Саламат плюс


Жүрөк оорусунан жабыр тарткандардын саны күндөн-күнгө өсүп, көйгөйлүү маселелердин бири болуп келгендиги талашсыз. Биз жүрөк оорусу темасынын тегерегинде сөз кылып, окурмандарга маалымат берүү үчүн Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институтунун директору Абдраманов Калдарбек Алишеровичти сөзгө тарттык. Айта кетсек, Орто Азия мамлекеттеринин ичинен эң жогорку деңгээлдеги институт.


Калдарбек Абдраманов, медицина илиминин доктору, профессор
Узак жашоонун сыры...
Сүйүүдөн жүрөк оорушу мүмкүн
Жүрөк - эң жөнөкөй, эң күчтүү, эң татаал, табышмактуу орган. Адамдын айлана-чөйрөсүндөгү болуп жаткан ар бир кубулушка реакция кылат. Сүйүү болсо адамдын аң-сезиминдеги, жеке турмушундагы чоң окуя да. Эгер чыныгы сүйүү болсо жүрөк бүлүнүп, ичи ачышып, күйүү менен кабыл алат. Мындан кан басымы жогорулайт, жүрөктүн кагуусу тездейт, жүрөк ооруйт…

Жүрөк оорусунун келип чыгуу себептери
Бир канча топко бөлүнөт:
1-топко - Жүрөктүн тубаса тукум куучулуктан улам пайда болуучу оорулары.
Жүрөк өзүнүн анатомиялык түзүлүшүн же салмагын өзгөртүшү мүмкүн. Тукум куучулуктан улам пайда болгон ооруларда врачтар тилекке каршы таасир эте албайбыз. Мисалга, бала төрөлгөндө эле ошондой тубаса кемтик жүрөк оорулуу болуп төрөлүшү мүмкүн. Ошондуктан эненин боюнда жаңы түйүлдүк пайда болгондо өзүнө этият мамиле жасоосу керек. Түйүлдүктүн эки айлык аралык ичинде органдарынын баары калыптанып бүтөт. Мына ушул учурда энеси инфекциялык оорулар менен ооруп калса, же ар кандай физикалык, химиялык факторлордун тескери таасиринен улам жаңы калыптанып келаткан организмге жүрөктүн туура эмес өнүгүп же тешиктер калып, тамырлары жабылбай калышы ыктымал. Стрестик абалда болгондо да эненин жүрөгүнүн кагылышы тездеп, кан басымы көтөрүлүп мында бала оронуп жаткан тондун кан тамырлары да көтөрүлөт. Бул болсо балага терс таасирин тийгизбей койбойт. Бала төрөлгөндө эле тубаса кемтик жүрөк оорулуу болуп атышынын негизги бир себеби- энесинде, анын абалында. Жүрөктүн тубаса кемтик ооруларынын баары эле тукум куучулук касиетке ээ деп кесе айта албайбыз.
2-топто. Адамдын жашоо турмушунда айлана -чөйрөнүн ар кандай таасирлеринен улам пайда болгон жүрөк оорулары. Бул организмде кийинчерээк пайда богон оорулар болуп саналат. Мисалы, турмушу оор болсо, өзгөчө айыл жеринде ысык, суукка көп кабылуудан улам пайда болот.
3-топто. Мында жүрөктүн эч кандай кемтиги жок, анатомиялык түзүлүшү өзгөрбөйт, бирок жүрөктүн аткаруу функцияларынын бирөө же бир нечеси жакшы аткара албай калган учурда пайда болот. Мисалга, жүрөктүн кагуу ыргагынын бузулушу- бул жүрөк оорусу, бирок адамдын нерв системасынын бузулушунан улам келип чыгат, кан басымдын жогорулап же түшүп кетиши.

Оорунун белгилери
Жүрөктүн оорулары көпчүлүк учурда билинбей өтүшү мүмкүн. Ал үчүн бала төрөлгөндө эле адистер жүрөгүн тыңшап, жүрөгүндө шум бар же жок экенин билсе болот. Бала ыйлаганда ээриндери, мурун таноолорунун тегереги көгөрүп чыкса же ашыкча энтиксе дароо жүрөгүн текшертүү керек. Чоң кишилерде жүрөктүн тушу ачышып, сайгылашып, уюп талыса, колдору, эки далынын ортосу салмактанып, ачышып ооруса бул жүрөк оорусунун белгилери. Ошондой эле жүрөктүн иштөө ыргагынын бузулушу байкалат. Жүрөктүн ишемия оорусунда бешенеден муздак тер чыгып, баш айланып, алсыроо сезими болот.
Алдын алуу
Бала кезинен эле тубаса кемтик жүрөк оорулуу болуп калбашы үчүн үй-бүлөдө боюнда бар энеге баардык жакшы шарттар түзүлүшү зарыл. Ар бир адамдын ден-соолугу өз колунда. Жогоруда айткан экинчи топтогу оорулардын алдын алса болот. Дене тарбиялык көнүгүүлөрдү жасап, ысык суукта калбай, жугуштуу оорулар менен оорудан алыс болуп жана туура тамактануу керек. Байыркы ата-бабабыздан бери каныбызга сиңип келаткан тамактануу эрежесин жокко чыгарганыбыз туура. Медициналык көз караш менен караганда ал эреже менен тамактануу азыркы шартта бүгүнкү турмушта этти, майды көп колдонуу туура эмес. Организм жаратылышынан ушундай жаралган, анда артык баш нерсе болбош керек. Биздин күчтүү, майлуу тамактануубуздан пайда болгон энергия адамдын ичинде сыртка чыкпай калып калат. Анкени биз көбүнчө кара күч менен эмес, акыл-эс эмгеги менен иштейбиз. Организм артык баш энергиядан май топтой баштайт. Салмак көбөйөт, семирүү пайда болот. Кан тамырлардын ички көңдөйүнө майдын жыйылышынан улам атеросклероз деген оору пайда болот. Топтолгон майлардын негизинде кан тамырлар ичкерип, кан айлануу системасы бузулат, ишемия оорусу келип чыгат. Жүрөк ооруларын болтурбай, алдын алууда туура белгилүү өлчөмдө пайдалуу азык заттар менен тамактануу керек экенин баса белгилей кетким келет.
Стресттик же цивилизациянын оорусу- жөнөкөй мисал, электр энергиясынын өчүп жатышынан улам организмде стресттик абал пайда болуп, жүрөк оорусуна түрткү болот. Эмоцияны башкаруу оор, бирок адам аракет кылышы керек. Уктап турганда белгилүү бир убакта жатып-туруп биоритмди бузбоо керек. Организмди көндүрсө көп жашаганга шарт түзүлөт.
Дарылоо жолдору
Журөк оорусунун 200гө жакын түрү бар болсо, көпчүлүгүн кардиологдор тыңшоо жолу менен эле аныктай алышат. Тыңшоо менен мисалы, жүрөгүндө тешиги бар болсо билебиз, бирок кандай өлчөмдө экенин аппараттын (ЭКГ) негизинде гана карап көрүп, так аныктама берип дарылоо жүргүзүлөт. Биздин институтка эң өкүнүчтүүсү оорусу өтүшүп кеткенде анан келишет. Энтигип, буттары шишип кан басымы көтөрүлүп, боору чоңоюп, ичине суу толуп, өпкө кан тамырлары кургап… бул жүрөктүн өтүшүп кеткендеги белгилери. Бул учурда хирургиялык жол менен гана дарылоо мүмкүн. Толук айыгып кетет деген кепилдикти кээде бере албайбыз. Өздөрү кеч келип "операция кылгыла" деп көздөрүн жалдыратып турушса, биз жасабай коё албайбыз. Врачтар бүт аракетти жасап жакшы болуп кетсин дегенибиз менен кайтыш болуп кеткендери да болот. Кеч жасалган операция ошентип бизге тескери кедергисин тийгизип да коёт, ошондой абалга жеткизпеш керек, убагында кардиологго кайрылып, дарыланып туруу керектигин айткым келет. Биздин институтта дээрлик дүйнөдөгү жүрөккө жасалган операциянын баары жасалат. Трансплантациялоо, тактап айтканда жүрөктү алмаштыруу маселеси гана бизде чечиле элек. Хирург катары биз жасай алабыз, бирок операция болгон адамдын андан аркы абалын жакшыртып кетүүчү техникалык жабдыктар бизде азырынча жок.
Даярдаган М. Молдобекова




Богок кандай оору?
Алсырап, тез чарчап, башыңыз бат-баттан ооруп, дене боюңуз салмактанып, эч нерсеге көңүлүңүз чаппай, ачууланып, башка жылдарга салыштырмалуу быйылкы кышта көп сасык тумоолосоңуз, күн суукта суукка урунуп калып ооруп атам го деп "антигриппин" же "аспирин" ичип тынч жатып албаңыз. Анткени, жогоруда саналып өткөн белгилер организмде йоддун жетишсиздигинен улам пайда болушу мүмкүн. Эненин организминде йод аз санда болсо да төрөлгөн баланын көзүнүн көрүүсү начар, оорукчан, эң коркунучтуусу кем акыл болуп калышы ыктымал. Андыктан сөзсүз түрдө врач- эндокринологго кайрылып, көзөмөлүнөн өтүү керек.

Биздин организмдеги калкан сымал без йоддун жетишсиздигинен улам чоңоё баштайт. Учурунда дарыланып, өсүүсүн токтотуп калбаса кайра кичирейтип, дарылоодо оперативдик ыкма талап кылынып калат. Богок оорусунун диффуздуу богок деген түрү менен ооруган адамда бездин көлөмү абдан чоңоюп, мындан дем алуу оорлойт. Жүрөктүн иштөөсү өз калыбынан бузулат. Арыктайт жана көз өзүнүн чанагынан чыгып, тостоюп калган учурлар көп кездешет.

Алдын алуу - дарылоо
Богок оорусунун алдын алуу үчүн дарыгердин кеп-кеңешин угуп, йод каражаттарын белгилүү өлчөмдө кабыл алуу керек. Ошондой эле күнүмдүк турмушта ар дайым йоддолгон туз керектелүүсү зарыл. Акчасынын арзанына карап, йоддолбогон туз сатып алуудан алыс болуңуз. Туз салкын кургак жерде, жабык идиште сакталышы керек. Тамак-аштардын ичинде йод жумурткада, сүт азыктарында азыраак өлчөмдө жана деңиз өсүмдүктөрүндө, деңиз жаныбарларында көбүрөөк санда бар. Үй шартында богоктун жеңил түрүнөн айыгуу үчүн төмөндөгү ыкма сунуш кылынат. Колдонуудан мурда врачтын кеп-кеңешин угуңуз. Быша элек жашыл кабыктуу грек жаңгагынан бир стакан алып, аны марлиге ороп, үч литр сүттүн ичине салып, бир чоң кашык каймак жана бир стакан кумшекер кошуңуз. Үстүн кабаттап жаап, үч жума караңгы жерде сактаңыз. Андан соң тундурманы марлиден чыпкалап өткөрүп, муздаткычта сактап, күнүнө үч маал бир стакандан ичүү керек.




  Притча

Кыздар кызыл алтын
Бир байдын үч кызы болуптур да, бир да эркек баласы болгон эмес экен. Ал бай- "Кыз бала уул эмес, эшек унаа эмес, чай тамак эмес, эчкинин эти эт эмес" деп арман кылчу экен. Кыздары бойго жетип, өз алдынча турмуш куруп, атасынын үйүнөн алысташат. Бай кемпири менен жалгыз калат, каргашалуу бир күнү кычыраган кыштын күнүндө малы кырылып, баягы бай итке минген кедейге айланат. Ичээрге тамагы жок калган бай бир убакта жериген кыздарына жардам сураганы жөнөйт. Кыздары өз алдынча кеңешип, ар кимиси колунан келген жардамын көрсөтүүнү туура көрүшөт.
Ар бирөөсү атасын коноктоп, кетип бара жатканда бири жүздөгөн кой берсе, бири ондогон уй, жылкы берип атасынын билигин көтөрүшөт. Үйүнө баратып бай "атасын унутпаса кыз киши уулдан артык, эчкинин эти жакшы майлуу болсо, жол түз болсо эшектен жакшы унаа жок, жаның тынч болсо чайдан өтөөр тамак жок" деген экен.









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan