күлкү - өмүрдүн мүлкү

Күмөндөрдүн
"Катеин" менен "эроини
Белгилүү куудул Күмөндөр жакшы акчалуу болуп үйүнө келет. Анан анча-мынча акчадан катып калып, калганын аялынын колуна бапыраңдап салып берет. Аялы дагы болгон тамак-ашын жайнатып, Күмөндөргө кофе сунат. Анан жанына олтуруп:
- Абышкам ушундай алтын. Тапкан акчасын бүт колума берет. Ушул абышкамдан айлансам болот да!-деп жаагынан сылап өтөт. Анда жетине албай кеткен Күмөндөр тура калып тээтигил жашыруун чөнтөктө калган акчаны сууруп чыгып:
- Баса, булар калып калган тура,-деп аялынын колуна салат.
Анан кофени ууртап олтуруп:
- А-а, кофейин де.. Бу, наркоманды героин жеңет. Ооруну новокаин басат. Чайда чакоин болсо, бул кофеинди берип туруп, башымды айлантып, каткан акчамды чыгартып алган катын деген-катеин болот тура. Буларга ушинтип жабышып калган биз-эроин экенбиз да,-деп кобуранып алып "Катеин менен эроин" деген куудулдук сөзүн жаратып, ал эл оозуна тарап кетиптир.

Тилибиз ий, тилибиз!
Маршруткадагы үндөр:
- Ой, чоң кыз, кичине эңкейип койсоңуз боло!
- Мындан артык дагы кайда? Кишини кыйнабаңызчы.
- Кыйнайын деген деле оюм жок. Калың кийинип алган кишиге кыйын экен.
- Анан мен эле жеңил кийинип турамбы?
- Ошентсе да, кичине эле...Ч... Эми бир аз эңкейсеңиз эле... Бая эле ошентпейсизби. Эми жакшы болбодубу, Өх!.. ырахмат. Жанагыдай болбой эми жыргап кете беребиз да...


Машинанын аныктамасы
Куудул Жамбыл Камчыев жаңы машина алып, баласын жанына отургузуп ары-бери айдап көрөйүн деп сейилдегенге чыгат. Куудулдун көкүрөк күчүгүнө бу машинанын ичиндеги нерселер кызык болду көрүнөт. Алгач рулду көрсөтүп "ата бул эмне?"- десе, Жамбыл аке шумданып "балам бул деген машинанын мээси, муну менен башкарабыз"-десе, баласы токтоп калбай "аа тетиги эмнеси?"деп бутунун алдындагы тормузун көрсөтөт. Анда куудул "Бул буту, муну менен токтотобуз" дейт. Атасынын аныктамасына кызыккан баласы машинанын ичиндеги болгон темир-тезектин баарын көрсөтүп келип, акырында атасын жылмайып карап "А булчу?"-деп скоросту көрсөтүп күлсө, Жамбыл куудул эмне дээрин билбей кекечтеп калса, баласы да жөн турбай "Ата бул уят да аа" деген экен.

"Шыр-рк" көчөдөгү сүрөтчү
- Чоң кыздар, экөөңдү чогуубу?
- Экөөбүздү чогуу эле эметиңиз
- Бир эле жолубу? Же бирден-бирден да эметейинби?
- Жок, чогуу эле кылыңыз. Бирок, экөөбүзгө бирден жетишет.
- Чечинесиңерби же кийимчен элеби?
- И-ий, ушул суукта чечинбей эле коёлу.
- Мага баары бир. Жакшы туруп берсеңер эле болду.
- Отурсак кандай болот?
- Өзүңөргө жаккандай кылгыла. Мага баары бир, кандай кааласаңар ошондой эметем. Кана даярсыңарбы?
- Даярбыз. Эмете бериңиз.
- Кана, күлгүлө. "Шыр-рк"! бүттү.
- Омей, бат элеби? Мен көзүмдү жуумп жибердим го,
- Чоң кыз, баары жакшы... Эми эртең келгиле...

Сыйпалап атканынан...
- Акчам жок, алдырыптырмын! Айдоочу, токтотуңуз! Азыр элди текшериш керек!
- Ой эже, жанатан эмне сак турган жоксуз, кокуй!
- Акчамды аякка салганымды унутуп калыптырмын. Сыйпалап атканынан мейличи деп тура бербедимби, келесоо жаным!..

Майда жок эле...
Орус тилин билбестик
Шаарга жаңыдан келген айылдык бала биринчи жолу маршруткага олтуруп калат. Ал мезгилде жол акысы 5 сом болчу. Анан бир убакта тиги баланын арт жагында отурган орус аял "передайте пожалуйста" деп балага 5 сом сунат. Жанагы кыргыз бала эмне дегенине түшүнбөй, бир топко ойлонуп туруп майдала деп жатат окшойт деген кыязда менде майда жок эле деп оурстун 5 сомун кайра кайтарып берип жүргүнчүлөрдүн боорун эзиптир.


"Беш тапандан" анекдот
Кайран кыргыз...
Кыргыз, казак, өзбек үчөө эс алганы океанда пароходдо жүрүшөт. Катуу толкун болуп, кырсыкка учурап, бир аралга сүрүп чыгат. Кетели дейт, кете алышпайт. Бир мезгилде учуп бараткан болот самолетту кондурушуп бизди ала кет дешет. А самолетто болсо эки эле орун болот. Алар макул болуп, "табышмак айтабыз кимде ким тапса ошолорду алып кетебиз" деп учкуч табышмагын айта баштайт: бирге бирди кошсо канча болот? десе өзбек ашыгып "эки болот" дейт. "Экиге экини кошсочу?" десе, казак "төрт болот" дейт. Анан кыргыздан "2млн.250 миңге 2млн.200миң 315..деп баратса эле, кыргыз тура калып, "ой, алып кетпейм деп эле айтпайсыңбы" деген экен.


Куудул күлкү сунат
Айрылып кетчү ашказан...
Комиссия бир өзбек, бир кыргыз, бир казактын ашказанын текшермек болот. А дегенде "акалап" өзбек кирсе ашказанынан "аш" чыгат. Экинчи болуп казак баур кирсе андан "казы карта, чучук, 200 гр.арак" чыгат. Акырында бүгүн болбосо эртең деле болот дечү кенебес кыргыз текшерилсе анын ашказанынан чөп-чар, мөмө-жемиш, тамактын түрү кыскасы, комиссия издегендин баары ошонун ашказанында болот. Текшерген комиссия "Оу айрылып кетишине аз калыптыр го чиркин" дейт терисин аарчып.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan