саламат плюс

Омурткадан онтоткон - грыжа
"Ооруну жашырсаң-өлүм ашкере кылат" демекчи, убагында кай жериңде кандай оору бар экенин аныктап билип, айыктырып-дарылатып албасаң, аягы жаман бүтөөрү шексиз. Ал эми "оору" дегенде акыркы күндөрү "грыжаң бар экен дешти, грыжа экемин" дегендер күн санап көбөйүүдө. Эки колу иштебей, эки буту шилтенбей майып болуп калыптыр дегендер андан көп. Көрсө, ушунун баары биз анча этибар албаган омуртканын оорусунан улам келип чыгат экен.
Биз билгенди сиздер да биле жүрсүн деп атайын "грыжа" деген эмне оору, кантип алдын-алып, айыкса болот деген суроонун тегерегинде жооп издедик.

Пайда болуу
себептери:
Кальцийдин жетишсиздиги: Сөөктү бекем кармап туруучу минералдык азык-заттардын азайып кетишинен улам да бул оору пайда болот. Мурун 200 грамм быштакта эле организмге жетиштүү сандагы кальций болсо, азыр 2 кг быштакта да кальций ал өлчөмдө болбойт экен.
Кыймыл-аракеттин аз жасалуусу . Көбүнчө азыр олтуруп, мисалы, айдоочулар, анан да компьютер менен иштегендер чалдыгып атышат.
Оор, ашыкча жүк көтөрүүдөн да болот. Өзгөчө белге күч келет да, бел омурткаларына доо кетет. Ошондуктан ашыкча салмактагы толук адамдар да көп оорушат. Спорт менен, өзгөчө күрөш түрү боюнча туура эмес машыккандар болот.
4-5 кг салмактагы бала төрөгөн аялдар да бул оору менен төрөттөн кийин ооруп калышат. Анткени боюнда бар кезинде чоң көтөрүү менен бирге эле, кыймыл аз жасалган болот.

Оорунун түрлөрү
Үч түрү бар:
- Авариядан улам же дубал сүзүп, үстүнөн оор нерсе басып калганда, моюн омурткасына доо кетип, грыжа пайда болот. Моюн грыжасы менен кайрылгандар 25% түзөт.
- Көкүрөк тушка катуу сокку алып же дагы башка ушул сыяктуу себептер менен көкүрөк омуртка жабырланып, грыжага алып келет.
- Эң көп түрү, 70% бул бел омурткасындагы грыжа. Жөнөкөйлөтүп айтканда омурткаларга доо кеткенде эки омуртканын айкашып турган жериндеги нымдуулукту кармап сактап туруучу зат жоголуп, омурткалар бири-бирине сүрүлүүсүнөн башталат. Мында пайда болгон кемирчек жүлүндүн нервин басып калып, буту колдорго кетүүчү кан айлануу системасы бузулат, жайлайт.

Оорунун белгилери
Моюн омурткадан кармаган грыжа болсо, адамдын колдору чымырап, уюп, талып, көтөрүлбөй, баш оорусу күчөйт. Эки колдун эти шылына баштайт.
Көкүрөк омурткадагы грыжадан улам жүрөк кысылат. Эгерде кардиологго кайрылууда жүрөк таза чыкса, анда туура так диогноз коюлуп, невропатолог дарылайт. "Барбаган жерибиз калган жок" деп так диагнозу коюлбай, ар кайсы жерлерде дарыланып, убакытты өткөрүп, оору өтүшүп кеткенде гана келгендер да арбын. Андыктан компьютердик томографиядан өткөндөрү туура.
Бел омурткасындагы грыжа үч этап менен өтөт. Кысылган нервден улам бутка кан аз кетүү, башкача айтканда кан аркылуу азык өз өлчөмүндө жеткирилбей бут арыктап, сөөктөр кичирейет. Кургап, өзгөчө буттун баш бармагы жансыз боло баштайт. Бут, бел, жамбаш сөөктөр ооруйт. Жыныстык жактан, сийдик бөлүп чыгаруу органдары жабыр тартат. Бели ооругандар бөйрөгүм деп ойлонуп урологго баргандар да болот. Ал дарылануудан 4-5 жылга чейин басылып калат да, бул аралыкта бутка түшүп, нерв кысылып анан баспай калууга, майыптыкка алып келет.
Алдын алуу-дарылоо жолдору
Ашыкча толук болбоого аракет кылуу керек. Оор нерсе көтөргөндө эки колго тең, бирдей салмактагы жүк көтөрүү зарыл. 20 кг ды бир эле колго көтөрүүдөн улам ийрейип, бел омурткасына күч келет.
Мончо, сауналарда ысыктан тез муздак абага чыга калганда да булчуңдардын тырышып калуусунан пайда болот.
Дарыканаларда сатылуучу кальцийди иче жүрүү да жакшы.
Кургатылган жер-жемиштер, колго кайнатылган кампот-соктор пайдалуу. Эң биринчи орунда биз дене-тарбиялык көнүгүүлөрдү жасатып дарылоого көңүл бурабыз. Массаж да жардам берет. Бул оору менен ооругандарда экинчи бир оору-чүнчүү пайда болот. Айыгуудан үмүтү үзүлүп, эч нерсеге көңүлү чаппай, эч кимди көргүсү келбей калат. Коркунуч сезими күч алат. Мындай абалда буту баспай коляскага сүйрөп, көтөрүп келишкенде ооруларды биз алгач чүнчүү оорусунан айыктырып, нервин тынчтандырып, анан негизги оорусун дарылоого өтөбүз. Ошондо жакшы жыйынтык берет. Дарылоодо дары-дармектин, массаж, суу ичинде көнүгүү, кыймыл-аракеттин жардамы менен айыгышат, өтүшүп кеткен түрүндө биз жардам бере албай калабыз, толук калыбына келтирүү оор. Хирургиялык жол башкача айтканда операция жасоо керек болуп калат. Адамдар ар дайым кандай жумушта иштебесин кыймыл-аракетти көбүрөөк жасап, жогоруда айтылып кеткен кеңештерди туура жасап жүрсө бул оорудан алыс боло алат.

Кызыккандар үчүн байланыш
телефону: 42-08-92

М. Молдобекова




"Оорунун кадырын ооруган жан билет"
Абдыкадырова Гулапия (институттун кытай массажисти)
- Бутум баспай калып, бул оору менен өзүм да ооругам, жакшы билем. Ал учурда Кытайда окуйт элем, ал жактын медицинасынын, дарыгерлеринин күчү менен бутума турдум. Өзүм да 8 айдай талыкпай көнүгүүлөрдү жасап, ооруну жеңдим. Азыр Кыргызстанда бул оору эпидемия сыяктуу каптап, ден соолуктарына кайдыгер мамиле жасоодон улам, акыры майып болууга алып келип атат. Ушул мени катуу ойлондурат. Бул оорунун алдын алуу үчүн: эң биринчиси туура тамактануу зарыл. Өзгөчө тамак-аш кальцийге бай болуш керек. Алар айран, быштак. Күнүнө жалпысынан эки сааттай убакыт дене-тарбиялык көнүгүүлөрдү жасап, мисалы төрт аяктап буту-колду бүкпөй 4-5мүнөттөй басуу, керилип-чоюлуу пайдалуу. Муну менен биз кандын айлануусуна жардам беребиз. Ал эми учурда кыйналып жүргөндөр дарыгерлердин кеңешинен кийин гана ар кандай ыкмалар менен дарыланууга өтүшөт. Массаж менен толук айыктырабыз деп айтуудан алысмын, биз жеңилдик гана бере алабыз. Андан аркысы ар бир адамдын өз колунда. Ар дайым туура жолдорун көрсөтүп, кеп-кеңешимди айтып берүүгө даярмын.
Жеке өзүмдүн атымдан айтып,сурана кетээрим: Саламаттыкты Сактоо министрлиги, спорт комитеттери бала бакчадан тартып, мектеп, жогорку окуу жай ишканаларга чейин атайын программаларды кабыл алып, атайын адистер даярдалып, элибиз туура кыймыл-аракет менен ден соолуктарын чыңдашса, дене-тарбия сабактарына көбүрөөк көңүл бөлүшсө болмок.
"Оорунун кадырын ооруган жан билет" дегендей түнү менен буту-колу какшап, сыздап, жаның көзүңө көрүнгөндөй болуп ооруп, кыйналып чыкканда эмне кылаарыңды билбей турган өтө эле жаман. Бул оору менен азыр өзгөчө компьютерде отургандар көп оорушат. Андыктан маал-маалы менен атайын көнүгүүлөрдү жасап туруу керек. Спирт ичимдиктерин ичүүгө таптакыр болбойт. Элим оорубасын!




  Өзүңдү өзүң дарыла

Жөтөлүп, тамагыңыз кычышып, мурдуңуз бүтүп, чүчкүрүп, тактап айтканда сасык тумоолоп, ооруп калган учурда дары иче калганга шашпай үй шартында дарыланып алууга аракет кылып көрүңүз.
Жөтөлгөндө:
Ысык сүткө бир же жарым баш пияз салып, 10-15 мүнөттөн кийин жылуулай ичсе же кайнатылган сүткө таза бал, сары май салып ичкенде да жардамы тиет.
Чыйрыкканда:
Малина вареньеси же лимон кошулган ысык чай ичкен пайдалуу.
Температура көтөрүлсө:
Түшүрүүгө шашылбаңыз анткени ысыктан организмдеги зыяндуу вирус, микробдор өлөт.
Мурун бүтсө:
Бир стакан жылуу сууга 0.5 чай кашык тузду ээритип, мурундун ичин кезек-кезеги менен жууш керек. Суу кайра сыртка агып чыгуусу үчүн башты чалкалатпоо зарыл.
Тамакка табит тартпаса:
Суук тийип ооруп калганда тамакка болгон табит төмөндөйт. Мындай учурда кыйнап тамак ичүүнүн кереги жок. Ал учурда аз-аздан айран, сүт, тооктун шорпосун ичүү тамакты жибитип, дем алууну жеңилдетет. Пияз менен чеснок да сасык тумоону дарылоодо миңдин бири. Аларды тамак-ашта көп колдонуудан сырткары майда-майда бөлүкчөлөргө бөлүп, үйдүн ар кайсы жерине коюп койсо вирустарды өлтүрөт. Сары-кызыл түстөгү апельсин, мандарин, таттуу болгар калемпири,сабиз, алмадагы витаминдер оорулууну тез сакайтууда чоң көмөкчү боло алат.
Ооруп калган учурда бир-эки күн таза желдетилген бөлмөдө, жылуу төшөктө жатып, эс алуу да чоң роль ойнойт. Өзгөчө бутту жылуу кармоо керек. Медициналык каражат катары "Окцолиновая мазды" да мурундун тегерегине сыйпап жүрсө вирус жукпайт.











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan