Ала-Тоо койнунда

БЭК президентти кетсин дейт
БЭК президент Курманбек Бакиевдин дарегине жолдогон ачык катта айтылат. БЭК анда президентти адам укуктарынын, эркиндиктеринин кепили болбой эле диктатка айланды деп сындаган. "Бириккен Элдик Кыймылдын жетекчилерин саясий куугунтуктоону токтотууну, мыйзамдарды одоно бузуп, үй-бүлөгө кызмат кылган башкы прокурорду, ички иштер министрин, коопсуздук комитетинин төрагасын, Бакай-Ата жана Талас райондорунун акимдерин жумуштан четтетип, мыйзамдын негизинде жоопко тартылуусун, ошону менен бирге, "өлкөнү бүгүнкү оор абалга алып келгениңиз үчүн элден кечирим суроону жана баш мыйзамды одоно бузуп, адамдардын жана жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин кепили боло албагандыңыз үчүн, Конституциянын 50-беренесинин 1, 2-бөлүгүнүн негизинде мөөнөтүңүздөн мурун кызматтан кетүүңүздү талап кылабыз" деп айтылат ачык катта. Буга чейин оппозициянын Өмүрбек Текебаев, Аликбек Жекшенкулов, Исмаил Исаков өңдүү оппозициялык лидерлерге кылмыш иштери козголгон. Мындай жүрүштөрдү куугунтук деп эсептеген оппозиция президенттин калкка кайрылуусун өз бийлигин бекемдөө максаты деп, кескин сындаган. Президент 27-январда калкка кайрылуу жасап, анда жалпы улуттук кызыкчылыкты алдыга чыгаруу демилгесин көтөргөн эле.
"Ата Мекенден" "Ак жолго" өт деп кимди демитти?
Маалыматка ылайык, партиянын Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы активисти Наркыз Шералиеваны жергиликтүү милиция "Ак жолго" өт деп демитишкен. Ошондой эле тартип коргоо кызматкерлери "атамекенчи" кыздан сыналгы аркылуу партия лидери Ө. Текебаевге каршы сүйлөп чыгышын талап кылышкан. Н.Шералиева бул талаптарды четке каккандыгы кабарланууда. Окуя тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы комментарий бере элек.

Беш судья иштен кетти
Буга байланышкан жардыкты президент Курманбек Бакиев чыгарды. Жардык чыгарууга Судьялар кеңеши менен Сот адилеттиги боюнча Улуттук кеңештин чечимдери негиз берди. Аталган кеңештер Бишкек райондор аралык сотунун судьясы Рахматилла Ирисовдун жана Токмок шаардык сотунун судьясы Өмүралиева Гүлчахранын жүрүм-турумдары талапка жооп бербейт деп тапкан. Мындан тышкары Сот адилеттиги боюнча Улуттук кеңеш Жумгал райондук сотунун төрагасы жана жергиликтүү судья кызматынан Аскалиев Айтбайды, жергиликтүү судьялыктан Койгелдиев Жумалыны, Тоң райондук сотунун судьясынан Мамбеталиев Өмүрбекти бошотуп, кылмыш ишин козгоого макулдук берүү чечимин чыгарган.

Абдырасулованын үй-бүлөсү кысымга алынууда
Укук коргоочу Азиза Абдырасулованын айтымында күйөө баласын ИИМдин кылмыш издөө башкармалыгы чакырып, "Мен ишенбейм" кыймылынын, Азиза Абдырасулованын ишмердүүлүгүнө кызыккан. Абдырасулова "Кылым шамы" укук борборунун башчысы катары белгилүү. "Мен ишенбейм" кыймылы 2007-жылкы парламенттик шайлоого нааразылык билдирип, акцияга чыккан жаштардан түзүлгөн. Ал жаштардын катарында укук коргоочунун кызы Гүлшайыр Абдырасулова да бар болчу. Укук коргоочунун үй-бүлөсүнө кысым көрсөтүү тууралуу маалыматты ИИМ төгүндөй да, тастыктай да элек.

Ошто жаңы мэр
Буга байланышкан жардыкка президент Ош шаар кеңеши сунушталган Мелис Мырзакматовду бекиткенден кийин кол койду. Жардыкта жаңы мэр мурдагы милдеттеринен бошотулары көрсөтүлгөн. Мелис Мырзакматов буга чейин "Ак жол" партиясынын Жогорку Кеңештеги фракциясынын мүчөсү болчу.




  Дүйнө дүбүрт

Көңүл борборунда Жакынкы чыгыш
АКШ президенти Барак Обаманын Жакынкы Чыгыш боюнча өкүлү Израиль менен Палестинадагы Хамас куралдуу тобу ортосунда ок атууну токтотуу тууралуу келишимдин күчөтүлүшү өтө маанилүү экенин билдирди. Бул тууралуу Жорж Митчелл Египеттеги жолугушууда айтты. Ал Египеттен Израилге келди. Ал Израиль жана Палестина жетекчилери менен сүйлөшмөкчү. Бирок Хамастын лидерлери менен жолугушпай турганы айтылды. Израиль Палестина менен Египетти байланыштырган туннелге абадан сокку урду. Жөөт аскерий жетекчилигинин ишениминде, дал ушул туннель аркылуу Хамаска Египеттен курал-жарак жеткирилип турат.

Путин дүйнөлүк кризиске таң калды
Давосто өткөн экономикалык форумда орус өкмөт башчысы Путин бийлик өлкөнүн экономикалык турмушуна ашкере кийлигишпеши керектигин айтып, дүйнөлүк экономикалык кризисти мурда болуп көрбөгөн окуя катары баалады. Анын алдында Кытайдын өкмөт башчысы Вэн Цзябао эл аралык институттарды реформалоого жана жакыр өлкөлөргө жардам көрсөтүүгө чакырган. Дүйнөлүк экономикалык форумдун негиздөөчүсү жана аткаруучу төрагасы Клаус Шваб кризистен чыгуу үчүн көп нерсени өзгөртүү зарыл болгонун белгиледи.
Анын аралыгында Эл аралык валюта кору бул жылы дүйнөлүк экономика болгону жарым пайызга гана өсөөрүн маалымдады. Бул Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эң төмөнкү көрсөткүч.

Орус патриархы шайланды
Смоленск жана Калининграддын 62 жаштагы митрополити Кирилл шайлоого катышкан көпчүлүк дин ишмерлери тарабынан тандалды. Метрополит Исидор Москвадагы Христос куткаруучунун чиркөөсүндө шайлоонун жыйынтыгын жарыялады.
Мурдагы патриарх Алексий Экинчи былтыр декабрь айынын башында 79 жаш курагында дүйнөдөн өткөн. Орус-правoслав чиркөөсүнүн жолун жолдоочулар дүйнөдө 165 миллион деп эсептелинет.
Орус-православ чиркөөсүнүн азыркы утурумдук башчысы Смоленски жана Калининграддын митрополити Кирилл үчүн 508 добуш, Калуга жана Боровсктун митрополити Климент үчүн 169 добуш берилди.

Тажикстанда электр тартыштыгы
Мамлекеттик отун-кубат компания өлкөнүн ордо калаасы Дүйшөмбүдө жарык бир күндө 15 саатка, башка аймактарда 3 саатка гана берилерин жарыялады. Тажик бийлиги электр кубатына чектөөлөр өзбек бийлиги менен транзит тууралуу келишим түзүлбөгөнүнө байланыштуу болгонун билдирди. Тажикстан Өзбекстан аркылуу Түркмөнстандан электр энергиясын экспорттоп жаткан эле.

Тоолуу Карабактын тагдыры чечилет
Армения менен Азербайжандын президенттери Серж Саркисян менен Илхам Алиев Цюрихте жолугушту. Алар Тоолуу Карабак маселесин талкуулашканы айтылууда. Буга чейин азери аскерлери аймакка жакын жердеги чекара постунда үч армян аскерин атып өлтүрүшкөнү кабарланган эле.

Өзбек террорчу Германияны коркутту
Германиядагы ARD телеканалы кабарлаганына караганда, ушу тапта бийликтер аталган топ Ислам Жихад тобунун интернеттеги сайтына илген видеону изилдеп жатышат. Бул тасмада алар Ооганстанда жүргөн 3 миң 300 немис аскерине "күтүлбөгөн белек" даярдап жатышканын айтып, Газаны 22 күн бою аткылаган Израилди токтотууга алы жетпеген канцлер Ангела Меркелди сындаган.

Европа Ооганстанга жардамын токтотпойт
Евробиримдик экономикалык кризиске карабастан Ооганстанга 2013-жылга чейин 810 миллион доллар жардам берет. Бул тууралуу Еврокомиссиянын тышкы байланыштар боюнча жетекчиси Бенита Ферреро-Валднер Прагада Ооганстандын тышкы иштер министри Рангин Дадфар Спанта менен жолугушуу маалында билдирди. Евробиримдиктин төрагасы Чехиянын тышкы иштер министри Карел Шварценберг биримдик Ооганстандын коопсуздук күчтөрүн даярдоо багытында жардамды көбөйтөрүн белгиледи.




Улуулардан улама
Тил-ойду туюнтуу менен бирге негизги курал ирээтинде баа жеткис мааниге ээ. Эне тилибиздин өзүнчө тарыхы бар. Кыргыз тили сөзгө бай, ошол ар бир сөздүн чечмеленишин көпчүлүк жаштар билбесе керек. Баардыгыбызга сабак болсун үчүн Хусейин Карасаевдин накыл сөздөрүнөн кыскача сөздүк.
Төөнүн куйругу жерге тийгенде
"Төөнүн куйругу жерге тийгенде"-макал, иш жүзүнө ашпай турган иш же убада.
Чындыгында төөнүн куйругу жерге жетпейт. Ал абдан кыска болот. Ал тургай төө чөккөндө да куйругу жерге тийип жарыбайт. Төөнүн куйругунун кыскалыгы, анын жерге жетпегендиги ар бир берилген убада иш жүзүнө ашпагандыгы менен сыпатталып калган.
Төө чечкендей болуу
"Төө чечкендей болуу"-аябай уят болуу, маскарасы чыгуу.
Бул накыл кептин төркүнү Манас жомогундагы Көкөтөйдүн ашында Ороңгу деген калмак катындын төө чечип, байге алганына барып такалат. Анын жөнү мындай: Көкөтөй байга Бокмурун деген уулу Каркырага аш берген. Ошол даңазалуу ашта эр сайыштырган, балбан күрөштүргөн, ат чапкан. Ошондой тамашанын бири-"төө чечкен" деген тамаша. Шарт боюнча оро казып, оронун түбүнө казык каккан. Ал казыкка бир төөнү буйласынан байлап койгон. Ошол төөнү алуу үчүн жылаңач аял башы менен ылдый орого түшүп, казыкка байлаган төөнүн буйласын тиши менен чечүү керек. Эгер ал тиши менен төөнүн буйласын чечип алса, төө ошонуку болгон. Көкөтөйдүн ашында жогорку аталган Ороңгу деген калмак катын тырдай жылаңач болуп, төөнү ородон чечип алган экен. Мына ушундан улам, абийири кеткен иштин баарын, өтө уят болчу иштин баарын "төө чечкендей" деген накыл кеп менен атап калган.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan