Кумир менен баарлашуу

Айпери:
"Колумду сураган ырчылар бар..."
Акыркы кезде кыргыз эстрадасында жаңы күч, жаңы дем менен келген бир топ жаш таланттардын агымы пайда болуп, заманбап ырлар күндөн-күнгө арбып баратат. Кандай ырчы чыгып, кандай ырлар жаралбасын аны эл таразалап, калыс баасын берип, иргеп алаары бышык. Гезитибиздин бүгүнкү чыгарылышында жаш ырчы Айпери Кубик кызы күйөрмандары менен жолугушуп, баарлашты.

Маектеш жөнүндө маалымат
Айпери 1991-жылы 28-июлда Жалал-Абад шаарында туулган. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу. Учурда Кыргызстан Эл аралык Университетинин Эл аралык мамилелелер факультетинде окуйт.

Мүрөк
- Айпери, бүгүнкү күн кандай башталды?
- Эртең менен турсам эле күн чайыттай ачылып маанайды аябай көтөрдү. Анын үстүнө кечинде эртең "Обон" гезитине барып күйөрмандарыма жолугам деп кубанып жатканмын. Сиздер менен жолукканга чын көңүлүм менен келдим. Кудай буюрса күндүн экинчи бөлүгү да дал ушундай маанайда ийгиликтүү аяктайт деп ойлойм.
- Азыр сен студентсиң. Сессияларда атыңды пайдаланасыңбы?
- Мен Кыргызстан Эл аралык Университетинде окугандыктан биздин мугалимдердин көпчүлүгү орус улутундагылар. Биринчиден алар мени тааныбайт. Экинчиден, билим мага керек болгондон кийин өзүмдүн келечегим үчүн өз аракетим менен окушум керек. Андыктан окуу жайда мен ырчы эмес, катардагы студентмин.
- Балалыгың кайсы жерде өттү?
- Борборубуздун Ак-Өргө конушунда балдар менен топ ойноп жүрүп эле чоңойгом.
- Түз эфирде ыңгайсыз абалда калган учуруң болду беле?
- Түз эфирге көп эле чыктым. Мм... Аа эстедим. Бир жолу "Кыргызстан обондорунда" түз эфирде отурсам Наргиза деген угарман чалып алып "сен Азиз деген бала менен жүрөт экенсиң го" дегенинен "кечиресиз мен ал жигитти тааныбайм десем: "калп айтпаңызчы, ал бала мага өзү айткан, эмне алдайсыз" - деди эле эмне дээримди билбей ыңгайсыз абалда калгам. Анан ди-джей башка сөзгө буруп, мени ошол кырдаалдан чыгарып кетти.
- Сахналаштарыңдын ичинен сага сөз айтып, арзуусун арнагандар болсо керек?
- Чынын айтсам бирөө эмес беш-алтоо болгон. Мага турмушка чык деп колумду сураган ырчылар да бар. Бирок, мен бирисине да макул болгон жокмун. Азыр ырчы агаларым менен жөн гана сый мамиледемин. Бир сөз менен айтканда, ырчыга турмушка чыгууну каалабайм.
- Сүйүп калсаңчы?
- Анда ата-энем менен сүйлөшүп көрөм.

Аскат
- Айпери, сенин аз убакыттын ичинде элге таанымал болушуңа атаңдын аты түрткү берди деп ойлойсуңбу? Балким атаң болбосо мынчалык популярдуу боло алмак эмессиң?
- Мен негизи 2 жашымдан тартып эле "Шаттык" бий тобу менен бийлеп сахнага чыгып келем. Кийинчерээк ырга болгон кызыгуум артып, ыр дүйнөсүнө аралашып, эң биринчи жолу атамдын концертинде ырдап чыктым. Чындыгында шоу-бизнесте атамдын аты, орду бар. Бул мага чоң жардам берди. Анткени, Кубиктин кызы кандай болду экен деп кызыккандар да жок эмес.
- Популярдуулуктун терс жактары бар бекен?
- Албетте, медалдын эки бети сыяктуу эле популярдуулуктун да терс жактары болбой койбойт. Ырчылар эл көзүндө, көңүл борборунда болгондуктан эркин жүрүп өзүң каалаганды жасай албай рамканын ичинде жашайсың. Маселен, мен үчүн коомдук транспортко түшкөндүн уяты жок. Мен андан намыстанбайм деле. Мен ушул убакка чейин окуума троллейбус менен келем. Кээде артыма отуруп алышып "бул ырчы кыз го, машинасы, акчасы жокпу" деп шыбырашкандарын угуп калам.
- Азыр тамеки тартуу кыздар үчүн модага айланып баратат. Тамеки тартпаган кыздарды шылдыңдашып орусча айтканда "старомодный " дешет экен. Сен буга эмне дейсиң?
- Бул акылы тайкы, тарбиясы начар кыздардын оозунан чыккан сөз. Тамеки тартып, ичимдик ичүү аялзатына жарашпайт. "Ачуунун аягы эч качан таттуу болбойт" деген ата-энемдин сөзү кулагыма сиңип калган. Мен мындай кыргыздын менталитетине жат көрүнүшкө каршымын.

Эсенбек
- Бүт өмүрүңүздү ырдап жүрүп өткөрөм деп ойлойсузбу?
- Жок. Дайыма эле айтып жүргөнүмдөй ыр менин жөн гана хоббим. Турмушка чыкканымдан кийин ырдаганды токтотуп, намаз окуйм деген тилегим бар.
- Сүйгөн жигитиңиз барбы?
- Жок. Сүйүү эмне экенин билбейм. Мен үчүн азыр эрте.
- Сизди сүйгөндөрчү?
- Биринчи классымдан эле өзүмдөн бир жаш улуу бала мени жакшы көрүп, мектепти бүткөнчө арзуусун арнагандан тажаган жок. Азырга чейин артымдан чуркап ыйлап жүрөт. Тилекке каршы, ал баланын мүнөзү мага жакпайт.
- Кандай жигитке турмушка чыксам деп кыялданасыз?
- Жигиттер жөнүндө көп ойлоно бербейм. Ачыгын айтсам ушул кезге чейин таптакыр кыялданып көрбөптүрмүн.
- Анда сиз романтик эмес турбайсызбы?
- Ооба, ошондой десем да болот. Негизи мен реалдуулук менен жашайм.
- Кыз атага жакын болот дешет Кубик куудулдун эрке кызы болсоңуз керек?
- Туура айтасыз. Азыр бой жетилип чоңоюп калсам да атама эркелей берем. Башкаларга окшоп сырымды апама айтып, апам атама жеткирбестен ачык эле атам менен сырдаша берем.

Бексултан
- Сиздин дарегиңизге айтылган сындарды кандай кабыл аласыз?
- Гезит беттеринен "Сен туура бийлегенди үйрөнүп алчы" деген смстерди көп окуп калам. Кээде телефонума чалып да ар кандай нерселерди айтып, кийимиме чейин сындашат. Мен баарына сиздин сын-пикириңиз эсте болот деп жооп берем. Андай сындарга чычылабайм деле. Тескерисинче, ошондон жыйынтык чыгарам. Эми ар кимдин табити, көз карашы ар кандай да. Алардын табитин бурмалай албайм.
- Капа болуп, сыгылганда эмне кыласыз?
- Куудулдар айтмакчы, аялзаты эмне болсо да көз жашыбыздан чыгарабыз да. Анын сыңарындай аябай капа болуп түнү менен жууркандын ичинде ыйлап таң атырган күндөрүм болгон.
- Шоу-бизнесте атаандашыңыз барбы?
- Ар бир ырчынын өзүнүн орду, өз стили, өз күйөрмандары болот. Негизи мен атаандаш күткүм келбейт. Андыктан атаандашым жок деп айтсам болот.

Уюштурган Ж. Калдарова










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan