Күнсүрөт

Адамды айбан кылган - алкоголь
Аш-тою көп кыргыз, кыз берип-уул үйлөгөн кудасы көп кыргыз, баланы бешикке салып, тушоо кесмей тою көп кыргыз, ал эле эмес көңүл айтып, суу жуткурмай адаты көп кыргыз!.. Айтор, шаан-шөкөтү, жоготуу-кайгырууң да көп кыргызда бардык нерсе "ак моюн"-араксыз өтпөйт го чиркин!
Ал го ал болсун, жөн эле жолугушуу, чер жазышып сүйлөшүү, чарчаганын жазсаң да аракты сеп этүү менен башталат.
Жылаңач жүрсөң да, нанга тыйын жетпей турса да кургур "ак моюнга" акча табылат.
Илгери "Чалкан" журналында жазылгандай, адегенде жылуу-жумшак сөз чыгат, андан кийин баш айрылып көз чыгат". Көз алачакмактап калгыча жүз граммды көтөргөн сайын көңүл көтөрүшө, кучакташкан сөз чыгат. Андан кийин эскини эптеп, таарынышмай башталат. Эч нерсени көзгө илбей сөгүшмөйлөр, чабышмайлар уланат. Жанагы соп-сонун деген адамдын мурду канжалайт, ылайга оонайт. Абийири айрандай төгүлөт.
Айрыкча "атакелеп" ыйлаган балдарга ээ бербей жолборс болгон эркекти, "апакелеп" жалынган кыздарына ээ бербей оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып аткан аялды элестетип көрүңүз.
Ушундай төгүлгөн абийирди эртеси эстемек болот кыргыз. Анын бирин билсе бири эсинде жок. Башын мыкчый:
- Тү-үй ата, ит болгон турбаймынбы!-деп күбүрөнөт. Бирок ит эле эмес, чочко болгону менен иши жок.
Кыргызым, ичпе дейт деп арданба! Чочко болгуча ичип абийиримден кетпейин десең... Чөнтөгүң кагылып, кайыр сурап калбайын десең...
Акылыңдан айрылып келесоолук кылбайын десең... ден соолугуңдан ажырап, эрте эле "ары карап" кеткиң келбесе, анда эле ичпе муну!
Куру саймедиребейин, төмөндө окуп көрсөң өзүң эле башыңды мыкчырсың.

Алкоголдо канча уу бар?
Спирттик ичимдиктерден:
Пиводо - 3-6%
Шарапта - 12-17%
Күчтүү шарапта-18-20% алкоголь бар. Ал эми зыяндуу этил спирти кошулган алкоголдук ичимдиктерде:
100 гр. аракта 40 гр уу (этил спирти)
100 гр. шарапта 20 гр уу
100 гр. коньякта 40 гр уу
100 гр. самогондо 20-70 гр уу
100 гр пиводо 12гр уу
100 гр шампанда 17 гр уу бар.

Арактын азабы!...
Алкоголь ичилгенден эки мүнөттөн кийин эле канга кошулат. Андан кийин көрүү, угуу, сүйлөө, ойлоо процесстерине жооп берүүчү баш мээнин кабыгы жабыр тартат. Ошондуктан, тантырап сүйлөп, көргөнүн жакшы ажыраталбай, көзүнө бирөө үч көрүнүп калат.
Алкоголь алгач кан тамырды кеңейтип, мээге кан барып, нерв борборлорун дүүлүктүргөндүктөн адамда адегенде шайырдык пайда болот.
Унутчаактыкты пайда кылып, миокард инфарктка учуратат. Инсультка жеткизүүчү кан басымдын көтөрүлүшүнө алып келет. Кызыл өңгөчтүн варикоз (кан тамырдын кеңейиши) дартына алып келип, катуу жөтөлгөндө же кусканда ал жарылып, өлүмгө жетелеши ыктымал.
Көп ичкендиктен ичегинин клеткаларынын түзүлүшү өзгөрөт да, тамак аркылуу келген керектүү заттарды, витаминдерди соро албай калат. Натыйжада адам арыктайт.
Боор сезгенип гепатитке, кийин циррозго учурайт. Ошондон улам боор илдетине тез кабылып, "о дүйнөгө" узап кеткендер арбын.
Ашказандын алдындагы без алсызданып, инсулинди иштеп чыгара албай калгандыктан кант диабети оорусуна кабылат.
Ичимдиктин айынан тери серпилгичтигин жоготуп, убагынан эрте картайып, өз жашынан улуу көрүнүп калат.

Ичкиликти ичкенден кийин...
Көңүл айнууга 8,4 пайыз адам кезигет. 15 пайызы кусууга аргасыз.
Ичкендердин 41,1 пайызынын мүнөзү катаалдашып, анын айынан уруш чыгарат же кылмышка барат.
35 пайызы кайдыгерликке кабылып, жаман менен жакшыны ажыратууга кудурети жетпей калат.
23 пайызында жыргоо абалы келип чыгат. Жөнү жок күлүп, ар кимге кырчаңгыланып тийишет. Ажык кыздыгы артат. Кумар эңсөөсү күчөп, анын айынан көп адашат. Ал түгүл зордуктагандан кайра тартпаган абалга келет.

Аялдар көп ичсе...
Бойго бүткөн кезде көп ичилген ичимдик баланын майып болуп төрөлүүсүнө алып келет.
Бойго болгондон үч айга чейинки мезгил айрыкча коркунучтуу. Себеби, ушул учурда түйүлдүктүн органдары жаралып аткандыктан эне ичкилик ичсе, бала жүрөк оорулуу, жырык эриндүү (нышан) жыныстык жана башка органдарындагы кемчилдик менен төрөлөт.
Даярдаган А.Ажиев




"Нукура кыргыз тилинде сүйлөгүм келет"
Жаңы жылдык телеберүүлөрдүн ичинен мени өзгөчө толкундантып, жүрөгүмдү жылытканы "Ырдайлы кыргыз ырларын" аттуу көрсөтүү болду. Ондон ашуун корей, индус, орус, дунган ж.б. улуттун өкүлдөрү берилүү менен кыргыз тилинде обон созуп жатканын көрүп арабыздагы "жылдызмын" деп төш каккылаган анча-мынча "киргиз" ырчыларынын бети кызарды бекен деген ой келди. Көп жылдан бери кыргыз тилин көтөрүүгө өз салымын кошуп, аталган берүүнү уюштурган белгилүү ырчы Юрий Бобковдун эмгегине кыргыздын жараны катары ыраазы болдум. Биз бүгүн дал ошол "Ырдайлы кыргыз ырларын" фестивалынын катышуучусу, Кашмирдин кулуну Расул Абид жөнүндө сөз кылууну туура көрдүк.

- Расул, сөз башында өзүң жөнүндө азыноолак кеп кылсаң.
- Мен 1986-жылы 17-августта Кашмирде туулуп өскөм. Үч жыл мурун билимимди жогорулатуу максатында Бишкек шаарындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясынын даарылоо бөлүмүнө тапшыргам. Азыркы учурда ушул окуу жайдын 4-курсунда окуп жатам.
- Медициналык бөлүмдө окусаң, кантип ыр чөйрөсүнө аралашып калдың?
- Мен бала кезден эле музыкага абдан жакын болчумун. Бул жакта окуу менен биргеликте хоббим болгон музыканы таштап салбастан окуу жайда өткөн ар кандай маданий иш-чаралардан калган жокмун. Ошентип ырдап жүрүп республикалык деңгээлдеги 2007-жылы болуп өткөн "Бишкек жазы" конкурсуна катышып, өзбек жылдызы Анвар Санаевдин "Мухаббат" деген ырын ырдап 2-орунга ээ болгом. Ошондо менин ырдаганымды уккан журналисттер Кыргызстанда жашап-окуп жүргөндөн кийин эмнеге өзбекче ырдайсың деген суроолорду жаадырышкандыктан, кийинки жылы сөзсүз түрдө кыргызча ырдайм деп сөз бергем. Ошол күндөн тарта чындыгында Кыргызстанда жашап жаткандан кийин эмнеге кыргызча ырдабайм деген ой жүрөктү өйүтүп учурда кыргызча ырдап жатам.
- Өзүң башка улуттун кулуну болсоң кыргызча ырларды кантип тандайсың. Ал ырды аткарып жатканыңда эмне жөнүндө ырдап жатканыңды түшүнөсүңбү?
- Албетте. Ырдаганымды түшүнбөсөң кантип ырдайм. Кыргызча түшүнөм. Бирок бат-бат сүйлөп жиберишкенде түшүнгөнгө жетишпей калам. Кыргызча сүйлөгөндү да бир аз билем. Учурда кыргыз тилин толук кандуу үйрөнүш үчүн атайын курсттарга да катышып жатам. Нукура кыргыз тилинде сүйлөгүм келет.
- Кыргызча ырдап жатканыңда кандай сезимдер болот?
- Мен кыргызча ырдап жатканымда мени ушунчалык берилүү менен угуп жаткан элди көрүп менде абдан толкундануу, сүйүнүү сезимдери болот. Ар дайым жаныма өзүмдүн минусовкаларымды, дисктерди алып жүрөм. Кафеге тамактанганы барып калсак да ал жакта отургандарга өзүмдүн талантымды көрсөткөнгө аракет кылам. Албетте, тилимде бир топ кемчиликтер бар, бирок ага карабай дайыма алга умтулууга аракет кылам. Менин бул кадамдарым акча табуу эмес, жөн гана өзүм үчүн, эл үчүн жүрөктөн чыгарып ырдоо. Кыргызстанга келип кыргыз элинин кең пейилдигине абдан баа бердим. Ушул жакта окуп жатканыма бактылуумун.
Нурзат Жусупова




Тарых барактарынан
"Тарыхты билбей туруп келечекке кадам таштай албайбыз" дегендей бүгүн биз бактылуу убактарды өткөрүп жаткан учурда кыргызстанда же ааламда кандай орчундуу окуялар болуп өткөнүнө кызыгып, артта калган күндөргө саресеп салып "тарых барактары" деген рубрика ачтык. Анда сиз да көңүл төшөп көрүңүз.

Кыргызстанда
1918-жылы 1-январда Бишкек кеңеши элдик кошуунун уюштуруу жана Совет бийлигин таануу жөнүндө токтом кабыл алынган.
1855-жылы 17-январда Ысык-Көлдүк кыргыздар орус букаралыгын кабыл алып, ушул күндөн тарта аларга баш ийип турууга милдеттүү болушкан.
1951-жылы 13-январда шаардын ичинде биринчи жолу троллейбус каттай баштаган.
1991-жылы 23-январда шаардык кеңештик сессияда Борбордун атын өзгөртүү тууралуу дебат болгон.
1994-жылы 14-январда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби кабыл алынган.
1994-жылы 21-январда Кыргызстандын биринчи элдик курултайында Кыргыз элдик ассамблеясы түзүлгөн.
1995-жылы 12-январда аксакалдар сотунун республикалык жыйыны болуп өткөн.
2001-жылы 19-январда Кыргыз Республикасынын конституциялык сотунун түзүлгөнүнүн 10 жылдыгын белгилешкен.

Дүйнөдө
1701-жылы 21-январда Петр I алгачкы инженердик мектеп курууга макулдугун билдирип буйрукка кол койгон.
1793-жылы 21-январда Улуу Франция революциясында жергиликтүү соттун чечими боюнча Льюдовик ХVI мамлекеттин коопсуздугу жана элдин эркиндигине каршы чыккандыгы үчүн өлүм жазасына тартылган.
1886-жылы 18-январда биринчи автомобиль ойлонуп табылган. Андан соң жөө жүрүүчүлөр алыс жолду жакындатып жетүүчү жерүне оңой-олтоң жет мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
1896-жылы 20-январда Петербург шаарында Лесгафта атындагы Дене-тарбия институту негизделген.
1919-жылы 17-январда пионист жана композитор Игнацы Ян Падеревский Польшанын премьер-министри болуп шайланган.
1925-жылы 18-январда "Новый мир" журналынын биринчи саны жарык көргөн.
1942-жылы 17-январда Америка мушкери, 1960-жылдын олимпиада чемпиону, оор салмактагылар боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Мохаммед Али төрөлгөн.
1961-жылы 20-январда АКШнын 35-президенти болуп Джон Кеннеди шайланса, 1981-жылдын дал ушул күнүндө Голливуддун экс актёру Рональд Рейган АКШнын 40-президенти болуп, президенттик милдетти мойнуна алса, 2001-жылы ушул күнү жаш Джордж Буш АКШнын 43-президенти болгон.
1977-жылы 21- январда Италияда боюнда бар аялдарга аборт жасоого уруксат берилген. Ошол күндөн тарта өз канынан жаралган баланы алдыртып салса да эне эч кандай жоопко тартылган эмес.
1995-жылы 17- январда 6400дөн ашык адам Япониянын Кобе шаарындагы жер силкинүүдөн каза табышкан.
2007-жылы 19-январда ырчы жана композитор Мурат Насыров дүйнөдөн кайткан.
2001-жылы 19- январда Австралияда биринчи жолу вертуалдык секс үчүн робот ойлонуп табылган. Ал робот ойлоп табуучулардын керегине жарап, ишин мыкты аткарып атын бир топ таанытканга жетишкен.
2005-жылы 19-январда муз үстүндөгү жылдыз Ирина Слуцкая муз үстүндө жалгыз бийлөө боюнча тарыхта биринчи жолу Европанын жети жолку чемпиону деп табылган. "Аракет келсаң берекет" демекчи өз эмгегинин жемишин талыкпаган эмгектин артында жетишкенин журналисттерден жашырган эмес.
Дагы кошумчалай кетүүчү нерсе Польшада 21-январь чоң энелердин, ал эми 22-январь чоң аталардын күнү болуп белгиленет. Бул майрам күнү неберелер сүйүктүү чоң эне, чоң аталарына жылуу сөздөрүн арнап, жүрөктөн чыккан белектерин ыйгарышат.
Нурзат Жусупова








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan