Эски ырларды эң сейбиз!
Жүрөктө жашап эстен кетпей турган кандай гана керемет ырларыбыз бар. Алардын бири мындан 30 жыл мурун обон пайда болгон "Сүрөтүңө" аттуу ыр экенин билебиз. Жүрөктөн чыккан ыр - жүрөккө жетет дегендей, уккан сайын кайталап уккуң келип, көңүлдө кайталангыс кайрык болуп калганы ырдын мыктылыгын айтып турат.
Биз бул ырдын жаралыш тарыхынан кыскача кабар алып, ырды аткарып жүргөн ырчыларыбызга кайрылып, алардын ойлорун билдик.

Жалил Садыков, Кыргыз Эл акыны:
- Бул ыр 1955-жылы жазылып, 1958-жылы китепке чыгып, жарык көргөн. Ал кезде жаштык кез эле да. Кыздарга арналган ыр болчу. (Агай күлүп калды) Бир топ обончулар обон жаратышты. Бирок, мага Жолдошбек Мамажановдун обону жаккан. Элге да жаккан үчүн ушунча жылдан бери улуу, кичүү муундун ырчылары кайрылып ырдап келатышса керек.

Жолдошбек Мамажанов, обончу, аткаруучу:
- Жалил Садыков агайдын ушул текстин көрүп, жактырып 1979-жылы обон жазылган. Оштун телевидениесинде биринчи өзүм ырдап чыккам. Ага чейин бул ырга комуздун коштоосунда обондор чыккан экен. Менин обонум жаралганда Жалил агай аябай жактырган. Жаштардын кайрадан жаңыртып ырдап атканына көз карашым түз эле, эгерде обонду бузбай ырдаса, ырдай беришсин.

Кутман Жолдошев, ырчы:
- Бул ырды укканда эле аябай жактырып калдым. "Сүрөтүңөнү ырдабайсыңбы" деп эч ким деле сунуштаган жок. Өзүм эле үнүмө туура келээрин билип, ырдап чыкканыма бир жылдай болуп калды. Көпчүлүктөн жакшы эле ой-пикир угуп атам.

Гүлшайыр Садыбакасова, "Кыз Бурак" тобунун көркөм жетекчиси:
- Студенттик кезимде, Бишкекте окуп жүргөндө биз 2-кабатта, ал эми үчүнчү кабатта өзү арык, көзү көк, узун бойлуу жигит ушул ырды сыздап ырдай берээр эле. Мага ырдаганы аябай жакчу. Учурунда Жолдошбектин бул ыры укмуш популярдуу болгон. Кийин 1982-жылы бул ырды "Кыз Буракта" Тамара Мурзакимова деген кызыбыз ырдап чыккан. Үч-төрт жыл хит болгон. Жолдошбек менен азыр чыгармачылык жактан жакын достордонбуз. Кийин "Сүрөтүңөнү" кайра кайталап ырдап чыкпайсыңарбы" деп мен кыздарга сунуш кылсам, кыздар ырдап көрүшүп, диапазону Айжамалдын үнүнө туура келип ырдап калды.

Мирбек Иманбеков, ырчы:
- Бул ыр мага да, продюсериме да жакчу. Ошол себептен Абидин Темиров аркылуу Жолдошбек Мамажанов агайга кайрылсак, "ырдай бергиле" дегенинен аракеттенип, аранжировкасын да жакшы жасатып, эл алдына алып чыктык. Эл аралап өзүмдүн сүрөтүмдү таратып ырдаганымды да өзгөчө жакшы кабыл алышты деп ойлойм.
М. Молдобекова




  Жаңы ысым

Кыргыз шоу бизнесинде жаш ырчылар көбөйгөндөн көбөйүп эле келе жатат. Өзүнүн талантын элге тартуулаган дагы бир жаш ырчы жигит Азамат Жунусов бүгүн бизде мейманда.

Азамат Жунусов
- Азамат, жаш ырчылардын арасынан эмнең менен айырмалана аласың?
- Эми аны ар бир ырчынын күйөрманы өздөрү таразалап билсе керек. Азырынча жаңы чыгып жаткандан кийин мунум менен өзгөчөлөнөм деп так бөлүп карай албайм. Убакыттын өтүшү менен менин да өзгөчөлүгүмдү күйөрмандарым баалап, бөлүп карайт деп ойлойм.
- Азыр репертуарыңда канча ырың бар?
- Учурда менин ырларым радиолордон кетип жатат, бир ырымдын сөзүн, обонун Султан Садыралиев жазып берди. Ал эми азыркы тапта мен өзүм бир ырдын сөзүн жазып бүтүп, ага обон жаратуудамын. Буюрса жеке өзүмдүн эмгегимди жакында родиолордон уга аласыздар.
- Күйөрман кыздар кат жазып, арзууларын билдиргенге үлгүрүштүбү?
- Жакында эле өзүм туулуп өскөн Талас районуна Кайрат Примбердиев, Бегимай Карабаева менен биргеликте гастролдоп бардык. Аябай жакшы кабыл алышып, жылуу сөздөрүн арнагандар көп болду. Эл сени жакшы кабыл алып жатканын көргөндөн кийин демиңе - дем, шыгыңа шык кошулат экен. Мага күйөрмандарымдан келген каттар менен дарегиме айтылган жылуу сөздөр кадимкидей стимул болот.
- Азыркы жаш ырчылар акындар менен иштешпейт, ырдаган ырларынын мааниси жок деген сөздү көп угабыз, акындар менен иштешип салмактуу ырларды ырдоо оюңда барбы?
- Чынында мен акындарды деле жакшы тааныбайт экенмин. Эгерде жакындан таанып жакшы мамиледе болсом, сөзсүз алар менен иштешип кеп- кеңешин укмакмын. Эми баардык ийгиликтер алдыда эмеспи, буюрса ал ойду деле ойлоп жүрөм, жакын арада ишке ашаарына ишенем.
- Азамат чыгармачылыгыңа албан ийгиликтерди каалайбыз. Өнөрүң өркүндөп өсө берсин!
А. Дүйшөналиева




 "Сүрөтүңө"

Сөзү: Жалил Садыковдуку
Обону: Жолдошбек Мамажановдуку
Сакта деп өзүң берген жалгыз сүрөт,
Сакталуу ошол бойдон менде жүрөт.
Тиктешиң тамашалап турган өңдүү,
Неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп.

Эгерде бирөө болсо менден бөлөк,
Же тытып сүрөтүңдү же өрттөмөк.
Мен тытпайм, күнөө сенде, сүрөттө эмес,
Сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп.

Күлкүңө шектүү карап күткөн жүрөк,
Сезимге бир башкача ой түшүрөт.
Өкүнөм сен кайрылбай кеткениңе,
Калбай деп эч болбосо беттен бир өөп.




Чыңгыз Мырзаев
"Коёнектер"
Сөзү: Ч.Мырзаев
Обону: И.Абдыразаков

Бир убакта эки кызга жаккым келди,
Бирисинен бириси өткөн сулуу,
Бери кел деп көзүн кысып кылат белги.
Эркесине энтигип эрте барамын,
Экинчиден эптеп чыгам, шылтоо табамын.
Билип калды биринчим баары түгөндү,
Эки тоонун уларын эрте самадым.

Кайырма:
Коёнектер, көзү тегерек,
Кетпегиле көрбөй тебелеп.
Экөөңөрдү бирдей жактырган,
Өзүмдү жүрөм жемелеп.

Жүрөгүм бош көңүл да бош кыя албадым,
Экөөсүнө үлгүрүп мен гүлүм арнадым.
Башка кызга барат ал деп сырымды ачып,
Айтып салдың эх досум көралбадың.

Кайырма:




  Алихан

"Кыялымдан кетпес"
Сөзү, обону: Б.Азимовдуку
Жүрөгүмдү сактаганмын сен үчүн,
Сүйүүмдү, сүйгөнүм,
Сага сүйөрүмдү кандай айтышты,
Билдбедим, билбедим,
Жүрөгүңдү сен, ай арнаган элең,
Башка бир адамга.

Кайырма:
Кыялымдан кетпес,
Кайра кайтып келбес.
Махабатым, махабатым.
Мейли, жалгыз калдым,
Сен бактыңды таптың.
Сенин бактың,
Менин бактым.

Жашап келем сага сагынганымды,
Айталбай, айталбай.
Арман болуп калган арзууларыма,
Жеталбай, жеталбай.
Жүрөгүңдү сен ай арнаган элең,
Башка бир адамга.









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan