Атактуулар ааламында

Кичинекей жылдыздардын жашоосунан
Баарыбыздын сүйүктүү "Үйдө жалгыз" тасмасынын салт боюнча жыл сайын көрүп келебиз. Кичинекей "кароолчулардын" чоң эрдиктери бир жагынан ичибизди жылытса, бир жагынан күлкү тартуулап жакшы көргөн каармандарыбызга айланганы да ырас. Бүгүнкү күндө ал актерлор кандай күн кечирип, эмне менен алектенип келишет? Бүгүн биз рубрикабызда "Үйдө жалгыз" тасмаларынын баш каармандары менен тааныштырабыз.

Маколей Калкин
Толук аты: Маколей Кит Калкин
Туулган жылы: 1980-жыл, 26-август жылдыз белгиси бийкеч
Үй-бүлөлүк абалы: жубайы Рейчел Майнер жана бир уулдун атасы
Баардыгы биригип: 36 тасмага тартылган
Жашоодогу ураны: "Жакшыга жанаш, жамандан адаш"
Бала чагында жалаң киного тартылып, оюунга тойбогон Маколей балачагы тууралуу жакшы эпизоддорду деле эскерип айтып бере албайт экен. "Үйдө жалгыз" тасмасынан 300 миллион доллар гонорар алган, бирок жашы 18 жетпегендиктен өз алдынча акчаны урунууга укугу жок болчу. Акчасы ата-энесинин колуна тийгенде "сенин өз эмгегиң менен иштеп тапкан акча" деп ыраазычылыгын билдирип жумшак оюнчук белек кылганды адатка айландырышат. Алгач баары жайында болгону менен бара-бара Маколейдин киного тартылууга кызыгуусу жоголуп чарчаганы сезилет. Мектепке баргысы келгенин ата-энесине билдирсе, баласын акча табуунун куралы катары колдонгон Кит Калкин баласынын каалосуна кулак каккан эмес. Кийинчерээк Маколейдин тапкан гонарарына алымсынбаган Кит калган эки баласын да киного тартылуунун аракетин көрөт. Башында "Эң көп суммадагы акча тапкан кичинекей актер" катары Миколай Калкин Гиннес китебине кирсе, кийинчерээк анын рейтинги болуп көрбөгөндөй түшкөн. Мунун баарына ал жалгыз гана атасын күнөөлөйт. Кийинчерээк үй-бүлөнүн да ыркы кетип ата-энеси ажырашканда ал атасынан ошол бойдон кол үзгөн.


Кинодон оолактап, театрга басым жасаган Миколай ушул учурда жеке жашоосун да бир нукка түшүрүүгө аракет кылып театр актрисасы Рейчел Майнерге баш кошот. Эмнегедир актердун бул кадамын жакындары жеңил ойлуулук катары кабыл алышкан. Учурда Калкин аялы экөө эки башка жашашат, ортолорунда бир уул бар. Мыйзамдуу түрдө ашырашпагандыктан актер бүгүнкү күнгө чейин жубайы менен жарашуунун жолун издеп келет. Ал эми анын жеке жашоосуна кызыккандарга "менин үй-бүлөмдө баары жакшы болот, бактылуу күндөрүм али алдыда" деген жообун бергенден тажабайт.




Толук аты-жөнү: Алекс Дэвид Линц
Туулган күнү: 1989-жыл 3-январь, жылдыз белгиси боюнча текечер
Туулган жери: Калифорния штаты, Санта-Барбара шаары
Сыймыктанганы: ата-энеси
Өкүнгөнү: келбети тез эле өзгөрүп кеткени
Хоббиси: пионинодо ойноо
Бош убактысында: ойлонуп отурганды жакшы көрөт
Турмуштагы урааны: " Бирөөнө ор казсаң кең каз, өзүң түшүп каласың"
Майк
Уинберг Толук аты-жөнү: Майкл Уинберг
Туулган жылы: 1993-жыл 16-февраль жылдыз белгиси суу куйду
Туулган жери: АКШ Калифорния
Баардыгы биригип: 15 тасмага тартылган
Эң биринчи жолу: 1994 жылы, акыркы жолу 2005-жылы тасмага тартылган
Кесиби : актер
Жакшы көргөнү: шокалад


Башка кесиптештеринен айырмаланып Майкл Уинберг ушундай атактуулукка, дэңгээлге өз күчү, аракети менен жеткен. Тагыраак айтканда бир жашынан баштап тартылган эпизоддорунан жакшы жыйынтык чыкпаганынан улам, бир аз жашым чоңойгондо сөзсүз белгилүү актер болом деп ата-энесине сөз берет. Ошол убадасын аткарууга ашыктыбы же чындап эле актер болгусу келдиби ким билсин, айтор "Үйдө жалгыз 3" тасмасына тартылууга болгон аракетин жумшап, режиссерго жагыштын аракетин жакшы эле көргөн. Ач кенедей жабышкан кичинекей актерго таңданган кинонун режиссеру Майклды тартууга макулдугун берет. Тасма ортосуна келгенде ысык-суукта жүргөн Майклга катуу суук тийип сьемканы убактылуу токтотконго аргасыз болушат. Ак халатчандардын жардамы менен кайра мурдакы калыбына келген кичинекей актер эки ай "жумушуна" барган эмес. Жашоодо убадага турбаган адамдарды жек көрөт. Анткени атасы дайыма Жаңы жылдын алдында берген убадасына турбай оюнчук сатып берип алдап койгон учурлардан көңүлү катуу калыптыр. Эмне үчүн кичинекей балдарды чоңдор алдай беришет деген суроосуна ушул убакка чейин жооп таба албай келет.





Алекс Линц
Кары адамдын эшигинин алдындагы карын күрөп берип оюнчук машина белекке алган сүйкүмдүү Алекс быйыл туура 20 жашта. Миколай Калкинге салыштырмалуу анын балалыгынын ар бир күнү бактылуу көз ирмемдер менен коштолуптур. Чыгармачылык жолго жетелеп , жашоодо туура багыт көрсөткөн жакындарына Алекс ыраазычылыгын билдиргенден чарчабайт. Ал эми "Үйдө жалгыз 4" тасмасына тартылып алган гонарарынын дээрлик баарын кайрымдуулук иштерине жумшаган. Эң алгачкы жолу "Кабельщик " тасмасында 20 секунддук эпизод анын андан аркы турмушун чечкен. Көп учурда Алекстин аты Д. линц деп жазылып жүргөнүнүн да себеби бар. Анткени хан бийке Диананын өлүмүнө катуу таасирленген кичинекей Алекс атын ушинтип кыскартууну туура көргөн. Анын тасмадагы тушоосун кескен Мишель Пфайфер учурда актерго баардык жактан колдоо көрсөтүп, жардам берип келет. 8 жашында тартылган "Бруно" киносундагы образ көпчүлүк жаштардын эсинде сакталганы талашсыз. "Үйдө жалгыз 4" киносунан алган гонарарына жеке өзүнө дал ошол кинодогудай машина гана саттырып алган, ал оюнчугу ушул убакка чейин архивинде сакталуу. Бүгүнкү күндө Алекс Дэвид Линц сүйлөшкөн кызы менен тил табыша албай жеке жашоосунда бурганак болуп турган учуру. Келбети таанылгыс болуп өзгөргөн актер адамдарда сулуулукту, тамашакөйлүктү, чечкиндүүлүктү баалайт, азыркы тапта актер жаңы тасмага тартылып, күйөрмандарына "сюрприз" даярдоодо.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan