сырдашуу

Асел Турдалиева:
"Ак сүйүүмдү өзбек жигитине арнагам"
Наристенин төрөлүшү, анын там-туң басышы, тили чыгып кылыктанганы, биринчи мектеби, алгачкы тунук сүйүүсү, шайыр-шатман студенттик күндөрү, турмуш жолго аттануусу... дагы ушул сымал толгон -токой алгачкы сырдуу көз ирмемдер кимдин гана эсинде калбасын. Жүрөктү уялаган бул учурду ар бир адам толкундануу, ары ырахаттануу менен айтып берсе керек. Анда чыканактай бою болсо да, чыйрактыгы жанда жок ырчы эжекебиз Асел Турдалиева өмүрүндөгү алгачкы сыр-туюмдарын эргүү менен баяндап берди.

"Кызыл жоолук жалжалымдын" сыры
Апам мени үч күн толготуп, деги азап чегип жүрүп араң төрөгөн экен. Себеби, 4кг 800г салмакта төрөлүптүрмүн. Анысы аз келгенсип бутум менен келип, доктурларды да бир топ бушайманга салыптырмын. Бир жашка толуп там-туң басып калган учурда аябай ооруп, ошол боюнча ирдене албай азыркыга чейин "Сакадай бою сары алтын" болуп кала бердим. Апамды "тез жардам" аркылуу азыркы Совет көчөсү менен алып кетип баратышканда опера жана балет театрынын алдында илинип турган Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалымдагы" каарман Аселдин аты жазылган жарнамага көзү түшөт. Аны окуган апам "кудай буюрса кыз төрөп калсам атын Асел коём, ушундай сулуу, акылдуу кыз болот" деп жаны ооруп турса да жакшы тилек кылган экен. Албетте, ойлогон ою орундалып,ошондон улам Асел деген ысымды мага ыйгарыптыр.
Бакка илинген кыз
Апамдын студент болгондугуна байланыштуу чоң энем мени бир жашка толо элек кезимде багып алыптыр. Мени көпчүлүгү Асия, Калича деген эжекемдер көтөрүп багышыптыр. Чоң энем: "Аселди күн көрсөтүп, эшикке ойнотуп келгиле" деп сыртка чыгарса эжемдер мени баштыкка салып, бакка илип коюп ойноп кетип калышчу экен. Мен алардын ойногон оюндарын карап отуруп, баштык ичинде уктап калчу экенмин. Кээде мени унутуп калышып, үйгө келе берген учурлары болуптур. Анткени мен аябай жоош болсом керек.

"СССРдин Эл артисти Асел Турдалиева"
Чоң энеме аябай жакын өстүм. Этегине эле жармашып жүрчүмүн. "Апа" деп тилим чыккандан тартып кызыгы ырдай баштаптырмын. Апамдар: "Аселдин тили ыр менен чыккан" деп калышат. Алгач "Сары-Челек" деген ырды толук ырдап, андан соң "Чалкан" журналындагы ырларды бүт жаттап алыптырмын. Кошуна балдар-кыздарды короого чогултуп алып, кашык-вилкалардан "музыка" чыгарып, шыпыргыны бирөөнө "гитара" кылып черттирип коюп ата-энелерибизге концерт коюп берчүбүз. "СССРдин эл артисти Асел Турдалиева назарыңыздарда" деп өзүмдү- өзүм "рекламалап" чакырчумун. Чындыгында ал кезде Эл артисти эмне экенин түшүнчү деле эмесмин. "Көрүүчүлөр" кол чаппай калышса, аларды сүрөп "кол чаппайсыңарбы, эмне турасыңар?" деп кол чабууга аргасыз кылчумун. Анан да эркек балдар менен чүкө ойногонду аябай жакшы көрчүмүн. Каныбек деген иним экөөбүз чүкөнүн айынан далай уруштук. Кийинчерээк эс тартканда чоң энем мага жүн тытканды үйрөттү. Бирок, ал жумушту ушунчалык жаман көрчүмүн. Чоң энем: "жүндү үлбүрөтүп мурдуңа жеткенче үйүп тытсаң асмандан Асан-Үсөн түшүп келип, бермет-шуруларды мойнуңа тагат" дечү. Балалыктын баёолугун карачы, мен ошого аябай ишенчүмүн.Кызыгы тыткан жүнүм үйүлүп калган кезде чоң энем аны таптай берчү. Көрсө ал киши ошентип атып көп жумушун бүтүрүп алчу тура.
Кыялдар орундалат
Чоң энем көчөгө чыгаарда Баатыр энелердин төш белгилерин жаркылдатып тагынып алчу. Бир жолу экөөбүз Фрунзеге (Бишкекке)эс алганы келип калдык. Адаттагыдай эле чоң энем ордендерин тагынып, мени жетелеп алып борбордогу Өчпөс оттун жанынан өтүп бараткан. Ал жерден күтүүсүздөн апам экөөбүз Болот Миңжылкыевдин клибине ага гүл сунуу менен тартылып калдык. Ал мезгилде анын атагы алыска тарап, ырлары ар бир кыргыздын жүрөгүнөн түнөк таап турган кези болчу. Клипти эки күндөн кийин телевизордон көргөнбүз. Ушул окуядан кийин бассам-турсам кыялданганым эл алдында ырдап, алардан гүл алууну гана самап калдым. Кыскасы, Болот Миңжылкыевдин клибинен соң аябай таасирлендим. Кудай жаштын тилегин берет деген чын экен, элиме аз да болсо эмгек кылып, ырларымды элге жеткирип, жакшынакай ийгиликтерге жетиштим. Күйөрмандарымдан гүлдестелерди алдым.
Жерге сүйрөлүп жыртылган сумка
Мени 1-класска чоң энем алып барган. Окуучулук кийимимди кийип, ак бантик тагынып, сумка көтөргөнүмдө жүрөгүм туйлап, аябай толкундангам. Боюм абдан кичинекей болгондуктан колго көтөргөн жаңы сумкам сүйрөлүп жүрүп, жыл аягына жетпей түбү жыртылып түшүп калган. Сумкамды көтөргөнгө караганда сүйрөп алган мага жеңил сезилчү. Сумкам да өзүмдөн чоң көрүнчү. Ошентсе да эч тартынбаган тың, чыйрак кыз элем. Ошол себептен мени тазалык сектору кылып шайлап коюшту. Аны менен катар ыр тарабын да жакшы алып кеттим. Көбүнчө Алла Пугачеванын, Валерий Леонтевдин балдарга арналган ырларын ырдачумун. Фрунзеге келип Жумамүдүн Шералиевдин "Пастам" деген ырын ырдап, сынактан Гран-Прини жеңип алгам. Мына ошондон тартып сахнанын эшиги мен үчүн ачылгандай болду.
Ыргытылган бөтөлкө
Ташкентте окуп жүргөнүмдөгү 1-курстагы ушул окуя эч эсимден кетпейт. Жүрөгүмдүн түпкүрүндө негедир сакталып калгандай. 1-курстун босогосун аттап, бир аз айлана чөйрөгө көнүшүп, балдар-кыздар менен таанышып, көп өтпөй беш-алтообуз жакын достордон болуп калдык. Анан 13-сентябрь туулган күнүмдү чогуу тосолу деп сүйлөштүк. Мени менен бирге жашаган Асел, Мухабаттар стол даярдап, балдарга деп атайын вино алып келип, кечебизди шаңдуу баштадык. Фахрид деген бала гитара менен ырдап, биз бийлеп жатканбыз. Бир кезде коңшу бөлмөдөгү кыз чуркап келип: "ичимдик жокпу, студкеңештин балдары келатат, эгер болсо каткыла" деп коюп шашып чыгып кетти. Карбаластаган жаным шашкалактап барып, винонун бош бөтөлкөсүн балкондон ыргытып жибердим. Тигилер келгенде жөн гана ичимдиги жок тынч туулган күн белгилеп жаткан киши болуп койдук. Алар да унчукпастан чыгып кетишкен. Аз убакыт өтпөй баягы мен ыргытып ийген бөтөлкөнү көтөрүп алып, жергиликтүү милиционер менен студкеңештин балдары босогодо турат. Милиция "бул ишиңерди мен карабайм, окуган жериңердеги студкеңеште каралсын" деп коюп кетип калды. Эртеси деканыбыз, мугалимдерибиз баш болуп, жогорку курста окуган студкеңештеги 10 бала төш болуп аябай урушуп, кыскасы окуудан чыгарганга чейин барышты. Көзүбүз шишигенче ыйлап, кечирим сурап жатып араң калганбыз. Ал мезгилде окуунун тартиби өтө татаал эле да. Башкасын койдум, кыз башыбыз менен 10 баланын алдында кечирим сураганыбыз жаман болгон. Анысы аз келгенсип, алардын арасынан бир баланын менден көзүн албай тиктегеничи. Ага жиним келет. Бирок, кийин ал баланын мага болгон мамилеси такыр башкача болуп чыга келди. Сүйлөгөн сөзү, баскан турганы, жасаган мамилеси менен өзгөчөлөнүп, ал менин жакын адамым болуп калды. Экөөбүз эң сонун жаштык кездин таттуу күндөрүнө күбө болдук. Сүйүүнүн эмне экенин ошондо түшүндүм. Негизи ар бир мезгилдин убакыт-сааты, ак-карасы болот турбайбы. Эми ал мырзанын аты-жөнүн ачык айтуунун кажети жоктур. Кыскасы, жүрөгүмдүн түпкүрүнөн орун алган өзбек улутундагы бир жигитке убагында жолуккам. Ак сүйүүмдү ага арнагам. Анын баарын мезгил өзү дарылап коёт экен. Ал учур өттү-кетти дегендей.
Ак жоолуктун жарашканы
Бек Борбиевдин тобунда солистка болуп ырдап жүргөнүмдө топко бийчи балдар керек болуп калды. Бийчилерди топко алып, алар менен иштешип баштаган соң, кызымдын атасы Сабыр менен тааныштым. Анын бийлегенин аябай жактырчумун. Мага ошол жактыруунун аягы, экөөбүздүн кыз-жигит болуп жүрүшүбүзгө түрткү болду. Сүйлөшүп жүрүп баш коштук, бирок экөөбүздүн мүнөзүбүз эки башка экен, үй-бүлө очогубузду тутантып кете албадык. Бирок ошентсе да ортобузда сүйүктүү кызыбыз Бегайым турат. Сабыр менен жашаган турмушума өкүнбөйм. Мага жоолук салынган аябай жарашкан. Келинге жоолук кандай жарашса, кайненеси ошондой болот деп коюшат экен го. Чындыгында кайненем да акылдуу, орду менен сүйлөгөн жакшы адамдардан эле.
Беш ай үйдөн чыкпай…
Апамдын баркын да, мени төрөп жаткандагы абалын да кызымды төрөгөндө билдим. Мурда аялдар төрөп эле атышпайбы, мен деле алардан кем эмесмин дечүмүн. Анткен менен мен алардай боло албадым. Дайыма кыймылда жүргөнүмдөнбү, айтор аябай кыйналдым. Беш ай үйдөн эч жакка чыга алган эмесмин.
Үй жана машина
1998-жылы Мыктыбек Арстанбектин уюштуруусунда "Келиндер козголоңу" аттуу театрлаштырылган концертимди койгом. Ырчылар бекер ырдап беришип, ашар концерт өткөргөнбүз. Анын жыйынтыгынын натыйжасында үйлүү болгом. Мыктыбек байкеге ыраазычылыгымды билдирип кетким келет. 2002-жылы "Мазда" үлгүсүндөгү темир тулпарлуу болгон элем. Кубанычым койнума батпай сүйүнгөнүм менен анын жоопкерчилигинен коркком. Анткени, ал мезгилде аялдар арасында машина айдаган сейрек кездеше турган.
Актрисалык сапар
Жакындан бери кичинемден эңсеген кыялыма жетип олтурам. "Досторго", "Стоп трафик" аттуу кино тасмаларына роль жараттым. Бул менин кино жаатындагы алгачкы кадамдарым.
Даярдаган Р. Алымкулова













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan