Классташ

Бир партада
олтуруп,
Сырынды билип алганмын
Алмаз жакшы сүрөтчү
"Тамчы" аттуу ыры менен канчалаган музыка жандуулардын, айрыкча сүйүшкөн жаштардын жүрөгүн "болк" эттирип, сезимине бүлүк салган эстрада ырчысы Алмаз Абдылдаевдин артта калган окуучулук күндөрүн эскерип классташы Медербек Токтобеков менен ой бөлүштүк. Белгилей кетсек Медербек мырза кыргыздын салтын улап, күлүктүн тилин тапкан мыкты чабандес.

Класстын "аюусу"
- Мен Алмаз менен Өзгөн районунун Мырза-Аке айылындагы №20 Ленин орто мектебинде чогуу окудум. Ал 3-класска чейин башка мектепте окуп, 3-класстан бизге кошулду. Биринчи келгенде жаңы окуучу деп баарыбыз коркутчубуз. Короосунан адашкан козуга окшоп жалгыз жүрө берчү. Томолок, ичи челдейген бала болгондуктан келгенде эле "аюу" деп ат койгонбуз.

- Мектепте окуп жүргөндө эле чыгармачылык таланты, шыгы байкалчубу?
- Алмаз сабактардан орто окуганы менен спорт жагынан активдүү болчу. Мектептер аралык спорттук мелдештерге катышып кур келчү эмес. Мындан сырткары сүрөттү укмуш тартчу. Мугалимдер Алмазды атайын сабактардан бошотуп дубал газетасына, класстык бөлүмдөргө акын-жазуучулардын сүрөттөрүн тарттырышчу. 7-класста окуп жүргөнүбүздө Манастын сүрөтүн тартып облустан биринчиликти алып келген. Ошондуктан ал кезде Алмазды ырчы эмес белгилүү сүрөтчү болот деп ойлочубуз. Чындыгында мыкты сүрөтчү болмок. Бирок, мектептеги ар кандай кароо-сынактар, айылдын тойлору Алмазсыз көркүнө чыкчу эмес.
"Шабдаалы уурдайбыз деп шаштыбыз кетти"
- "Бала болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол" деген кыргыздын жакшы сөзү бар эмеспи. Эстегенде жылмайта турган шоктук кездеги кызыктардан айтып берсеңиз?
- Сиз айткан шоктук Алмаз экөөбүзгө эле тиешелүүдөй. Анткени, Алмаз досум экөөбүз бир убакта айылдын атактуу бейбаш балдарынан болчубуз. Анда 5-класстын окуучусу элек. Алмаз экөөбүз Алмаздын орус кошунасынын багынан шабдаалы уурулукка кирдик. Эки күн тең эч ким көргөн жок. Үчүнчү күнү жерге жайнатып күүп алып жеп атсак, артыбыздан шыбыр-шыбыр үн угулуп калды. Карасак үйдүн ээси экен. Анан коркконубуздан чуркап баратып бийик тосулган тор зымга барып урунуп чалкабыздан жатып калдык. Орус болсо артыбыздан таягын кармап кубалап келатат. Тура калып жан таттуу да чиркин, бутубуздун ооруганына карабай дубалдан ашып түшүп Алмаздын сарайына барып жашындык. Жүрөгүбүз дүкүлдөп отурсак, аяш энем чыгып "Алмаз" деп кыйкырып калганынан таяк жебейли деп акырын сыртка чыксак, орус кемпир ызы-чуу салып жатыптыр. Анан Алмаздын апасы бизди өлгүдөй урушуп, кошунасына акча берип араң кутулганбыз. Ошентип шабдоолу уурдайбыз деп шаштыбыз кеткен.
- Ошондон кийин уурулук кылганды токтоттуңуздарбы анан?
- Кайдан. Балалык да, унутуп калабыз бат эле. Андан көп өтпөй жолдон бир өрдөктүн бутун сындырып кармап алып, талаага алып барып жүнүн жулбай, ичин тазалабай туруп бышырып жегенбиз. Бирок, ал өрдөктүн ээси чыккан жок.
Алмаздын жону көгөргөндө...
- Ал гана эмес өзүбүздүн үйгө да кол салчубуз. Алмаз экөөбүз 8-класста мектеп боюнча темир тапшыруудан 1-орунду алганбыз. Мугалимдер линейкага чыгарып, мактап, далыбыздан таптап койсо үйдөгү керектүү темирлердин баарын алып барып өткөрүп жиберип, экөөбүз тең атабыздан токмок жеп, менин колум, Алмаздын жону көгөргөн.
- Эрте жаз мезгили болчу. Классташ балдар менен балык кармаганы кетип атканбыз. Алмаздын суур тумагы бар эле. Велосипедчен чоң каналды жээктеп баратсак, бир балабыз Алмазды кытыгылап жиберди эле Алмаз велосипеди менен сууга түшүп кетсе болобу. Баарыбызды коркутуп көпкө чейин көрүнбөй, бир мезгилде суур тумагы суунун үстүнө калкып чыкты. Ошондо жамгыр да себелеп жаап аткан. Анан Алмазды велосипеди менен суудан алып чыгып, талаага бардык. Кийимдерин кургаталы десек отубуз күйбөйт, айла жок түтөтүп, ыштап атып Алмаздын кийимдерин кургатканбыз.

Бир өлүмдөн калган Абдылдаев
- Айылыбызда "Тегерек коргон" деген мал сарай бар эле. Баягы эле жаны тынбаган Абдылбаев экөөбүз велосипеддерибизди кооздоп, гүлдөрдү тагып алып, аталган сарайга кубалашмай ойногону бардык. Велосипеддерибиз менен жарышып ойноп атып, Алмаз мага жетейин деп калганда аңтарылып жатып калды. Айрыга сайылышына аз эле калды. Ошол айрыга сайылып калса эмне болмок деп азыр коркуп кетем. Ошентип Алмаз досум бир өлүмдөн калган.
Эжей берген бурама конфет
- Эсимде, бир жолу топ ойнойбуз деп орус тил сабагына балдар кирбей койгонбуз. Анан бир убакта эжейибиз келип баарыбызды кубалап барып доскага тизди. Алмаздын сумкасында кетасы бар эле, ошол кета менен баарыбызды башыбызга чаап баштаганда эле Алмаз куулук кылып айнеги бар шкафтын жанына туруп алыптыр. Анан эжей: "Шүмүрөйгөн сени десе, шкафтын жанына туруп алсам уралбай калат деп атасыңбы жыл бул жакка" деп доскага тургузуп алып "бурама конфеттен" берип, аябай сабаган.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan