Кош жылдыз

Урмат Усенов:
"Балдызыма чөнтөгүмдү кагып бердим"
Мына эртең 2009-жаңы жыл кирип келет деген күнү эстрада ырчылары: "мачо" атка конгон Урмат Усенов менен назик үндүү ырчы айым Неля баш кошуп, турмуш жолуна аттанышкан. Кош таланттын үйлөнүү тоюна жалпы тууган-урук, жоро-жолдоштор күбө болуп, бактылуу эки жашка ата-энелер бата беришкен. Жыйырма күнгө созулган тойго келген меймандардын аягы эми суюлуп, ырчыларыбыз биз менен маек курушту.

"Калың төлөп
кыргызча той бердик"
Урмат: - Үйлөнүү тоюбуз кыргыздын нукура салттары менен коштолуп, көшөгө тартып кадимкидей келин алуу тоюн жасадык. Таластагы баардык тууган-урук жакшылыгыбызга келишип, алардын сүрөөсү менен тоюбуз Бишкекте өттү.
Күтүлбөгөн мындай жаңылыктын болгону окурмандар, күйөрмандар үчүн да жакшы болду деп ойлойм. Эгерде биз мурунтан эле жеке мамилебизди жалпы элге жарыялап жүргөн болсок, мунун эч кимге кызыгы болбой калмак. Неля экөөбүз бир жарым жылдан бери сүйлөшүп, кыз-жигит болуп келгенбиз. Буюрса аягын жакшы жыйынтык менен жыйынтыктадык. Ал эми кыргыздын салты боюнча сүйлөшүп, сөйкө салуулар ноябрь айында башталса, калың берүү, кыздын алдына баруу 30-декабрь күнү ишке ашты. Ошол күнү мен тараптан милдет кылынган талаптардын баарынан кутулдум. Бойдокчулукка чекит койгонубузга көп эле болсо да, атайын мыйзам түрүндө 30-декабрь күнү чечим чыгардык. Менимче калың берүү жагынан Талас тарап башкаларга салыштырмалуу тогуздун башын сурап турушат. Ошол ченем менен тогуз малдын башын заманбапташтырып акчалай бердик.
"Жаңы келин
болгондо чочулап, сүрдөйт экенсиң"
Неля: - Көшөгө ичинде аябай толкундадым. Жаңы келин болгондогу алгачкы үч күндө аябай кыйналдым. Азыр эми кичине кайын журтума аралашып көнүп баштадым. Жоолукту башымдан түшүрө элекмин. 30-декабрь күндөн баштап, бүгүн сыртка биринчи жолу чыктым. Негизи кичинекей кезимден бери эле жакшы кайненем болсо экен деп тилечүмүн. Кудай буюрса тилегим аткарылды десем болот. Себеби, жашоодо көп эле келин менен кайнененин ортосундагы келишпеген учурларга күбө болгом. Ошондуктан жакшы кайненеге туш болгонума ыраазымын. Мага апам өзүнүн кызындай мамиле кылып, мени аяп, мага болушат. Көшөгө үч күндөн ашык илинип турду. Никебиз таңга жуук кыйылгандыктан, таңкы алтыда уктадык. Жеңемден "эртең менен канчада турушум керек"деп сурасам, саат жетиде деп калды. Уктагандай деле болгон жокмун. Келин болгондун башкача касиеттери бар экен. Баары жакшы болуп турса деле чочулап, сүрдөйт экенсиң. Эртең менен жеңемдин айтуусу боюнча жетиде турсам, үйдөгүлөрдүн баары уктап жатышат. Сегизде турсам дагы деле ойгонуша элек. Тогузда турсам кичине үйгө жан кирип кыймылдар башталыптыр.
"Үйлөнгөнүбүздүн
бир эле себеби бар"
Урмат: -Үйлөнүүнүн бир эле себеби болушу мүмкүн. Себеби, түбөлүккө баш кошуп, бир коломтодо түтүн булатып жаткандан кийин үйлөнүүгө сүйүүдөн башка себеп жок. Неля экөөбүздүн ортобузда сүйүү бар үчүн келечекке чогуу аттандык. Нелянын токтоолугун абдан баалайм. Баардык нерсени таразалап көрө билет. Ал эми жакпаган сапаты Неля эртең менен турганда жарым саат сүйлөбөйт экен. Мурда мен андай кылаарын каяктан билейин. Ушундай сапаты бар экени мени таң калтырды. Жарым сааттан кийин уйкусу ачылып, анан сүйлөй баштайт экен.
Неля: - Мага Урматтын чечкиндүүлүгү, маданияттуулугу жаккан. Адамдын сүйлөгөн сөзүнөн кандай адам экенин билсе болот. Урматтын өжөрлүгүн жактыра бербейм. Көбүнчө теле канал талашып уруша кетебиз. Мен сериал, кино көргөндү жактырсам, Урмат футболго кызыгат.
"Кызганычка жол
бербейбиз"
Неля: -Мен өзүм да ырчы болгондон кийин Урматта болгон жана боло турчу көрүнүштөр менде да кездешет. Ошондуктан түшүнүү менен мамиле кылып кызганычка жол бербейм.
Урмат: -Балким мен Неляны кызганмакмын. Бирок, Неля мага кызганууга шарт түзбөйт. Мен ага толук ишенем. Буга чейин Неля экөөбүзгө тиешелүү жеке мамилебиз болуп келсе, мына эми башыбыздын биригишине жалпы элибиз "Обон" гезити аркылуу жакшылыгыбызга күбө болуп олтурат. Менин эркек катары эң биринчи милдетим үй-бүлөнү багуу. Баардык жагынан каржылоо, элден кем болбоо. Ал эми Нелянын милдети үй-бүлөсүнө салым кошуу, мээримдүү эне, ишеничтүү жубай болуу деп ойлойм. Бул милдеттерди толугу менен аткарсак, үй-бүлөбүз бекем болоору бышык. Чыгармачылыкты токтотолу деген эч бир оюбуз жок. Буюрса күйөрмандарыбызды жаңы ийгилик, эмгектерибиз менен кубандыра беребиз.
"Күйөө жолдоштун
баркын билдим"
УРМАТ: -Менин жалгыз балдызым, бир кайын эжем бар. Жаңы күйөө болуп кудага барганда эч ким ырым-жырым кылып чөнтөгүмдү аңтарып, кулагымды чойгон жок. (Күлүп) Бирок мен "жезде" деп кулак чойсо экен дегем ха-ха-ха. Анан жалгыз балдызыма чөнтөгүмдөгү болгон акчамды кагып бергенге туура келди. Жаңы күйөө бала деп мага эч ким кой сойдуруп, милдет артышкан жок. Төрдө олтуруп конок болуп эле жүрдүм. Башка жерде кандай экенин билбейм, Таласта күйөө баланы абдан сыйлайт. Негизи мен буга чейин күйөө жолдош тойго эмнеге барганына маани берчү эмесмин. Көрсө күйөө жолдош жаңы күйөө баланын толкундоосун басып, анын кыла турган ишин аткарганга барышат турбайбы. А мен болсо бир эмес үчөө менен баргам. Ошондуктан мага эч кандай кыйынчылыктар билинген жок.
"Орусча тойго күйөө жолдош белгисиз"
Неля: -Кичинекей кезимден бери эле үйлөнүү тоюнун көйнөгүн көргөндө эле апама ыйлап алып бер дечүмүн. Эмнегедир мага ошол көйнөктөр жага берчү. Кудай буюрса бала кездеги тилектериме жетип аппапак көйнөк кийээриме ишенем. Азыр тандаганга убакыт боло элек, буюрса жакындаганда даярдык көрөбүз.
Урмат: -Үйлөнүү тоюмда күйөө жолдош болобуз деген досторум абдан көп. Аларды "сен болосуң" деп мен тандабайм. Бул жагын досторум өздөрү чечип жыйынтык чыгарышат. Себеби, ким болсо да мага айырмасы жок. Баардыгы мен үчүн кымбат.
Неля: - Ал эми менде андай тандоо жок. Себеби, мени колдоп кандай гана учур болбосун моралдык жардам көрсөтүп келген курбу кызым Миргүл, дос кызымдын милдетин аткарат. Анын үйлөнүү тоюмда дагы жанымда болгону мен үчүн кубаныч.
"Баланы пландаштырып жатабыз"
Неля: -Мен эки кыз, эки эркек балалуу болгум келет. Менин байкем да, иним да жок. Эжем, сиңдим бар болсо дагы үйдө эркек бала болсо жакшы экен. Ошондуктан жуп-жубу менен эки кыз, эки эркек болсо деп тилек кылам.
Урмат: -Бойдокчулукта кыялданып жүргөн биринчи кыялдарыбыз орундалды. Мынча балалуу болоюн дебейм. Балдарды абдан жакшы көрөм. Кудайым канча наристе буюрса багып алганга кудуретим толук жетет. Көчөдө болобу, башка жердеби кичинекей балдар мага да жакын болуп, мени менен жакшы ойношот. Аны Неля жакшы билет. Аны да пландаштыруудабыз. Үй-бүлө деген айтканга оңой, оозго да ыңгайлуу айтылган сөз го. Бирок, башыңа жоопкерчиликти алганда таптакыр бөлөкчө экен. Чакан мамлекеттин келечеги менин колумда. Үй-бүлөнүн ыйыктыгын эми сезип олтурам. Бойдокчулук кезде эки кадам ойлонуп иштесем, үчүнчүсү эби менен башкача болуп кетчү. Үй-бүлө жоопкерчиликти моюнга катуу алуу менен башталат экен.
"Бал ширин" Неля экөөбүзгө атайын
жазылган"
УРМАТ: -"Бал шириндин" негизги мазмуну, алган жарым менен балдай ширин жашоо улантайын деген максаттарды түшүндүрөт. Үйлөнгөнгө чейин атайын Неля экөөбүзгө арнап жазылган ыр. Бал ширин бизге окшогон жаштардын үйлөнүүсүнө себеп болуп, мамилелерин бекемдетсин демекчимин.
Даярдаган
Айнура Султанова










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan