Бир партада олтуруп, сырыңды билип алгамын

Мончо аңдыган Максат Тасмаев
Бир кезде күлкү сүйүүчүлөрүнүн күлкү безин ойготкон "Орок-Балка" куудулдар тобун билбеген жан жоктур. Кызыктуу сатиралары менен көпчүлүктүн купулуна толгон мына ошол популярдуу топтон чыгып, "Мык" деген кличканы өзүнө камтыган Максат Тасмаевдин окуучулук күндөрү жөнүндө куудулдун классташы Самаган Тобокелов менен маек курдук эле. Самаган мырза Максат Тасмаев менен Жалал-Абад облусунун Жаңы-Жол районунун Караван айылындагы Ильич атындагы орто мектепте чогуу окуган. Учурда жеке ишкер.

"Маңкасы аккан Алымкан"
- Максат экөөбүздүн мектепти бүткөнүбүзгө 29 жыл болду. Андан бери канча күндөр өтүп, канча суулар акса да балалык кезди эстегенде бир жылмайып алабыз. Максат менен кошуна жашап, тырмактай кезимден чогуу чоңойдум, бир уруунун балдарыбыз. Эң алгач мектеп босогосун аттаганда экөөбүз тең апаларыбызды ээрчип барганбыз. Мен "а" класска, ал "б" класска бөлүнүп калып, мектепти жарып ийчүдөй бакырып ыйлап, мени издеп келгенин такыр унутпайм. Анан экөөбүз эгиз козудай болуп биринчи партада мугалимдин маңдайында отурганбыз. Үчүнчү күн дегенде "бир бала бир кыз болуп отурушуңар керек",-деп эжей бизди эки башка отургузуп койду. Ошондо да Максат ыйлап атып менин артымдагы партага Алымкан деген кыз менен отуруп калды. Бир күнү эле кол көтөрүп: "эжей мен Алымкан менен олтурбайм, мунун ма\касы агат экен"- деди эле эжей: "Сен ушул кыз менен онду бүткөнчө отурасың, Алымканды оңдогун" деп Максаттын кулагын акырын чоюмуш этип койгон. Максат башка окуучулардан айырмаланып 1-класска барганда эле тамганы жатка билчү. Өзү көзү жүлжүйгөн, сапсары, чооң бала болчу. Казга окшоп баскандыктан, а дегенде эле ага "каз" деп ат койгонбуз. Максат досумдун куудулдук чымыны бала кезинде эле байкалган. 110 кг. салмактагы атасынын шымын төрт бүктөп, арткы чөнтөгүн алдына бурмалап "мен чоңойгондо атамдай чоң киши болом" деп кийип алчу. Анан да башынан калпакты түшүрчү эмес. Сабактардан болсо жакшы окуйт эле. Алдыңкы партага отуруп алып мугалимдердин катасын таап уяткарчу. Шумданып кыздар эмес эжейлердин жанын койчу эмес. Кайсы эжей жаңы көйнөк кийип келсе, үнүн акырын чыгарып "Эжей аяй көйнөк кут болсун",-деп шыбырап баарыбызды күлдүрөт эле.

Кичинекей мергенчи
2-3-класста окуганда созмо менен чымчык атып ойночубуз. Максаттын колу түз болчу. Биз бир күндө бир чымчыкты араң атсак, ал 4-5 чымчыкты колго түшүрчү. Анан ошол жерден эле баштарын жула салып, отко кактап бышырып жечүбүз. Бир күнү Максат "таранчыларды кууруп койдум, келип жеп кет"- деп үйүнө чакырды. Барсам ашканасынын ичи таранчынын жүнүнө толгон, анысы аз келгенсип таранчынын буттарын да албай тырмактары менен кошо пияз менен аралаштырып кууруптур. Айла жок, бышкандан кийин тырмактарын алып коюп тойгончо жегенбиз.

Мончо аңдыган мамалактар
- Үйүбүздүн жанында мончо бар эле. Күндө сабактан чыккандан кийин Максат экөөбүз велосипеддерибизди минип алып, мончонун экинчи кабатына чыгып, аялдардын бөлмөсүн аңдыйт элек. Анан "кыңыр иш кырк жылда билинет" болуп бир күнү мончонун кароолчусу бизди билип калып, биз тартынып чыкчу трубага салидор сүйкөп коюптур. Максат экөөбүз адатыбызча экинчи кабатта шыкаалап атсак: "Эй мончо аңдыган мамалактар, түшкүлө бери!"- деп бакырды эле, алапайыбызды таппай жанагы трубага асылдык эле, сыйгаланып кароолчунун алдына түшүп бардык. Анан экөөбүздү кармап алып жонубуз көгөргөнчө сабаган. Ошол кароолчудан жеген таяк эмдигиче эсибизден кетпейт.

Тасмаевдин таң калычтуу муштуму
Максаттын бир өзгөчөлүгү балдар менен мушташканда индия ырларын ырдап салгылашат эле. "Эмнеге сен жиниң келип атса ырдайсың?" десек "Мага ушинткенде күч топтолот" дечү. Кээде бейтааныш балдар менен мушташып калганда Максаттын ырдаганын көрүшүп: "мунун тузу кемби?"- деп күлүшөт эле. Ойлоп көрсөм чыгармачыл адамдын жан дүйнөсү баары бир башкача болот экен. Максат ошол кезде эле индия кинолорун көрсө ыйлачу. Колхоздун чөбүнө барганда кашы, көзү кара кызды индия кызы кылып, өзү индия баласы болуп тоо жактан томолонуп ырдап, бизге оюн-зоок коюп берчү.

Оюндан от чыгып...
- Чөп демекчи, чалгы чаап жүргөн күндөрдөгү бир окуя эсиме келип кетти. Чөп чапкан убакта мугалимдерди уктатып коюп, генераторго ак кант салып өчүрүп, балдар чогулуп алып кыздар жаткан бөлмөгө кирет элек. Бир күнү Максат тапчандын алдында сойлоп баратса бир кызыбыз улуу сөздө уят жок "барт" этип чыгарып жиберсе, Максат башын жогору көтөрүп каткырып күлө коём деп тапчандын алдындагы мык башына кирип кетип, кан токтобой ооруканага алып барганбыз.

Сүйүү каты жазылган 4 кош барак
Биздин балдардын ичинен Тасмаев эрте жетилип, сүйүү сезимине биринчи кабылды. 7-класста окуп жүргөндө Дүйшөбаева Махабат деген катарлаш класста окуган селкини жактырып калып, 4 кош барак сүйүү катын жазган. Ошентип кош барактап арзуусун арнап жүрүп ал кызды көндүрүп бат эле чоң жолдо чогуу басып калышты. Сабактан чыккандан кийин Махабаттын сумкасын көтөрүп үйүнө жеткирчү. Биз кыздардын колунан кармаганга даай албай жүргөн кезде Максат Махабатты кучагына бек кысып, сүйөм, күйөм деп калган эле. Бу тоок сүйүү, андан кийин деле далай кыздардын колунан кармап, сүйүүсүн арнады.

Максатты ыйлаткан масчылык
- Анда 9-класс болчубуз. Бир күнү кошуна айылдагы достордун үйүнө барып ичкенди үйрөнөбүз деп адегенде бозо ичип, анын артынан үч стакандан вино ичтик. Заматта эле башыбыз айланып, ичибиз кызып чыкты. Анан телтеңдеп алып автобуска түшүп, үйүбүзгө жөнөдүк. Автобустун ичи толтура эл. Алардын арасында туугандарыбыз, коңшуларыбыз, аяш аталарыбыз да бар. Бир мезгилде Максат бакырып ыйлап кирсе болобу. Эмне кылаарыбызды билбей жаныбыздагыларга "ичи ооруп атат"- деп коёбуз. Биздин калпыбызга ишенет дейсиңби, мас экенин элдин баары эле билип атат. Он мүнөттөй ар кайсы жерди ургулап ыйлап, анан кусуп баштады. Үйүнө жетээр жеткенче кусуп, аягында алы кетип шалдырап жатып калды. Ошондон кийин мектепти бүткөнчө ичимдик ичкенди токтотконбуз.

Ж.КАЛДАРОВА









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan