Билгениң оң

Тест
Түгөйүңүздү канчалык деңгээлде жакшы билесиз?
Ар бир айым жолдошун беш колундай билем, анын эмне каалап турганын айттырбай эле көздөрүнөн окуп коём деген ойдо болушат. Балким жаңылышып жаткан чыгаарсыз? Анткени сиз күтпөгөн учурда түгөйүңүз "сюрприз" даярдап сизди таң калтырышы толук мүмкүн. Жакшы көргөн жарыңызды канчалык деңгээлде жакшы билесиз, ушул суроого төмөнкү тесттен жооп таба аласыз. Алгач суроолорго түгөйүңүз өзүнчө сиз өзүңүзчө жооп берип, андан кийин жоопторун салыштырыңыз.

1. Түгөйүңүз менен кафеде тамактанып жатасыз, анын алдына келген тамакка кокус чымын түшүп кетсе кандай кадамдарга барат.
Сиз: Ал: а) кайра ашканага жөнөтөт
б) жинденип, чымынды алып ыргытып салат
в) официантты урушат
г) сыр бербей алдында турган тамакты ичип алат

2. Сүйүктүүңүз менен троллейбуста бара жатасыз, эки айым түштү: бири улгайган, экинчиси жаш. Жолдошуңуз улгайганына орун бошотуп берип ошол эле учурда ага кандай ой келет.
а) азыр баары бир түшөбүз
б) жанындагы жаш бийкечти жакшылап карап көрүү үчүн орун бошотуп берет
в) уф... дагы туруп барамбы
г) эч нерсе ойлобой туруп эле дароо бошотуп берет, анткени ал жакшы тарбия алган

3. Сейилдеп эшикке чыксаңыз, көпкөн өспүрүмдөр алдыңарды тороп тийишсе...
а) милиция чакырам деп коркутат
б) чара колдонбой эле тура берет
в) мушташып күч колдонот
г) кыйкырып жардамга чакырат

4. Сиз кокусунан сүйүктүүңүздүн жакшы көргөн вазасын сындырып алсаңыз:
а ) жылмайып гана тим болот
б ) кыйкырып уруш чыгарат
в ) өзүм сындырып алгыча сен сындырганың жакшы болду дейт
г ) менин жакшы көргөн буюмум болчу деп кайгырат

5. Жумуштан чарчап, сиркеси суу көтөрбөй келген жолдошуңуздан тиричиликке жардам берүүсүн сурансаңыз:
а ) мен аябай чарчадым деген жооп кайтарат
б ) азыр алтыным бир мүнөттөн кийин
в ) өзүң эле кылчы деп эринет
г ) эмнеге мен баарын кылышым керек деп нааразы болот

6. Көчөдөн тентек бала түгөйүңүздү кар менен уруп ойносо:
а ) жылмайып тим болот
б ) көңүл да буруп койбойт
в) кууп жетип аны да кар менен урат
г ) азыркы балдардын тартиби жок экенин айтып наалыйт

7. Сүйүктүүңүз лотереядан ири суммадагы акча утуп алса, сиз аны менен кеңешпей туруп эле эки кишилик эс алууга жолдомо сатып алдыңыз. Жолдошуңуз буга эмне дейт.
а ) таң калып акыл-эсиң жайында экенин текшерет
в ) аябай жинденет, анткени сиз анын ою менен эсептешкен жоксуз
г ) күтүүсүз белекке чын дилинен кубанат
д ) ажырашам деген жыйынтыкка келет

8. Кечки тамакка жолдошуңуздун жакшы көргөн тамагын даярдайм деп эртең менен убада бергенсиз, тилекке каршы убакыттын тардыгынан ага колуңуз тийген жок. Убада кылынган тамак алдына келбесе жолдошуңуз кандай абалда калат?
а ) унчукпай алдына келген тамакты жеп тим болот
б ) кечке чейин таарынып сиз менен сүйлөшпөйт
в ) кайра сиздин маанайыңызды ойлоп сыр бербейт
г ) ресторанга тамактанганы жалгыз чыгып кетет

9. Күйөөңүздүн жакын досу үйүңүздө отуруп "сеникиндей аялды такыр албайт болчумун" деп ойду тоону сүйлөсө сүйүктүүңүз кандай жооп кайтарат?
а ) мен да сенин аялыңды анча жактыра бербейм
б) алдагындай сөздү менин үйүмдө сүйлөбө
в) кечирип кой, бирок менин аялыма тийишкенге акың жок
г) мм... ойлонуп көрүш керек го

10. Сүйүктүүңүз жумушунан бир айга эс алуу алып саякатка чыгып жатат, бирок тилекке каршы ал барчу жерге сизди алып бара албайт. Кандай чара колдонот?
а ) аргасыз макул болот
б ) сүйүнүп өзү жалгыз кете берет
в ) мындай шартта эс алуудан баш тартат
г ) үй-бүлөсү менен барууга аракет кылат

Эгерде Экөөңөрдүн жообуңар
7-10 жолу дал келсе: Анда сиз чындап эле жолдошуңузду беш колуңуздай билесиз, анын маанайына, табитине жараша иш жасай аласыз. Анын артыкчылыгы менен кемчилдиги сизге жакшы маалым, ушул калыбыңыздан жазбай мындан ары да сүйүктүүңүз менен тыгыз байланышта болуңуз. Экөөңөрдүн мамилеңерге суктанса болот.
4-6 жолу дал келсе: Турмуш жолуна жаңы аттансаңыз анда түшүнүктүү, жолдошуңуздун кыял жоругун жаңыдан билип баштасаңыз керек. Эгерде турмуш курганыңызга бир топ убакыт болуп калса анда жакшылап ойлонуп көрүңүз, анткени сиз ойлогондой түгөйүңүздүн маанайын, каалоосун ойлонууга аракет кылганыңыз оң. Эгерде сөзсүз чара колдонбосоңуз мамилеңер солгундашы толук мүмкүн.
1-3 жолу дал келсе: Таң калыштуу, ушул убакка чейин сүйүктүүңүздүн жашоосун биле элексизби. Сиз үчүн анын жан-дүйнөсүн, табиятын жакшылап микроскоп менен карап чыгуу ашыкча болбойт.




Балаңыздын оозунан жагымсыз жыт чыкса...
Наристелердин оозунан кээде жагымсыз жыт чыкканга көпчүлүк ата-эне маани бербей келет. Мындай учурда сөзсүз чара колдонгонуңуз оң, адатта бала уктап жатканда мурду менен эмес оозу менен дем алганда көмөкөйү кургап, шилекейи кургап бактериялар көбөйөт. Бала канчалык көп уктаган сайын бактериялар ошончолук арбыйт да натыйжасында жагымсыз жыт пайда болот. Ошондуктан баланын тилин оозун таза кармаганга аракет кылыңыз.
Жагымсыз жыттын чыгуусунун дагы бир себеби-бала баш бармагын соргондо пайда болот. Оюнчук же болбосо көзүнө көрүнгөн буюмдарды оозуна салганда да ушундай эле жыйынтыгын берет. Эң жакшысы бул адаттан арылуунун жолун издеңиз. Албетте жасаганга караганда айткан бир топ оңой, бирок жакшылап аракет кылсаңыз жакшы жыйынтык берээрине талаш жок.


Ымыркайды сооротуунун беш жолу
Колуңуздагы ымыркайыңыз тынымсыз ыйлап, сиздин тынчыңызды алса бөбөгүңүздү кантип сооротуунун жолдорун карап көрүңүз.

- Колго алыңыз, бул ыкманы ар бир эне баласы ыйлаар замат колдонуп келет. Бирок кээде бул нерсе балага жакпай ого бетер ыйы күчөшү мүмкүн, абалыңыз оордоп бара жатса таза абага алып чыксаңыз, ымыркайыңыздын маанайына жакшы таасирин тийгизет.
- Ырдап берүүнү үйрөнүүгө туура келет. Мейли үнүңүз жоон, жагымсыз болсун, эң негизгиси кыңылдап чыккан үндү наристе жакшы кабыл алып, ыйы кадимкидей басаңдайт. Уктатып же жөн эле терметип жатканда кыңылдап ырдаган ыр ымыркайдын психологиясына пайдасын тийгизип, чарчаганын басат.
- Наристенин ичи көөп, жел чыгара албаган учурда өтө кыйналып, ыйы күчөйт. Демек, мындай жагдайда баланы далыңызга же ичиңизге жаткызып абалын жеңилдетсеңиз болот. Мындан сырткары дагы атайын дарыгерлер тарабынан жазылган таблеткалар да жардамын тийгизет.
- Наристенин тиши жаңы жарыла баштаган кезде ата-эне үчүн оор кез. Себеби баланын дал ушул учурда тиши ооруп, ичи өтө баштайт. Атайын бүйлөгө пайдалуу гель же ацетаминофен балаңыздын жарасын жеңилдетет. Кээ бир учурда наристе суу толтурулган жумшак оюнчуктарды тиштегенден да каниет алат.
- Таңкалыштуу болсо да ымыркайлардын кээ бири унаага түшкөндө ыйы басылат. Айлаңызды алты кетирип такыр аргаңыз калбаса машинага же автобуска түшүп жол жүргөн да пайдалуу. Жогорудагы кеңештердин бирөө да жардам бербесе анда педиатрга кайрылып чара колдонгонуңуз туура. Эске салчу нерсе, ымыркайлар көп ыйлашат. Бул анын дайыма эле бир жери ооруп жатканын түшүндүрбөйт. Балким балаңыз чарчап же болбосо уйкусу келип же жөн гана эркелегиси келип жаткан чыгар.




Оюнчуктарды кантип тандаса болот?
Деги эле балачакты оюнчуксуз элестетүү мүмкүн эмес. Анткени дал ушул оюнчуктар наристенин аң-сезимине акыл-эсине жакшы таасирин тийгизет. Ошентсе да сөзсүз ар бир баланын оюнчук-досу болгону оң. Себеби өзүнө эң жакын сезилген оюнчугу караңгыда, уктаарда, жалгыз калганда аябай жардам берет экен. Психологдордун айтымында, эскирген жараксыз оюнчуктарды ыргытпай сактап коюш керек. Бала менен кошо чоңойгон эскирген оюнчуктар башынан өткөргөн жагымдуу жагымсыз жакшы жана жаман күндөрүн эстегенге жардамын тийгизет.
Оюнчуктардын үч түрүн карап ылайыктуусун балаңызга тартуулаңыз.
Чыныгы жашоого ылайыкталганы: куурчактардын үйү же болбосо жөн эле оюнчук үй, ар кандай жаныбар оюнчуктар кирет.
Жинин же ачуусун чыгарганга, кичинекей жоокер оюнчуктар, мылтык же спортко ылайыкталган оюнчуктар жардам берет.
Фантазиясы менен аң-сезимин өстүргөнгө түркүн түстүү кубиктер, пластилин, стол тенниси ж.б. пайдасын тийгизет.




Эске тутуу боюнча рекорд койгондор
Адамдардын арасынан эске тутуу жагынан алдына ат салдырбаган азаматтар да чыгыптыр. Мисалы Түштүк Америкадан чыккан саясий ишмер Виситтаби Вушса 1974-жылы 6000 бетке жыш жазылган сөздөрдү жатка айтып берсе, 1967-жылы 14-октябрда Мехмед Али Халиси курандын 6666 сап сүрөөсүн 6 саатка чейин токтолбой айткан. Россиянын тургуну Велрий Лавриненко эки жарым мүнөттө 100 тамга, үч мүнөттө 200 тамга жаттап айтып жатканда болгону ашып кетсе 3-4 ката кетирет. 26 жаштагы Гу Янлинь 45 миң телефон номерлерди, 12000 адамдын үйүнүн дарегин так билет. Кызыгы Гу Янлинь өз телефонунун номерин жатка билбей, дайыма кагазга жазып алып жанында салып жүрөт экен. Америкалык Барбара Мур пианинодо жатка 1852 ырды аткарган, анын концерти 1988-жылы 25-октябрдан 13-ноябрга чейин созулган. Польшадагы "Гурник" футбол клубунда кассир болуп иштеген Леопольд Хелд 12 жыл иш үстүндө ар бир команда канча жолу утканын, канча киреше түшөрүн беш колундай билчү. Казинодон башы чыкпаган англиялык Даминико Брейнге мамлекеттик казинолорго киргенге катуу тыюу салынган. Анткени ал картанын баарын жатка билип бир саатта чет тилдердеги сөздөрдөн 300дү жаттап, 2-3 күндө башка тилде суудай сүйлөй алган.

Даярдаган А. Дүйшөналиева




  Ырым-жырымга ишенесизби?

Чүчкүрүктө да сыр бар
Сиз капыстан чүчкүргөн болсоңуз алдыда бир сыр болоорун баамдадыңыз беле? Жокпу? Анда баамдап көрүңүз. Себеби, мусулмандар чүчкүргөндү жакшылыкка, эстегенди жамандыкка жоруса, батыш элинде бир кабар болот деп жоруйт экен. "Бир кабар же белги" деген ырымдын жорулушу төмөндө:

Дүйшөмбү күнү чүчкүрсө-бир кырсык тоорушу мүмкүн.
Шейшембидеги чүчкүрүк-конок келээрин билгизет.
Шаршембиде чүчкүрсө - жаңы кат-кабар алат.
Бейшембидеги чүчкүрүк-белек алаар белги.
Жума күнү чүчкүрсө-кечке көңүл чөгүүнүн белгиси.
Ишембиде чүчкүрсө- көңүлү жакындар (достор, сүйүшкөндөр...) жолугушат.
Тамактануудан мурда үч жолу чүчкүрсө белек алат же мактоо сөз угуп, ишинен жогорулайт. Кечки тамактан кийин эки-үч жолу чүчкүрүү- ден соолуктун жакшы экени.
Капыстан бир жолу чүчкүрсө - аны кимдир бирөө өбөт.
Эки жолку чүчкүрүк-тилектин ишке ашышын билдирсе, үч жолку удаа чүчкүрүктө-жолугушуу, кабар алуу, төрт жолкуда-белек келет, беш жолку чүчкүрүк-алдыда мүшкүл күтсө, алты жолку чүчкүрүк-байлык келет, удаа жети чүчкүрсө - алдыдагы тынчы жоктук.
Капыстан оң тарапка карай чүчкүрүп алса бакыт, сол тарапка чүчкүрсө кырсык тооруйт. Чүчкүргөн кишинин жанындагы адам: "Теңир жалгасын" деп айтса айткан кишиге да чүчкүргөн кишиге да жакшылык оойт дешет.

А. Ажиев










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan