Билип ал

Жан шеригиңизди жакындан билгиңиз келсе…
Жакшы көргөн адамыңызды жакындан билүү үчүн ага эки-үч жыл убакыт коротуунун кажети жок. Анткени төмөндөгү өзгөчөлүктөрүнө карап, анын кандай адам экенин, аныктасаңыз болот.
Эгерде тамактануучу жайдан эт же картошкадан жасалган тамактарга басым койсо, ишенимдүү, туруктуу келишет. Ал эми тескерисинче экзотикалык азыктар табитине туура келсе, анда курч окуяларга кабылганды жакшы көрөт, бир нерседен бат тажайт.

Кокус жан шеригиңиз сологой болсо, ал жан дүйнөсүндө романтик жана ал ташкындаган таланттын ээси, мактанганды жаман көрөт. Көңүлүнүн жумшактыгынан көп адамдарга убада берип, аткара албай жаман көрүнүп калганга жөндөмдүү келишет.

Кир кийимдеринин баарын бир жерге тыгып салса, ал албетте жалкоо адам. Ал эми ошол эле кир кийимдерди түсүнө карап өз-өзүнчө бөлсө, анда ал жашоодо тартипти, тыкандыкты сүйөт жана сизден да ошондой тартипти талап кылаарын унутпаңыз.

Көпчүлүктүн арасында сиздин жаныңыздан таптакыр чыкпаса, ар кандай кокустуктардан сактап, алдын алуунун аракетин көрүп жатат деп түшүнүңүз. Эгерде көпчүлүктүн арасынан сизден оолагыраак жүрсө, анда өз сезимине анча ишене бербеген, эки тоонун чөбүн эңсеген адамдардын катарын толуктайт.

Сүйлөгөнү жай бир калыпта болсо, артын эртеңки күнүн терең ойлогон мырза, кээ бир учурда каалгытып сүйлөөр-сүйлөмөксөн болгон жигитке туш келсеңиз, ички энергиясы күчтүү өнүккөн, тең салмакты кармаган инсан. Артынан бирөө кууп келе жаткансып бат-бат сүйлөсө табиятынан тамашакөй, жароокер жандар болушат экен.




Сиз кандай адамсыз?
Адам бутту жайгаштырганынан улам кандай кызыкчылыкты көздөп, эмне каалап турганын да билүүгө мүмкүн. Сиз да көбүнчө бутуңузду кандай абалда алып тураарыңызды байкап,өзүңүзгө тиешелүү мүнөздөмөгө көз жүгүртүңүз.

Түз бир калыпта турган адамдардын темпераменти жакшы. Сизге көпчүлүгү ишенип көп жардам сурап кайрылышат.

Адатта бир бутуңузга күч келтирип экинчи бутуңузду алдыраак сунуп турсаңыз көпчүлүктүн көңүл борборунда болгонду каалайсыз. Маанайыңыз бат-бат өзгөрүлүп эмне каалап жатканыңыз кээде өзүңүзгө да белгисиз.

Эки бутун эки жакка иретсиз койгондорго максатына жетүүгө эч ким эч нерсе тоскоол боло албайт. Айтканынан кайтпаган мүнөзүнүн кээде гана пайдасы тийбесе көп учурда зыян гана алып келет. Өзүлөрү да бул сапатынан жапа чегип келишет.

Бутуңузду кайчылаштырып турсаңыз чынчыл адамсыз. Жашоодо өз күчүңүздү билесиз жана дайыма алыңызга ченеп иш кыласыз. Сиздин негизги максатыңыз ар дайым калп айтпай чындык менен гана жашоо.

Бутуңузду кайчылаштырып отурмай адатыңызга айланса көздөгөн максатыңызга жетүү үчүн ар кандай курмандыктарга баруудан да баш тартпайсыз. Бой көтөргөндү кээде туура көрсөңүз, акылыңызды ылайыктуу жерден пайдалана билгенди өздөштүрсөңүз ашыкча болбос.

Эки бутуңузду түптүз кылып чогуу алып бир аз алдыга жылдырып отурсаңыз башкалардан ачык-айрымдулугуңуз,тыкандагыңыз менен айырмаланасыз. Адатта мындай адамдар оптимист болгону менен кыйынчылыктарга бат моюн сунушат.

Эки бутуңузду чогуу бирок согончогуңузга басым жасап отургандар сырдуу көп чечилип сүйлөбөгөн адамдар болушат. Кичинекей болсо да туура эмес көрүнүш алардын итиркейин келтирип нааразычылыгын бетке айтууну каалашат. Ал эми тескерисинче бутунун башына басым жасап отургандар убактысынын көбүн жалгыз өткөргөндү, кыялданганды жактырышат.




  Кызыктар дүйнөсү

Дүйнө жүзүндөгү эң жаш ата эне
Адамдардын эң сезимтал манжасы-сөөмөй, ал эми ортондун тырмагы баарынан тез өсөт.Тамакты ашыкча жегенден адамдын угуусу начарласа тамактанууда орто эсеп менен адам 295 жолу жутат. Уктаган бөлмө канчалык муздак болсо, ошончолук жаман түштөр көп кирет. Сакал бир жылда орто эсеп менен 140 милиметрге өсөт. Санитардык шарттардын начарлыгынан бир жылда дүйнө жүзү боюнча 4 миллион адам каза болот. Төрт жашаар бала бир күндө 437 ге жакын суроо берет, ар бир жети секунд сайын жарык дүйнөгө ымыркай келет. Эң жаш ата-эне 8 жана 9 жаштагы Кытайдын тургундары болушкан, алар 1910-жылы балалуу болушкан. Оң колу менен жазгандар тамакты оң жагы, сологойлор сол жагы менен чайнашат. Эркектерге караганда аялдар көздөрүн эки эсе көп ирмешет. Статистика боюнча ар бир адам бир күндө 6 жолу ваннага кирет. Адамдын бөйрөгүнөн 1,36 килограмм таш алынып Гиннестин китебине кирген. Жер бетине караганда адамдын терисинде организм көп.


Календарь кантип пайда болгон
Бүгүнкү күндө календарсыз жашоону элестетүү кыйын. Календарь деген сөз латындын "калео", "каолендиум" деген сөзүнөн алынып, биздин тилге которгондо "жар салуу, белгилөө" дегенди туюндурат. Байыркы Римдиктер ар бир айдын биринчи санында болгон карызынан, болгондо да пайызы менен кутулууга милдеттүү болушкан. Заманбап календарь бизге римдиктерден мураска калган. Алгач аларда 10 гана ай болгон, эң биринчиси Март согуш Кудайы Марстын урматына коюлуп, бир жылда 304 күн болгон. Мындай календарь менен (биздин доорго чейин ) 650-жылга чейин пайдаланышып, андан соң эки айды кошушкан. Биринчиси январь Янус кудайдын атынан коюлса, экинчиси фебруарис - таза дегенди туюндурат.


Акыл тамчылары
Бай адам менен кедей бош убактысын кантип өткөргөндүгү менен гана айырмаланат.
Сараңдык кедейчилик бүткөн жерден башталат
Акылман менен көрөгөч эмнеси менен айырмаланат?
Акылман ыңгайсыз абалга түшсө оңой чыгат, ал эми көрөгөч андай абалга эч качан түшпөйт.
Үмүт - адам өзүн-өзү сооротуш үчүн берилсе, чыдамкайлык - ийгиликке жетиш үчүн берилген.
Үмүт - бул адамдын эң биринчи душманы, анткени ал дайым аны жеңип келет.
Адам сүйлөгөндү үйрөнүш үчүн 3 жыл гана жетет, ал эми тилин тишине катканды үйрөнүш үчүн 60 жыл да аздык кылат.
Нике жашоо сыяктуу эле дайыма күрөштө болот. Алгач биригүү үчүн, анан тең укуктуулук үчүн, андан кийин көз карандысыздык үчүн.
Анара Дүйшөалиева




  Ырым-жырымга ишенесизби?

Баш кошконго маанилүү ай
Төмөндөгү айларда баш кошуп, кол кармашып, үйлөнгөндөр:
Январда- эрте жалгыз (бой, жесир) калуусу мүмкүн.
Февралда - түгөйлөрдүн жашоосу эриш-аркакта көпкө уланат.
Мартта- никедеги "ала жипти аттоо", "көзгө чөп салуу" көп болот.
Апрелде - никедеги өзгөрүлмө бакытты чыдап кармай билсе, калганы өзү келет.
Майда - пикир келишпестиктер, чыр-чатактар көп болуп турат.
Июнда - алгачкы үйлөнгөн кездегидей эле ысык күндөр өмүр бою сакталат.
Июлда - баш кошкондогу жүрөк ооруткан окуя түбөлүккө эстен чыкпай көңүлүн дайыма оорута берет.
Августта - никеде турган күндө да, башканы эңсөө көп болот.
Сентябрда -ыр-чырсыз, турмуштары өз нугунда өтөт.
Октябрда - өмүр жолдору оор жана кыйын болот.
Ноябрда-никеде тугандардын жашоосу ырыскылуу, ынтымакта өтөт.
Декабрда-убакыт өткөн сайын мамилелер ысык тартып, үй-бүлө пайдубалы бекемдейт.

Эскертүү: Албетте, эл ичинде "Январь айында үйлөнүүгө болбойт" деп бекер айтылбаса керек. Ошентсе да "Махабат бирде уу, бирде бал" дейт. Анын сыңарындай баш кошкон түгөйлөр турмуштун ысык-суугуна чыдап, бири-бирине көтөрүмдүү, токтоо мүнөздүү болсо үй-бүлөлүк турмушу бактылуу өтөөрүнө шек жок.
А. Ажиев










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan