Обон-шоу жаңылыктары

Айбектин айдоочусун ким муунтту?
Обончу, аткаруучу Айбек Карымов Ысык-Көлдө эс алып жүргөн убагында уюлдук телефонуна суук кабар түшкөн. Тактап айтсак, эки күн мурун айдоочусун кимдир бирөөлөр шаардын четине айдатып барып кадимки белкур менен муунткан. Жүрөктүн үшүн алган мындай окуя кылмышкерлерди кармоо менен аяктаган. Учурда айдоочумдун абалы жакшы дейт Айбек Карымов.

Динара, Малика эми тасмада
"Жаш Кыял" бий ансамблинин чыгармачылык юбилейине карата кыска метраждуу фильм тартылып, КР Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова жана кызы Малика да ал тасманын каармандары болуп калышты. Быйылкы жылды мындай ийгилик менен баштаган таланттар эми балдарга арналган ырлардын үстүндө иштешээрин билдирип, Маликанын жаш курагына байланыштуу клиптерди тартуу пландарын коюп жатышат.

Ильяз Абдыразаков Астанада конок болот
Эки элдин ынтымагын улап, эстрада ырчылары Ильяз Абдыразаков менен Кайрат Нуртас чыгармачылыкта ынак дос болуп жүргөндөрү белгилүү. 25-февралда Астана шаарында өтө турган Кайрат Нуртастын жеке концертинде биздин сүйүктүү ырчыбыз Ильяз Кыргызстандан жалгыз барган эң сыйлуу конок болоору биз үчүн чоң сыймык. Андыктан Ильязга мыкты даярдык кааламакчыбыз.

Алтын саат алтын үндүү ырчыга...
Султан Садыралиев Маданият министри Султан Раевдин колунан "маданияттын мыкты кызматкери" наамын алып сүйүнүп турганда, үч жылдан бери күйөрман болуп сүрөтүн чогултуп жүргөн казак кызы сүйүктүү ырчысына алтын чынжырлуу саатты белек кылды. Султан талантын баалаган казак кызына ыраазычылыкты "Обон" гезити аркылуу билдирип, ал бийкечти 11-12-февралда өтө турган жеке концертине чакырды.

Иса дабаагер болду
Өзгөчө мукамдуу ырлары менен кары-жашка бирдей жаккан ырчы Иса репертуарын жаңылаган сайын күйөрмандарын ойго салууда. Башкача айтканда Исаны тойго чакырган күйөрмандардын саны уламдан улам көбөйүп ырчы үчүн жети жаштагы Санжар аттуу бала тамак ичпей ооруп калган. Ата-энелеринин чакыруусу менен ырчы ал балага барып маектешип, сүрөткө түшкөндө гана Санжардын маанайы көтөрүлүп, тамакка болгон табити жакшырган. Мындай фанат күйөрмандардын катарында 5-класстагы кыздын бар экени да белгилүү болду. Исанын чыгармачылыгын сыйлап урмат-сыйын көрсөткөн күйөрмандар көбөйө берсин демекчибиз.






  Саякат

Кумурага катылган сүйүү каты
Ушул убакка чейин чыккан саякаттарыма көз жүгүртсөм баары эле ырчылар экен. Көпчүлүгүнөн сурасам "өзүмдүн концертимде, сахнада ырдап жатканда берген" деген жооп алган соң, ырчылыктан башка кесипти ээлегендерден да суроону туура таптым. Аларга каяктан берет, кайсыл жерде жолугат жана кантип? - деген түйүндү чечиш максатта бир убакта "Түнкү каналды" да көркүнө чыгарып жүргөн, учурдагы "Миң Кыял FM" радиосунун тилинен бал тамган ди-джейи Алтын Мырзаны кепке тарттык.

Патриот күйөрмандан, патриот
ди-джейге белек
Кыргыздын улуттук музыкалык аспаптары кандай гана барктуу, баалуу. Ошо менен бирге эле эң сонун белектердин катарын толуктап, анын назик үнү кимдин гана жүрөгүн элжиретпейт дейсиз. Ушулардын баарын эске алган Алтын Мырзанын патриот күйөрманы "ди-джей болуп радиодо булбулдай сайроо менен биргеликте кыргыздын ар бир атуулунун милдети болгон улуттук аспаптарда кол ойното билишиңди, кыргыздын патриот мырзасы болуп, кыргыз деп соккон жүрөгүң, комуздун үч кылынан жаралган назик үндөй мүнөзүң, сенин ар бир угарманыңдын кыялын орундатсын" деген каалоо тилектер жазылган кат менен Гүлбара аттуу угарманы кыргыздын үч кыл комузун белекке берген экен. Эң кызыгы, эң кубанычтуусу бул комузду таякеси чаап жасап бергени Алтын мырзаны толкундатат. "Ушундай күйөрмандарым бар мен ар дайым бактылуумун" деп талыкпаган мырза кайра-кайра гезит аркылуу ыраазычылыгымды билдирем дейт.

Ооматы күчтүү он тыйын
Кыргыз элинде бар бол, бай бол деген сөз ар дайым айтылып кандай гана кечелер болбосун көркүн чыгараары маалым. Бай болуунун катарында акчанын да ролу чоң. Бүгүнкү күндө "пулу бардын оозу чайнайт, пулу жоктун көзү жайнайт" деген сөз аябагандай эле популярдуулукка жетип калды десек жаңылышпайбыз. Эч качан көзү жайнабай оозу чайнасын бул капчыкта акча түгөнбөсүн деген аруу тилектер менен капчык белек кылган Айнура капчыкка он тыйын салып берип Алтын мырзанын оозун ачырган. Чындыгында эле бул белек колго тийген соң жанымдан акча үзүлбөйт. Кайдан жайдан болсо да чөнтөккө акча түшүп калат дейт ди-джей.

Мен сени сүйөм
Бул ваза сырткы көрүнүшүнөн башка вазаларга окшош болгону менен ага жазылган сөздөр эч бир вазага окшошпойт. "Мен сени сүйөм" деп намысты артка таштап коюп жазган бул күйөрманынын берген белеги эч качан эстен чыкпайт жана анын жүрөгүнөн өзгөчө орун алган экен. Дагы бир кызыктуу нерсе анын ичинде эмне бар экен дебейсизби. Башка вазага гүл салынса бул идиштин ичинде кадимки эле sim-карта катылыптыр. 0550 03…. Номерин дале көтөрүп жүргөн ди-джей бул номер аркылуу канчалаган жакшы сөздөрдү мактоолорду уктум. Мен ар бир күйөрманымдын, угарманымдын алдында таазим этем, мен алардын баарын жакшы көрөм дейт.

Биз Алтын мырзанын архивине көз жүгүртүп отуруп оригиналдуу күйөрмандарынын оригиналдуу белектерин гана сиздерге сунуштоону туура таптык. Мындан сырткары жумшак оюнчуктар, открыткалар, каттар анын күйөрмандарынын белектеринен пайда болгон текчесин толуктап турат. Мен бул менен эмнени айткым келет. Урматтуу окурман сиздин ар бир берген белегиңиз көлөмүнө карабай сиз сүйгөн ди-джейдин жүрөгүнөн түнөк тапканын айткым келет.









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan