Атактуулар ааламы

Жашоого жашы тоскоол болбогон жылдыздар
Адам бул жарыкчылыкта бактылуу өмүр сүрүш үчүн сүйүктүү жарынын кайсыл сапатына карап түбөлүккө анын колун кармашы керек? Сулуулугунабы? Байлыгынабы же жаштыгынабы? Сүйүү кары жашты ылгабайт деген сөздү кээ бир жылдыздарыбыз далилдеп келишет. Жашындагы асман менен жердей айырмага көз жумуп сүйүүнү туу туткан түгөйлөрдүн тизмесине көз жүгүртүп көрсөк.


Беш жылдан бери сүйүүнүн сөзү сокур экенин 58 - жаштагы Надежда Бабкина менен 28- жаштагы Евгений Гор тастыктап келишүүдө Ортолорундагы отуз жаш айырма аларды уялтпайт деле, анткени бири -биринин сезимдерине терең ишенишет экен. бул түгөйлөр жаштарга арналган ыр сынактын биринде таанышып калышат жана ушул күнгө чейин бирге түтүн булатып келишет. Албетте, ал сынакта Евгений Гор катышуучу ал эми Надежда Бабкина калыстар тобунун курамында болчу…


Ырчы жана актриса Людмила Гурченко бешинчи күйөөсү Сергей Сенин менен "Секс - сказка" (Секс - жомок) тасмасында бирге тартылган, экинчи жолу тагдыр аларды "Любовь" (Сүйүү) тасмасында жоолуктуруп экөө ошондон кийин бири- бирибизден ажырабайбыз деген чечимге келишкен. 74 - жаштагы актрисанын айтымына экөөнүн ортосундагы жаштагы айырма аларга сезилбейт деле, тескерисинче мындай үй - бүлөдө башкалардыкына караганда көбүрөөк ынтымак өкүм сүрөт. Учурда Сергей Сенин жубайынын чыгармачылыгын да жеке жашоосун да колдоп, жөлөк- таяк болуп келет.


Актриса Марина Зудинанын жолдошу Олег Табаков 74 - жашта. Ортосунда отуз жаш айырма болгонуна карабай Павел жана Мария атуу эки баланын ата-энеси, Олег Табаковдун биринчи аялы актриса Людмила Крыловадагы балдары атасынын жаш аял алуусуна катуу каршылык көрсөтүшкөн. Бирок сүйүүгө айла барбы? Табаков ал аялынан кол үзгөндөн кийин чөнтөгү бир топ эле жукарыптыр, анткени ажырашууну биринчи баштаганы үчүн жубайына 120 миң доллар төлөп берүүгө аргасыз болот. Ал эми кыз Александра бүгүнкү күнгө чейин атасына таарынып сүйлөшпөй келүүдө.


Көп жылдан бери 40 - жаштагы ай - чырайлуу актриса Кэтрин Зэта - Джонс 65 - жаштагы жолдошу Майкл Дуглас менен эки баласын тарбиялап келишет. Майкл Дуглас кайын атасынан эки гана жаш кичүү. Бири - бирин бир көргөндө эле сүйүп калышкан түгөйлөр мамилесин мыйзамдаштырууга тоодой тоскоолдуктарды жеңүүгө аргасыз болушкан. Ананчы, ким эле кызын өзү менен тең адамга турмушка бергиси келсин?


Ырчы айым Бейонс менен репер Джей - Зи экөөнүн ортосундагы 12 жаш айырма алардын баш кошуусуна кымындай да тоскоолдук жараткан эмес. Экөө таанышкандан кийин туптуура алты жыл сүйлөшүп жүрүп 2008- жылы гана үйлөнүшкөн. Азыркы тапта жубайлар Кудайдан бирдей бала тилеп жаткан кездери, анткени Бейонс сактанып, кеч төрөгөн айымдардын катарын толуктагысы келбейт.


Юлия Высотцкая жолдошу жолдошу Андрей Канчаловскийден 36- жаш кичүү. Ошентсе да ушул кезге чейин жашындагы айырмага жубайлар маани деле беришпептир. Баары Сочидеги "Кинотаврдан" башталган, экөө бир мейманканага токтолушуп 60 - жаштагы режиссер 24 - жаштагы суйкайган актрисаны бир көргөндө эле сүйүп калып ага сүйүүнүн тузагын кенен жайган. Эптеп жолун таап болочоктогу жубайы менен лифтен таанышат.


46 - жаштагы Том Круз өзүнүн 16 - жаштагы Кэти Холмс менен 2005 - жылы апрель айында жоолугуп үч айдан кийин үйлөнмөк болушат. Тилекке каршы ойлогон ойлорун дагы да болсо кыстаган турмуш жеңип белгиленген убакыттан туура бир жарым жыл убакыт өткөндөн кийин гана кыялдары ишке ашкан. Анткени Том кызы Сурини тоюна катышуусун каалп анын келишин күткөн экен.


2005 - жылы көпчүлүктүн оозун араандай ачырган үлпөт тою болуп өткөн. 27 - жаштагы Эштон Катчер 43 - жаштагы киножылдыз Деми Мурду турмуш жолуна жетелегенин көбү жөн гана ашыкча пиар катары кабыл алышкан. Ал тургай саналуу күндөрдөн кийин экөөнүн ажырашаарына кепилдик бергендер да чекесинен табылыптыр. Доско күлкү душманга таба болууну каалашкан эмеспи же ортолорунда чындап эле чыныгы бекем сүйүү өкүм сүрөбү ким билсин экөө ушул тапта да ынтымактуу өмүр сүрүп келишет.


12 - жаш айырмага көз жумуп, 34 - жаштагы Анжелина Джолинин кыялына чыдоого чыныг сүйүү гана жардам берет окшойт. Ошентсе да Бреддин бул чыдамкайлыгына, көтөрүмдүүлүгүнө жооп кылып өзү да тил алчаак, "жумшак" айымга айланганын акриса өзү берген интервьюларында баса белгилейт. 6 баланы тарбилап келишсе да эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин экөө расмий түрдө баш кошушпайт деген суроо пайда болбой койбойт. Көрсө Бред Питт прессага качан гана АКШ да бир жыныстуу баш кошууга мыйзамдуу түрдө уруксаат берилгенден кийин Джоли экөөбүз мамилебизди мыйзамдаштырабыз деп убада берген экен.

Даярдаган
Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan