CАЛАМАТ ПЛЮС

Асхат
Айсаракунов
- Токсикология бөлүмү 1980-жылдан тартып иштеп келе жатат. Бөлүмдө иштеген реаниматолог -дарыгерлердин жумушу албетте, оңой эмес. Себеби, өздөрүн өлүмгө баш байлап, ар түрдүү нерселерди жеп же ичип алып ууланып, шок абалында келген оорулууларды күн-түн дебей кабыл алуу так ушул биздин мойнубузда. Мойнубузда демекчи, жакында эле болуп өткөн "Боинг" самолётунун авиакатастрофасындагы массалык түрдө газга ууланган оорулууларды кабыл алып, дарылоодо биздин бөлүм чоң жоопкерчиликти мойнуна алды. Чынын айтканда биздин бөлүмгө жаш кыздардан тартып, карыган пенсионер адамдарга чейинки ар түрдүү курактагы адамдар ууланып түшүшөт. Бирок негизги контингент - бул жаштар экени бизди абдан өкүндүрөт. Уулангандардын көпчүлүгү өздөрүнө өздөрү кол салып, Суицид жолуна баргандар.

Пенсионер кемпир
неге уксус ичти?
Пенсионер кемпир пенсиясын алаарына үч күн калганда такыр акчасы түгөнүп калыптыр. Коңшу-колоңдорунан акча же нан сурагандан уялган кемпир үч күн ачка жүрүп төртүнчү күн дегенде пенсиясын алат. Акча колго тийип кубанган кемпир дароо дүкөнгө барып нан алат да акчасын төлөгөнү кассага келсе, чөнтөкчү уурулар небак анын чөнтөгүн тазалап кетишиптир. Тар турмушка ушунчалык нааразы болгон кемпир үйүнө өтө капаланып барат да уксустун кошулмасын көп өлчөмдө ичип алат. Тилекке каршы, бул кемпирдин өмүрүн сактап кала алган жокпуз.

Суицидке (өзүнө кол салуу)алып барган себептер:
Суицидке баруунун себептери ар кандай. Мисалы, сүйүшкөндөрдүн бири-биринен ажыроосу, үй-бүлөлүк конфликт, ата-энеси менен уруша кеткендер, кесиптештер арасындагы жаңжал. Айрымдары мындай кадамга өзүнүн айыкпаган оорусунан улам барышат. Кыскасы, маанилүү ролду социалдык фактор ойнойт. Сүйлөшүп жүргөн баласы кичине таарынтып, ата-энеси бир аз урушуп, мугалимдер катуураак айтып койсо (айрыкча жаш кыздар) эле коркутам дегенсип, бул жашоодон керип, жеңил ойлуулукка алдырып, өздөрүн өлүмгө кыйып койгондор да абдан көп.
Уулануунун
түрлөрү
? Уксус кислотасынын кошулмасын ичип уулангандар - күз айларында көп болот. Себеби, күзүндө помидор, бадыраңдарды туздашып, салат жабышып дегендей, уксус кислотасынын кошулмасы көп колдонулат эмеспи.
?? Медикаментоздук дарыларды жеп алып уулангандар - көбүнчө димедрол, психоактивдик заттарды сатып алып аябай көп өлчөмдө жеп алышат.
Ушул жерден бир несени баса белгилей кетким келет. Димедрол бир колго эч качан көп санда сатылбашы керек. Көбүн эсе димедролду аптекалардан эмес, базарлардагы дары саткан соодагерлерден сатып алышат. Ал эми базарда отуруп дары саткан соодагерлерди эч ким көзөмөл кылбайт. Мына ушул дары соодагерлерин таптакыр жаптырсак жакшы болмок. Анткени, аптекада иштеген фармацевт - бул сөзсүз фармацевттик билими бар адам. Адатта, аптекадагы фармацевттер бир адамга мынчалык көп димедролдун кереги жок экенин билишет жана чеги менен сатышат. Ал эми базарда товарынын өтүшүнө карап, өзүнүн акчасынын айланышын ойлойт да канча димедрол сурабасын сата берет.
? Химиялык каражаттарды ичип же жеп уулангандар - кир кетирүүчү(мыломоющие) каражаттар, жөргөмүш, келемиштерге каршы химиялык каражаттар ж.б.
Үйгө курт-кумурска, жөргөмүш, келемиштерге каршы химиялык уу заттарды сатып алышат эмеспи. Ал дарыларда "өзүңүздөн алыс кармаңыз,өмүргө коркунучтуу, караңгы жерге сактаңыз" деген эскертүү бар да. Анан жашоодон жанын кечип ,өлгүсү гана келип турган адамда "Оңой менен жаны чыкпаган келемиш ууланып өлгөндөн кийин демек, мен деле өлөм да" деген ой дароо пайда болот да ал дарыны жеп алат.
?? Аллергиялык реакциялар
?? Уу коргошунга уулангандар - элдик медицинада дарыланабыз дешип, адатта уу коргошунду көп өлчөмдө же башка чөп менен алмаштырып ичип алышат.
?? Ис ургандар - кышкысын көп кездешет. Айрыкча жаңы конуштарда. Минтип уулангандардын себеби, от жагуучу мештердин туура эмес курулганы менен түшүндүрүлөт. Анын үстүнө азыркы көмүрлөрдүн сапаты да начар болуп жатпайбы.
?? Жылан, кара курт, чаян чагып алгандар - Жаз айларында биздин бөлүмгө көбүнчө жылан чагып алып уулангандар келип түшсө, июнь, июль айлары кара курт, чаян чагып алып келгендер көп кездешет.
Тозокко түшүп калгандай эле азап тартышат
Уксус ичкенде адамдын дээрлик бардык органы жабыркайт. Эриндеринен башталган ичегилерине чейин. Бүткүл ашказан, ичегилер химиялык заттарга күйүп калат. Адам атүгүл шилекейин жута албай, сүйлөй албай, кан кусуп же заарасы кан аралаш чыгып кыйналат. Адамдын организми ушундай түзүлгөн экен, кандай гана токсин болбосун организмден түртүп салат. Андыктан уксус кислотасынын кошулмасын ичкенден кийин ал кайра кусат. Анан дем алат. Дем алуу органдарынын күйүшү өнүгөт.Үн байланыштары күйүп калат. Биринчи ирээтте эле бөйрөк, боор жабыркайт. Кыскасы, уксус же дары-дармек ичип ууланган адам дароо эле өлүп калбастан абдан кыйналып, тозокко түшүп калгандай эле азап тартат. Азыраак өлчөмдө ичишсе, биздин чоң аракетибиз менен аман калышат. Көп өлчөмдө ичишсе, кыйналып жатып каза табышат.
Уксустун кошулмасын азайтуу керек!
Кыргызстанга келип жаткан уксус кислотасынын 70 пайыздык кошулмасына таптакыр тыюу салуубуз зарыл. Мисалы, европада уксус кислотасы менен ууланды деген маселе чанда гана кездешпесе таптакыр жок. Анткени, аларда уксус кислотасынын кошулмасы 6-9 гана пайызда. Мына ошон үчүн биз дагы 6 -9 пайыздык уксус кислотасынын кошулмасын өзүбүз өндүрүүгө өтүшүбүз керек.
Дарылоо
Адегенде канды тазалайбыз. Ууланганда биринчи сокку бөйрөккө, боорго катуу тиет. Андыктан бөйрөк, боорго блок коёбуз, стимуляция кылабыз. Кыскасы, токсиндердин баарын сийдик менен айдап чыкканга болгон аракетибизди жасайбыз. Бул үчүн атайын дарылар сайылат.

Генератордон 6 адам каза тапты
Акыркы убактарда электр энергиясынын аз күйгөндүгүнөн улам ток берүүчү генераторлорду колдонуу модага айланбадыбы.Так ушул генераторлордон да ис уруп, абайлап колдонбосок өмүргө коркунуч туудураарын жакында эле Жал айылында болуп өткөн окуя айгинеледи. Генераторду жер төлөөгө иштетип коюшуп, үйдөгүлөр куда тосушуп той кылышат. Кудаларды узатып жиберип, үйдө калган бир үй-бүлөдөн бир гана келин аман калып, 6 адам генератордон бөлүнүп чыккан газга ууланып, оо дүйнөгө узашты. Сыртка чыгып, кирип, таза абадан дем алып, кызмат кылып жүргөн келин азыраак уулангандыктан, анын жанын сактап кала алдык.

Акыркы 20 күндүн ичинде 120 киши биздин бөлүмгө ууланып түштү. Булардын ичинен бешөөнүн өмүрүн сактап кала алган жокпуз. Бешөөнүн ичинен үчөө пенсионерлер.

Маегимди бүтүп, бөлүмдөн коридорго чыкканымда көздөрү алайып, чачтары уйпаланып, эс-учун жоготуп койгон 16-18 жаштар чамасындагы мөлтүрөгөн татынакай жаш кызды бир эркек киши ийинине көтөрүп, тегерегинде эркек-аялы дебей бөлүмдү көздөй топурап келатышканын көрдүм. Дагы бир кезектеги Суицид! Кыязы, көтөрүп келаткан атасы же күйөөсү дедим ичимен. Кызды бөлүмгө алып кирип кетишээри менен көп өтпөй жанагыл эркек томполоңдоп, тердеп-кургап бөлүмдүн жанындагы аптекага чуркап келип: "Чоң кыз, батыраак мобул дарыларды бере көр, өлгөнү калды, өлгөнү калды, деги өзүн-өлүмгө кыйгандай эмне жетпейт бу кызга ыя? Кудай өзүң аман алып кала кө-өр" деп ыйламсырап турду. Аптекадагы ак халатчан жаш кыз бат-баттан тигинин дарыларын бере салды. Учурдан пайдаланып, токсикология бөлүмүнүн жанындагы аптекада иштеген 20 жаштагы фармацевт кызды бир аз кепке тарттым.

Раида, фармацевт: - Уксус, ар кандай дарыларды ичип ууланып бул жакка келгендер тимеле көп. Карасаң татынакай 16-20 жаштагы кыздар. Бир чети аларга боорум ооруса, кээде туруп жиниң келет. Жаштыктын ушундай таттуу убагын, студенттик же окуучулук алтын күндөрүн өлүмгө, кыйноого алмаштырышат. Мен мындайларды жеңил ойлуулукка алдыргандар деп эсептейт элем. Биз бул жакта туруп аябай өкүнөбүз. Биздин аптека бөлүмдүн маңдайында эле жайгашкандыктан, баарынан кабардар болуп турабыз да. Кээ бирөөсү айыгып чыгышат. Айрымдары каза табышат. Адеп жаңыдан иштеп жүргөнүмдө эс-учун жоготуп, шок абалында келген татынакай кыздарды өз көзүм менен көрүп, анан эле бир-эки күндөн кийин алардын көз жумганын угуп, аябай жаман болуп ыйлагым келе берчү. Адам баарына көнөт тура. Азыр антпей калдым.
Бөлүм башчы агайыбыздан суранып, уксуска ууланып аман калган, бөлүмдө дарыланып жаткан жаш кыздардын бир-экөөсү менен бир аз сүйлөшүүгө да мүмкүнчүлүк алдым. Албетте, аларды сүрөткө тарта алган жокпуз жана аттарын өзгөртүп бердик.
Аида, 20 жашта: -Башында жакшы эле болуп жаткан болчу. Өзүм жогорку окуу жайда лингвистика факультетинде окуйм. Ал жерде көбүнчө еврей улутундагы аялдар иштешет. Алар кыргыздарды көп басынтат. Бир еврей улутундагы аял мени "Сен бул жерде окубай эле кой, чыгып кет, документиңди алып кет" деп басынта берчү. Кыргыздардын суусун ичишет, ал аз келгенсип кыргыздарды басынтышат. Аягында мени өтө эле "мучить" этип салды. Бардым да уксус ичип алдым. Ага чейин да бир еврей аялдын айынан машинага урунган болчумун. Бирок тирүү калгам.. Ата-энемдер кийин билишти. А мен каяктагы бир аял үчүн жеңил ойлуулукка барганымды түшүнгөндө кеч болуп калды. Өкүндүм. Аябай эле жеңил ойлуулук кылып коюптурмун.

Чынара 22 жашта: -Уксус ичкенимдин себеби, (бир саамга ойлонуп) айтор, үйдөгүлөр менен уруш -талаш болуп, жашагым келген жок.
- Уруш-талашыңызды кыскача айтсаңыз болобу?
- Кайнагам менен чогуу жашачубуз. "Эмне үчүн ушул жерде эле жашай бересиңер, чыкпайсыңарбы бөлүнүп" деген сыяктуу сөздөрү менен басынта берчү. Анан мен күйөөмө асылдым.Күйөөм мага асылды. Уруштун баары ушинтип ырбады. Ачуум менен бардым да уксус ичип алдым. Чукул ойлоп, жеңил ойго алдырып койдум окшойт.
- Аман калганыңызга сүйүнүп жатасызбы?
- Эми эмне кылмак элем. Айла жок, ортодо балдар бар. Балдарым үчүн жашайм да.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan