-Алгачкы махабатыңыз эсиңиздеби?

Жаныбек Алыкулов:
"Колуна колум тийгенде..."
- 1-классымда классташ кызымды жактырып, аны "Тумарым" деген ырга салыштырып сүйчүмүн. Ага сүйүүмдү билдире албай "Мен сүйсөм да сен сүйбөйсүң Тумарым" деп ырдайт элем. Ошол кыздын алдында мүмкүн болушунча жакшы окуп, тартиптүү, үлгүлүү болуп, жакшы жактарымды көрсөткөнгө умтулчумун. Мугалимим урушуп калса, дароо ошол кызды карап анын реакциясын байкайт элем. Бир жолу жаңы жылда кол кармашып балатыны тегеренип жатып, кокусунан мен сүйгөн кыздын колуна колум тийип кетип, өзүмдү чексиз бактылуу сезгем. Ошондо чынын айтсам ток тартып кеткендей эле болгом. Ал кыз менен эң жакын болгон күнүм ошол болду. Азыр ал бактылуу байбиче. Ошол үчүн атын айтпай эле коёюн.

Динара Эсенгулова, продюсер:
Жомоктогу жигитке жооп
- Анда 7-класс элем. Мектепте бир майрам болуп, биздин класс концерт уюштурганбыз. Анан концерттен кийин дискотекага бардык. Бир мезгилде менден бир жаш улуу бала мени бийге чакырып калды. Ошол күндөн тартып негедир тиги баланын элеси көз алдымдан кетпей, башкача сезимдер пайда боло баштады. 7-8-айдай ошол баланын сүйгөн селкиси болсом деп кыялданып жүрдүм. Өзү абдан келбеттүү жигит болгондуктан көп кыздар ашык болоор эле. Бир күнү көктөн тилегеним жерден табылып, менин кыялымдагы жомоктогудай жигит мага арзуусун билдирип калды. Бирок, ага чейин эжекелеримдин "сулуу жигит сеники боло албайт" деген сөздөрү кулагыма сиңип калгангабы, айтор, негедир сүйүп турсам да "жок" деген жооп кайтаргам.

Ынак Осмоналиев, ырчы:
"Бир көрүп биротоло сүйдүм"
- Ар бир нерсенин алгачкысы эч качан эстен кетпейт да. Мен алгачкы махабатыма 7-классымда жолуктум. Инимдин "Алиппе" майрамына барып, ошол жерден азыркы келинчегим Сырганы сүйүп калгам. Артынан чуркап жүрүп, 4 жыл сүйлөштүк. Буюрса быйыл баш кошконубузга 11 жыл болот. Сырганы бир көрүп биротоло сүйдүм десем жаңылышпайм.




Эр экенсиң жүрөгүмдү ээледиң
Күндөр... Уйкусуз түндөр. Баары мен үчүн кызыксыз өттү... Жүрөктүн жаралануусу улам ырбап жатты. Күтүү... Мен үчүн бул адат болгон сыяктуу. Сагынуу! Сүйкүм элести сагынуу. Алтыным! Мен сени сагындым. Сенин көздөрүңдү, жагымдуу сөздөрүңдү жана да кыт-кыт жаңырган күлкүңдү сагындым. Сен үчүн баарын жасагым келет, баарын...
Билесиңби... Мындан эки жыл мурун дал ушул күнү "бул менин сүйүүмдүн символу",-деп кучак толгон роза гүлүн сунуп, жер төшөлгөн аппак кар үстүндө эркибизче кубалашып ойнободук беле?.. "Мен сени сүйөм, сенсиз жашоо супсак, кел жаным жүрөгүмдү тыңшачы, сен деп согуп жатат"-деп күлүмсүрөгөнүң дале менин көз алдымда турат. Экөөбүздүн бир кездеги ыйык сүйүүбүзгө, аруу сезимибизге дал ошол аппак кар, роза гүлдөр, көкмөк асман, чайыттай ачылган күн күбө. Ошондо өзүмдү чексиз бактылуу адам сездим эле. А, бүгүнчү...
Үмүттүү көздөр менен жол караган бир байкушка айландым. Түш көрсөм түшүмдөн, ойлонсом оюмдан, бассам-турсам көз алдымдан сенин элесиң кетпейт. Жүрөгүм канчалык катуу согуп, моюн сунбаганына карабай акыркы күчүм менен өзүмдү колго алып келем... Минут эмес, секунд сайын сенин атыңды кайталап айта берем. Түн бир оокумда да кирпик какпай сага арнап ыр жазууга киришем. Сен менин ырларымсың. Менин чыгармачылыгымдагы өлбөс-өчпөс теманын бири, ал-сен! Ооба сен! Сен деп бил берекем Нурбек. Менин эч кимге арнала элек назик жүрөгүмдү ээлеп алган эр экенсиң, сени күтүүдөн тажабайм. Качандыр бир мезгилде сүйүү азабын тартып жүргөн асылыңды издеп келээриңе ишенем.
Үмүтай




  Сүйүү собол

Эркек көз менен аял сөз менен сүйөт дегенге кошуласызбы?
Нуриса Абазова, ырчы:
- Негизи кыргыздын ар бир сөзү тегин жерден чыкпайт. Чынында аялзатын жакшы сөз, өзгөчө мамиле гана бактылуу кылат. Биз аялдар жакын адамыңдын көбүрөөк көңүл буруп туруусун талап кылабыз да. Ошондуктан жогорудагы айтылган сөзгө толугу менен кошулам.

Сүйүүнүн баркы эмнеде?
Денис Бобков, ырчы:
- Мм... Менимче, сүйүүнүн баркы бири-бирин урматтап, сыйлоодо. Карегинен тең айланбасаң, да түшүнүү менен мамиле жасасаң ыйык сүйүүнүн кадыры сакталат деп ойлойм.

Үй-бүлөдө аялга караганда эркектин сүйүүсү күчтүү болуш керекпи?
Кутман Жолдошев, ырчы:
- Негизи үй-бүлө бекем болуш үчүн жубайлардын сүйүүсү бири-биринен ашып турганы жакшы. Эркектерге караганда аялдар чыдамкай, кечиримдүү, ийкемдүү келгендиктен, жакшы көрбөсө да сабырдуулук менен жашап кетет. Ал эми эркектердин көпчүлүгү өзү сүйбөгөн аял менен берилип жашай албайт. Мындай учурда кеч болсо да сүйүүсүн таап басып кетиши мүмкүн. Бирок, бул бардык эле эркектерге таандык эмес.




Сүйүү тамчылары...
Ашыктык абийирди билбейт
Грузин.
Сүйүшкөндөрдүн көнүккөн иши-унчукпоо.
Курд.
Сүйбөгөнгө таңылганың - сүйүүдө чоң жаңылганың.
Кыргыз.

Махабат бар жерде машакат бар.
Монгол.
Кызык жана узак сүйүү бакытынан өткөн жер жүзүндө анчалык бакыт жок.
М.Метерлинк.
Сүйүү өлөт. Турмуштун улуу трагедиясы адамдардын өлгөндүгүндө эмес, алардын сүйүүсү кайт болуп калганында.
С.Моэм.
Жүрөк акыл сезбегенди сезет.

В.Паскаль

Сүйүүнүн миңдеген жолу болот жана ар биринин өзүнчө жыргалы, кууралы, таалайы, шору, жарыгы, оору болот.


К.Паустовский.
Эч убакта чыдамыңды жоготпо, бул ачыла турган эшиктин акыркы ачкычы.
А.Сент-Экзюпери.
Ким жек көрүүнү билбесе, ал сүйүүнү да билбейт.
Немис.




Армандуу махабатым
Күттүм, күттүм, күтүүдөн да тажадым,
Күтүп сени үмүт менен жашадым.
Жүрөктөгү ак сүйүүмдү барктабай,
Турмуш жолун башка менен баштадың.

Кеттиң менин сезимимди жаралап,
Сага болгон ак сүйүүмдү каралап.

Санаа басып, сүйүү дарты жанды жеп,
Алтын өмүр суудай агып баратат.

Каалайм сага дале болсо жакшылык,
Кала берсин сүйүү сыры айтылып.
Жүрөгүмө сактайм сенин атыңды,
Алгач сүйүүм жер соорусу -Аксылык.

Билем эми сүйүү кайра келбесин,
Аман болсун алган жарың жердешиң.
Суранамын ар бир убак кудайдан,
Сага окшогон саткын жигит бербесин.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan