ДАРАМЕТ

Султан сүйүсүн тапты
Оо турмуш, ойго батам, ойго батам,
А чынында адам болом айтчы качан?
Өмүрдө бир гана ирет жаралган соң,
Адамдын адамы бол деген апам-деп кесиптешим Айзада Дүйшөнбаеванын ыр саптарында айтылгандай, бу жарыктыкта адам болуп жаралганыбыз менен адам бойдон өтүш кыйын. Айрыкча кыргыз калкы колубузга амал келгенде өткөн күндү унутуп, бат эле "көөп" кетмей жагдайыбыз бар. Муну менен жалпыны жаманатты кылгым келбейт. Кичипейил, адамгерчиликтүү, меймандос инсандардан да куру эмеспиз...
Минтип сөз баштаганыма жагымдуу ырлары менен көптөгөн кыздардын жүрөк кылдарын черткилеген жаш ырчы Султан Садыралиев түрткү болду. Буга чейин Султан менен телефон аркылуу гана сүйлөшкөнүм болбосо жакындан жакшы деле билчү эмесмин. "Кимдин ким экени салам берип, алик алганынан билинет" дегендей, ырчы жигит эшиктен эски тааныштардай жадырап кирип келип, орундуу сүйлөп отурду. Акты ак, караны кара деш керек. Көп кыздардын арзуусуна татыган Султан чынында адамгерчиликтүү, ак көңүл, өзү ырдагандай "жөнөкөй жигит" экен.

- Султан, босогону аттарың менен эле "спорт менен машыгышым керек"-деп кобуранып кирдиң. Мынчалык шымаланганыңа караганда бир себеп бар го дейм...
- Чынын айтсам акыркы учурларда көп ооруп, өзүмдү алсызыраак сезип жүрөм. Мурда спорт менен машыгып жүргөндө ооруганды билчү эмесмин. Азыр мага спорт жетишпей жатат го деп Динара эжеге айтып келаттым эле. Эми мындан ары ден соолугум үчүн спорт жаатына баш бакбасам болбойт.
- Концерт берем деп буту күйгөн тооктой чуркап жүргөн убагың экен. Даярдыктар кандай?
- Буюрса жаман эмес. Жаңыланган вариантта элдин эсинде калаарлык концерт болсун деп мүмкүн болушунча аракет кылып жатабыз. Кризис маалында билет алып кирген элди нааразы кылбоо менин милдетим. Сүйүү күнүнө карата коюп жаткандыктан сүйүү жөнүндө жаңы ырлар жаңырып, оюн-зооктор ойнотулат. Андан сырткары "Белес" радиосу сиздердин "Обон" гезитиңиздер тарабынан уюштурулган конкурстардын жыйынтыктары чыгарылып, концерт учурунда жеңүүчүлөрдү сахнага чакырып, өз колум менен белек берем.
- Радио, телелерден "Султан сүйүүсүн тапты" деген жарнама кетип жатат. Кантип табышып калдың? Сүйгөн кызың жөнүндө кеп кыла кетпесең болбойт...
- Таанышканыбызга жети ай болду. Телефон аркылуу сүйлөшүп жүрүп, сүйүшүп кеттик. Азырынча көп маалымат бербей эле турайынчы. Анткени, концерт учурунда сахнага алып чыгып, эл менен тааныштырайын деген оюм бар. Азыр айтып салсам, кызыгы кетип калбасын.
- Бир жолу "Оюмдагыдай кыз тапсам бүгүн болсо бүгүн, эртең болсо эртең үйлөнөм" дедиң эле. Демек, үйлөнүү той алыс эмес экен да?
- Азырынча айтыш кыйын. Экөөбүздүн таанышканыбызга аз эле убакыт болду. Бири-бирибизди жакындан билип, өмүрлүк жар болчу сүйгөнүмдү жакшылап сынап көрөйүн. Балким, күзүндө той болуп калат.
- Сүйүүнү баштан кечирген адам катары сүйүүгө аныктама берип көрчү?
- Сүйүү башыңа келгенде жүрөгүңө буйрук бералбай калат экенсиң. Канчалык амалдуу, кыйын, катуу болсоң да сүйүү сени жумшартып кичирейтип коёт тура. Кээде сүйүүнү көнүмүш адат го деп ойлоп кетем. Тамак ичсең дагы, ырдасаң дагы, уктасаң дагы сүйгөнүңдүн элеси көз алдыңдан кетпей кыйнай берет. Сүйүү башыңа келгенде жашоого болгон кызыгууң артат десе ишенчү эмесмин. Чынында сүйүү алдыга карай умтултат экен. Кыскасы, сүйүүнү сөз менен айтып жеткирүү кыйын, аны сүйүп көргөн адам гана билет.
- Байкашымча катуу сүйүп калган экенсиң. Капыстан сүйгөнүңдү уурдап кетсе кантесиң?
- Жүрөктү түшүрбөңүзчү. Барып эле алып келип алам.
- Кыз ала качып көрдүң беле?
- 10-класста окуп жүргөнүмдө өзүмдөн 2-3 жаш улуу ага достор менен кошуна айылдан кыз ала качам деп бетимди айматканмын. Ошондо жүрөгүм дүкүлдөп чоң кылмыш кылгандай аябай коркконум эсимде.
- Эч кимге айтпаган купуя сырың барбы?
- Бар. Аны эч ким билбейт, эч кимге айткан эмесмин, айтканга да болбойт. Ал менин сөөгүм менен бирге кетчү өмүрүмдөгү өкүнүчтүү нерсе.
- Ачууланганда өзүңдү эмоцияга алдырасыңбы?
- Менин бир жаман жерим сабырдуу эмесмин. Ачууланганда өзүмдү басалбай, көбүнчө кызуу кандуулукка алдырып коём. Буга шашмалыгым да себепкер. Заматта чарк-чурк этип чагылган болуп кетем. Ушул мүнөзүм көп жерден мага терс таасирин тийгизет.
- Намыс дегенди кандай түшүнөсүң? Дегеле намысыңа келген учуруң болду беле?
- Мактаныч эмес, чынында мен намыскөйлөрдүн катарын толуктайм. Ырларымда да "сүйүүдөн да намыс күчтүү" деген саптар бар. Айрыкча намыс эркек кишиге тиешелүү. Намысын сактабаган эркек эркек эмес десем да жаңылышпайм. Ошон үчүн "намыс өлүмдөн катуу" деп бекер айтылбаган чыгар.
- Ырчылар арасында бүгүнкүдөй атаандашуу күчөп турган мезгилде душмандарың бар экенин байкайсыңбы?
- Байкайм. Көралбаган, ичи тарлар толтура. Мейли, кудайдын көзү түз болсо, пенденин колунан эч нерсе келбейт. Андай адамдарды көргөндө мага ор казсаң өзүң түшөсүң деп коём.

Таштандыга көмүлгөн кыздар
- Бир жолу Мирбек экөөбүз көчөгө чыгып шаардык кыздар менен таанышып калдык. Анда ырдай элек кезибиз. Орусчаны эптеп-септеп сүйлөйбүз. Анан ошол эки кызды араң көндүрүп жатаканага алып келсек вахтада отурган Гүлүмкан эже киргизбей койду. Анан ары ойлонуп, бери ойлонуп кыздар балкондон кирмей болушту. 3-кабатта жашачубуз. Кыздарга кантип чыгыштын жолун үйрөтүп, Мирбек экөөбүз Гүлүмкан эжеге киргизбей койдуңуз деп нааразы болумуш болуп эшиктен кирип кеттик. Эркектер жашаган үйдү билесиз да. Балконубузда сасып, чирип кеткен бир мүшөк таштанды турат. Кыздар тырмышып 2-кабатка келип калганда Гүлүмкан эже эшикти даңкылдатып кирип келип балкондогу таштандыбызды мына силерге, эми келип көр деп кыздардын башынан ылдый төгүп кирсе болобу. Байкуш кыздар эмне кылаарын билбей, же секирип кете албай баштарын шылкыйтып туруп беришти. Биз болсо коридорго чыгып алып боорубуз эзилгенче күлгөнбүз. Таштандыбызга көмүлгөн кыздар Мирбек экөөбүзгө тетири батасын берип, сөгүп басып кетишти. Ошол күндү эстегенде азыр да черибиз жазылганча күлүп алабыз. Бул да болсо жаштык да.

Күтүүсүз келген күмүш медаль
- Анда эстрада жаатына келе элек кезим. Жай мезгили, 1-курсту бүтүп, экзамен тапшырып жаткан учурубуз. Жатакананын балконунда тердеп-тепшеп уктап жатсам Мирбек досум (Иманбеков) шашкалактап кирип келип: "Филармонияда фольклордук ырлар боюнча тандоо болуп жатыптыр, дастанчылар да катышат экен, жүр барып күчүңдү сынап көрбөйсүңбү?" деп калды. Студентпиз, кийимдерибиздин баары кир болуп жатат. Эптеп бирөөнүн бырышкан шымын, бирөөнүн көйнөгүн, Мирбектин байпагын кийип, башымды самын менен жууп, домбраны көтөрүп алып Мирбек экөөбүз маршруткага отуруп жөнөдүк. Барсак, "Эл ичи өнөр кенчи" деген фестивалга тандоо жүрүп жатыптыр. Белгилүү эле бир байке, атын айтпай эле коёюн мени көрүп "бу эмне деген кийим, жакшыраак түздөнүп келбейсиңби?!" деп мурду менен бир тийди. Көңүлүмдүн чөккөнүнө карабай, жанталашып атып тандоодон өтүп кеттим. Эртеси күнү жанагы эле көйнөгүмдү үтүктөп алып, башыма калпак кийип гала концертке бардым. Дастан Сарыгулов, Балбай Алагушовдор калыстар тобунун мүчөсү болуп олтурушту. Сынакка он дастанчы чыгып, ар бирибизге эки мүнөттөн убакыт берилип, бир куплеттен ыр ырдамай болдук. Мен үчүнчү номерде болуп "Көзал кыз" деген ырды аткарганымда залдагы эл тура калып кол чаап киришти.Анан Дастан Сарыгулов элдин талабын эске алды окшойт "улай бер балам, улай бер" деди. Азырга чейин ошол жерде ырдаган ырым радиолордон жаңырып келет. Ошондо негедир эл мени канчалык колдогону менен мага орун берилген эмес. Кызык, арадан эки ай өткөндөн кийин мени искусство иститутунан издеп табышып "Эл ичи өнөр кенчи" деген фестивалда 2-орунду алдың дешип Маданият министрлигинен күмүш медаль беришти. Эмне себептеп мындай болгонун азыркыга чейин түшүнбөй келем. Менимче, ошондо калыстар тобунда кудай деген адам бар окшойт. Туура эмес чечилип калды деп кайрадан иштеп чыгышкан го.

Ж.КАЛДАРОВА










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan