Атактуулар ааламы

Атактуулардын хоббилери
Биз кумир туткан жердеги жылдыздардын жашоосуна кызыгуу менен карап келебиз. Кандай жашашат, кантип эс алышат, бош убактысын кайсыл жерде өткөрүшөт, канча баласы, аялы, күйөөсү бар, эмне менен алектенишет… Айтор, ушул сыяктуу майда, бирок маанилүү суроолорго жооп издөө менен алек болуп келебиз. Мына ушундай суроолордун бирине жоопту төмөнкү макаладан таба аласыз.

Элтон Джон ду кимдер гана тааныбайт, ити чөп жеген ырчы темир тулпарлардын коллекциясын чогултуу менен алектенет. Анын машиналарынын саны 25 тен ашык, ал эми баарынын суммасы жалпысынан 3 миллион доллардан ашат. Элтон Джон атайын темир тулпарларына арнап эки кабат гараж салдыртыптыр. Кээ бир маалымат булактарына караганда бул хобби ага Элвис Преслиден "жуккан".

Сахналаштарынын арасынан оригиналдуулугу жана оройлугу менен айырмаланган Валерий Меладзе ар түрдүү кылычтар менен кооздолгон. Анын бирөөсүн гастролго барганда Кабардино - Балкариянын президенти тартуу кылыптыр. Чөнтөгүндө акыркы акчасы калган күндө да, алдынан өзгөчө түзүлүштөгү кылыч туш келсе сатып ала берээрин баса белгилейт. Муну менен эле чектелбестен анын сейфи ар кандай мылтыктардын түрүнө толгон . Валерий Меладзе мылтыктарынын бирөөсүн да эч кимге бербесин айтуудан тажабайт. Анткени анын ою боюнча бул мурастарга анын баркын билген адам гана суктанып колуна кармай алат.

Алып баруучу Валдис Пельш ар кандай аскердик баш кийимдерди чогултуу менен күнүн кооздоп келет. Баш кийимдердин арасында 19-кылымдагы немец аскер башчысы кийип жүргөн булгаары баш кийим да бар. Бул булгаары баш кийим ага белек болуп келгени менен коллекциясынын ичинен баалуусу да барктуусу. "Эгерде бул баш кийим мага белекке келбегенде, аны сатып алыш үчүн бар байлыгымдын теңин коротмокмун" - дейт оңой олжого тутунган Валдис Пельш.

Джон Траволта жана жубайы Престон жеке учагында махабат оюнуна батканды жакшы көрүшөт. Андан тышкары, учак жерден жок дегенде эле 9 миң метр бийиктикте болушу керек. Ошол үчүн алардын учагынын саны арбын, бул түгөй жылдыздардын арасындагы хоббилери боюнча биринчи орунда турат. Эч кимге окшошпогон оригиналдуулугу менен Джондордун үй-бүлөсү бул хоббисинин майын чыгарыш үчүн жарым жыл машыгышкан.

54 жаштагы актёр Брюс Уиллис денесиндеги тырыктардын коллекциясын "жыйнап" келет. "Крепкий орешек" тасмасындагы Джон Макклейндин ролун аткарам деп денесине кудайга шүгүр эле тырыктарды калтырыптыр. Эми алар өмүр бою эстелик катары сакталып келет. Деги эле жашоосунда Брюс денесиндеги тырыктардан ыңгайсызданбай, тескерисинче сыймыктанып келгени таң калыштуу болду. Анын ою боюнча тырыктар эркекти көркөмдүү кылып көрсөтөт. Бирок, кээ бир учурда сүйүктүү айымдары анын денесиндеги тырыктарды көрүп актёр менен жатуудан баш тартышат экен.

Наталья Орейро нун да чогулткан куурчактары көргөн адамды кайдыгер калтырбайт. Хоббисинин түптөлүшүнө күйөрмандарынын салымы чоң. Себеби, берген интервьюларында куурчактарды канчалык жакшы көрөөрүн айта берип, чыгармачылыгын баалаган күйөрмандары кумирине куурчак белекке бергенге өтүшкөн. Жыйынтыгында анын чакан үйү дал ушул белектерге жык толуптур. Белгилей кетчү нерсе хан бийке Диана да дал ушул хобби менен алектенчү. Эң кымбат делинген куурчактарын аукционго коюп, андан түшкөн каражатты балдар үйүнө которуп берген.

Актёр Дмитрий Певцов 96 гитарасынын ар бирин качандыр бир кезде алдынан чыккан сулуу кыздарга салыштырат. Акыркы алган гитарасын кымбат баада аукциондон сатып алганы аз келгенсип, башка тиричиликке керектелген каражатын коротуп салган. Ал тургай ушул гитарасынын айынан жубайы менен эки жума сүйлөшпөй таарынышыптыр. "Хоббим - бул менин алсыздыгым. Бирок ошол эле учурда сатып алган ар бир гитарамды карап ар башка ырахат алам, бир жагынан пайдасын, бир жагынан зыянын тийгизет экен бул нерсе" деп улутунат актёр.

Статистика боюнча эң сулуу, ай чырайлуу актриса Джесика Альба бир бөлмөсүн жалаң күзгү менен толтурган. Кичинекей кезинде күзгүгө карангандан аябай корксо, кийин бул коркунучун жоготуу ниетинде күзгүлөрдүн ар түрдүүсүн чогултуп, бул эрмеги бара-бара хоббисине айланган. Учурда Джесика Альбанын эң кымбат күзгүсү 156 миң долларды түзөт. Мындай кымбат күзгүгө каранган ар бир айым өзүн ченде жок сулуу сезсе керек.

Кээ бири ар кандай буюмдарды чогултуп келишсе, Дженнифер Лопес журналисттерге берген интервьюларында тамаша-чын аралаш эркектердин коллекциясын чогултам деп айтканы бар. "Улам бир күйөөдөн экинчисине турмушка чыгып жатып атактуулардын арасынан күйөөнүн коллекциясын чогулткан жалгыз мен болдум өңдөнөт. Эми турмуш ушундай болсо кантейин, чынында менин эрким болсо бир эле күйөөм менен күн кечирип, мындай "ылакапка" да калбайт элем"- деп Дженнифер арманын аттын башындай кылат.

Даярдаган Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan