Махабат майданы

Турсийине жараша темпераменти …
Айымдар эле ич кийимине кылдат карабастан бул маселе эркектерге да тиешелүү экени талашсыз. Көрсө мырзалардын кийген ич кийимине карап туруп эле алардын төшөктөгү табитинен,темпераментинен аздыр-көптүр кабар алууга мүмкүн экен…

Плавки кийгендер: төшөктө рахат алганды жана түгөйүнө да рахат тартуулаганга жөндөмдүү келишет. Мындай эркектер өзүнүн сырткы келбетине , боюна өтө жакшы карап жүрүшөт. Сыр бөлүшүп, оюн ачык айта албай каалаган нерсесинин дээрлик баары ичинде сакталып кала берет. Төшөктө көбүнчө өнөктөшүнүн каалоoсуна көз каранды болуп, өзүн экинчи планга калтырышат.

Боксер: Мындай турсий кийгенди каалагандар жашоодо оригиналдуу идеялар менен жашайт, бирок төшөктө эгоист, кыянат келишет. Тамашакөй, шайыр мүнөзү менен каалаган бийкечин тузакка түшүрө алышат, тилекке каршы төшөктө аларды өз каалоoсун канааттандыруунун куралы катары пайдаланышканга эптүү.

Стринг: Бир караганда күлкүнүчтүү туюлушу мүмкүн, бирок дал ушундай турсийлерди кийген мырзалар төшөктө уялчаак, назик келишет. Ич кийимдин бул түрүнө ыктагандар менен кокус төшөктө бир болуп калсаңыз "демилгени" өз колуңузга эле алганыңыз туура болот.

Парашют: Турмушунда чечкинсиз, унутчаак келишет. Төшөк жаатында жакшы деле жөндөмү жок, дайыма бир нерсени туура эмес кылып кыжырыңызга тийиши мүмкүн. Ошентсе да жагдайды оңдоп жакшыртыш сиздин гана колуңузда.

Такыр ич кийим кийбегендер: Кокус сиздин жигитиңиз ушундай эркектердин катарын толуктаса артыңызды карабай качыштын кереги жок, балким ага ушундай абалда жүргөн ыңгайлуудур. Сексти ал абдан жакшы көрөт, төшөктөгү кыймыл аракети анын маанайына көз каранды. Ич кийимди такыр кийбеген мырзалар бат көңүлү калып, жаңы ачылыштарды издегенди сүйүшөт.




Уялчаактыктан арылам десеңиз...
Сууга түшкөндө денеңиздин ар бир бөлүгүн кылдаттык менен карап чыгып, кемчилдиктерине көз жумуп артыкчылыктарына гана көңүл буруп өзүңүзгө-өзүңүз суктанганды үйрөнүңүз.
- Денеңизди жумшак сылап-сыйпап, эркелетип, өз колуңуз менен массаж жасаганга өтүңүз. Бул нерседен өзгөчө эркектер көп тартынышат. Муну менен күрөшүү керек. Кандай гана шарт болбосун денеңиздин эрогендүү точкаларын табып, кармаңыз. Көбү жыныс мүчөлөрүн гана эрогендүү катары эсептеп тим болушат. Эгер эринбей изденип көрсөңүз, өзүңүз күтпөгөн ачылыштарга ээ болосуз. Мисалы, мурда такыр маани бербеген бутуңуздун манжалары, таманыңыз, ал тургай алаканыңыз, далыңыз да эрогендүү "аймак" болушу мүмкүн.
- Төшөк маселесинде түгөйүңүздүн кандай ыкма, кандай эркелетүү, кайсыл жерин кармалаганды жактыраарын сурап алып иш жүзүнө ашырыңыз. Албетте өзүңүздүн да каалооңуз четте калбоосу зарыл. Бул нерсени качан гана бири-биринин эңсөөсү толук канааттанмайын кайталанганы оң.




Төшөк кумарынын ырахаты
Порнаграфия деген сөз байыркы гректердин "сойкулардын каттары" деген сөздөн келип чыгыптыр. Ал эми пенис деген сөз латындан куйрук деген сөзүнөн алынган.
Бир күндө орто эсеп менен дүйнө жүзү боюнча 200 миллион түгөй жыныстык катнашка барышат, анын 2000 күндүн каалаган бөлүгүндө ырахат алуу үчүн кандай жумуш болсо да токтотуп койгонго даяр.
Эркектердин 14% эң алгачкы жолу кумарга баткандай ырахат алууга ашыгышат, орто эсеп менен ар бир эркек өмүрү өткөнчө 17 литр сперма бөлүп чыгара алат. Спермага донар болгондор бир жылда болжол менен 4000-5000 доллар табышат.
Айымдардын 30% 80 жашка чыкканда да өнөктөшү менен кумарга батууга жөндөмдүү болушат. Ал эми 60% "актыгынан" айрылган күндү эстегенди жек көрүшөт. Айымдардын орточо сапаттагы бюсгалтери 180 күн тагынганга мүмкүн. Бийкечтердин 1% көкүрөгүн кармалап ырахатка батышат.
Адам баласы канааттандыраарлык оргазм алганда орточо 112 килокалорий жоготот.




Машинадагы махабат ыңгайлуубу?
Күндөн-күнгө машинадагы махабат популярдуу болуп келет, мисалы Чехияда дүйнө жүзү боюнча эң биринчи автомобилдик секс-мектеп ачылды, анда мугалимдер машинанын кайсы түрүндө кандай ыкма менен кумарга батуу керектигин окутушат. Албетте мындай "билим" алуу арзанга турбайт, бирок ошол эле учурда билүүгө умтулгандардын саны өтө арбын болгондуктан бир айлап кезекке турууга аргасыз болушат. Ал эми Италиянын анча чоң эмес Винчи шаарында атайын автомобилдердин сейил багы ачылган, анын ичине кирген түгөйлөр каалаган маркадагы авто унаага кирип кумарга батууга мүмкүнчүлүк алышат. Белгилей кетчү нерсе италиялыктардын 88% махабатка батуу үчүн машинасын колдонушат.





Сексуалдык жашоону жакшыртуунун жолдору
Адамдардын секске болгон каалоосу, дарамети анын тамактануусуна түздөн-түз таасирин тийгизет. Албетте кечинде курсакты тойгузуп алып төшөк кумарына батуу мүмкүн эмес. Андыктан "жакшы тамак калгыча, жаман курсак айрылсын" деген сөз сексти сүйүүчүлөр үчүн эмес.
- Цинк эркектин гормондорун калыбында кармап, сексуалдык каалоосун күчөтүп сперманы жакшы иштетет. Фосфор мээнин иштетишин жакшыртып, төшөктөгү табитин бир нукка салганга жардам берет. Темир болсо адамдын энергиясын жакшыртууга өбөлгө түзөт, жогорудагы пайдалуу витаминдердин баары деңиз азыктарында бар. Демек, сиз да булардан кур калбай, секс жаатында солгундагыңыз келбесе деңиз азыктарына басым жасаңыз.

- Жумурткада А, В1 витаминдерине бай, белоктун жана В1 витамининин аздыгы организмди алсыздандырып, сперманы азайтат. Көпчүлүгүбүз маани бербегенибиз менен жумуртканын тиричиликтен да тышкары жыныстык жашоого да пайдасы өтө чоң. Кээ бир өлкөлөрдө жубайлар биринчи түнү алгач жумуртка жеп туруп гана катнашка барышат.

- Адамдын организимине калий жетишпесе алсыз болуп, муундары бошойт, албетте мындай жагдай анын жыныстык жашоосуна терс таасирин тийгизет. Бананда калий көп болгондуктан ага жаңгак бал аралаштырып десерт жасасаңыз болот. Кумарга батаарга чейин же болбосо кийин желген десерт организмге кадимкидей кубат берип дем болот.

- Күнкараманын, ашкабактын, кунжуттун данеги организмге керектүү май менен магнийге бай. Алардын пайдасы тийиш үчүн чийки бойдон чагып жеген жакшы жыйынтык берет.

- Балды эртең менен ачкарын бир чай кашык жеп бир нече мүнөттөн соң артынан чай же сүт ичсеңиз сексуалдык энергияңызды бир калыпта кармаганга жардам берет.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan