Адабият айдыңы

Нурлан Калыбеков, акын:
"Ырды сен эмес, ыр сени жазып коёт"
Кыргызстан жаштар сыйлыгынын лауреаты, Республикалык жана Эл аралык адабий сыйлыктарынын ээси, акын Нурлан Кабылбеков менен маек

- Акын, жазуучулар арасында өзүңүздү кандай акын сезесиз?
- Мен өзүмдү саясатчы, динчил адам, же болбосо,акынмын деп эсептегим келбейт. Башкача айтканда жөн гана Нурлан деген атка татыктуу болуунун жолун издеп келем. Мен өзүмдү-өзүм казган, өзүмдөн көп нерсени издеген рух таануу жолундагы инсанмын. Чыгармачылыкты жан дүйнөмдүн жабыркабашы үчүн алып жүрөм. Эл мени акын деп айтсын, мени мактасын дегенден алысмын. Жөн гана адам өзүн-өзү таануу, иретинде эрмек катары акылында жүргөн ойлорду ыр түрүндө түшүрсө болот. Ыр жазуу азыр хобби катары болуп калбадыбы. Мурункудай күчтүү адабият, профессионализм жок. Китеп чыгарсаң окурманга толук жетпейт.Төрт саптын башын эптеп бириктиргендер деле өздөрүн акынбыз деп атап жатышпайбы.
Чынында мен өзүм төрт сап жараткан акын деген атка сыйбайм. Жан дүйнөмдү казып, келип калган бирдемелерди кагазга түшүрүп жазып жүрөм.
- Демек, эргүү келгенде гана ыр жазып коёт экенсизда. А чынында поэзия кандай учурда жаралыш керек?
- Атайын теманын алкагында өзүмдү даярдап алып, азыр мен ыр жазайын деп олтурбайм. Чынында поэзия жарылуу сыяктуу жан дүйнөңдөн кокустуктан жаралат.
Күн чайыттай ачылып туруп эле, күтүлбөгөн жерден шатыратып жаап ийген жамгырдай болуш керек. Же болбосо тынч туруп эле көчкү жүрүп кеткен өңдүү эргүү келгенде кагазга түшүрүшсө, ошондо жакшы ыр жаралып, жүрөгүң жай алгандай жыргайсың.
Азыркы учурда заманды эле жазган ырлар көбөйүп кетпедиби. Эл минтип калды, чоңдор тигинтип кетти, кыргыз кембагал жашоодо жашап жатат дегендей жалпы коомдун акылын жазып жатышат. Индивидуал чыгармачыл адам болгондон кийин ошондой талпанын акылынан чыгып, өзүнүн ички сезимине, интуициясына, дүйнө таанымына басым коюп, бактылуу көз ирмемедерин кагазга жазып калтырышса болмок. Менин кол жазмамда көбүнчө Кудайга байланышкан саптарым көп кездешет. Бирок ошол эле учурда жалаң гана актыкты жазган жерим жок. Антип жазсак дидактика болуп акыл-насаат айтып каласың. Бир системага кирип дүйнөнү ак, карага бөлүп жазган болбойт. Чыгармачылык, поэзия эркиндикти сүйөт. Эмнени көрсөң, эмнени ойлосоң ошол бойдон жазышың керек. Ырды сен жазбайсың керек болсо ыр сени жазып коёт. Мисалы, кээде поэмадагы каарманды мындай кылайын десең дагы өзүнөн-өзүң баш ийбей кагазга башкача болуп түшүп калат.
- Кайгысы жок жүрөктөн каалагандай ыр чыкпайт дегенге кошуласызбы?
- Ооба кошулам. Кайгырганды, өткөндү эстеп олтуруп ыр жазасың. Ыр жазуу бул кесип эмес-тагдыр. Көп учурда элге тагдырлуу чыгармалар бат сиңет. Себеби, ар бир адамдын өзүнүн тагдыры бар да. Кол жазманы окуп жаткан окурман менин тагдырыма же болбосо менин окуяма окшош нерсени жазыптыр деп таң калышы ыктымал. Демек, бул кыйын жазуучу, акын турбайбы деп аны мактап калат. Волт Уитмендин айтканы бар: "эгер мен бир чыгарма жазсам, аны окурман окуп, ой-бай бул менин тадырымды жазган турбайбы десе, мен анда халтуршикмин. Тескерисинче, ошол эле чыгарманы окуп бул эмнени жазган деп ыргытып жиберип, бир топ убакыт өткөндөн кийин аңдап түшүнсө, мен анда чоң жазуучумун деген. Индус акылмандын кайсы бир поэмасы 30 жылда жазылып бүткөн. Быйылкы жазганың кийинкиге окшошпойт. Чыгарма жазууда эч убакта шашпаш керек. Чыныгы чыгарма элди кайгыртпай ырахат тартуулап, анча-мынча проблемаларды унуткарган маанайда жазылса, жыйынтыгы канаттандыраарлык болот.
- Жаңыдан жазып келе жаткан жаш таланттарга эмне дээр элеңиз?
- Ар бир адамда талант жатат. Негизгиси адам жашап жаткан жашоосуна сүйүү менен кайрылып, болбогон күнүмдүк көр тириликти мээден алып салсын. Себеби, ансыз да көйгөй түбөлүккө түгөнбөйт.
Жаштарга айтарым өзүнүн казанында кайнай бербей алгачкы этаптарында кыргыздын адабиятынан баштап, дүйнөлүк адабий китептерге чейин окуп, аң-сезимге жем издегендер көп болсо дейт элем. Жаңыдан ыр жазып баштаганда өзүн-өзү кыйнап бир күндө бир ыр жаратыш керек. Кийин-кийин ыр саптары келбей калган учурда таштап койсо, 5-10 жылдан кийин болобу, эргүү өзү пайда болот. Ар бир акын бычакка саптуу, сапаттуу ырларды жаратканга аракет кылса, окурманды өз аудиториясынан чыгара албайт деп ойлойм.

Маектешкен Айнура Султанова





Ажалга
Мен сени күткөм жаш туруп,
Жанчканда тагдыр башка уруп.
Эмнеге келдиң кечигип,
Азапты баштан кечирип,
Агарып эми турганда,
Теңирге жүзүм бурганда.
Кайт эми артка, кайтып бар,
Бүтө элек али кызматым...
Сурады дегин туз татым-
Дагы да жердик өмүрдөн!
Өмүрдөн эмес көмүлгөн,
Өмүрдөн КУТУ төгүлгөн!
Өмүрдөн АККА чөмүлгөн!
Азапты болду, бербе де,
БАК менен жанын демде де,
Тынчтык бер жүрөгүнө де,
Каруу бер билегине де!
Кордукка болду, чыдабайт,
Так айткын, түз айт, чындап айт.
Болбосо баарын бүтүрүп,
Кол шилтеп, уруп, түкүрүп,
Чакыртпай келем деди де,
АКТЫГЫН берем деди де,
Каралар АКТЫ жеди де,
Чындыкты жалган жеңди де!!!


Кыз - жигиттин ыр-чыры
Сабактан чыгып, курбуларым менен коштошуп, мага тааныш машинаны көзүмө учурата албай эшикте туруп калдым. "Кызык,-дедим ичимден,-күтүп турам дебеди беле?! Кана, күткөнү?! Кечээ да кечигип келген"- тултуя түштүм. Көңүлүм бир заматта суз тартып, оюм уйгу -туйгу боло түштү. Айла жок эки жагымды каранып турам. Кыздык намысым телефон чалгысы келбей атты. "Чалсын өзү!" дедим ичимден. Оюмду окуп койгонсуп чөнтөк телефонумда Гүлжигит "Сезген жоксуң" деп сыздап баштады. Көңүлүм толкуп кетти.
- Ал-ло, жаным, мен мына жетип калдым. Күтүп калдыңбы? Сагынып кеттим сени аябай. Карагаттай көздөрүңдөн өпкүлөп-өпкүлөп алгым келип, араң эле турам,-деди коңур үнү менен. Унчуккан жокмун.
- О-оой, сүйлөсөң? Эмне унчукпайсың? Бирдеме десең?-деди кайра.
- Бирдеме,-дедим да күлүп ийдим. Телефондон каткырык күлкү угулду. - Каякта жүрөсүң? Күтө берип үшүп кеттим. Же эмне, менден бөлөк кызыңдын сабагы эрте бүтүп, аныңды жеткирип келдиңби?-дедим таарыныч аралаш үн ката.
- Ойлогонун карасаң? Сенден бөлөк кызым жок экенин сен сонун билесиң да, ушинтесиң?! Жүрөгүмдө жалгыз гана сенсиң да!-дегиче болбой алдыма келип токтоп, алдыңкы эшигин ачты. Олтураарым менен кучагыма кыпкызыл гүл карматып, жүзүмдөн сүйдү. Эреркей түшүп колдорумду мойнуна оролто:
- Кечикпей жүрчү! Сен кечиксең эле сар-санаа боло берем. Сагынып кетем,-дедим шыбырай.
Ысык эрин эринимди соро , анан алкымымдан аймалай баштады. Магдырай көздөрүмдү жумуп:
- Алтыным десе! Берекем менин! Мен сени жакшы көрөм!-деп аттым.
- Жакшы көрөсүңбү? А-й ат-та, а мен сени сүйөт экен деп жүрбөйүмбү,-деди мостоюмуш эте. А бирок көздөрү күлүп турат. Күлүп турган көздөрүнөн аяр өөп-өөп, акырын гана жүрөгүнө башымды жөлөй, эркелей, эркелете:
- Жакшы көргөнүм-жактырганым, жактырганым-сүйгөнүм да!-дедим.
- И-ий, жаным, ушундай эле кызсың да! Апакайсың! Алтышкамсың! Айымсың!
Апакемдин ак көшөгөсүнө киргизип, ак жоолук салынып олтуруп калган күнүңдү элестетип эле сүйүнө берем. Баса, апаңа айттыңбы? 14-февралда баш кошобуз. Бир ай убактың бар,-деди жигитим.
- Жок, - дедим үлбүрөй үн чыгара. - Апам окууңду бүт анан... деп коёбу деп коркуп атам. Быйыл деле кыз -жигит болуп, эмдиги жылы үйлөнбөйлүбү?
- А-а, ошондойбу?-деди да машинасын атырылта айдап, жолду ката үн катпай келип үйүмдөн түшүрүп койду. Таарынып калды. Анткени "апаңа айт" деп үч айдан бери жалдырап келатат. "Телефон чал! күтөм" деп бурк этип алып кетти. Таарынып кетти. "Жиндим десе" дедим. Апаңа айт дебей эле ала качып кетсең деле макул экенимди "сүйөм!" деген эт жүрөгүң сезбейби?!"..
М.Сезим





Эгиз төрөгөн эненин арманы
Түн. Түнкү теребелдин кооздугуна суктанып, түпсүз ойлорго чөмүлө көпкө жүрдүм. Кыш айы. Айлана аппак карга оронуп, жаратылыш да өзүнчө жан дүйнөгө акырындап бүлүк салгансыйт. Аппак кар болуп жерге төгүлгүм келет. Мен да карга окшоп акырындап эрип кетким келет. Эмнеге?
Ооба, менин бул ойлорум сизди да таң калтырат болсо керек. Баарынан да жан дүйнөнүн ооруганы жаман турбайбы. Албетте, мунун бардыгына өзүмдү гана күнөөлөйм. Ал тургай кээде өз өмүрүмдү өзүм кыйгым да келген учурлар болгон. А бирок ошол мүнөттөрдө жан таттуу болот экен. Кайгырам, азыр бардыгына кеч болуп калды... Менин тумандаган ойлорум сизди да бушайман кылып баратат окшойт. Анда эмесе сөз башынан болсун.
Шаарда иштеген ишим бар. Жумушка бармай, кайра келмей сыяктуу окшош күндөр. Ошол күндөрдүн биринде бир түрк жигити менен таанышып калдым. Башында жөн гана мамилелеш болуп жүрсөк да, акырындап бири-бирибизге аябай көнө баштадык. Мени жумушка алып келет, кайра алып кетет. Эки күндүн биринде майрам. Мен да бул турмушка көнүп калдым. Жаштык-мастык деп бекеринен айтылбаса керек, болбосо Рустамдын менден алты жаш кичүү экенин да байкабаптырмын. Ошентип, кызыгы көп сансыз күндөр өтүп жатты. Мен кызыга турган байлыгы деле жок. Өзү студент. Бар болгону жылдызыбыз келишип алды го деп эми ойлойм.
Менин да туугандарым бүт билише турган. Ал учурда бул дүйнөдө менден бактылуу адам жок эле. Ошентип бакыттын көлүнө чумкуп, сүйүүгө мас болуп жүргөн күндөрүмдүн биринде боюма бүтүп калыптыр. Менде төрөбөй калдым го деген коркунуч бар эле. Себеби, бул бактылуу да, бактысыз да көз ирмем төрт жылдан кийин болуп жатпайбы.
Эми балалуу болобуз деген гана таттуу ойлорго чөмүлүп, алыска-алыска кыйкыргым келип, сүйүнчүлөгүм келип турган учурда көп күттүрбөй Рустам да келип калды. Ага болгонун болгондой кылып айтып, доктурлардын кагазын көрсөтүп, өзүмчө эле божурап жаттым. Тыптынч. Акылыма келе Рустамды карасам өңү бопбоз. Ал мындайды эч күтпөсө керек. Балалуу болобуз деп сүйүнмөк тургай, мени боюмдан алдырууну талап кылып жатты. Аттиң, ошондогу көз ирмемдер. Көзүмдө огум болсо атып салат элем. Ыйлап жаттым. Тагдырыма таарындым. Анын бир да сөзү кулагыма угулган жок. Бир гана азыр сен жашсың, бардыгы болот бардыгына жетишесиң, кайгырба деген сөздөрү гана алыстан угулгансып жатты. "Жашым отузга келип калды. Эмне кылсам, алдырсамбы?" деп да ойлодум. Кайра Рустамга өчөшүп төрөйм деп чечтим. Болгон кийимдеримди алып өзүнчө кыздар менен батирге чыгып кеттим. Анткени менин кыжырымды келтирген бир гана сөзү али да болсо кулагымда жаңырып турат. "Уул бала болсо баламды Түркияга алып кетем. Эгерде кыз болсо, кызым да кыргыздын кыздарындай болуп бузулуп кетет"-деп айтып, намысыма чок басты. Ал эми мага баш кошуудан ачык эле баш тартты. Мен аны сүйүп жүрсөм, ал мени акырында бузулган кызга салыштырганы мага оор тийди. Убакыт учкан куштай зымырап төрөй турган учур да келди. Буга чейин такыр жолугууга жол бербей келдим. Тагдырдын мага берген тамашасы дагы бир жолу мени таң калтырды. Жадыраган жаз айларынын биринде бир эмес, бир уул, бир кызга эне болуу бактысына ээ болдум. Бул кубанычымды сөз менен жеткирип айта албасам да энелер түшүнөт болсо керек деп ойлойм. Каяктан укканын билбейм, эки күндөн кийин мени Рустам издеп жүргөнүн уктум. Жашындым. Себеби, анын максаты баланы өзү алуу экенин башында билчүмүн. Албетте, менин уруксатымсыз алып кете албайт дечи. Бирок эмнегедир жолуккум келбеди.
Балдардын да, менин да ден соолугум жакшы экенин текшеришкен доктурлар төрөт үйүнөн чыга берээримди айтышты. Каякка барам. Балдарымды кантип багам деген суроолор мени кыйнай баштады. Акыры менин абалымды туура түшүнүшкөн эжем менен жездем, уулуңду бизге бер, биз өз балабыздай кылып багып алабыз дешти. Ал учурда эч нерсени деле ойлонгон жокмун. Алардын бул сунушуна шарт эле макулдугумду бердим. Бүт документтерин жездем өз наамына жаздырып, колумдан уулумду алып, эжем экөө бактылуу жылмая өз жолу менен кетишти. Ал учур мага кандай оор эле. Колумдан баламды эмес, жанымды сууруп кеткендей эле болду. Бөлмөгө келип кызымды кучактап алып өксүп-өксүп ыйладым да, кайрадан акылыма келе аман болушсун деп чыгууга камына баштадым. Дос кыздарым чыгарып мени айылыма салып жиберишти. "Паланчанын кызы төрөп келиптир, жигити таштап кетиптир" деген сыяктуу сөздөр айылды каптап, кайра өзүмө угулуп жатты.
Эмне кылам, аргам жок аны да көтөрдүм. Ал сөздөр мага анча деле таасир берген жок. Чындыгында эле ошондой да. Менин жүрөгүмдү оорутканы эки баламдын эки жакка ажырап калышы эле. Айылда 8 ай жүрүп келдим. Кызымды апамдын колуна тапшырып келип, кайрадан иштеп жатам. Балдарымды сагынам. Канат кагып учуп жетким келет.
Жаздыгымды кучактап алып ыйлап-ыйлап бугумду чыгарам. Кызым го алыста, жок дегенде уулумду көрүп келейинчи деп барсам эжем, жездем экөө тең мени жактырышпагансыйт. Кызганат. Аз күндө экөө бирдей 1 жашка толушат. Экөө эки жакта. Рустам да кабарсыз. Балдарымдын тагдырын ойлогондо жер астын-үстүн болуп кетет. Айла жок жашаш керек.
Эми өкүнгөндө эмне. Балдарымдын амандыгын гана тилеп жашап келем. Мына азыр ушуга окшогон күндөрдү баштан өткөрүп келе жатам.
Сагынам, куса болом...
Жазып алган
Акылжан Атабекова















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan