Түбүң түшкүр дүйнө ий!

Селсаяктын ыйы
(трагедиялуу окуялардан турган баян)
Автордон:
Окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн айтаарым... Бул чыгарманын башаты-жол жүрүп келаткандагы селсаяк абышканын айтып бергени боюнча окуя көркөмдөлүп, сандан-санга берилип жатат. Анткени, абышканын өзү көмүскөдө калып, абышка селсаяк - Токуштун кенедейинен азыркы абалына чейинки тагдыры ар бир учурдагы окуя менен сүрөттөлүүдө.

Лейтенант майордун сөзүн укмак түгүл өзүнүн жанын коёрго жер таппай аткансыды. Сынган колун бекем басып, эрдин тиштене, өңү бозоруп чыккан. Ага карата унчукту майор:
- Давай, бизге карабай ооруканага тез жеткиле!
Старшина машинаны от алдырып жулкунта айдап жөнөдү. Майор бир саамга ойлуу туруп, тоо тарапты карап алды да, жанындагы эки офицерге кеңеше минтти:
- Кана, силер эмне дейсиңер? Колунда куралы бар экен. Бирок, тапанчада беш эле ок бар болчу дейт. Чындап келсе беш ок жумшалса да оңой эмес. Кандай амал кылсак дейсиңер?
Капитан чининдеги жигит:
- Жолдош майор, ал азыр жакын эле жерде аңдып жатканы белгилүү. Азыр борборго билдирсек кандай болот? Балким, вертолет менен издеп көрсө табылаар?-деп суроолуу карады.
- Мына бул аска-зоо, карагай-чердин арасынан вертолетко көрүнө коёт бекен. Бул амал туура болбойт.
- Элге эскерткенибиз оң го, жолдош майор,-деди жаш лейтенант чининдеги жигит. Майор аны бир карап алды да:
- Туура, биринчи элге айтканыбыз оң. Отургула!-деген майор машинага басты.

***
Капчыгайдан жолуккандарга качкын жөнүндө айтып, сурамжылашып отуруп, жайлоого чейин кыдырып барышып, баардык малчылар уксун таризде: "Куралдуу, коркунучтуу кылмышкер качты. Келбети жыйырма жаштан өткөндөй көрүнгөн, он жети-он сегиз жаштагы бала. Колуңардан келсе кармап, же кайда жүрсө бизге билдиргиле. Бирок, байкагыла, куралдуу"-дешип кабарлашты. Ошону менен кайра тартышты. Токуштун айылына да барышты. Токуштун тууган, коңшу-колоңдорунан Токуш жөнүндө сурамжылашып, аларга да Токуштун милициядан тапанча тартып алып, Долондон бери жак бетинен качып кеткенин айтышты. Айрыкча аларга:
- Кокус, кимде ким Токушту жашыра турган болсо, ал аны менен кошо күнөөлүү деп табылышы мүмкүн! Аны жашырсаңар да баары бир өзүңөргө зыян болот!-деп эскертип чыгышты.
Айылдык участкалык инспектордун кабинетине киришкен майор, капитан, лейтанант болуп кеңешип атышты. Майор участкалык инспекторго табыштады:
- Ал баары бир үйүнө келет. Бирок, бир-эки күндө эле келээринде ишенич жок. Көп чуу кылбай, ишеничтүү эки-үч жигит таап, акырын акмалат. Эмне болсо да, аны үйүнө көндүрүш керек. Айыл четиндеги сарайларды, үйлөрдү байкаш керек. Ал бир жерге үйүр алып, көнүшө түшкөндө гана кармоо керек. Сен өзүң анын туугандарына да жолобой, унутулуп калгандай мамиле кыл. Анан, ар бир жаңылык тууралуу кабарлап турасың.
- Жарайт, жолдош майор...

Түнкү караан
Долондон ойго түшүп, капчыгай менен жөнөгөндө айдоочуга кыйкырып Токуш:
- Болду, токтотуңуз! Азыр мен ушул жерде калам! Мен силерди көрүп турам. Кокус, милиционерлер сурап калса ушул жерди көрсөтпөңүз. Дагы көпкө узап кеткен жолду айтыңыз. Макулбу?!
- Макул...
- Болуптур анда, -деген Токуш машинадан секирип түшүп, тоо таяна жанталашып жөнөдү. Өзү жашына, бир топ ойдолоп барып, коктуга түштү. Чарчагыча өйдөлөп отуруп, карагайды аралай берип, бир карагайды жөлөнө отуруп калды. Олбурлуу лейтананттан тартып алган тапанчасы дагы эле колунда жүргөн. Аны бир сыйра кармалап көрдү. Кармалап атып окторун да көрдү. Андан кийин ойлуу отуруп калды да, күбүрөнүп кирди:
- Эми эмне кылам?! Кайда барам?! Кантип оокат кылам?! Мени көрдү дегиче милийсалар кармап алып камап коёру да бышык. Апакебай, жок дегенде сен өлбөсөң эмне?! Ташбоор, зөөкүр атам сени өлтүрбөй менин маңдайымда болбойт белең! Анда минтип азапка кабылбайт элем. Элге батпаган жетим болмок эмесмин! Карындашым Бегимай да тигинтип бирөөнүн колунда кор болбойт эле! Же төрөбөй койбойт белең, апаке! Уксаң боло апакебай! Кантем эми? Кимге барып жансактайм! Убалым сага жетсин, ата! Ата деп да айткым келбейт. Сенин азабың бизге тиймей болду! Ай, кудай ай!..-деп шолоктоп ыйлап, көз жашына ээ боло албай атты.

***
Чырактын жарыгы үлбүл көрүнгөн боз үйдү көздөй бир караан келатты. Ал караан улам чукулдаган сайын үйдүн ити ажылдап үрүп кирди. Иттин жан-алы калбай үргөнүнөн улам боз үйдөн киши чыгып, итин тыйып, келаткан караанды карап калды.



атканыңды толук түшүнбөдүм.
- Бул сөздөрүң менен сен мага эмнени айткың келип жатат? - Менден мындай суроону күтпөсө керек, мен тарапты таң калыштуу ормоё карады да:
- Бая сен көргөн аялдар экөөбүздүн ортобузду бузгулары келишкен. Менин оорумду көргөндөн кийин сени мага таптакыр жолобойт, ал тургай ошол эле жерден качып жоголот деп эсептешкен. Алар сени шаардык кыз болсо, ал жердеги мен жашаган үйдү көрүп деле иренжийт деп санашкан. Бирок сен алар ойлогондон башкача болуп чыктың, буга да абдан таңданышты. - Булардан тышкары да ал мага бир далай нерсени божурады. Ал канчалык көп сүйлөгөн сайын ошончолук ага карата ишенбөөчүлүк көбөйө берди. Бул жерге алардын мага карата мамилесинин кандай тиешеси бар дейм өзүмчө. Канчалык түшүнүүгө аракет кылсам деле акыры майнап чыкпады.
Мунун баары, ага берилген суроолорго жооп бөрүүдөн Бахиддин качкан айласы деп таптым жана ушул оюмду туура деп эсептедим. Ушул жерден ага толук ишенүү зарыл эместигин аныктадым. Ырас, биз көпкө басып жүрдүк, бирок баары бир ал күн мага көңүлсүз бойдон өттү жана ага ишенүүгө болбойт деген эч качан кетпеген такты калтырды. Мына, мен ага ишенбей турам, ошентсе да ал мага керектигин эмне үчүн тана албадым? Ушуга акылым жетпеди.
Жанагы сөздөрүнөн кийин анын сүйлөшүн да, мага көңүл бурушун да каалаган жокмун. Андан көрө эртерээк үйгө жетип эс алганым мага артыктай элестеди.
Эртеси күнү жолуктук, мага кызыгы, кечээки таарынычтын бири жок. Түндө кимдир бирөө жан дүйнөмдү суу менен жууп салгандай таптаза, канчалык ойлорумду ирэттеп, кечээ эмнеге таарынганымды тактап коёюн десем да мээме эч нерсе кирбейт. Кечээ болгон окуяны анализдеп көрсөм таарынууга эч кандай деле себеп жок. Анан мен кичине кезде анда-санда боло калуучу атам менен апамдын уруштарын эстедим. Карап туруп же кээде ажырата албай, ушуну менен жүз карашпай калчудай болгон алардын "согушу" дайыма кимдир бирөө келсе, болбосо эртең менен эле түндө бирөө элдештирип кеткендей болуп, эч кандай себеби жок токтоп калгандыгын аңдаштыра албай башым маң боло берчү. Мына мен, азыр анын айрым жагдайларын сезип отурам. Турмуш ушунусу менен кызык тура деп көптү билген кишидей жыйынтык чыгардым өзүмчө.
Бахид да мени баягысындай эртең менен эшиктин алдынан тосуп алды. Ал да кечээ болгон экөөбүздүн ортобуздагы окуяны таптакыр унутуп калгандай жадырап, телегейи тегиз маанайда экендигин көрсөттү. Биз кол кармашып учурашаар менен андагы жылуулук мага өтүп жаткандай бүткөн боюм жибип бир башкача боло түштүм. Мага билдирбегени менен ал деле ошондой бир езгөчө касиетке таасирленгени тиктеген көз карашынан сезилип жатты.
Мен өмүрүмдө биринчи жолу лекция жазбадым жана Бахид экөөбүз жанаша отуруп кат жазышып жаттык. Бахид өзүн эч кандай ыңгайсыз абалда калтырбады, анын башынан буга окшогон далай окуялар өткөндөй өзүн эркин алып отурду. Ал эми мен биринчи жолу анын жанына отурганыма өзүмдү өтө ыңгайсыз кармап, баары мени карап, бири-бирине мен тууралуу бирдеме айтып шылдыңдап жаткандай эки жагымды карана бердим. Сырткы чөйрөдө өзүмдү ыңгайсыз сезгеним менен жан дүйнөм кушубак болуп, бул пендечиликтеги адам баласына керектүү баардык нерсеге колум жетип жаткандай "душам" бир башкача керемет дүйнөгө батканын баамдап турдум.
Бир маалда баятан бери эзип отурган кыжаалат сезим да тарап кетти. "Эл эмне десе ошол дей берсин, Бахиддин жакшы сапаттарын баалаш үчүн аны менен терең мамиледе болуш керек, ал эми тышынан ага каалагандай баа бере берсе болот да". Мен өзүмдү да, Бахидди да минтип актап жатышымдын себеби, көпчүлүк курсташтар аны кем акыл катары шакабалай беришчү. Башка балдарга эч ким анте алышчу эмес, анткени алар сөз көтөрө албай кызыл чеке болуп уруша кетишчү да, экинчи жолу ким кимиси болбосун бири-бири менен аярлап сүйлөшүп, же таптакыр сүйлөшпөй калышчу. Бахид гана антчү эмес, баары чогулуп алып шылдыңдап жатса да, эч кимисине каяша да айтпай жылмайып коюп карап тура берчү. Ал эми кыздарды айтпай эле коёюн. Чынын айтсам менин намысыма азыр ушул нерселер тийип жатты. Алар күлүп калышса эле Бахидге кошуп мени мазактап жаткандай көрүнүп кетүүдө.
Айлана-чөйрөмө канчалык көз салбайын, экөөбүз менен эч кимдин иши жоктой, ар кими өз турмушу менен алек. Ырас, кыздардын башы кошула калганда кеп арасына бизди кошуп кетип жатканын мен жонум менен сезип турдум. Азыркыдай бактылуу учурда андай кеп-сөздөр кулагыма кирбей, көзүм алачакмактап таалайыма мас болуп башка эч нерсе сезбепмин.
Бахид менин жан дуйнөмдү жакшы билгендиктен ушундай кырдаалды пайдаландыбы, же анда деле ушул сыяктуу сезим тынчтык бербей жатканбы, айлана-чөйрөгө эч көңүл бурбай эле мени тиктейт. Ошондо Бахиддин көздөрү ошончолук жоодур экендигин, мындай капкара каректер эч кимде болбосун мен биринчи жолу байкадым. Мен шылдың кылып жүргөндө ушул эле каректер таптакыр башкача болчу дейм да, кайра өзүмө өзүм жооп берип, анда сен аны жакшы байкаган эмессиң деп жыйынтык чыгарам.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan