Адабият айдыңы

КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, обончу, акын Жалил Сыдыков:
"Кыргыздын ыры кыргыз жыттанып туруш керек"
- Жалил байке, буга чейин жараткан эмгектериңиз менен таанышпыз. Азыркы учурда эмне менен алектенип жатасыз?
- Чыгармачылыкка бир кирип алгандан кийин, андан алысташ өтө кыйын. Учурда башка жумуштарымдын баарын жыйыштырып, чыгармачылыктын үстүндө иштеп жатам. Менин жашым 50дөн ашып калды, мүмкүнчүлүгүмдүн болушунча эмгектеримди жаратканга аракет кылуудамын. Жакында эле, "Жүрөгүм толкуйт Нарындай" деген төртүнчү китебимдин ачылышын киндик кан тамган жерим Ак-Талаадан өткөрүп келип, бир айдан кийин Бишкекте да өткөрдүм. Буюрса акын-жазуучулар, ырчылар менен сөзү, обону жагынан да биргеликте иштеп жатам.
- Сизди көбүнчө обончу, катары кабыл алышат. Ал эми акындык өнөрүңүз сыртта калып калгандай?
- Туура. Чындыгында мени обончу деп билишет. 20 жылдан кийин кайрадан поэзияга кайрылып жатканыма 6-7 гана жыл болду. Минтип айтканымдын себеби, 1977-жылдары Нарын шаарында Жумамүдүн Шералиев менен 15 жыл бирге иштеп калдым. 1978-жылы облусттук деңгээлде обончулардын кароо -сынагы болуп мен дагы "Ай шооласы" деген ырым менен катышкам. Ал ырдын сөзүн, обонун өзүм жазгам. Анда мен болгону 22 жашта элем. Сынактын жыйынтыгы чыкканча эшикте турсам, Жумакем менин жаныма басып келип: "Ай жигит сенин обонуң обон экен, ал эми сөзүн эмне деп жазгансың?" -деп таягын такылдатып, чын ниетинен өзүнүн кеңешин айтты. Мен ошондо аябай жаман болгом. Ырда:
"Күткүн жаным комсомолдук той болот,
сагынышпай кат жазышып туралы"-деген сыяктуу саптары бар эле. Көрсө, ал саптар Жумакеме жакпай калыптыр. Ошондон кийин поэзияга кайрылбай музыкага басым жасап кеттим. Кайрадан ыр курап, акындык өнөрүмө кайрылып жатканыма 6-7 жыл болду. Тамашалап айтканда, жаш акынмын десем болот.
- Сиз айткан 6-7 жыл аздык кылып өзүңүздү жаш акынмын деп тамашалап калдыңыз. Ал эми азыркы заманда 6-7 ай ыр жазып, өздөрүн жаш эмес чоң акын атап алгандар четтен чыгат. Буга кандай карайсыз?
- Жакшы суроо бердиң. Поэзия, ыр, ошондой эле обон деген бул өзү ыйык болуп саналат. Кыргыз поэзиясын, орус жана дүйнөлүк адабиятты окуй билиш керек. Антпесе бул өтө татаал нерсе. Азыркы жаштар аз убакыттын ичинде ырын, обонун өздөрү жазып, аранжировка жаздыра салып, жылдыз аталып жүрүшөт. Музыка болобу, поэзиябы чыгармачылыкка этият мамиле кылышса деп айтаар элем. Мен бул нерсени ачык эле айтып коюшум керек. Чыгармачылыкта төбөсү көрүнүп калган ырчыларыбыздын балдарынын ырдап жаткан ырлары, алардын сөздөрү маанисиз, туура эмес. Мисалы: Айпери менен Айгеримдин атасы аларга кеңеш берсе болбойбу же ырынын маанисин текшерсе окшошпойбу. Мен ушуларга нааразы болдум. Ал эми жаштарга эмне, "баратам, келатам, аягын арман" деп бүтүрүп коюшат.
- Кеңеш айтып каталарын оңдоп койсо жакшы болмок деп калдыңыз. Демек, сиздин обончу болуп калганыңызга кимдир бирөө таасир эткендир?
- Менин чыгармачылыгымдын түптөлүшүнө Жумамүдүн Шералиев түрткү болду. Чындыгында мен ал киши менен 15 жыл иштеп, ал кишиден сабак алып калганыма абдан ыраазымын. Балким, Жумакем болбогондо мен деле ошол нукта кетип калышым мүмкүн болмок. Ар бир обондун кайрыгына көңүл буруп, "мындай болуш керек, тигиндей кыл, поэзиянын философиясы, айтайын деген ою болуш керек"- деп мени тарбиялаган. Ошондуктан кыргыздын ар бир ыр сабы кыргыз жыттанып туруш керек.

Маектешкен Айнура Султанова





"Жан дүйнө"
Жан дүйнөң жарды экенин билгенимде,
Мен сага сырымды ачып бербейт элем.
Санаада эле Сарт акенин накыл кеби,
Сай адам ыр баркына жетпейт деген.

Аттиң ай, мурда сени билгенимде,
Карамакмын көөдөндөгү акылыңа.
Көз көргүс жайга барып ыр төкмөкмүн,
Жолотпой Пегастын сырларына.

Сыртыңдан байкалбаптыр ички дүйнөң,
Зымпыйган көз айнекчен бейтаанышым.
"Сүйлөп көрчү билейин ким экениң",
- деген сөзүн эске албапмын Сократтын.

Мейли эми өткөнгө өкүнбөйлү,
Кадырына жеткен бар ыр баркына.
Актай калды сен жазылчу барактар,
Кошулбай ыр саптардын ыргагына.
"Өмүр"
Өмүрлөр жылга алмашып,
Өгөйлөйт тура жаш качып.
Өчөт ээ, барып нурдуу жүз,
Өзүңдө турчу назданып.

Кайгы муң үйдү баш багып,
Кадырлаш тууган дос калып.
Калат ээ, курган алтын баш,
Бир кетмен чымды жазданып.

"Карылык"-деген каш кагып,
Кыр-белге баштайт алып барып.
Кеп-сөзгө келбей бир күнү,
Кетет ээ, өмүр аттанып.




"Кечигип келген бактым
күтүүсүз учуп кетти"
Адам баласынын башына эмнелер гана келип кетпейт. Карап отурсаң өзүнчө эле тарых. Буга өзүмдүн башымдан өткөн окуя, турмуш жолум күбө. Мектепти жаңы аяктап, мен дагы көпчүлүк жаштардай эле окуумду улантуу үчүн шаарды көздөй сапар алдым. Жанымда мени менен чогуу дагы бир классташ кызым бар эле. Узун жолду кыскартып ырдап, мектепте окуп жүргөн кезибиздеги кызыктуу окуяларды айтып айдоочуга да көңүлдүү маанай тартуулап келе жаттык. Улам күн кечтеген сайын эртерээк жетсек экен деп да коёбуз. Убакыт бизди карап турмак беле, бат эле көз байланып, айлананы караңгы түн каптады. Кырсыкты кайдан деп болот, биз Балыкчы шаарына жетип калган кезде машинабыз бузулуп калды. Улам оңдолот деп күткөнүбүз менен эч оңдолбоду. Айла жок, бейтааныш жерге түнөп калууга туура келди. Чоочун эл, тааныбаган жерден кимден жардам сурайбыз. Айдоочубуз да жаш эле. Машинанын оңдолбосуна көзүбүз жеткен соң, агарып таңдын атышын күтүп отурдук. Балыкчынын улуп-уңшуган кара шамалы боз топурак учуруп, акырындык менен күчөп бара жатты. Буга окшогон карандай шамалды ачыгын айтсам биринчи көрүшүм эле. Тээ алыстан гитара менен созолонто ырдаган көчө балдарынын ыры гана үзүлүп-үзүлүп угулат. Бири -бирибизге билгизбеген менен үчөөбүздө тең коркуу сезими бар. Акырын гана сүйлөшүмүш болобуз. Көп өтпөй созолонто ырдаган балдар биздин жаныбызда пайда болушту. Биздин жаш экенибизди, сырттан келе жатканыбызды билишкен соң кетпей туруп алышты. Биз түшүнгөн деле жокпуз, көрсө алар айдоочу баланы акча бер деп жатышкан экен.
Ал да бул көпкөлөң балдардан кутулуу аракетин кылып, колдоруна талап кылганын карматты. Антсе да кетпей тоорулушат. Кыргыз сураша келсе тууган же куда сөөк чыгат эмеспи. Анын сыңарындай таанышып отуруп жакын эле куда сөөктөрдөн болуп чыктык. "Таң аткыча ушул жерде тура бермек белек жүргүлө биздикине конок болуп кеткиле. Эртең машинаңарды оңдоп узатып жиберебиз" деп сунуш киргизишти. Биз деле макул болдук. Ошону менен бат эле эски тааныштардай болуп кеттик. Анча- мынча винодон ууртап-татып отуруп классташ кызым экөөбүз да кызып калдык. Айдоочубуз бат эле уйкуга кетти. Топураган балдардын баары кетип, эки эле бала калышкан. Эки бала, эки кыз болуп таң аткыча уктабай шапар тептик. Өзүм айылдан жаңы келатсам, жигиттин ширин сөзүн биринчи угуп, баардык жашоом биринчи күнкүдөй таттуу болуп өтчүдөй сезилген. Махабат отуна күйүп, сүйүү көлүнө чумкуп сүйөм, күйөм деген жалынычтуу жалган сөздөргө алданып калганымды кийин сездим. Биз барган үйдүн ээси Таалай, досунун аты Кубат эле. Таалайдын эне-атасы жайлоого эс алганы кетишиптир. Алардын жоктугунан пайдаланып бизди эки күн кетирбей кармашты. Эмнегедир менин да кетким келбей атып араң кеттим.
"Артыңдан сөзсүз барам, алып келем"-деп жалооруган Таалай да бизди жылуу маанай менен узатты. Ошол күндөн баштап аты жок ооруга чалдыктым. Күнүгө келеби деп жолун карайм. Дарегимди жоготуп жибердиби деген да түмөн түйшөлткөн суроолор мени кыйнабай койгон жок.
Ошентип, медициналык окуу жайдын студенти да болууга жетиштим. Бардыгын убакыт дарылайт дегендей күндөр күнгө, айлар айга алмашып, Таалайды деле унутуп калгандай болдум. А бирок бул күндөрдө менин боюмда бар экенин, бир жолку жолугушуудан соң болуп калаарын кайдан билдим. Бир жагынан орус тилинен кыйналсам, бир жагынан ичимдеги бала. Не деген азаптуу күндөрдү баштан өткөрдүм. Кудайга шүгүр, чогуу окуган кыздарымдын баардыгы айылдык баёо мүнөз кыздар эле. Колдорунан келген жардамдарын эч аяшпады. Өзүмдүн тырышчаактыгымдан окуумду да окуп жаттым. Бул кабар айылга да тез эле жеткен. Ал тургай ата-энем да балалыктан кечтик деген сөздөрдү айтып, кол шилтеп бир дагы абалымды сурашпады. Ал мезгилди сүрөттөп айтуу кыйын, эстегим да келбейт. Өзүмдү-өзүм тааныбай калгам. Кудай бар экен окуумду да бүттүм, балам да эки жашка чыкты. Кантип деген суроо болушу мүмкүн. Буга курсташ кыздарымдын салымы чоң. Азыр да миң мертебе ыраазымын. Ал кезде менин күйөөм да, ата-энем да, бир тууганым да болуп көмөк көрсөтүштү. Албетте, акча жагынан аябай кыйналдым дечи. Акчалуу кыздардын кирин жууп, жатаканабыздын полун жууп акча таптым. Арзыбаган бул акча деле балама кошумча тамак берүүгө жарачу. Бул кездердеги кыйналган күндөрүмдү душманыма да каалабайт элем. Убакыт учкан куштай зымырап, диплом ала турган кез да келди. Менин ахыбалымды түшүнгөн мугалимдер кыйнабастан эле баа коюп берип жатышты. Көз ачып жумгуча кыйналсам да бир баланын энеси, дипломдун ээси болуп калдым. Окуу жайдын директору мени жатаканадан чыкпай эле жашай берүүмө каршы болгон жок. Ошону менен баламды бала бакчага берип, өзүм борборубуздагы ооруканалардын биринде мээрман айым болуп иштеп калдым. Эч кимге билгизбеген менен тымызын ичтен сызып Таалайды күтөөр элем. Балалуу болдук десем ишенеби? Балким ишенбейт деген суроолор мени алда канча азапка салаар эле. Тирүүлүктөн үмүт үзбөй, үзүлбөгөн үмүт менен эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт деп жашай бердим. Баламдын атын да өзүм Эрмек деп койгом. Жанга эрмек бала болсун деген ниет менен Эрмек деп койгом. Эрмектин ар бир кылыгы мага тоодой кубаныч тартуулап, бүт кайгым да, капам да унутулаар эле. Өзүм Таалай деп атын билгеним менен өзүн чынында эле элестете албай калгам. Ал эми балам улам чоңойгон сайын качандыр бир кездеги элестер көз алдыма тартылып, кичинекей Таалай чоңоюп келе жаткандай сезимдерди пайда кылчу. Ошондой күндөрдүн биринде баламды жумушка ала барууга туура келди. Ар бир палатаны кыдырып, оорулуулардын абалын көрүп чыккан соң, өз жумушум менен алаксып кабинетимде бир аз кармалып калдым. Бир убакта Эрмекти эстей коюп чуркап чыксам эшикте бир бейтап менен сүйлөшүп отурган экен. Эмнегедир көргөн көзүмө ишенген жокмун. Эрмекке куюп койгондой окшош. Эрмек да чоочуркабай, божурап бала бакчадагы оюндарын айтып күлдүрүп жатты. Анда Эрмек төрт жашка чыгып калган. Жандарына басып келгенимди экөө тең байкашпады. Бир топтон кийин бизди кайрадан балам тааныштырды.
Таалай дегенинде өзүмдү жоготуп барып акылыма келдим. Оң бетиндеги бармак басым калы дал өзүндөй болуп Эрмекте да бар эле. Бир көргөндө эле мен аны тааныганым менен ал мени тааныбады. Кайра мени тамашалап "менин баламды кайдан уурдап алдыңыз эле" деп коёт. Чындыгында эле ал өзүнүн баласы экенин кайдан билсин. Мен да айтканым жок. Балам да ага арбалып кечке бирге жүрдү. Экөө паркка барып келгенге да жетишишти. Жумуш убактым бүткөн соң бизди узатып келип "силерди кетиргим келбей жатат, кетпей эле койгулачы,- Эрмек мага бала болосуңбу? Атка минесиңби? Жүрү алып кетейин" деген суроолорду бергенден тажабады. Балким, ата-баланын жүрөгү сезди го деп да ойлоп коём. Ким эле бирөөнүн тааныбаган баласына ошончолук арбалсын. Үйгө келгенден кийин, балам: "атасы бар жакшы турбайбы, эмне үчүн менин атам жок" деген суроолорду бергенде эмне деп жооп берээримди билбей жаттым. Ансыз да эзилген жүрөгүмдү бычак менен сайгандай болду.
Ошол күндөн тартып артымдан ээрчиген караан пайда болду. Төрт жылы күтсөм да, эмнегедир жакындаткым келбеди. Көргөн сайын кыйналган күндөрүмдү, уйкусуз түндөрүмдү эстейм. Балама кийгизгенге кийим жок, ар кимдин эски кийимдерин да кийгизгенге туура келген күндөр болгон. Мына ошонун баары көз алдымдан учуп жек көрүү сезими пайда болчу болду. Баласы чоңоюп калганда даяр ата болуп калганына кыжырым келчү. Назик жүрөгүм бул жолу да кечиримдүүлүк кылып, ага баш ийүүгө туура келди. Анткени анын айыккыс оору менен ооруп жүргөнүн билдим. Адамдык парзым анын көңүлүн көтөрүү эле. Чогуу да жашап калдык. Балам экөөбүз үчүн ал күндөр кандай бакыт эле. Биз таанышкан күндөрдү эсине салсам, акыры барып эстеди. Келем деп келбеген күнөөсүн да мойнуна алды. Жалгыз бала болгондуктан үйдөн эч жакка кете албасын, картаң ата-энесин да таштай албай жүрүп, оорунун да күчөп кеткенин айтып ойго батты. Эрмек өзүнүн баласы экенин билген соң, ал үчүн да бакыт болду. "Төрткө чыккан баланы жетелеп эле ал" десе эч болбостон көтөрүп алаар эле. Балыкчыга эне-атасына алып барып бизди тааныштырды. Ал үйдө кош кубаныч орноп, мага деле көңүл бурган киши болгон жок. Баардыгы эле Эрмек менен Таалайдын окшоштуктарын айтып, таң калып жатышты. Буга окшогон тагдырды кинодон эле көрөбүз деп ойлогонубуз менен баардыгы турмуштан алынат турбайбы. Кайра шаарга догдурга келелик десем болбой шашылыш түрдө менин ата-энемдин астынан өтүп, кечирим сурап келдик. Келген соң өзүнүн айыкпасына көзү жетээрин айтып, карыган ата-энесин менин колума таштап кете берди.
"Эми мен өлгөндөн коркпойм! Артымда туяк калды. Мен жалгызмын деп кайгырчу элем, эми кайгырбайм"-деп ыйлап айтып жатты. Кеч болсо да баласын көрүп кеткенине ыраазы болду. Ошентип баласы менен төрт жашка чыкканда табышып, таанышып айыккыс рак оорусунун айынан бул дүйнө менен кош айтышты. Балам экөөбүз ошону менен кайрадан жол карап кала бердик.

Жазып алган А.Атабекова,
Сүрөтү Н.Атабековдуку









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan