Күлкү - өмүрдүн мүлкү

Манас Бердибековдун унутулгус боорду эзмелери
Психологго "жаңы кыргыз" келип:
- Короче, братан, жаман түш көрүп жатам в натуре.
- Кандай түш?
- Чоң картошка ментовский формада күндө түшүмө кирет. Муну кандай түшүнсө болот?
- А-аа, жөнөкөй эле түшүнсө болот. Же жазында отургузат сизди, же күзүндө убрать этишет экен.

Күйөөсү жумуштан келсе, аялы китеп окуп олтурат. Күйөөсү:
- Тообо, дагы эле романың мененсиңби?
- Роман, чыга бер, баарыбир билип калыптыр.

Аялы:
- Жакында экөөбүздүн жашаганыбызга 20 жыл болот. Кантип белгилейбиз?
- Минута молчания менен белгилейбиз.

- Манас экөөбүз таанышпыз,-дейт арак колбаса менен сыйлап жаткан кара жигит отургандарга мактана. "Бирок билбейм, качан, каерден таанышканыбыз эсимде жок". Ошол бактылуу күндү кантип унутайын-дейт, Манас мостойгон калыбынан жазбай "Таласта дүйнөнү дүңгүрөткөн менин 1000 жылдык тоюмда таанышканбыз!"-дептир отургандарды күлдүрө.




Өткөндөрдүн өткүр тамашалары
Белгилүү акын сатирик Байдылда Сарногоев ордолуу Ошто командировкада жүргөн кези экен. Чаңкаганда чайханага кире калып:
- Ой, үкө чай алып келбейсиңби?-десе,
- Хоп аке, нанам алып келейинби?-деген тура чайканачы. Анда Байдыке, "Нанын алып келсең, алып кел беркисин өзүң же" деген экен.

Белгилүү Шекербек Шеркулов менен сатирик Райкан Шүкүрбеков экөө ары замандаш, бери жердеш болгондуктан "замзамдын" суусунан каткан нанга чейин тең бөлүшүп жешчү экен. Албетте, экөөнүн баштары бириккен жерде азил-тамаша айтылып, күлкүдөн эл дуу жарылып турчу дешет.
Күндөрдүн биринде Райкан, эзели эрдинен тамеки түшүрбөгөн Шекербектин такыр чекпей калганын байкайт. Байкап жөн турмак беле, жөн жайын көпчүлүктүн көзүнчө сурай кетет:
- Шеке, эмнеге тамеки чекпей калгансың? Шекербек чөнтөгүнөн майда-майда тоголоктолгон көгүш насвай салынган баштыкты алып чыгып:
- Биз деген сасык тамекини таштап, таза насвай чегип калганбыз,-дейт бир аз бой көтөрө. Анда Райкан:
- Экөөбүз качан оозубузга жакшы нерсе салчу элек?-дептир отургандарды дуу күлдүрүп.

Смар Шмеев деген акындын бир көзү кичине чалыр болчу деп эскеришет замандаш акын-жазуучулар.
Бир күнү акын отурган столунун үстүнө ак барактын четине: "Эмне үчүн кыздар мени сүйбөйт, досум?"-деп баштап коюп, бир иштер менен алаксып чыгып кетет. Ошол кезде Смарга келген Мидин Алыбаев столдун үстүндө жаткан барактагы ырды окуп, экинчи сабына "Билет го, оң көзүңдүн оңолбосун" деп кошумчалап коюптур дейт.

Көпчүлүк Шаршен Термечиковду эч кимге сөз алдырбаган, чапса чабылбаган, сүйлөсө жеңилбеген куудул болгон дешет. Бирок анын да шагы сынган учур болуптур.
Жалпы журттун өнөрпоздору Бишкекке чакырылып, сынактан өтүп калышат. Кезек Шаршенге келип, ал сахнага чыгаары менен "Мен Кыргызстандын эркесимин!"-деп оозу мурдун кыймылдатып, шумдуктуудай жоругу менен элдерди күлдүрө баштайт. Анда сахнанын экинчи жагынан Бекназар куудул чыга калып, "Сен Кыргызстандын эркеси болсоң, мен кең Кетмен-Төбөнүн текесимин!"-деп текени куп келиштирип туурап, мекиреген бойдон Шаршенге секирет. Тарс жарылган күлкүдөн, күтүлбөгөн жоруктан абдырай түшкөн Шаршен сөз таба албай апкаарып туруп калган экен.

Б.Рахман уулунун "Куйкум сөздүү куудулдар" китебинен




Тостор
Канчалык көп ичсең, колуң ошончолук калтырайт. Кол калтыраган сайын арак ошончо көп төгүлөт. Арак төгүлгөн сайын, ошончо аз ичесиң. Көп ичсең-аз ичесиң...-деген келип чыгат. Келгиле, так, таамай айтылган бул сөз үчүн ичип ийели!

Аяштар! Ашыкча ичип алганда эркектер сыр сактай албай, айтканын аткара албай калышат. Ошондуктан анча-мынча ашыкча сүйлөп, артыкпаш күлүп к ойсок кызганышпай, шаңдуу шайыр олтуруш үчүн мобул тосту алып ийеличи!

Сулуу аялдар бизди баардык жерде курчап жүрүшөт: жумушта, үйдө, коомдук транспорттордо... жана алар баардык убакыттарда тооруй беришет, жандай беришет. Бирок алардын аз гана бөлүгү бизди торго түшүрө алышат. Кана эмесе, ошол айрым тузакчы аялдар үчүн ичели!

Эркек деген ким? Эркек -бул өзүнүн колуна келечегин, жумушун, ийгилигин кармап жүрүүчү адам. А аял ким? Аял-өзүнүн ийнине үй, чарбачылык, балдарын, төркүнү менен кайын журтунун бүт түйшүгүн жана колуна баарын кармаган күйөөсүн олтургузуп алып алдыга сүйрөгөн адам. Анан биз кантип ошончо оор жүктү көтөрүп жүргөн алтындай апалар, аяштар, же карындаштар үчүн ачуу аракты аябай коё алабыз. Келгиле, аялдар үчүн аппак алып ийели!

Аялы күйөөсүнө ачууланган кейипте:
- Тигил кошунанын күйөөсү аялына аябай жардам берет. Кечээ кечке маал кермеге жайылган кирлерин жыйнап кирип баратат. Эркек эле болсо ошондой болсун-деп кейип калат. Анда күйөөсү: "Ооба, беш минутадан кийин кошунаңдын үйүнө милициялар келди. Кирди жыйнап кеткен уурулар экен"-дейт камырабай. Келгиле анда, аялдардан да байкагыч, баамчыл келген эркектер үчүн ичели.




  Тапкан тапалак

Бул кайсы белгилүү айым же мырза?
А Бул кайсы белгилүү айым?
Урматтуу "Обон" менен чогуу дем алып, "Обон" менен чогуу жашаган жан бирге окурмандар, эгерде сиздер төмөндөгү элестердин ээси ким экендигин туура жана алгачкылардан болуп тапсаңыздар, жакында боло турган концерттерге эки кишилик билет утуп алууга толук мүмкүнчүлүгүңүздөр бар. Эмесе чамдаңыздар!
Тел.: 44-98-21











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan