "Керемет обон" сыйлыгын тапшыруу салтанатына ийгиликтерди кааламакчыбыз.











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan