Күндөлүк

Биз буга чейин "Күндөлүк" рубрикасында сахна жылдыздарынын эң алгачкы окуяларын даталары менен азил-чыны аралаш сиздерге тартуулап келгенбиз.
Аталган рубрика сиздердин суроолор боюнча кирип келген уй жылында да өз кызматын аткара бермекчи. Демек, жылдын башталышында жүрөгү кыргыз деп соккон патриот ырчы Чынгыз Мырзаевди төрүбүзгө өткөрмөкчүбүз.

Майкачан эфир алып барган Чынгыз Мырзаев
- 1983-жылы 11-сентябрда Кадамжай районунун А.Орозбеков айылында төрөлгөн.
-9 айында "ата" деп тили чыгып, 1 жашында баскан.
Упчуну балга малып берсе да таптакыр эмбей койгон. Ал эми 1,5 жашында эмчектен араңдан зорго чыккан экен.
- Үйдүн улуу баласы болгондуктан "алам" дегенин алып, "коём" дегенин коюп, өзүнүкүн берчү эместигин жашырган жок.
- 5 жашында чоң энесинин үйү бир топ алыс болсо дагы үйүндөгүлөргө айтпай качып кете берген. "Дагы чоң энемдикине качып баратканымда жолдон байкем кармап калып, үйгө алып келсе, атам мотоцикл менен мени издеп жүрө бериптир"-деп бир жылмайып алды.
- 7 жашында чачын алдырып, кызыл калпак кийип атасын ээрчип, "Учкун" мектебине 1-класска барат. Салтанаттуу линейкада калпагын чечкен Чынгызга окуучулардын баары күлүшкөн. Ошондо бир аз уялганын билдирди.
- 1-классында мугалим эжеси саатты карап кел десе, залга чыгып узун жебени караймынбы же кыска жебесинби деп көпкө ойлонуп, анан туура эмес айтып катуу уруш жеген. Ошондон кийин саатты үйрөнгөнмүн- дейт Чынгыз.
- 1-классында жаңы жылдык балатыга жөжөнүн кийимин кийип, көз айнегин жоготуп алган. Аны издеп жүрүп эле концерт аягына чыгыптыр.
- 7 жашынан 9 жашына чейин орус классында окуп, билгенин кол көтөрбөй айтып салып, эжеси китеп менен башка чапканын эсинен чыгарбайт экен.
- 7 жашында ойноп баштаган чүкө оюнун 15 жашында зорго таштаган.
- 3-классында бирге окуган классташ кызына кат жазып, аны бекемдеп конвертке салып, сабакты шылтоолоп кечинде үйүнө алып барып берген. Ал эми алгачкы махабатына 7-классында жолуккан.
- 4-классында кыздарды кубалап жүрүп, мектептин эшигин катуу сүзсө эшик сынып калган. Ал сынган эшикти атасы оңдоп бериптир.
- 5-классында биринчи жолу сахнага "Манас-1000 жылдыгына" карата уюшулган салтанатта Манас айтып чыккан.
- 16 жашында Жалал-Абаддагы Б. Алыкулов атындагы Маданият техникумунун Маданий-агартуу ишин уюштуруу бөлүмүнө тапшырган.
- Практикант агай болуп, өзүнөн эки жаш кичүү окуучуларды окутса, музыка мугалими болуп иштеген учурда үч жаш кичүү окуучуларга мугалим болгон. Алгачкы эмгек маянасына 45 сом жетпей калып директордун кабинетине калькулятор көтөрүп кирип, кайрадан эсептетип 783 сом алган. Жыйналышта Чынгызды "музыкант эмес, математик мугалим турбайсыңбы" деп тамашалашкан.
- 2004-жылы досунун иниси үйлөнүп жардам бергени барган Чынгыз кокусунан тамада болуп калган. Тажрыйбасы жок болсо да досун уят кылбай, тойду жакшы бүтүргөн.
- 2005-жылдын 1-апрелинде КТРге жумушка кирип, өзүнөн-өзү ишенген эмес. Себеби, 1-апрель эч кимге ишенбе деп эл оозунда айтылып жүргөн сөзгө чоочулаган.
- 2005-жылдын 16-июлунда "Кыргызстан обондору" радиосунда биринчи жолу эфирге чыккан.
- "Эки жолу "Ыр дүкөн" берүүсүндө катуу тердеп , майкачан олтуруп алып баргам. Ошол учурда ырчылардын бирөө кирип келип, мени көрүп таң калган"-дейт ди-джей.
- Биринчи жолу 15 жашында аяш атасынын Москвичин айдап толкунданса, өзүнүн жеке "Гольф-3" машинасына 23 жашында жетип, дагы бир жолу толкунданган. "Гольф экөөбүз кайда гана барбадык. Ал менин үйүм, досум, жакыным, сырдашым болчу"-деп гольфту жакшы көргөнүн жашырган жок.
- 2006-жылы "Айдын периси" аттуу ыры менен чоң сахнага чыкса, 1-клиби "Кайрылуу" ырына тартылган.
- 2007-жылы Канышай аттуу күйөрман кызынан таңкы саат 6:45те гитара белекке алган. Күйөрманына ыраазычылыкты Арстанбек Абдыманов менен бирге "Таңкы тополоң" берүүсүндө билдирген.
- 2-курстта Акбар Сүйүнбаев экөө үй жыйнап 3-кабаттын балконунан палас кагып, 4-кабаттын балконунда илинип турган ак кийимдерди булгап, үй жыйнаганыбыздын артыгы чыккан-деп студенттик күндөрүн эстеп алды.
- Учурда Б.Бейшеналиева атындагы окуу жайда 6-курстта сырттан окуйт.

Даярдаган Акыл Карачач










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan