Кайдасың

Жалкоо, коркок
"Беш тапан"
"Беш тапандын" шайыр мүнөз, куйкум сөздүү жигиттери редакциябыздын босогосун аттаганда эле маанайлары көтөрүңкү экени байкалды. Куудул Рахман Разыковдун колунан тарбияланып жаткан жигиттердин келген максаттары 18-19-февралда боло турган концерти жөнүндө маалымат берип, окурмандар менен сырларын тең бөлүшүү экен. Анда окурман көңүлүңүздөрдү маекке буруп, бир аз жылмайып алыңыздар.

- "Беш тапанга" алгач келгенде бири-бириңерди кандай элестеттиңер эле?
БОЛСУНБЕК: -"Бештапан" тобу түзүлүп жатканда алгачкылардан болуп Акылбек келиптир. Андан кийин мен келдим. Биринчи жолу устатым Рахман Разыковго жолукканымда ал мени Акылга кошуп берип, "театрга бара бергиле, мен артыңардан барам" деп калып калды. Акылдын көздөрү ойноктоп дегеле токтобойт. Анын көзүн көргөн сайын "балээ болду, бул мени уктата чаап салып кете берет го" деп чочулайм. Анткени, ал чөнтөкчү балдарга аябай окшош экен.
АКЫЛБЕК: - Болсунбекти мен биринчи көргөнүмдө театрдын жаңы кароолчусу экен деп ойлоптурмун. Анда азыркыдай семиз эмес, тыржыйган капкара, узун бойлуу бала болчу. Ушундай сөлөкөтүнөн улам Рахман акебиздин баласы Каныбекке "бизге жаңы кароолчу келди" деп сүйүнчүлөп жетип баргам. Ошондон бери Болсунбекти "кароолчу куудул" деп коёбуз.
- Акылбек, сени досуң чөнтөкчү деп ойлоптур, дегеле чөнтөкчүлөргө туш болуп көрдүң беле?
- Жолукканда да "суу кошулбаган" ууруларга кезиккем. Балыкчы шаарына концерт уюштуруп барып калдым. Ал жакта тааныштарым бар болчу. Алар "мынча келипсиң, эми биротоло көлгө түшүп эс алып кет" деп калышты. Көлгө түшкөндү сагынып калган жаным макул болдум. Көл жээгиндеги көпчүлүктөн тартындымбы, айтор, ээн жерге барып өзүм жалгыз түшүп жаткам. Кийим-кечемди бактын жанына чечип койгон элем. Келип эле кийимимди таппай калдым. Жер жутуп кеткендей. Анан Балыкчынын борборунда жылаңайлак, турсачан эл аралап жүрбөдүмбү. Таанышымдын үйүнө келсем ал да кашайып эшигин ачпайт. Айла жок, дубалдан ашып түшүп, алардын тээ СССР маалындагы кийилбей калган кийимдерин кийип Бишкекке келгем.
СОЮЗБЕК: -Топтогу балдардын эң чоңу Болсунбек. Көлөмүнө жараша ашказаны да кенен. Курсагы бат-бат ачат. Гастролдобу, үйдөбү, таң эрте туруп алып эле "тургула, курсак ачты, тамак ичели" дей берип тажатат. Курсагында эмне балээ бар билбейм.
БОЛСУНБЕК: - Эй Союзбек, кудайды карасаң боло, өзүң аял алып, курсагың тоюп калса эле ушинте бересиңби?
КАНЫБЕК: -Топтогу балдардын арасынан жалгыз Союзбек үйлөндү. Бир уулдун атасы. Кыздар менен эчак эле "кош айтышкан".
СОЮЗБЕК: -Жөн турчу эй, кош айтышпай эле жүрөм. Ар бир эркектин сулуу кыздарды көргөндө көзү токтоп калат эмеспи. Сүйүп-күйүп артынан чуркабасам да, сулууларды көргөндө ичтен сызып кала берем. Азыр деле кыздарга болгон көз карашым эң сонун.
- Кызга дале жакын окшойсуң?..
СОЮЗБЕК: - Жеке мен эле эмес, эркектин баары кыз жандуу. Кыздар деле эркек жандуу болгусу келет, бирок куру намыс ага жол бербей жатпайбы.
- Каныбек, буга сен кандай дейсиң?
КАНЫБЕК: - Мен деле кыздар менен абдан жакшы сүйлөшөм. Бирок, өткөндө атам менен апам мени үйлөнтөбүз деп чыгышты. Ошондо чын эле ойлоно түштүм. Бирок, тилекке каршы көздөп койгон кызым жок. Ошондуктан "ка-ап" деген бойдон кала бердим. Эми кудай буюрса эки жылдан кийин үйлөнсөмбү деп турам.
- Сени мурда "Бешилик" тобунан көрчү элек?.
КАНЫБЕК: -"Бешиликтен" Санжар Бердибеков кетип калып, анын ордун мен толуктагам. Топтун келишими бүтүп калгандыгына байланыштуу "Беш тапанга" келип кошулуп калдым.
- Анан эмнеге алардын көлөкөсүндө калдың?
- Себеби мен алардын эң кенжеси элем. Алар менден алты-жети жаш улуу болчу. Абдылда аяш атамдын сөзү бар го "акча берип куудул боло албайсың. Акча берип депутат, министр болосуң" деген. Анын сыңарындай куудул болуш үчүн биринчи кезекте талант болуш керек экен.
- Силерге ар кандай сын-пикирлер айтылып жүрбөйбү, дегеле сынды кандай кабыл аласыңар?
БОЛСУНБЕК: - Башында аябай чычалаганбыз, эми биз Рахман акенин колунда иштеп жаткандан кийин бул сөздөр айтылууга тийиш. Көбүнчө устатыбыздын калемине таандык сатираларды алып чыгабыз. Ал бизге сатиранын сөөгүн берсе, биз ага этин чаптайбыз. "Рахмандын камчысында жүргөн балдар" деген сөздөрдү көп угабыз. Мунун баары убакыт өткөндө иргелет. Кимдин-ким экени ошондо билинет. "Бешиликке" да салыштырышып, "алардын деңгээлине неге жетпейсиңер?" деп сурашат.
- Чын эле эмнеге алардын деңгээлине жете алган жоксуңар?
АКЫЛБЕК: -Ал мезгилде чоң куудулдардан түзүлгөн "Аралаштан" башка эч кандай жаңы агым келе элек болчу. Анан эле "Бешилик" чыга калып элге бат алынып кетти. Эл ошону талап кылып, жаңылык күтүп жаткан. Көп өтпөй "Беш айры" чыкты. Андан соң "Беш тапан" болуп жаш балдардан түзүлүп биз чыктык. Ошондон улам жаштыгыбыз бизди популярдуулукка жеткире албады.
- Жаштык гана эмес, кандайдыр бир кемчиликтер артка тартып жүрбөсүн?
СОЮЗБЕК: -Чынын айтыш керек, ушунчалык жалкообуз. Ошонун айынан борборго концерт койбой жүрөбүз. Анан да коркоктук жагыбыз бар. Артка эле кетенчиктей беребиз. Негизи биздин азыр иштей турган убагыбыз да. Болбосо буга чейин борборго эки-үч жолу концерт койсок болот эле да.
- Азыркы шартта борборго концерт коюудан корпойсуңарбы, себеби чоң-чоң ырчылар биринин артынан бири коюп жатат дегендей...
БОЛСУНБЕК: -Эркинбайда эки ит бар, Үркүнбайда үч ит бар, бизде деле "конкретный" үмүт бар. Себеби, коё турган концертибиздин өзгөчөлүгү ошол чоң-чоң ырчылар биздин интермедияларды аткарышат, а биз болсо алардын ырларын ырдайбыз.
Даярдаган Р.АЛЫМКУЛОВА




  Күндөлүк

"Колготкиден топу кийген Гүлзинат"
"Күндөлүк" рубрикасы сахна жылдыздарынын эң алгачкы окуяларын даталары менен азил-чыны аралаш сиздерге тартуулай бермекчибиз. Рубриканын бүгүнкү мейманы сиздер сүйгөн ырчы айым Гүлзинат Суранчиева болду.

o1978-жылы 9-октябрда Каракол шаарында төрөлгөн.
o1,5 жашка чейин эмчек эмсе, упчуну жанына жолоткон эмес.
o2,5 жашында "ата" деп тили чыккан. Албетте бул жашта балдар сүйлөп калат эмеспи. Ата-энеси кандай конок болбосун Гүлзинатты ээрчитип алышкан. Анткени болочоктогу ырчы абдан жоош болгон.
o5-6-жашында созолонтуп ырдап калган.
o6-жашында куурчактын чачын жулуп салып, жүгөрүнүн самсаалак чачтарын ага тагып, ошол кезде эле кыялдануусу күчтүү болчу экен. "Ылайдан печенье, торт жасап, таш, чөп-чарларды аралаштырып тамак даярдап ойночумун"-дейт ырчы.
o1984-жылы атасынан айрылган.
o7-жашында Мукаш Абдраев атындагы музыкалык интернат мектебине 1-сентябрда 1-класска кирет. Ошол күнү таланттууларга кошулуп Гүлзинат да бийлеп, биринчи жолу КТРге тартылып, эфирге чыкканын жылмаюу менен айтып берди.
o4-11-класстарда алгебра сабагын жаман көрсө, орус адабият, музыка, хор сабактарына сүйүнүп катышкан.
o10 жашында пианино бөлүмү боюнча республикалык сынакка катышып 1-орунду алып, Ленин атындагы "Балдар фондунан" 120рубль стипендияга ээ болгон.
Ал акчаны Караколго апама алып барганда ийгилигиме кубанып көзүнө жаш алган. Ошол акчаны көп керекке жараткам жана апама эч кимде жок мода болуп жаткан капкара плащь алып бергем"-деп сүйүнөт Гүлзинат.
o5-классында жатаканадагы кыздар менен актриса, актёрлорду туурап, түнкү сыйкырчынын образын жараткан.Тарбиячылар "уктагыла" деп жарыкты өчүрүп кетсе, Гүлзинат керебетке чыгып кыздарды ойготуп, "одеялды" эки бүктөп юбка жасап, колготкилерди башына кийип алып, учун топудай кылып түйүп, досторуна күлкү тартуулаган.
o6-классында балдардан сүйүү катын ала баштаган. Кызыгы Гүлзинат мектепти бүткүчөктү бир да жигит менен мамиле курган эмесин билдик. Себеби, жатаканада жашагандыктан бардык балдарды тууганым, байкелерим деп ойлочу тура.
o1995-жылы Улуттук Консерваториянын "фортепионо" бөлүмүнө экзаменсиз автоматтык түрдө өткөн. Окуу жагында жетишкендиктер болсо да, жеке жашоосунда көп кыйынчылыктар болгон. 11 жыл даяр тамак ашка көнгөн Гүлзинат, эч нерсе жасай албай оокат жагынан бир топ аксаган. "Бир жолу нанга акчасы жок" бир күн бою карандай чай ичип ачка калгам" дейт ырчы. Албетте, кризис убагына студенттик күндөрүм тушташ болгондуктан мындай көрүнүштөр көп кайталанган.
o19 жашында балабакчанын концерт-мейстери болуп иштеген. Жогорку окуу жайын бүткөнчө бир топ жерде иштеп, кореец улутунун өкүлдөрүнө музыкадан сабак берип акча тапкан.
o2000-жылы "Шантел" тобу түзүлүп, "Өмүр" ыры менен сахнага чыккан.
Ошол эле жылы ырга клип тартылып, жаш муундардын алгачкы клибине айланган.
o2001-жылы айдоочунун күбөлүгүн колуна алган.
o2003-жылы башына ак жоолук салынып азербайжан элине келин болот. Жолдошу Ралис келинчегин "суслик", "кролик", "малыш" деп эркелетип көңүлүн көтөрөт экен.
Эки улуттун башын кошкон үйлөнүү тою "Кализей" ресторанында өткөн. Эки элдин окшошпогон салттары жаштарды таң калтырган. Башкача айтканда Гүлзинат тарап Ралистин туугандарына кошулбай өз-өзүнчө бөлүнүп олтурушкан. Эки элдин музыкалары жаңырып, кызыктуу оюндар меймандардын көңүлүн ачса, Гүлзинат абдан толкунданып, коркконунан тамак жебей өрүктүн ширесин ичип олтурган.Аны көргөн Ралис да ыңгайсыз болуп тамак жеген эмес.Ошентип акырында эки жаш ачка калган. Той бүткөндөн кийин жумуштан келгенсип жанталашып курсактарын тойгузушкан экен.
o2003-жылдын декабрь айында Рузана аттуу кыздуу болуп, бактылуу энеге айланган. "Келиндин жумушун аткарып кыйналган жокмун"-дейт ырчы.
o2004-жылы өзүнүн "Мерседес Е430" жеке машинасын шаарга айдап чыгып чери жазыла сүйүнгөн.
o2008-жыл ырчы үчүн жемиштүү болуп, Сочиден жакшы ийгиликтер менен кайткан.

Даярдаган
Акыл Карачач










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan