Кыргыз шоу дүйнөсү

Чачыңыз узун кара эле, саргардыбы бат эле?
Аялзатынын аруулугун да, сулуулугун да кундуздай кара чачы гана сынга келтирип тураары талашсыз. Колоң өрүлгөн кара чачы аркылуу кыргыз жүзүн көрсөтүп, кыргыз жыттандырып, айтылуу Таттыбүбү, Бакен өңдүү суйкайган сулуу талант ээлерин айтып өтпөсөк болбос. Ал эми азыркы биздин сахна бийкечтери туурасында азыноолак сөз козгосокчу, чыгармачылыгы менен бирге башкалардан өзгөчөлөнгөн оригиналдуулукту эңсеген жаштар четтен чыгат. Көпчүлүгү ыр жаатына гана эмес чач жасалгасына, кийген кийимине жана башка ушул сыяктууларга басым жасап жатышкандай. Бул макала жеке эле жаш муундарга тиешелүү эмес. Орто муундагы эл шайырларына да тиешеси бар. "Сен кыйын, сенден өткөн мен кыйын" деп жатышып, кыргыздын кара чачтуу сахна айымдары батыштын сары чачтууларына теңтайлаша башташты...

Динара Акулова
1992-жылдары "Эламан", "Кош жылдыз" деген ырлары менен калың элдин кыйырына тарап, бүтүн элдин бүйүрүн кызытпады беле. Ырларын бал тилдүү баладан тартып, энтеңдей баскан энелерге чейин ырдап калышканын ким тана алат. Анан да ийинине түшкөн кара чачы баарыбызды ой-даа суктандырды эле. Бирок, тагдыр деген кыйын экен. Түгөйү Абдумалик Шерматов менен эки айрылыш жолго түшкөн соң эжекебиз "мына эмесе, эркиндик колго тийди " дедиби, айтор, чачын кыска кылып кырктырып салды. Ырчынын көп өтпөй зоболосу көтөрүлүп, "сахна ханышасы" аталып турганда дароо имиджин өзгөртө салды. Анткени, ал мезгилде Динара эжебиз кой үстүндө торгой жумурткалаган заманга туш келип турган. Анын себебинен өзгөчөлүү сары чач бийкеч сахна төрүн бербей калганы да анык. Эми ырчы учурда жаштык кезин сагындыбы, айтор чачын өстүрүп, негедир назиктене баштады. Бирок, кулпунган кара чачы ордуна келбеди.

Фарида Карбосова
Сахнада Фарида көзүнүн боёлушу менен айырмаланып тураары маалым. Убакыт өткөн сайын "Атаандаштарымдын көлөкөсүндө калып кетемби" деп жатып, чачын ак басып кетти көрүнөт. Муну айтканымдын себеби, ырчынын жасалгасы буурул баскан ак чачтуу апалардын чачына окшошуп калыптыр. Балким, өзүнө жарашканына карагандыр. Ошентсе деле эрте "картайбай" койсо болмок. Чач боёктун түрү көп го Фарида, кайра эле жарашып алсаң кантет?..

Токтобүбү Черикчиева
Кыргыз эли ырчынын керемет үнүнө бир суктанса, белинен келген узун кара чачына бир тамшанаар эле. Сахнаны кыска жана кызыл-сары чачтуу айымдар каптаганда,алардын катарын Токтобүбү эжекебиз да толуктады. Бирок анын эмне себептен чачын кыркып салганы тууралуу кабарыбыз бар болчу. Ырчы авто кырсыкка кабылып, ошондон улам кырктырууга аргасыз болуптур. Ошентсе да чачына бир аз кам көрүп, жок дегенде ийинине чейин калтырса болмок экен. Курган чачтын түбү эле калыптыр.

Айжан Газиева
Жаңы агым менен келген бул сулууну көпчүлүк эч кимге окшобогон стили, имиджи аркылуу жакшы билишет. Бирок, өзгөчө десе эле Айжан кыз кудай сакта-а, чачын алдырып салганы кызык болбодубу. "Эркектерден эмнем кем" дедиби, кундуздай чачын куйрукка окшоштура кыркып салыптыр. Анан да "буга чейин чачыма көз каранды болуп келгем" дептир. Кантип? Тескерисинче ага ошол чачы көрк берип, сулуулугун арттырып турмак. Аялдын көркү чачында го чиркин.

Гүлнара Тойгонбаева
Оо-уу, бул айымдын чач жасалгасы өзүнчө эле бир "тайлык". Мындай оригиналдуулукту сахна ээлеринин арасынан эч кимден кезиктирбесек керек. Теңи кара, теңи кызыл түстө боёлгон ырчыны көргөндө эле көз талат. Анан кантип адамдын көз жоосун алган периге неге түгөй табылбайт, ыя? Же болочоктогу жан шеригин теңине албай жүрөбү Гүлнара эжебиз?

Жанета Бобкова
Жанетаны кара чачы менен Юрий Бобковдордун бүлөсүнө жакшынакай мүчө кылып кошуп бердик эле. "Орус оюндагысын кылат" деген чын окшойт, ырчыны бат эле өздөрүнө окшоштуруп, сары жүздүү айымга айлантып алышты. Ошондуктан кайнатасы ар бир концертинде "Жанетаны мына, евроремонт кылып алдык",-деп маашырлана айтып келатат. Туура, айтканыңыздарды орундаттыңыздар. Бирок, бийкечтин эми ички дүйнөсү, ырлары да евроремонттолуп кетип жүрбөсүн. Келбетиң "кыргыз" болбосо дагы ырларың, алтын үнүң эл ичинде жаңыра берсин, мейлиби.

Даярдаган Рахбар АЛЫМКУЛОВА




Кат куржун
- Саламатсыздарбы "Обон" гезитинин жалпы жамааты! Сиздерге кат жазганымдын себеби, Айбек Карымов менен Гүланданын жашырынып, ачыкка чыкпай жашап жүргөндөрүн айткым келип жатат. Анткени, мен алардын кошуналарынан болуп калам. Жакын болбосом да Ак -Босого жаңы конушунун тургуну болом. Гүланда эже, үйдөгү кийимиңиз менен эле жүргөнүңүздү көп көрөм. Анан эмнеге баарын жашыра бересиңер?
Бишкек шаары, Айдана.
Айбек Карымов:
"Чоң кыз, телефонума чал..."
- Чоң кыз, эгер биздин жашообузга кызыкдар болуп жатсаң, менин чөнтөк телефонума чалбайсыңбы? Телефон номеримди редакциядан сурап алып ал. Анан шашпай сага баарын ачык айтып берем. Газета аркылуу эмес, жакындан сүйлөшкөн оң го.


"Обон" гезити сиздерден сураныч, чындыкты айтсам чын жооп алып бере аласыздарбы? Себеби, мен мукам үндүү ырчы кыз Айгүл Чалованын күйөөгө тийгени тууралуу жакшы билем. Ал жакын курбумдун туугандарынан болуп калат.
Учурда боло турган тоюна камданып жатса керек?
Токтогул, Жамал.
Айгүл чалова:
"Күйөөгө тийбей эле..."
- Күйөөгө тийбей эле бойдок жүрөм. Эми Кудай буюрса, жеке коцертимди берген соң, турмуш жолуна аттансамбы деп турам. Ал күндөр да жакындап калды. Ошондон кабары бар окшойт. Же болбосо...


- Куудул Борончу Кудайбергеновдун аксап, өбөктөп араң басып жүргөнүн көрүп калдым. Ден-соолугу жакшы эле бекен? Ошого тынчсызданып жаттым эле. Анткени, анын талантын сүйгөн күйөрманынын биримин. Эмне болгонун газета аркылуу билип бере аласыздарбы?
Канат, Бишкек шаары.
Борончу Кудайбергенов:
"Аттан жыгылып..."
- Рахмат. Ушинтип абалымды сурап койгон күйөрманым бар экенине кубанычтамын. Кантка барып ат минип эс алып жүрүп, белимди оорутуп алдым. Ат мингенди сагынып калган жаным эч нерсеге карабай чаап кетип баратып, атым арыктан мүдүрүлүп кетип ушул окуяга туш болдум. Катуу жыгылгангабы белимдин омурткалары жылышып кетиптир. Азыр Кудайга шүгүр, жакшы болуп калдым. Алдыда боло турган концертке даярданып жатам.









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan