"Обон"-почта
ОП-50-01. Саламым "Обондун" жалпы жамаатына жолдонот. Ар дайым окурманыңар, СМСчилер көп болсун. Силерге албан-албан ийгилик. Нускаңар көбөйө берсин. Айгөлөк

ОП-50-02. Ак-Булакта жашаган Шакировдордун үй-бүлөсүнө салам жолдойм. 07731977хх

ОП-50-03. Салима эже кандайсыз, сизди аябай сыйлайм. 07734378хх

ОП-50-04. Гүлбешекер алкышыңа рахмат. Эми ошол той көйнөгүң менен элдин оозун ачырасың го ээ? Тойго бизди чакырганды унутпа досум. Хан-Шай

ОП-50-05. Саламым Ош медициналык колледж 2 АД 5-07 группасына, Керме-Тоо мектебинин 11-б классына. Акмарал

ОП-50-06. Эркин менен Дамирге уча турган салам. Азыраак шоктонсоңор, кыздарга тийишпей жүргүлө. Барбиге да өзгөчө салам. Хан-Шай

ОП-50-07. Салима эже сиздин мукам ырдаган үнүңүздү укканда керемет кыргыз жерлери меймандос, кыргыз эли көзүмө элестеп ошол саамда жүрөгүм дирилдеп эле патриот боло берем. Сизге ийгилик. Нургазы

ОП-50-08. Саламым Гүлшан эжеге, Макусяга жана калган СМСчилерге жолдонот. "Кумир менен баарлашууга" М.Атабековду чакыргылачы. Мирбекти жанынан көргүм келет. Мирбек мен сени чексиз сүйөм. Саадат

ОП-50-09. Эң сүйүктүү эжем Гүлипа, жездем Манап балдарынын сыйын көрүп, бактылуу болушсун. Венера

ОП-50-10. Мукам үндүү Салима эжеге салам. Сизге ийгилик каалайм, сизди Кудайым өзү колдосун. Мен сизди жаныңыздан көргүм келет. Айдана

ОП-50-11. Салима эже, ар бир адам аба менен суу кандай керек болсо сиз мен үчүн ошол сымал керексиз. Себеби, сиз менин кумиримсиз. Сиздин мукам үнүңүз, сулуу жүзүңүз менин жүрөгүмдөн орун алган. Мен сүйүп уккан музыкалар сиздин ырыңыз.Бирок бир арманым сизди жаныңыздан көрбөгөнүм. Хализа

ОП-50-12. Урматты үйлөнгөнүн угуп жүрөгүм тыз дей түшкөн. Анткени сизди сүйөм, бирок Неляга үйлөнгөнүңө сүйүндүм. Бар болгула. Асел

ОП-50-13. Эң жакын курбуларым Саша, Кулпунай, Айнагүл, Алмаш, Венка, Миргүл жана эң сүйүктүү бөлөм Пери сени абдан жакшы көрөм. Макыш менен бактылуу бол. Венера

ОП-50-14. Бактыбеков Тазабекке салам жолдойм. Мени кечирип койчу, сени таарынтып алдым окшойт. Элизат Каныбековна

ОП-50-15. Бишкекте турган кайненем Батмага, уулум Бекзатка, кызым Мунарага, Жадиге салам жолдойм. Москвадан Гүлзина

ОП-50-16. Кыргыздын ыймандуу кыздары менен таанышам. 0772407379

ОП-50-17. Султан Садыралиевге салам. Мен сени сүйөм. Фанаткаң Насыйкат

ОП-50-18. Издеп жүрөм ак сүйүүмдүн жолу улук, Теңирим койсо экен экөөбүздү жолуктуруп. Аруу сезим көөдөнүмдү жарып чыгып, махабатым батпай ашып кетти толуп туруп. Жүрөк сезип абалымды туйдуң бекен, алтыным азыр кайда жүрдүң экен. Жазылган бак-таалайыма туш болуп, эртерээк жолуксам деймин бүгүн эртең. Бакай

ОП-50-19. Салам достор, эмне жоголуп кеттиңер? СМС жазып тургула. 0777443442, 0773443442 Кербен Куба

ОП-50-20. Супердин сулуусуна катышкан 11 кыз намыс, бет деген силерде жок экен. Грамм дагы уятыңар калбаптыр. Силерди көрүп, бул жакта туруп мен уялдым. Жылаңач чыккандын ордуна өлгөн артык. Дагы намыскөймүн деп коюшат. Намыстуу кызды атам десең да мындайга барбайт. Хан-Шай

ОП-50-21. Таластык татына, таланттуу ырчы бар кыргызда. Мирбек ай фанаттар жылдыз, колун сунат жетпей бир кыз. М.Иманбеков көп жашаңыз. Күйөрмандарды унутпаңыз. Насыйкат

ОП-50-22. Мен кыргыздын ыймандуу кыздары менен таанышам. Кылычбек 0772407379,Нурланбек 0773525681

ОП-50-23. Салам Салима, кызың чоңоюп жатабы? Алайдын кыздары сени менен сыймыктанабыз, ден соолук каалайбыз. Сен суперсиң +77771814769

ОП-50-24. Оштун ыймандуу кыздары менен таанышам. Маякка жооп жок. 0773689460; 0777864553

ОП-50-25. Менин саламым сүйүктүү атам Нурлан, апам Марина жана бир туугандарыма. Табигат сырдуу Алтынай

ОП-50-26. Акылдуу, супсулуу, нукура кыргыз кызы Айдана Антуга чоң салам. Ар дайым жүзүңдөн күлкү кетпесин. Мики менен бактылуу өмүр сүр. 05502214хх

ОП-50-27. Сагындырып сенин жамалың, көңүлүмдү сага бурамын. Өмүрүмдө сага жолукан, түбөлүк бактыма ыраазымын. Табигат сырдуу Алтынай

ОП-50-28. Гүлбешекер, Барби, Мемо, Айдана Анту, Айдеми, Аделина, Эрке кыз Эля, Кербен Куба, Уляга салам. Ар дайым ынтымакта бололу. Ийгилик силерге достор. 05502214хх

ОП-50-29. Бурка, сени канча болсо да күтөм. Болгону кабарыңды билдирчи. Саша

ОП-50-30. Саламым Токтогул энеме авама Канибек, жеңем Айнур, аларды чын дилимден жакшы көрөм. 1-май айылындагы майтарандыктарга чоң салам. Жээнбекова Венера

ОП-50-31. Кайдасың картайбаган махабатым, кайдасың өмүр гүлүм, жан кубатым. Көп жылдар өтсө дагы андан бери. Жүрөктүн түпкүрүндө сенин атың. Шумкар

ОП-50-32. Ноокен району Шамалды-Сай айылындагы Эргешов Сагын, мен сени дагы деле унута элекмин. Көрбөгөнүмө 4 жыл болду, сени сагындым. +777773947хх

ОП-50-33. Менин саламым 5 млндон ашык кыргыз калкыма. Анын ичинен өзгөчө М.Иманбековго супер салам. Алла Таалам сенден жакшылыгын аябасын. Зайка

ОП-50-34. Оп-49-35 биринчиден мага сенин байлыгыңдын кереги жок, экинчиден азыраак мактан, үчүнчүдөн сыйлашып жүргөнгө эмне жетсин. Бирок сага саламым түз. Бакыт каалайм. Абда

ОП-50-35. ОП-49-120 Бегимай 92, сендей намыстуу кыздар көөп болсо экен. Обондун 48 санындагы ОП-48-69 номерге смс жазчы сураныч. +77013529221

ОП-50-36. Ноокат районунун Көк-Бел айылына салам жолдойм. Гүлбурак

ОП-50-37. Сүйкүмдүү, ажарлуу жагымдуу 18-19 жаштагы кыздар үй-бүлө куруу үчүн 0777039265, Бишкекте жашагандар чалгыла.

ОП-50-38. Саламым И.Абдыразаковго жолдонот. Кыргызстандын атын бүткүл жер жүзүнө таанытып, кыздарды азыраак ыйлатып, биздин сүйгөн ырчыбыз болуп жүрө бер. Салам Аку эмне жоксуң? Кандай кыздар, Хан-Шай, Жака-Жазгүл, Барби, Абда, Асюка эмне СМС жазсам жообу жок. Өзүмдү да 26-январь туулган күнүм менен куттуктайм. Айгөлөк

ОП-50-39. Ыймандуу балдар СМС жазгыла. 0550887304 Кани

ОП-50-40. Шайыр балдар менен таанышам. 0770353296

ОП-50-41. Саламым Баткен облусунун Кадамжай районуна.07727438хх

ОП-50-42. Салима эже, сайраган булбул үнүңүз жарашкан жүзүңүз керилте ырдап жүргөнүңүз чиркин, жолугаарым билгенмин. Сураныч Р.Р.А. 07770392хх

ОП-50-43. Сабира 94, мен дагы ырга кызыгам, достошуп албайлыбы? Пери94

ОП-50-44. Сапар Эркебаевге салам. Сапар баары бир сени жакшы көрөм. Лектин Маргунунан Турдуева Гүлзат

ОП-50-45. Жылдыз ырчылардын фанаттары 0517249370 телефон чалыңыздар. Болот

ОП-50-46. Менин саламым Бишкек шаарында жашап жаткан ата-энеме, бир туугандарыма жана ошондой эле Казакстанда иштеп жаткан досторума, эжеме жана жездеме жолдонот. Ар дайым бар болуңуздар деп Жийдегүл.

ОП-50-47. Супер красавчик Алиханга жана Стар-Денс тобундагы супер бийчи Асел эжеге салам. 05558738хх

ОП-50-48. Саламым супер смсчилер Эркин, Хан-Шай, Гүлнур, Динарага. Дамир

ОП-50-49. Эдил Эркинбаев, сиз "Кыргызстан обондорун" сатып алгансызбы? Мурда иштеген ди-джейлерди жакшы эстеп аттарын толук атагыңыз келбейт. Ч.Мырзаевге рахмат. Кантсе да түзүк, эстеп сөз кылып жатты. Гүлистан

ОП-50-50. Менин таттуу саламым балдай ширин, бал таттуу сүйкүмдүү кичинекей сиңдилерим Заринага, Нуризага, Сезимге, Нурпериге, Жибек, Элдиярга, менин балбылдактарым силерге бактылуу балалык каалайм. Батыраак чоңоюп бизди сүйүнткүлө, таттуу тилиңерден силердин. Зина92

ОП-50-51. Урматтуу экс-супер смсчилер бардыгыңарга салам. Хан-Шай

ОП-50-52. Менин саламым Мемого, Батина, Хан-Шайга сагынчтуу салам. Ишиңерге ийгилик каалайм. Бек кучактап Айдеми Айка

ОП-50-53. Менин жаным Мүдөр Маткасымовго салам. Ал мыктынын мыктысы, супер мырза. Жаның

ОП-50-54. Сөздүн башы саламдан баштайын, бүт баарына жакшы күн каалаймын. Жеткирген силерге саламымды "Обонго" рахматымды айтамын. Смс жазып чер жазган Бакайчикти мактайын, күттүрбөй сонун жигитти, смс менен черин жазайын. Баксерка Дина

ОП-50-55. Эх жашоо керемет дейин десем кимдир бирөөгө керемет, а кимдир бирөө жашоого канааттанбайт экен. Бир кем дүнүйө экен да. Баарыңарга бакыт каалайм. 05502214хх

ОП-50-56. Омарчик, Америкага аман-эсен барып кел. Бизди унутуп калба, мен сени сүйөм. Альбина

ОП-50-57. ОП-49-61, кандай уятсыз адамсың? Менин атымды сатып Бакайга смс жазыпсың. Сен өзү кимсиң? Атың жок беле? Абда

ОП-50-58. "Манас FM" радиосунун супер шайыр ди-джейлери Шаризада эжеге жана Айбек акажанга салам. Силер менен менин ар бир күнүмдүн кечи шаңга бөлөнүп турат. Акпери

ОП-50-59. Дайыр Исмадияров, сенин үнүң башкалардан өзгөчө, мукам талантыңды сыйлап келем. Ырларың көбөйө берсин. Ой-кыялымда сени менен баарлашкым келет. Акпери

ОП-50-60. Канат Кадыров, коңур үнүңө жипсиз байланып, ай жүзүңө арбалдым. Мендей күйөрманың көп болсун. Анткени, менин сага деген тилегим ак жана чексиз. Ийгилик сага. Аруузада

ОП-50-61. Ушул курак турса эмне ордунда, улам жылып жер айланат огунда. Билинбестен өмүр дагы эскирет, биз жашаган бул турмуштун жолунда. Зайка

ОП-50-62. Апам Осмонова Кундузга: апамды мен ардактаймын, сыйлаймын, мен апамды эч нерсеге кыйбаймын. Апакебай узун болсун өмүрүңүз, эч качан чөкпөсүнчү көңүлүңүз. 07771302хх

ОП-50-63. Апам Таанбаева Айтажанды туулган күнү менен куттуктайм. Айсулуу

ОП-50-64. Асел, сага чалсам албайсың, номериңди алмаштырдың беле? смсти окуп калсаң, чага чалчы. Дархандан досуң Жылдыз

ОП-50-65. "Обондун" смсчилерине менден салам. Канжар

ОП-50-66. Салам Хан-Шай, сен да бактылуу бол. Антунун жигити Мирлан

ОП-50-67. Менин саламым Насипбекке, жаным мен сени сагындым. 05503686хх

ОП-50-68. Менин ысык саламым Москва районунун Кр.Пахар жана Спартак айылына жолдонот. 91-ж талпасына дагы чоң салам. Чала казашка Настя

ОП-50-69. Атам Алибекке, апам Зинагүлгө, иним Нуриманга жана эжелерим Тахминага, Алияга чоң салам. Мен силерди аябай жакшы көрөм, оорубагыла. Настя

ОП-50-70. Менин алтындай болгон ата-энеме, таене, таятама, бөбөктөрүмө, досторума ысык салам. Жази93

ОП-50-71. Бакайга: ыр жазасыз гезит бетин толтуруп, окурмандын көңүлүн сиз буруп. "Обонго" смс жазыңыз достошолу анда. Жибек

ОП-50-72. Кызыл-Кыя шаарындагы БатМУ КГПИнин жалпы эмгек жамаатын илимий, чыгармачылык ийгилик каалайм. Гүлназ

ОП-50-73. Урматтуу 07776773хх смсчи, "Сен сүйгөндү эмес, сени сүйгөндү ал" деген кеңештер менен үйлөнгөм. Учурда бир бала үчүн айласыз жашап келем. Бирок келинчегим мени жанындай көрөт. А мен акмактын жүрөгү муз болуп тонгон. Сүйүп жашаганга не жетсин. Бул чындык. 07778659хх

ОП-50-74. ОП-49-61,87ге: Карачы бөтөн үчүн жанын сабап жатканын, миң мертебе ыраазымын тилегине Абданын. Байкадым адамдагы асыл сапатты бүтүн иргеп, аярлап тумар тутуп жүргөнүнө түбөлүктү катканын. Коштосун бакыт-таалай сулуу кызын Аиданы. Рахмат айтам көп жашасын анан дагы. Сүйкүмдүү бол эч оорубай ойноп-күлүп ылайым. Бактылуу бол Мемо, Аида, Абда колдоп кудайым. Бакай

ОП-50-75. Урмат Усенов сизге өмүр, бакыт, ыйман каалайм. Аман болуңуз. Намаз окуңуз. Г...

ОП-50-76. Салам алейкум, обондун окурмандары. Ден соолук, маанай жакшыбы? Жүзүңүздөн эч качан күлкү кетпесин. Аманчылыкта бактылуу өмүр сүрүңүздөр. Гүлшан

ОП-50-77. Бакай, ырларың болсо арбын, акындык жагыңа жакын. Келечекте болгун деймин акын. Берсе деймин Кудай сага түгөнбөгөн алтын. Бар бол, ийгилик сага. Гүлзина-92

ОП-50-78. Ооруп үйдө жаткам, ооруганда досторуң ден-соолук сурап, көңүлүңдү көтөрсө жакшы го. Ханшай, Гүлбешекер силерге рахмат. Эч качан оорубагыла, достор. Кербен-Куба

ОП-50-79. Алматы шаарында жашап жаткан досторум Абда менен Барчынайга сагынычтуу салам. Достор соодаңар болсун. Эч качан оорубагыла. Кербен-Куба

ОП-50-80. Менин сүйүктүү досум Гүлшан сага чоң салам. Хан-Шай сизге да. Рахима

ОП-50-81. Обонушка мен да силер менен. Менин да жүрөгүмдүн жарымы бош. 0777746142

ОП-50-82. "Обондун" жана "Кыргызстан обондорунун" супер смсчилерине салам. Достошолучу, 0777770206 Нурзат

ОП-50-83. Алайда Арал айылында жашап жаткан атам Көчкөнбай, апам Бегайымга салам. Аларга ден-соолук, узун өмүр каалайм. Чымкенттен уулуңуз Жусупбек

ОП-50-84. Менин саламым Асыл Апасовага жана анын балдары Мирбек Иманбековго, Ирлан Таалайбековго, Бегимай Карабаевага иштерине ийгилик каалайм. Зайка

ОП-50-85. Салам "Обондун" жалпы жамааты, ден соолугуңар чың болсун, ар дайым элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп жүрө бериңиздер. Терең урматтоо менен Таха

ОП-50-86 Салам Аку, сагындырып кайда жүрөсүң? Айгөлөк

ОП-50-87. Мен сени сагынам, кусалык жүрөгүмдү эзет. Сени менен түбөлүк бирге боло албасымды сезсем да күнүмдүк азыгырыкка алданам. Үмүт оту өчпөйт. Сүйүү жок деп жүрөгүмдү ыйлатпачы, сүйүү менин жүрөгүмдө. 05506343хх

ОП-50-88. Салима Балтаева сиздин ырларыңызды мыкты деп атайм. Жанка

ОП-50-89. Улуу урматтуу обондун фанаттары, Кандыбаев Шаттыктын дарегин билсеңиздер 89260393675 номерине чалсаңыздар сүйүнчүсүн жеткире албасам да банк аркылуу жөнөтөм.

ОП-50-90. Саламым Оштогу атам Рысбекке, апам Гүлмирага, сиңдим Нурзадага, инилерим Дика, Азиретке жолдонот. Азиреттин 31-январь туулган күнү менен куттуктайм. Москвадан Нуртилек, Айпери

ОП-50-91. Ураа 2-февраль Уринин туулган күнү. Уриге дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Айко

ОП-50-92. Менин саламым Барпы айылында жашап жаткан апам Матлюба, акелерим Улан, Машага жолдонот. Жалал-Абаддан Назгүл

ОП-50-93. Токтосунова Бегимай, мен сени сүйөм. Бирок сен сезбейсиң. Ооруган жүрөгүмө даба болчу... Сырдуу жигит

ОП-50-94. Менин саламым Бишкек шаарында жашап жаткан ата-энеме жана бир туугандарыма жолдонот. +7777

ОП-50-95. Смсчилер мени да кошуп алгылачы, кыздар-балдар менен дос болгум келет. Бийчи Диана91 0777714111

ОП-50-96. Супер смсчи Айгөлөктүн туулган күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз. Бактылуу бол, ар убак баскан изиңди ийгиликтер коштоп жүрсүн. Супер смчилердин атынан Хан-Шай

ОП-50-97. Саламым Айжанга жолдонот. Ар убак жылмайып бактылуу адамдардын катарын толуктап жүрө бер. 05502214хх

ОП-50-98. Алтынбек Борошевге чоң салам. Оштон Айка

ОП-50-99. А. Адыранов мектебинин 8-а классына салам. Жибек94

ОП-50-100. Бишкектин "Берекет" базарында иштеген Динара эжеме салам, балаңыз менен кызыңыздын убайын көрүп жүрө бериңиз. Ден соолугуңуз чың, өмүрүңүз узун болсун. Алматыдан сиңдиңиз Барчынай

ОП-50-101. Алматыдагы досум Элита, аяшым Нурлан куш бооңор бек болсун. Алдыңарды бала, артыңарды мал бассын. Бактылуу болуп, узак жашагыла. Алтынай

ОП-50-102. Мен жалгызмын, мага окшогон жалгыздар барбы? 0777890443

ОП-50-103. ОП-49-120, Бегимай сага кошулам. Азаматсың! Гүласель92

ОП-50-104. Башка адамга мени таштап жаным кетсең, ал адамга сен жар болуп колуң берсең. Жүрөгүмдө сенин атың өчүрө албай, баары бир мен сен деп гана жашай берем. Абда мен сени сүйөм. +777782159хх

ОП-50-105. Жаным Фахриддин аке, сагындым. Менин сезимимди билбестен Самарада калып, а мен Кыргызстанга келдим. Аттиң тагдыр бизди бир мүнөт да кошподу. Асел

ОП-50-106. Ат-Башыда жашап жаткан таежем Анашты 2-февраль туулган күнү менен куттуктайбыз. Жараткан сизге өмүр, ден соолук, бакыт берсин. Анан да кыз берсин. Калининден Асел

ОП-50-107. Cалам "Обонушка" жана смсчилер. "Обондун" мурдагы сандарынын биринде чыккан Алматыда "Болашак" базарынын 12 ряд 178 контейнерде иштеген Анарбек сени Вероника туура айткан экен. Сен гудок таштаган кызга бирдигиң барбы-жокпу дароо чалат экенсиң. Сен өзүңдү сулуумун деп ойлойсуңбу? Антсең жаңылышасың, кыз тандайм деп жүрүп сулуу эмес, кара кызга да жетпей калба. Сырдуу кыз

ОП-50-108. Кызылай айылында жашаган апам Гүлмира, атам Алмазга салам. Самат

ОП-50-109. М.Иманбеков, сизди жүрөгүм эңсейт, мени түшүнчү, мендеги махабаттын сагыныч сезимдерин. СССР

ОП-50-110. Сүйүктүү апабыз Зулумкандын 6-февраль туулган күнү менен куттуктайбыз. Апаке, сизге кааларыбыз дүйнөдөгү баардык жакшылыктарды, биздин бешенебизге ар дайым бар болуңуз. Балдарыңыз Астанадан Заир, Даир

ОП-50-111. Кызыбыз Перизаттын 30-январь туулган күнү менен куттуктайбыз. Апасы Жумагүл, мамасы Айгүл, сиңдиси Нуризат, таекеси Канат, тажеңеси Нургүл

ОП-50-112. Ошто окуп жаткан Айпери досума салам. Досум, сени жакшы көрөм, мени эч качан унутпа, сени сыйлаган Азема

ОП-50-113. "Обондон" тапкан М.Гүлшан эжеме супер салам. Өзгөндөн Айка

ОП-50-114. М.Иманбеков, Жалал-Абадка келиңизчи. СССР

ОП-50-115. "Обон" силердин ишиңерге ийгилик каалайм. Дайыма ушинтип жаңылыктардан жазып тургула. Москвадан Айкыз.

ОП-50-116. Салам Болот, качан келесиң? Мен сени аябай сагындым, көргүм келет. Нури

ОП-50-117. Ноокат районунун Шаң-Кол айылына жана М.Гапаров гимназиясына салам. Аймончок

ОП-50-118. Алай районунун Гүлчө айылында жашаган апам Париге жана бир туугандарыма салам жолдойм. Астанада иштеп жаткан балдары Нурбек, Акылтай, Гүлмайрам

ОП-50-119. Салам "Обон" ишиңерге ийгилик, супер смсчилер азаматсыңар. Мындан ары мен да силердин катарыңарга кошулсам деген ниетимди аткара баштадым. Айко

ОП-50-120. Айжамал, рахмат. Мен жакшы жетип алдым. Өзүң кандайсың? Эми биз "Обон" менен бирге болобуз. Сени сагынган досуң Айко

ОП-50-121. Гуля89, эмне "Обонго" жазбай калдың? Билесиңби, мен сени көргөнүмдө жүрөгүм уйгу-туйгу болуп, башым айланып, сүрдөп кетем. Сен өзгөчөсүң. Кичинекей кукла М.А.С.

ОП-50-122. Неля + Урмат= сүйүү, силерге ийгилик. Шери

ОП-50-123. Атам Исмайылдын 1-февраль туулган күнү менен куттуктайбыз. Атаке, апам экөөң уулдан урмат, кыздарыңыздан кызмат көрүп, көп жашагыла. Ар дайым төрүбүздүн көркү, үйүбүздүн куту болуп жүрө бергиле. Кыздарыңыз Батма-Зуура










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan