Сандан-санга

Асанбек Кулманбетов
Түбүң түшкүр дүйнө ий!
Селсаяктын ыйы
(трагедиялуу окуялардан турган баян)
(Башталышы өткөн сандарда)
Автордон:
Окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн айтаарым... Бул чыгарманын башаты-жол жүрүп келаткандагы селсаяк абышканын айтып бергени боюнча окуя көркөмдөлүп, сандан-санга берилип жатат. Анткени, абышканын өзү көмүскөдө калып, абышка селсаяк - Токуштун кенедейинен азыркы абалына чейинки тагдыры ар бир учурдагы окуя менен сүрөттөлүүдө.

- Cүйлөбө энеңди!.. Тос деп атам!-деген милиционер кишенди сунуп Токуштун колуна сала бермекчи болду эле, Токуш бир колу менен милиционерди колго кагып жиберди. Олбурлуу милиционердин оң колу "карс" эткендей үн чыгып, ийнине чабыла түшкөндөй болду!
- Ох, энеңди, өлтүрдү!-дей берип сол колу менен оң колун кармай калды. Жанатан машинаны айдап келаткан, олбурлуу лейтенанттын жардамчысы, старшина артка кетенчиктей берип, тапанчасын ала калып Токушка кезеди:
- Кыймылдаба ордуңан! Былк этпе! Атып салам байкуш! Колуңду артыңа ал!
Токуш заматта бир нерселерди башынан өткөрүп ийгенсиди. Тапанчасын кезеген милиционерди бир тиктей, колун басып өбөктөп кокуйлаган лейтенантты бир карап, көп нерсени элегинен өткөрүп жибергендей болду.
- Кишенди сал, колуңа!-деген милиционердин үнү менен тиги олбурлуу милиционер бир колу менен кишенди алып, Токуштун артына алып турган колуна салмакчы болуп камынды. Ошол кезде Токуш көзгө илешкис ылдамдык менен олбурлуу лейтенантты "шап" кучактай калып, шымындагы салаңдаган тапанчасын колуна ала калып, өзү лейтанантты бир колу менен мойнунан кыса кармап, ага жашына тапанчаны кекиртегине такады.
- Атып эле көр, эр болсоң! Биринчи бул кетет! Сыйыңар менен болбойсуңар э?! Тапанчаңды ыргыт тетигиндей! Болбосо муну атып өлтүрөм да, өзүм өлөм! Ыргыт деп атам мен сага! Мага баары бир азыр!-деп бакырган Токуш тапанчаны атып ийчидей катуу ныкыды эле:
- Болуптур, болуптур!.. мына!-деген старшина колундагы тапанчаны тээтигиндей ыргытты.
- Түш машинага! Бол!-деп бакырганда көзү тегерек тарта чакчайган милиционер машинага түштү эле, арткы эшикти ача калып, лейтенантты түрттү:
- Түш сен дагы!
Ал дагы машинага түшөөрү менен ары жакта жаткан тапанчага жетип, колуна ала калды.
- Машинадан чыксаңар атып таштайм!-деп бакырды.
Аңгыча Долондун бер жак бетинен бир "ГАЗ-53" жүк ташуучу машина чыгып келди эле, тапанчаны ага кезей токтотуп, ичиндеги бир жүргүнчүнү айдоочу жакка жылдыра, ичине олтурду да:
- Айда байке! Ылдам!-деди. Машина ылдый түшүп баратканын артынан карап чебеленген милиционерлер сөгүнүп атышты.
- Туй ата, өлдүк дей бер! Ушу балакайга кантип алдырып ийдик ыя?!
- Колум ий, колум! Сынды окшойт.
- Жинине тийбей эле кете бериш керек болчу!
- Атаңдын башы! Сен эмне корктуң?! Тапанчаны ыргытып ийбей эле атпайт белең?!
- Сага жашынып, кекиртегиңе тапанча такап турса кантип атам, ой!
- "Кантип атам"-деп коёт. Эми тияктан экөөбүздү атат, билсең! Мен го капыстан жулдуруп ийдим. Сен коркок болбосоң куткарбайт болчубуз. Жооп бересиң, айтып коёюн.
- Эмнеге мен жооп берем?!
- Атаңдын башы! Бол, рация менен кабарла! Нарындан тосуп чыгышсын. Балыкчыга да билдир! Бол, батыраак.

Качкын турмуш
Милиционерлер тиги машинанын артынан түшүп, ага жетип келген кезде ал машина Долондон ойго түшүп, капчыгайда бараткан. Бир топко артынан ээрчип бара беришип, бир маалда алысыраактан айдашса да сиренанын үнү жаңырып, машинаны токтоого белги беришти эле, машина токтоп ичинен түшкөн айдоочу эки жүз метрдей алыс токтогон милиционерлердин машинасына басып келди. Ал келатканда эле машинаны өчүрбөй ар нерсеге даяр турган рулдагы старшина кыйкырды:
- Эй, жанагы бандит кабинаңдабы?
- Жок. Ашуудан түшкөндө эле түшүп алып тоо таянып чыгып кеткен.
- Туй, энеңди урайын десе! Даана ит болбодукпу!
Кайра-кайра сөгүнгөн старшина машинадан түшпөй, кабинанын ичинен тоо жакты карап атты. Колун мыкчып, өңү бозоргон лейтенант старшинага тиштене унчукту:
- Болоору болду, энесин урайын ошонун! Айда Нарынга! Чыдабай баратам! Дагы турсак ушул жерден атып кетсе эмне кылабыз?! Бол айда!
Алдыларынан эки машина менен куралданган милиция чыкты. Старшина майор чининдеги милиционерге болгонун болгондой айтып берди.
- Бизге айтсаңар деле биздин райондун кишиси болгондон кийин жакшылап колуңарга салып бермекпиз да. Качан чогуу иштешүүнү билесиңер?!-деп лейтенантка кекете унчукту.




- Сага эмне болду, жөндөн-жөн ачууланып?- деп сурады ал себебин билүүгө ашыгып. Мына ушул жерден мен ызамды жашыра албай:
- Уялбай кайра сага эмне болду деп коёт. Менин берген суроолорума жооп берүүнүн ордуна кайра мени шылдыңдап кетип баратат жанымда. - Ызам башыма чыгып, бир топко көз жашыма муунуп барып токтодум. Өз "күнөөсүн" эми гана сезген адамдай ал акырын мени колтуктап, жүзүмөн сүйдү да:
- Мен сага күлгөн жокмун. Сен мага туура түшүн, сени менден бөлүп салууга жөндөн жөн аракеттенген тигилерге күлкүм келип жатат, -деди. Анын минтип айтканы мени ого бетер таңдантты.
- Сен тиги чогуу жашагандарыңдан уялган жоксуңбу? -Чынында менин алардан уялганы-уялбаганы кызыктырбайт болчу, менин минтип сурап жатышым анын аялы бар же жок экендигин тагыраак билсем деген ой эле. Сөз эмне жөнүндө баратканын түшүнүп турса да Бахид байкамаксан болуп:
- Ооруп жатсам, мен анан өзүмдүн сүйгөн кызымды чакыргандан эмнеге уялышым керек? Алар мага ким болуп кетиптир?! - Дал ушул нерсе менин кийинки суроолорума жол ачып берди. Башымды чагып келген көптөгөн суроолорго жооп алгым келди.
- Тигил жердегилер сага эч ким эмес болсо, анда эмне үчүн сен алар менен чогуу бир үйдө жашайсың? Кантип ал үйдө жашап калып жүрөсүң? Салават деген ким? Тиги чоң аял сага ким болот?.. Бахидге тике карадым. Баятан бери жүзүндө жайнап турган кубанычтарынын баары бир заматта жоголду, абдан жүрөктү мыжый тургандай оор дем алды да:
- Анын баарын мен сага айтып бере албайм. Ошондой эле мен алардан бөлүнүп да кете албай жатпаймынбы. Ал жерде бир мүнөт да тургум келбейт, бирок бараарга башка жер жок да менде. - Бахид катуу кыйналып жаткандай ушул сөздөрдү айткандан кийин пендечиликтен, андагы оош-кыйыштан, деги эле аргасы жоктон ушунчалык бул жашоодон жадагандай оор үшкүрүндү. Анысы мага жөн гана шылтоодой сезилип кетти. "Кантип жашоого болбосун деп ойлойм өзүмчө, элдин көбү эле баш калкалаар үйү жок батирлерде, орустардын эки бөлмөсүн ижаралап жашап жүрбөйбү. Бахиддин алардан бөлүнбөй жашашынын башка себеби бар. Демек, аялынын тигилер менен тууганчылыгы бар, ошондуктан аларга көз каранды болуп анда жашап жатат. Эгер аялы мында болсо экөө тигилерге кор болбой бөлүнүп кетмек".
Мен өзүм ушул оюмду туура деп эсептедим. Анткени апам дайыма эле өздөрүнүн жаш курагын айтканда, эрте үйлөнүшкөнүн, батирлерде көчүп-конуп оокат кылышканын айта бере турган. Ал эми Бахиддин минтип бирөөнүн үйүндө кор болуп, аргасыз жашап жатышы анын квартирага жашабай калышынын башка себебин аныктап жатты. Болбосо айылдан келген көпчүлүк студенттер деле квартиралап коркпой-үркпөй эле жашап жатышканын мен ал мезгилде көп көргөм. Башкасын айтпаганда деле Арзыканды мисал келтирсем болот. Ушундай ойлор менен бир топко алаксып, ал эми Бахид деле өз ойлорунан кутула албай бир далай жер бастык.
Маанисиз ойлордон тажай баштадым, Бахид болсо кыялдын тереңине түшүп кеткенсип, таптакыр баш көтөрбөй жер тиктеп барат. Жанында киши барбы, же жокпу маани бербей, өз ою менен алек боло бергени чынында куйкамды куруштуруп жиберет. "Бу жолу да эки анжы болуп турдум, ойлонуп алсын, анан оюн жыйынтыктап алып мага айтат. Жок дейт, экинчи оюм буга ишенип болбойт, ушинтип акыркы чекке чейин кете берет. Башка учурда канча кааласа ошончо кыялдана берсин, эгерде кыялдана турган болсо, мында менин жанымда эмнеге турат, кетип калбайбы".
Ушул ой мени жеңип кетти. Чынында Бахидди жайына койсом, ал мени такыр унутуп калчудай. Ачуум көкүрөгүмдү кысып чыкты.
- Сен менин жанымда эмнеге басып келе жатасың,ы-ыя?
Белектер тууралу менин жанымда кыялданып келе жатканына аябай кыжырым кайнады. Мынчалык деле ачууланбайт болчумун, анын эмне жөнүндө ойлонуп жатканын билбейм, тимеле оозу жалжайып өзүнчө өтө кубанычтуу. Менин минтип эч себепсиз ачуулана баштаганымдан ал да чочуп кетти денеси жыйрылып.
- Сага эмне болду, жөндөн-жөн ачууланып? - деп сурады ал себебин билүүгө ашыгып. Мына ушул жерден мен ызамды жашыра албай:
- Уялбай кайра сага эмне болду деп коёт. Менин берген суроолорума жооп берүүнүн ордуна кайра мени шылдыңдап кетип баратат жанымда. - Ызам башыма чыгып, бир топко көз жашыма муунуп барып токтодум. Өз "күнөөсүн" эми гана сезген адамдай ал акырын мени колтуктап, жүзүмөн сүйдү да:
- Мен сага күлгөн жокмун. Сен мага туура түшүн, сени менден бөлүп салууга жөндөн жөн аракеттенген тигилерге күлкүм келип жатат, -деди. Анын минтип айтканы мени ого бетер таңдантты. Мындай сөздөрүн кантип түшүнөөрүмдү билбей оозум ачылып калды. Кайрадан ойго алаксыдым, демек алар өткөндө бул ушундай жинди, мындан алыс бол дегенди түшүндүрүш үчүн мени анда ээрчитип барышкан тура. Ал эми мен алар ойлогондой эмес, башкачараак мамиле кылып кеткен окшойм да. Ушинтип ойлонуп жатсам да бирок мен Бахиддин азыр эмне тууралу айтканын жеткиликтүү аңдаштыра албадым. Ошол себептен кайрадан суроолор пайда болду.
- Сенин эмне жөнүндө айтып жатканыңды толук түшүнбөдүм.
Бул сөздөрүң менен сен мага эмнени айткың келип жатат? - Менден мындай суроону күтпөсө керек, мен тарапты таң калыштуу ормоё карады да:
- Бая сен көргөн аялдар экөөбүздүн ортобузду бузгулары келишкен. Менин оорумду көргөндөн кийин сени мага таптакыр жолобойт, ал тургай ошол эле жерден качып жоголот деп эсептешкен. Алар сени шаардык кыз болсо, ал жердеги мен жашаган үйдү көрүп деле иренжийт деп санашкан. Бирок сен алар ойлогондон башкача болуп чыктың, буга да абдан таңданышты. - Булардан тышкары
да ал мага бир далай нерсени божурады. Ал канчалык көп сүйлөгөн
сайын ошончолук ага карата ишенбөөчүлүк көбөйө берди. Бул жерге алардын мага карата мамилесинин кандай тиешеси бар дейм өзүмчө. Канчалык түшүнүүгө аракет кылсам деле акыры майнап чыкпады.
Мунун баары, ага берилген суроолорго жооп бөрүүдөн Бахиддин качкан айласы деп таптым жана ушул оюмду туура деп эсептедим. Ушул жерден ага толук ишенүү зарыл эместигин аныктадым. Ырас, биз көпкө басып жүрдүк, бирок баары бир ал күн мага көңүлсүз бойдон өттү жана ага ишенүүгө болбойт деген эч качан кетпеген такты калтырды. Мына, мен ага ишенбей турам, ошентсе да ал мага керектигин эмне үчүн тана албадым? Ушуга акылым жетпеди.
Жанагы сөздөрүнөн кийин анын сүйлөшүн да, мага көңүл бу-
рушун да каалаган жокмун. Андан көрө эртерээк үйгө жетип эс алга-
ным мага артыктай элестеди.
Эртеси күнү жолуктук, мага кызыгы, кечэки таарынычтын бири жок. Түндө кимдир бирөө жан дүйнөмдү суу менен жууп салгандай таптаза, канчалык ойлорумду иреттеп, кечээ эмнеге таарынганымды тактап коёюн десем да мээме эч нерсе кирбейт. Кечээ болгон окуяны анализдеп көрсөм таарынууга эч кандай деле себеп жок. Анан мен кичине кезде анда-санда боло калуучу атам менен апамдын уруштарын эстедим. Карап туруп же кээде ажырата албай, ушуну менен жүз карашпай калчудай болгон алардын "согушу" дайыма кимдир бирөө келсе, болбосо эртең менен эле түндө бирөө элдештирип кеткендей болуп, эч кандай себеби жок токтоп калгандыгын аңдаштыра албай башым маң боло берчу. Мына мен. азыр анын айрым жагдайларын сезип отурам. Турмуш ушунусу менен кызык тура деп көптү билген кишидей жыйынтык чыгардым озүмчө.
Бахид да мени баягысындай эртең менен эшиктин алдынан тосуп алды. Ал да кечээ болгон экөөбүздүн ортобуздагы окуяны таптакыр унутуп калгандай жадырап телегейи тегиз маанайда экендигин көрсөттү. Биз кол кармашып учурашаар менен андагы жылуулук мага отуп жаткандай бүткөн боюм жибип бир башкача боло түштүм. Мага билдирбегени менен ал деле ошондой бир езгөчө касиетке таасирленгени тиктеген көз карашынан сезилип жатты.
Мен өмүрүмдө биринчи жолу лекция жазбадым жана Бахид экөөбүз жанаша отуруп кат жазышып жаттык. Бахид өзүн эч кандай ыңгайсыз абалда калтырбады, анын башынан буга окшогон далай окуялар өткөндөй өзүн эркин алып отурду. Ал эми мен биринчи жолу анын жанына отурганыма өзүмдү өтө ыңгайсыз кармап, баары мени карап, бири-бирине мен тууралу бирдеме айтып шылдыңдап жаткандай эки жагымды карана бердим. Сырткы чөйрөдө өзүмдү ыңгайсыз сезгеним менен жан дүйнөм кушубак болуп, бул пендечипиктеги адам баласына керектүү бардык нерсеге колум жетип жаткандай душам бир башкача керемет дүйнөгө батканын бамдап турдум.









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan