Коломто

Кенжекул Меңдибаиров:
"Жарыбаган айлык менен сахнаны сүйүп жашайбыз"
"Башкаларды бактылуу кылууга аракеттенүү менен биз өзүбүздүн бактыбызды табабыз" дегендей, ар бир инсан үлгүлүү үй-бүлө болууга далалат кылат эмеспи. 37 жылдан бери чыгармачыл чөйрөнүн ысыгына күйүп, суугуна тоңуп бирге түтүн булатып келе жаткан Нарын музыкалык драма театрынын белгилүү артисттери, КРнын Эмгек сиңирген артисти Кенжекул Меңдибаиров жана жубайы КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зарыл Көгөева менен маек куруп, алардын ыйык сүйүү дубалынан куралган үй-бүлөсү жөнүндө кеп козгодук.

- Кенжекул байке, айтсаңыз, Зарыл эже экөөңүздөрдүн бир үй-бүлөдө түтүн булатып калганыңыздарга эмне көпүрө болду?
- Экөөбүздүн ортобуздагы ыйык көпүрө Жумгалда уюшулган "Бекбекей" элдик театры болду. Мен анда 24 жашта элем. Зарыл эжең 10-классты жаңы бүтүп 18 жашка чыга элек болчу. Биздин театрга ырчы болуп келген. Тагдырдын буйругу экен. 1971-жылы 6-октябрда баш коштук.
Зарыл : - Мен театрга жаңы келгенде Кенжекулду театрдагылар Македонскийдин ролун аткаргандыктан"Маке" дешсе, мен деле аларга кошулуп Маке байке деп кайрылчумун. Ал кезде көп гастролго чыкчубуз. Мен Маке байкени жаман көрө берчүмүн. Себеби, эшиктин алдына да чыгарбай, эч ким менен сүйлөштүрбөй тамашалап тийишип калган балдар менен уруша кетчү. Көрсө ал мени тымызын жактырып жүрүптүр. Мен деле кайдыгер карачу эмесмин. Жөнөкөйлүгүн, эмгекчилдигин баалачумун. Ошентип гастролдон келатып эле үйүнө ала качып кеткен.
- Эки чыгармачыл адамдын балдары да ата-энесин тартышса керек?
Кенжекул : - Ооба. Ошондой десек да болот. Алты бала, жети неберебиз бар. Үч келиним, эки күйөө балабыз менен бапырап эле калабыз. Улуубуз Шамбет Нарын драма театрында башкы режиссёр болуп эмгектенет. Кийинкиси Назым "Дем" театрында болсо, кичүүбүз Максат да биздин театрда иштеп жатат. Кыздарым да диплому жок артисттер десем болот. Айланып келип алар деле бизден кем калышпай өнөрлөрүн көрсөтүп калышат.
Зарыл: - Кенжегул экөөбүз бири-бирибизди түшүнүп, бир кесипте эмгектенип келе жатканыбызга сыймыктанабыз. Балким менин же анын кесиби башка болгондо, түшүнбөстүктөр көп болмок. Кошумчаласам кээде үй-бүлөбүз менен бир тармакта иштеп жатканыбызга өкүнүп кетем. Эртеден кечке жолдошум, балдарым менен спектаклге даярданабыз. Жумуштан иштегенибиз аз келгенсип, үйгө барганда да чоң бөлмөгө кирип алып түн бир оокумга чейин даярдык көрөбүз.
- Сиздер бир гана үйдө эмес, көчөдө, сахнада деги эле 24 саат бою бирге жүрөт экенсиздер. Бири-бириңиздерге жинденген учурлар болбой койбосо керек?
Зарыл: - (Күлүп) Андайлар болот да. Өзгөчө экөөбүзгө роль бөлүнүп, сахнада даярдануу учурунда үйгө кетели кеч кирди десем "Дагы кичине даярданалы, образды жаратыш керек" деп жумуштан кеткиси келбейт. Менин го үйдө оокатым көп, үйгө эртерээк кетейин, анда сен өзүң кала бер деп жинденип кетем. Кээде көп ызылдашпай эле коёюнчу деп кечке чейин калып калам.
- Экөөңүздөр тең сахна адамдары болуп жарыбаган эмгек акы менен 6 баланы багыш оңойго турбаса керек. Кесип алмаштырайынчы деп театрдан тажаган күндөр болду беле?
Кенжекул: - Убагында мен да айдоочу болуп иштеп 480-600 сомго чейин алчумун. Ал кезде бул укмуштай көп акча эле да. Кийин башка жумуш которсом 180 сом дегенинен мурунку айлыгыма көнүп калгангабы мындай жумушка иштебейм деп кетип калдым. Андан соң театрга киргенимде 62 сом айлык алып, адегенде абдан акчадан кыйналдым. Сахнага чыгып спектаклден образ жаратып элдин колдоосуна жетишкенден кийин аз акчага да кайыл болуп сахнаны сүйүп жашап калдым.
- Кенжегул байке, ачыгын айтсаңыз, "Эрлүү катын таяк жейт, койлуу катын куйрук жейт" дегендей жубайыңызга колуңуз тийди беле?
- (Күлүп) Чынында бир жолу колум тийген. Айлык алып үйгө кызуураак келдим. Анча-мынча сөздөр болуп кетти. Мен тура калсам эле эжең "Азыр мобул чайнектеги ысык сууну балаңдын башына куюп жиберем"- деди. Өзүнүн деле баласы да, ушундай жиним келип, эмне болуп колум тийгенин билбейм, бир заматта көзү тостоюп көгөрүп чыкты. Үйдө кайненем да бар болчу "Эмне болуп кетти балакетиңди алайын"- деди эле, "жыгылып кеттим"- деп, ошондо да мени жамандаган жок.

Маектешкен Айнура Султанова




Үй-бүлөнүн бузулушуна ким күнөөлүү?
Гүлжигит Сатыбеков ырчы:
- Кичинекей нерсенини келип чыгышына да сөзсүз бир нерсе түрткү болот эмеспи, ал эми үй- бүлө ураганга эмне түрткү болот? Кээ бирөөнүкү кайненеси, урук-жааты кийлигишет, айрым үй-бүлөдө тил табыша албай кайым айтышуу болот, кээ бир үй-бүлөдө күйөөсү ичип эч нерсе таап келбейт. Мына ушундай себептерден улам кичинекей мамлекет урап жатпайбы, биз ырчылар талаа-түздө көп жүрүп ушундай көрүнүштөргө көп эле күбө болуп жатабыз. Эми башка канча кыйынчылык түшсө да көтөрүп, үй-бүлөнү сактап калыш ар бир адамдын өзүнөн.

Бактыбек Мамытов теле алып баруучу:
- Көбүнчө экөөнөн тең кетет, жанагы "кемигинде да керкисинде да бар" дегендей эки тарап тең кемчилдик кетирет. Анан кээ бир учурда тууган- туушкандардын жөнү жок кийлигишүүсү себеп болот. Азыркы күндө үй-бүлө түрдүү себептер менен бузулчу болду го.

Тынар Курбаналиев куудул:
- Үй-бүлөнүн бузулушуна биринчи кезекте ата-эне күнөөлүү деп эсептейм. Кээ бири эки жаш турмушка жеңил ойлуу мамиле жасаганын улам ажырашуу келип чыгат деп ойлошот экен, жок андай эмес, көбүнчө ата-энелер баласынын турмушуна кийлигишип, кайдыгерликтен болуп жатат.

Кубаныч Эсенбаев журналист:
- Тагдыр деген бар да, ар бир пенде маңдайына жазылганын көрөт. Мисалы жаңылыштык кетет, түшүнбөстүктөр келип чыгат дегендей... Мен өзүм турмушумда көп жаңылыштык кетирип ажырашкам, эгерде бир үй-бүлөдө эки кайчы пикир, эки башка ой-тилектер орун сүрсө анда бири-бирин кыйнабай эки башка жолго түшкөн эле оң. Албетте бир үй-бүлө бузулушу оңой эмес, деги эле бул жашоодо чымчыктын да уясы бузулбасын дээр элем.

Собол салган А. Дүйшөналиева










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan